БООРДОШТОРДУН КӨЗ ЖАШЫ, ЖЕ КЫРГЫЗДЫН ТРАГЕДИЯСЫ

«Эзелтен жер тамырынан эл тамыры көптүк кылат»деп келет калкыбыз.Ушундан уламбы, мен өзүмчө Кыргызстанда жашаган кыргыздар улутубуздун ок тамыры болсо, анда чет мамлекетте жашап жаткан боордошторубуз анын чач тамыры болуп калгандай элестетемин. Анткени, башка республикаларда чыгармачылык командировкада жүрүп, жалаң улутташтарыбыз байырлаган жерлерде болгонумда, алар Кыргызстан деген республиканы жүрөгүнүн төрүндө туу тутуп,жалгыз ушул мамлекеттен жылуу мамилени үмүт кылып жашаарын ачык айтышат.

Тажикстандын Хожент шаарын Исфара району менен байланыштырып турган узун жолдо баратып да боордошторубуздун тагдыры жөнүндө ойго батып кетиптирмин.

— Ука, эми сизди районубуздагы эң чоң айылдарыбыздын бири Кыргыз-Кыштакка алып барабыз,-деген тажикстандык сапарлашыбыз Ысмайыл Тойчубаевдин сөзү оюмду бөлүп жиберди. Ошентип ал кишинин коштоосу менен Кыргыз-Кыштакка сапар уладык. Айылга кирип баратып, жолдун эки жээгин көрккө бөлөп турган бак-дарактардын калыңдыгын, дыйканчылык талааларындагы элеттиктердин кайраттуу аракетин көрүп, кыргыз-кыштактыктардын мээнеткечтигин сездик. Айылга келип түшкөнүбүздө эле бизди он чакты аксакал жарык маанай менен тосуп алышты.Алар менен баарлашканыбызда, улутташтарыбыз алгач Кыргызстандагы азыркы абал боюнча ар тараптан кызыгып сурап отурушту. Аталган айылда 1690 адам жашаса,мындан 17си тажик,152си өзбек жана 1521и кыргыз улутундагылар экен.Кыргызстандан журналист келгенин уккан элеттиктер чогулуп келе баштады.Айылдыктар менен маектешип жатып, тилдери өзбекчеге ыктап калганын туйдум.Кызык, Тажикстанда жашаган кыргыздын тили өзбекчеге бурулуп баратканы кандай?.. Дагы эле болсо мен баятан бери элеттиктердин арасынан ак калпак кийген кишини издеймин. Бирок, таппай кыйналуудамын. Бир маалда Кыргыз-кыштактын көчөсүндө ак калпак кийген аксакал көрүндү. Айылдаштарынын арасында өзгөчөлөнүп келаткан боордошубуз менен кучак жайып учурашып, жакындан тааныштык. Башынан ак калпагын түшүрбөгөн бул улутташыбыз айылдык мектепте көп жылдардан бери сабак берген аксакал мугалим Абдразак Сайдинов экен.Менин өтүнүчүм боюнча агай өзү эмгектенген мектепке баштап кирди. Алгач биз күнүмдүк расписание боюнча кыргыз мугалим Жылдыз Туйгунова биология сабагын өтүп жаткан 10-б класска баш бактык.Кыргыз эжекеси кыргыздын балдарына өзбек тилинде сабак өтүүдө.Бири-биринен жакшынакай,көңүлүмө жакын туткан улутташ балдары менен чын дилимен баарлашканды каалап, суроо узаттым:
Манасты окуганынар барбы?
— ..?
Кыргыздын акын-жазуучуларынан кимдин чыгармаларын билесиңер?
..?

Суроомо жооп кайтаралбаган окуучулар ынгайсызданып, башын жерге салып турду.Оо,Жараткан, сенден дайыма тилегеним, чыныгы кыргыздын баласы эч качан жер карап калбаса экен! 400 бала билим алып жаткан бул 11 жылдык орто мектепте бардык сабактар өзбек тилинде жүргүзүлөт экен.Таң калыштуусу 350 окуучу кыргыздын перзенттери. Ал эми калган 50сү башка түрдүү улуттун балдары.Караңызчы, айылдагы 1521 кыргыз 152 өзбек үчүн 11 жылдык орто мектептин өзбекчеге айланганына каниет кылып жашап келүүдө.Кайран,дүйнөнү дүнгүрөткөн Манастын урпагыбыз деген кыргыздын улуттук улуулугу,ариет-намысы кайда калды экен?! Аянычтуу абалды көрүп, жалгыз Тажикстандык боордошторубузду күнөөлөп бир жактама жыйынтык чыгарууга укугум жоктур деген пикир да келди оюма. Анткени тажикстандагы улутташтарыбыз оор жагдайдын айынан ушуга аргасыз болушу да мүмкүн го…Ушундан улам алтымыш жашты адымдап, кырк жылдан ашык билим берүү тармагында эмгектенип келаткан Абдразак агайды маекке тарттым:

Агай, айылдагылардын чыныгы өзөгүн түзгөн кыргыз эли өзүнүн перзенттерин эне тилинде окутууну каалабайбы?
Элибиз балдарынын кыргызча билим алышын албетте, каалайт.Биздин мектепте 1992-жылга чейин кыргыз класстар болгон. Бирок, кыргызча китеп,окуу куралдарынын жетишсиздигинен жабылып калган,—дейт өкүнүчүн жашыралбаган Абдразак агай.

Жыл сайын калкыңардын саны өсүп жатыптыр.Ошондуктан кыргыз класстарын сактап калууга аракет кылып көрбөдүңөрбү?
Айланайын иним, көп жылдардан бери жүрөгүбүздү өйүп келаткан өксүк жарабызды козгоп жатасың,-деген аксакал агайдын эки көзүнө жаш келгенин байкап калдым.Жашка толгон көзүн менден ала качкан Абдразак агай мектептин өзбекче жазылган дарек тактасына караганча сөз учугун андан ары араң улады.-Айылыбыздагы 1521 кыргыздын атынан Кыргыз Республикасына жардам сурап бир нече жолу официалдуу кайрылдык.Бирок жарытарлык жооп болбоду.Ал эми айылыбыздагы 152 өзбек Өзбекстан Республикасына кайрылып көрүштү эле, ошондон бери Өзбекстан биздин айылдык мектепке жыл сайын мамлекеттик денгээлде жардам көрсөтүп, өзбекче китеп,окуу куралдары менен камсыз кылып келүүдө.

Кайран Абдразак агай,мындай ачуу чындыкты айтып жатып көздөрүнүн жашын менден жашырганы менен муундары титиреп,жүрөгү армандуу сыздап турганын дилимен туйдум,кыйналдым,аргасыздан мен өзүмдү да күнөөлүүдөй сездим.Паам-парасаттуу адамдар үчүн бир элдин ак калпактуу аксакалынын көз жашы-бул кыргыздын трагедиясы.

Мына ошентип, биз Тажикстандан кайтып келатып, Баткен облусунун Айдаркен поселогундагы тажик тилинде окутулуучу Фирдавсий атындагы 7-орто мектебине баш багып көрдүк. Мектептин директору Маннап Сайдалиев менен китепканачысы Хафиза Кариеванын берген маалыматына караганда, Тажикстан он миң долларлык улуттук тилдеги окуу китептерин акысыз пайдалануу үчүн жөнөтүптүр. Мындан сырткары, Кыргызстанда тажикче класстардын саны өсүп баратканы да маалым.

Сабыр БУРКАШЕВ, Ош-Хожент,
“Пресс.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий