Аңгемелердин маңызы — адамдын тагдыры

Мурдатан бери эле боордош өлкөлөрдүн адабиятындай эле казак адабиятында да аңгеме жанрындагы жетишкендиктер адабият майданында өзгөчө салмактуу болуп келген. Белгилүү жазуучулардын көпчүлүгү бул татаал жана маанилүү жанрга кайрылышып, учурунда адамды толкундандырган актуалдуу проблемаларды таасын чечип берүүгө жатык тил менен аракет кылышкан. «Аңгеме өзүнүн кыскалыгы менен жыйнактуу кылат, импрессионисттик ыкмага — көз ирмемде жана так көрүүгө үйрөтөт», — (Юрий Казаков, «Эки түн», Москва, «Современник», 1986, 21-бет) деп орустун таланттуу аңгемечиси Юрий Казаков бул жанрга чоң маани берип, бекер жеринен казактын белгилүү жазуучусу, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Абдижамил Нурпеисовдун «Кан менен тер» романынан баштап, бир нече аңгемелерин которгон эместир. Ошондой эле бекер жеринен аңгемени адабий салгылаштын чечүүчү учурунда аткан залптары чечүүчү салым кошо турган кубаттуу алыска атуучу оор замбирекке салыштырган эместир. Мына ушундан эле аңгеме жанрына коюлган талаптын салмактуу экендиги таасын байкалып турат.

Аңгеме жанрында ар түрдүү индивидуалдуу көркөм изденүүлөр жана чечимдер менен учурдун маанилүү маселелери жөнүндө ачык баян айтылат. Адабияттын башка кубаттуу жана жеңил жанрларындай эле мында да СӨЗ башкы ролду ойноору ачык. Тактап айтканда, «Так айтылган жалгыз сөздү табуу үчүн миңдеген тонна сөз кенин казып чыгарасың» (В.Маяковский). Мына ушундан эле бул жанрдын татаалдыгынан кабар алууга болот. Казак адабиятында да мурда башталган алгылыктуу баян азыркы аңгемелерде да улантылып жатат.

Биринчи кезекте белгилеп кетээрибиз аңгемелердин максаты жана милдети мурдатан эле жашообуздун (бытие) жалпы философиялык маселелери жана конкреттүү жекече адамдын тагдыры болуп келгендиги талашсыз. Бул тууралуу казактын таанымал жазуучусу Абдижамил Нурпеисов Мухтар Ауэзовдун чыгармачылыгына берген баасында так белгилеген. «Жалпы турмуштун философиялык маселелери, адам баласынын конкреттүү тагдыры, жогорку ой жүгүртүү жана жүрөк менен аябагандай толкундануу М.Ауэзовдун повесттери менен аңгемелеринин организмине бекем бириккен»… (А.Нурпеисов, «Мугалим жөнүндө сөз») деп жыйынтык чыгарат.

Ал эми А.Нурпеисовдун өзү тууралуу «Мухтар Ауэзовдун «Абайынан» кийин тарыхый романды жазууга белсенип киришүү үчүн казак жазуучусуна жеке гана талант эмес, ошондой эле эр жүрөктүүлүк да зарыл. Себеби казак адабияты үчүн «Абай» башка жазуучулардын эпикалык чыгармаларын дайыма ченей турган эталон болуп калбадыбы. Мына ошондуктан мүмкүн А.Нурпеисов өзүнүн үчилтигин жазууга киришпейт беле, бирок анын өз элине, кедей айылдардагы балыкчылардын турмушуна болгон сүйүүсү, анын өзүнүн мекенинин талааларына болгон өзгөчө ышкысы күчтүү болгондуктан, ал эми казактардын байыркысындай эле, жаңы тарыхы да адабиятта күңүрт чагылдырылгандыктан, Нурпеисов кандайдыр бир мезгилге тарыхый жазуучу болууну чечти», — (Юрий Казаков, «Эки түн», Москва, «Современник», 1986, 263-бет) деп казак жазуучусуна жогору баа бергендиги бекеринен эмес. Менимче, бул баа жалпы эле алдыңкы катардагы маанилүү маселелерди көтөргөн аңгемелерге таандык.

Аңгеме кыскалыгы менен жыйнактуу…
Казак адабиятында да аңгеме жанры ар тараптан өнүгүп, көпчүлүк линиялар: баяндоо-сюжеттик, лирико-монологдук, драматикалык-панорамдык линиялар боюнча өзгөрүүлөрдү баштан кечирип келди. Аңгеме жанры татаал. Мына ошондуктан бардык эле аңгемелердин өз максатына жетип, ийгиликтүү чыга бербеши белгилүү. Кээ бир жазуучулардын аңгемелеринде айрыкча гиперболизациялоо менен символикалуулукка кызыгып кетишип, конкреттүү аракетке, социалдык жана нравалык активдүүлүккө, адам мүнөзүнүн байлыгына көңүл бурбай келишкендери да болгондугу ырас. Бирок, ошондой болсо да мезгилдин духовный проблемаларын чечүүгө, замандаштын мүнөзүн изилдөөгө жогорку идеялык-көркөм деңгээлде аракет кылган аңгемелер жаралбай койгон жок.

Адабиятта адамды даңктоодон ашкан сыймыктуу милдет болбосо керек. Байыркы мезгилден баштап азыркы күндөргө чейин коомдун бүтүндөй тарыхы аркылуу турмушта жаркын жана гумандуу башталышты бекемдөөгө аракеттенүү кызыл сызык менен кеткендиги маалым. Дайыма алардын салтанаты адамдын аң-сезиминин өркүндөшү менен тыгыз байланыштырылган. В.Лениндин сөзү менен айтканда, адабиятчылардын иши «учурдун тарыхын жазуу» (В.Ленин. ТЧЖ., 9-том, 208-бет) болуп келген. Түздөн түз алганда бул аңгеме жанрына да тиешелүү. Менин оюмча заман өнүккөн сайын мурдагыдай сюжет кууп кетүү артта кала баштап, социалдык-психологиялык ой айтууга талап күчөгөндүгү бул жанрдын жаралышын да татаалдаштырып жатса керек. Тактап айтканда, «… азыр публицистикалык маанайдагы чыгармалар алдыңкы планга чыкты» (И.Васильев, «Российская газета», № 80).

Аңгеме жазуунун чебери
Казак адабиятын Мухтар Ауэзовсуз, анын «Абай жолу» эпопеясысыз элестетүүгө болбойт. Дегинкиси кайсы гана жазуучу болбосун жалпы улуттук адабият менен бирге калыптанат эмеспи. Ошондуктан жазуучунун чыгармачыл бейнесинде улуттук адабияттын бардык жетишкендиктери менен жетишпегендиктери чагылдырылаары айгине. Ал эми М.Ауэзовдун чыгармачылык жолу өзгөчөлүү болду.

(Уландысы бар)

Догдурбек ЮСУПОВ, “Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий