КЫЗ КУУМАЙ

26-26-002-1Биз бүгүн дүйнөлүк спорттон бир аз четтеп, өзүбүздүн улуттук ат оюндарыбыздын бири болгон кыз куумай тууралуу кеп кылмакчыбыз. Көчмөндөр мезгилинде алгач салт катары пайда болгон бул оюн учурда да актуалдуулугун жоготпой келет.

ТАРЫХЫНАН
Кыз куумай кыргыз элинин байыртадан келаткан улуттук ат оюндарынын бири болуп эсептелет. Оюнду изилдеген окумуштуулар аны үйлөнүү тойго тиешелүү ырым-жырымдарга байланыштыгын айтышып, жаштардын нике алдында көңүл ачуучу оюндарына кошушат. Адатта ал мусулман майрамдарына (Орозо айт же Курман айт) карата өткөрүлө турган. Анан дагы жигит менен кыз гана кооз жана көрктүү кийинбестен, аттардын да мыкты жасалгаланышына зор көңүл бурулган.

ЖИГИТТЕР ҮЧҮН ЧЫНЫГЫ СЫНОО
Эреже боюнча жигит кызды кууп жетсе, анда анын бетинен өөп, ашыктыгын билдирген. А эгерде кууп жете албаса, оюн тескерисинен уланып, кыз жигитти кубалачу. Жигиттен айырмаланып, кыздар өбүүнүн ордуна камчы менен жонго чабышкан же болбосо камчы менен чаап, жигиттин баш кийимин башынан түшүрүүгө аракет кылышчу. Тарыхта “кыздар жигиттерди камчы менен башка чаап, жүзүн канга боёп койчу” деген маалыматтар да жок эмес. Анан, албетте, эгер кыз максатына жетсе, бул жигит үчүн чоң шылдың деп эсептелген. Мында жигит айыпка жыгылып, чогулгандарга мал союп бериши талап кылынган. Мындан тышкары, кызга үйлөнүү укугунан да ажыраган. Кызыгы, айрым авторлордун айтымында, өзгөчө эр жүрөк жигиттер кызга жетип аны өбүп гана тим болбостон, мамактарынан кармоого жетишишкен. Жадакалса “жигит менен кыз жарыштан кийин аттары менен алыска качып кетишип, түн ортосуна чейин келбей койгондору да болгон” деп айтылат.

ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ
Белгилеп кетчү нерсе, кыз куумай башка оюндардан өзгөчө бүйүр кызыткандыгы менен айырмаланат. Жигит менен кыздын жарышына эки тараптан тең өкүлдөр (келин-кесек, кыз-кыркын, жигит-жалаң) күбө болушуп, кыйкырып сүрөөнгө алып турушат. Мунун баары жалпы элге зор эмоционалдык рахат тартуулайт. Анан дагы жарышка чыга турган аргымактарды тандоого өзгөчө көңүл бурулган. Эгер жигит мине турган атын өз уруусунан гана тапса, кыз тарап кааласа күлүк ат сурап, жигит тарапка кайрыла алган.

УЧУРДА
Кыргызстанда кыз куумай боюнча атайын федерация жок. Ал боюнча мелдештер 4 жылда бир болуучу улуттук оюндардын (кыз куумайдан тышкары, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, тыйын эңмей, оодарыш, көк бөрү, ордо, күрөш жана тогуз коргоол) спартакиадасында гана өткөрүлөт. Мындан тышкары, эл арасында майрамдалчу Нооруз, Эгемендүүлүк күнү же башка мааракелерди кыз куумайсыз элестетүү кыйын. Өзгөчө бул жагынан Соң-Көлдө жыл сайын оюндардын өткөрүлүп келаткандыгын айта алабыз.

26-26-003ЭРЕЖЕЛЕРИ
Оюнчулардын саны
– 2ден 20га чейин
Оюн узундугу 1,5 чакырымга чейин келген талаада (же ипподромдо) өткөрүлөт.
Эмнеге тыюу салынат? Жолду кесип өтүүгө, өзүнүн атын экинчи катышуучунун атына карай багыттоого, омуроолотууга, бирөөнүн атын токтотууга, ага тоскоол болууга же камчы менен чабууга тыюу салынат.
Оюн башталарда кыз менен жигитти калыстар стартка чакырышат. Кыз стартта 25-30 метрдей алдыда болот. Атайын белги боюнча кыз биринчи чаап жөнөйт, ал эми жигит болсо ага жетүүгө аракеттенет. 150-200 метрлик аралыктын ичинде жигит кызды кууп жетсе, анда ал кыздын бетинен өбүүгө акылуу (баш кийимин кыздын аркасына тийгизсе да болот), бул жеңгендиктин белгиси. Эгерде жигит жетпей калса, бурулуп туруп кайра чапканда, алардын орундары алмашылат. Эми кыз жигитти кубалайт да, жетип алса жигитти далыга камчылайт. Кызды кууп жете албаган жигит мелдешке андан ары катышуу укугунан ажырап, кезек командадагы кийинки жигитке өтөт.
Оюнду кайталоо саны жана жеңип чыккандар менен финалчыларды аныктоонун тартиби мелдешти өткөрүп жаткан спорттук ийрим тарабынан белгиленет.
Жигит жеңген учурда 1 упай алса, кыз болсо 2 упайга ээ болот.

Базарбек Абдураимов, sport@super.kg, “Супер-инфо”, №366 06-12.11.2009-ж.

* * *

КЫЗ КУУМАЙ

Кыз куумай оюну кыргыз элинин эң байыркы кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли бул оюнду көбүнчө күйөө кызга күйөөлөп жүргөндө, аш-тойдо, майрамдарда ойноп, калың элге тамаша курушкан. Кыз тандаган атын минип, андан артканы гана жигитке тийген. Жигит кызга жетсе артылып бетинен өпкөн, жетпей калса кыз атынын башын буруп камчы менен жигитти кайра кубалап сабаган. Кыз куумай азыр да элдик тойлордо, майрамдарда кеңири ойнолууда.

Кыз куумайдын байыркы оюндардан экендиги «Манас» эпосунда да жолугат. Сейтек ата конушу Таласка көчүп келе жатканда жолдо эригип, көңүл ачып, кыраандар бары баш болушуп кыз куумай оюнун ойногондугу мындайча баяндалат:
Боз бала, жигит аралаш,
Кыз-келин менен жарышып,
Кызык өзөн бойлошуп,
Кызыгышып кыраандар
Кыз куушмай ойношуп,
Талыкпай көчүп, бээ байлап
Таласты көздөй бет алып,
Эл чуркурап, чуу болуп
Эр кубанып, дуу болуп,
Киндик кесип, кир жууган
Жерине көчүп келатат.

Кыз куумай жөнүндө эл оозунда да төмөндөгүдөй саптар айтылат:
Кыз, жигити кыргыздын,
Кылымдап ойнойт кыз куумай!
Кыз куумай ойнун карасаң,
Кызыгына эл батып,
Кыйкырып дуулап тик турмай!
Кыз куумай ойну кыргыздын,
Эзелтен калган салты экен!
Эңкейип жандап жарышып,
Кызга жетсе жигити,
Буралтып туруп кыз өбүш,
Байыртан кыргыз наркы экен!

Ал эми кыргыздын белгилүү  акыны Жалил Садыковдун:
Оюндун бири кыз куумай,
Күлүктөр көктө сызчудай.
Тизгинди чоюп жөнөсө,
Жигити — шумкар, кыз —  куудай!
Оюн деп чиркин ушуну айт,
Көргөндө кимдер кызыбайт.
Жигити жетип кызды өпсө,
Көзүңө сүйкүм учурайт,- деген ыры бул оюн жөнүндө не бир көркөм элес берип турат.

Оюн 1-2 чакырымдай түз жерде, ат майданда (ипподром) ойнолот. Оюнга калыс дайындалат. Калыста ышкырык болушу керек. Кыз куумайга 15-17 же андан жогорку жаштагы курбалдаш кыз-жигит улуттук кийимчен катышат. Оюнга минилчү аттар алдын ала суутулуп, үртүктөлөт. Ат чабууну баштоочу жер, мара белгиленет. Кыздын минген аты жигиттин минген атына караганда күлүгүрөөк болот. Тагыраак айтканда  атты кыз өзү тандайт.

Калыс кыз-жигитти аттарына мингизип, ат чабууну баштоочу жерге алып келет. Кыз жигиттен 20-25 метрдей алдыда турат. Калыс баштоого ышкырык менен белги берет. Кыз качат. Жигит кызды кууп жөнөйт. Жигит кызга жетсе аны жандай чаап, кыздын бетинен аяр сүйүп коёт. Эгер марага чейин кыз жигитке жеткирбесе, кыз кайрылып туруп жигитти камчы менен сабайт. Бирок өтө чабууга болбойт. Оюнда жеңгендерге белгиленген байге ыйгарылат.

«Кутман» блогунан алынды

Соц тармактар:

Добавить комментарий