Колдо бар алтын

Жакин коңшум телефондон: — Куда тоскону баратам. Калимандын (сиңдиси) кызы күйөөгө кетти. Күйөө баланын аты Саринжи экен. Куда-кудагыйдын аттарын билбейм. Жалал-Абад жактан дейт. Академияда тил-адабият жагында иштешет имиш.Жетимишке келип калышыптыр. Азырынча билгеним – ушул. Калганын келип айтып берем,- деди. Жакшы тилектерими айттым. Кудалары кимдер экенин билдим, жетимиши гана туура келбей турду. Жо-ок, туура эле. Өзүм деле келчү жерге келбедимби! Кечээ гана Жалал-Абадда жаш элек… Отуз жаш менен үркүткөн Алыкул жетимиш менен коркутуп…

Омор агайдын: -Сен! Ыр жазасыңбы?- деп чочуганы, таң калганы, кубанганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Сабактагы ошол учур ошол бойдон турат. Дубал гезиттен ырымы окуса керек. Жаңыл Чөжөбаева деген бир жакшы кыз «Жаш талант» деген гезит чыгарчу.

Агайды чочуткан, таң калткан – журналда тизилип «үчтөр» турчу. Биринчи курсту «үч» менен бүткөм. (Муунга бөлүп жазганды мугалим менен талашып… ошондой болгон.) А кубанткан – ыр таап албадыбы! Болгондо да «үчкө» окуган кыз ыр жазып турса! Ошондон баштап мен үчүн Кыргыз тили, Кыргыз адабияты сабактары майрам, жакшы бир окуя сыяктуу өтчү. Мугалимге жетинип оңуп эле калдык.

Агай бир күнү сабакка өтө кубанып келди. -Касымалы Жантөшевге жолуктум, курортко келиптир. Жолугушуу өткөрөлү, силердин группа уюштуруучу группа болгула,- деди. Валентина Ивановна Гончаренконун жетегинде биздин группа сергек, активдүү болчу. Залкар жазуучу менен окуу жайда жолугушуу өткөрдүк. Жөнөкөй, жайдары, жылдызы жарык адам экен. Эл көп чогулду. Жомоктой, легендадай болгон адамды кимдин көргүсү келбесин. Кыргыз аны каарманы Каныбектин өзүндөй ойлойт эмеспи. Залдан: — Кесибиңиз ким? — деген суроо берилди. — Артистмин, режиссермун, мугалиммин, устамын – үтүк-сүтүк бузулса, оңдоп коем, кемпир-кесектин маасы-гөлөшү жыртылса, ултарып бере салам. Окуп жүргөндө дене тарбия сабагында ядро ыргытам деп мурдума ядро түшүп кетип, мурдум былчыйып калды, эки карандашты эки таноомо салып туруп былчыйган мурдуму өзүм көтөрүп койгондо кан кетти. Ошо кан убагында чыкпаса, доктур келгиче кан уюп кетип, маңка болуп калмакмын. Ошондон калган билинер-билинбес белбаскак мурдумун үстүндө дагы эле бар,- деп жооп берген. Окуу жайдагы чоң жыйындан соң Омор агай, Валентина Ивановна болуп биздин группа залкарды курортко узатып барып чогуу түшкөн сүрөттөрдү табарик кылып сактап жүрөм. Курорттон кетип, Касымалы Жантөшев ошол эле жылы дүйнөдөн кайтты. Кайгырдык, аза күттүк. Агайга Касыкенин жары Айжамал ападан кат келип, аны «Жаш талантка» жарыялаганбыз. Ошентип, Омор агайымын шарапаты менен

Чырпык кезде бүчүр ачкан жаңыдан
Аска-зоодой Касыкени тааныгам.
Жакшы адамга жакынымдай жантартып,
Эстен кеткис элесине табынам.
(Ү.М.)

Биздин аз гана акыл-эсибизди, чакан дүйнөбүздү чалкыган деңизге кошуп, поэзиянын кереметин аздектеп, өзүнүн аруу сапаттарын бизге өткөргөн Омор агай ошо жылы окуу жайда адабий ийрим түздү. Ат коюшка келгенде биздин оюбузду сурады. Мен Касымалы Жантөшевдин атын сунуштадым. Ал учурда Касыке тирүү эле. Тирүү кишинин аты коюлбай турганын айтып, агай: Алыкул Осмонов атындагы адабий-чыгармачыл ийрим болсун,- деди. Ушундай Токтом менен ийримдин ишин баштаганбыз. Ыр жазгандар көп эле болчу. Ийримде жаңы жазган ырларыбызга кадимкидей синтаксистик, морфологиялык талдоо жүргүзчүбүз. Көркөм сөз каражаттарынын маани-маңызын эзип, жаш калемден жаралган ырдын ыр болгонунан болбогонунун артыгын чыгарчубуз. Ыр талдагандан тышкары агай өзү окуган чет элдик адабияттан айтып берчү. Бир күнү агай мага: -«Түркүн асерлер» деген китеп турат дүкөндө, алып оку,- деди. Ал китеп азыр да текчемде турат. Ийримге көбүбүз эле катышчубуз. Ыр жазгандар да бир топ болчу. Ошолордун ичинен өзгөчө тапшырманы мага эле берген. Демек, ошондо менден поэзиянын күкүмдөрүн көргөн турбайбы. Сабагы жок күндөрү окуу жайдан учураган сайын: -Ыр жаздыңбы?-дечү. Ыр жазбасам, агайдын жолунан чыкпаганга аракеттенчүмүн. Жазгандарыма деле канааттанбайм, бирок, агайдын ишеним арткан мамилеси, кандайдыр, ичтен күч берип, качандыр өзүмү канааттандырган, өзүмө жаккан ырларды жазаарыма ишендирчү.

Окуучулар, студенттер кайсы сабакты болбосун мугалимге жараша өздөштүрөт. Билбегенди билдирип, билгенди көкө­лөт­көн мугалим өзү да көкөлөп, окуучуларынын көңүлүндө көктөгү Чолпондой жаркырап жүрө берет. Бизди «3» менен үңкүйткөн үңкүрдөй караңгы аудиторияларды билиминин, акыл-ой байлыктарынын күчү менен Күн тийгендей жаркыратып койгон каш-кирпиги төгүлгөн жапалдаш бойлуу жадыраган жаш жигит заңгыраган чоң киши сыяктанган. Адамдын табиятындагы улуулук анын жаш, атүгүл бала кезинде эле маңдайынан жанып турат окшойт. Эсептеп көрүп, пир тутунган устатымын ошондогу 26-27 жашынан улам гана жаш жигит дедим, азыр деле ошол кези заңгыраган улуулугу менен элестейт.

Агайдан билим, таалим алган эки жылым эсимде жапжарык бойдон сакталуу. Билимсиз, караңгы мугалимдин колунда кор болгон бир жыл көкөйгө тийип, жанга батканданбы, поэзиянын касиетиби, мен эмгиче айтарга, жазарга сөз таппаганыман, менин агайымы ар бир адам көрүп-билип, өзү мамилелеш болуп, жок дегенде, эмгектерин окуп көзү ачылса дейм. Азыр эстесем,

Алыкул атындагы ийримге чыгармачыл эмес деле көп жаштар катышчу. Өзүн көрүп, сөзүн угуп көңүлгө угут алып, өмүргө кубат алып, заряддалып кетишчү турбайбы. Айыл-кыштактардан сегизинчи классты бүтүп келип окуп жүргөн немелерге чет элдик классикадан кеп салып берчү да! Биз бактылуу болчубуз, ушундай агайыбыз бар. «Агайдын жубайы биринчи курска сабак берет экен, аты Сонор экен», — дешти. Бул бир сонун угулду ырдын сабындай уйкашып… Эжени анда-санда бир көрүп калабыз. Айдай, Күндөй көрүнөт. Бир өрүп таштап койгон чачы далысын бербейт. Суктанып, сүйүп карайбыз. -Сонор эже, Сонор эже келатат! — дейт бирөө, калганыбыз терезеге жабыла үчүнчү кабаттан учуп кетчү чабалекейдей болуп карап калабыз. «Агай кыздуу болуптур, атын Анурат коюптур»,- дешти. Элде жок ат. Бир эле сонун угулат. Чүргөөдөгү Ануратты ал бир сулуу, ал бир акылдуу, ал бир укмуш кыз деп ойлойбуз.

-Апасы, Ануңду анча урушпачы,
Ыйласа, ый – жашоонун уруксаты.
Ал дагы келечекте перзент күтүп
Сенчилеп кыйналарын унутпачы.

О.Сооронов. «Тоолорумдун зыйнаты».»Мектеп» Басмасы. Фрунзе 1971.

Бул ошондогу ыр эмеспи.

Эстен кетпес эки жылды өткөрүп агай Фрунзеге Илимдер Академиясына которулуп кетти. Агайыбыз биз менен байланышын үзгөн жок, майрамдарда куттуктоо жиберет, биз дагы.

Окууну бүтүп, айылымда мектепте иштеп жүрсөм, агайдан кат барды.

Катта: «Ала-Тоо» журналынан Р.Гамзатовдун «Менин Дагестаным» деген чыгармасын Аман Токтогуловдун котормосунда окуган элек, өзүнчө китеп болуп качан чыгат?- деп басмага кат жаз, анан бул катты өрттөп кой,- деп жазыптыр. Мен ошентип кат жаздым, бирок, агайдын катын өрттөгөн жокмун. Ал каттын өрттөлө турган күнөөсү жок экенин билгемин. Сактап жүрүп кийин жоготуп койдум. (Кагаздарымы аңдып, тинтип бирдеме издегендер бар эле, андайлар дагы эле бар.)

Кийин Аман Токтогуловго бул жөнүндө, бир сөз келип калып, айтыш керек болуп, айтып бергемин. Дүйнөнүн жарыгындай, көркүндөй болгон адамдардын достугуна шерик болгонум менин да өмүрүмү көркөмдөп койгон. «Окууну бүткөндө көп эле достор бар элек, кийин экөөбүз эле калдык. Азыр да үй-бүлөбүз менен катташабыз, Омор – менин жалгыз досум»,- деген Аман Токтогулович.

1972-жылы Университетке (анда Кыргызстанда бир эле КМУ бар болчу) өтүп окуп жүрүп Академиядан Омор агайга жолугуп ырларымы көрсөтүп жүрдүм. Агай баштагыдай талдабайт. Ырларды алып калып, бир нече күндөн кийин барсам, барактын башына +, – кээ бир ырга + + белгилерин коюп кайра берет. Бир жолу ыр алып барсам агай күлүп койду. Ал күлкүдөн «Сен карыгыча эле ушинтип жүрө бересиңби?»- дегенди түшүндүм. Башка ыр алып барбай койдум. Ал Университетти бүткөндөн кийин болсо керек эле.

Демек, агайдын мага мугалим, устат болгондогу курагына жеттим да, анан күлбөйбү?! Бирок, мен дагы эле Омор агайыма жаңы жазган, жарык көргөн ырларымы көрсөтүп, жакшы жаңылыктарым менен бөлүшкүм келет. Мен өзүмү агайымын тун кызынан мурдагы ыр кызындай сезем. Менин дептеримде агай 1969-жылы Жалал-Абаддан Фрунзеге кетээринде жазып берген алты сап ыр бар.

Өмүр – жол. Жол кызыгы арта берет,
Турмушуң туура бас деп карта берет.
Мезгилдер жолдош болуп тең жүрө албай
Бири үшүп, бири акактап кайта берет.
Убакыт улам эски боек менен
Өзүңө өз сүрөтүң тарта берет.

«Жолдо» поэмасы ушинтип башталат. Ушул поэма – алгачкы китеби «Тоолорумдун зыйнатынын» бетачары. Бул китепти Университеттин биринчи курсунда кышкы сессияга даярданып жүрүп китепканадан көрүп, сүйүнүп кетип ача салсам, ушул саптар «жарк!» этип мени төрт жыл мурунку өмүрүмө бир алып барып келбедиби. Бул китептин бар экенин билген эмесмин, башка китепти издеп атып капыстан таап алганым… «Өмүр – жол. Жол кызыгы арта береттин» бир далили эмеспи. Ушул бир сап ырдан улам дагы бир кызыкты эскерейин. Ошол сессияда фольклордон экзамен күнү. Мен лекция конспектими обочо отуруп кайталап окуп бүтүп келсем, группанын жарымынан көбү «кулап» чыгыптыр, калганы кирбей «үркүп» туруптур. «Куласам куладым да» деп кирдим. Жүрсүн Субанбеков агай билеттегилерди сурабай эле: «Эпостордун классификациясын айт»,- деди. Айтып бердим. 2-суроо: 10-класста ким окуткан? -болду. -10-классты окуган эмесмин, 8-класстан кийин Жалал-Абад пед.окуу жайын бүткөмүн, Кыргыз тил-адабиятын Омор Сооронов окуткан,- дедим. Башка суроо болгон жок. 2-3 мүнөттүн ичинде «5» алып чыктым. («Кулагандын» баары «классификация» деген сөзгө эле чалына беришиптир, «бөлүнүшү» деп сураса эле билишмек.) Өзүнүн отличник бүтүрүүчүсүнөн окуганым бардык башка суроолорду өчүрүптүр да. Сессиялар ушул сыяктуу болуп беш жылдык окуу бүткөндөн кийин ырларым да топтолуп, чыйралып дегендей, китеп чыгарайын десем, ал оңой эмес экен. «Жазуучулар союзуна мүчө болгонуңан кийин китебиңи чыгарабыз»,- дейт басмадагылар. «Үч китебиң чыккандан кийин Союзга өтөсүң»,- дейт жазуучулар союзундагылар. Ошол караңгы туюкта көп жүрдүм. Омор агай кайрадан ак жарык болуп жол ачты. «Кыргызстан» басмасынын Көркөм адабият бөлүмүнө башчы болуп барып, алгачкы «Ак куш» китебими жарыкка чыгарды. «Акын кыздын «Ак кушу»» деп «Кыргызстан маданияты» газетасына жылуу пикирин жарыялады. Бармактайдан бапестеп, жетелеп жүрүп жетилтип, кыргыз журтка белгилеп алып чыккан агайыма арнаган ырым 1989-жылы жарык көргөн «Медеримин» 40-бетинен орун алганына көңүлүм бурулду. Агай 1940-жылы туулган. Ыр даарыган эки жылдан бери 40 жыл өттү. 1969-жылы Жалал-Абадды таштап кайра Фрунзесине кеткен. Быйыл 2009-жыл, (9-ай), 69 жашта. Арналган ырыман улам «жыл сүрүп» баштабадымбы, анын жарык көргөнүнө 20 жыл болуптур, 20 жылдан кийин 40 жыл болуп, агай 89га чыкканда 90дун тоюна камынат экенбиз Кудай буюрса. Кырктар менен тогуздар жөн эле тогошпосо керек. Ааламдын мага белгисиз сырларын туюп, 1989-жылкы китебимин 40-бетиндеги ырымы кайра бир окуп текшерип, катасын таппай отурам.

Жалал-Абадда жылдар өткөн жыпжылуу,
Күндөр болчу бактысына жыкжыйма.
«Таш-ма-товду» «Таш-мат-ов» деп окуткан,
«2» койгон сөз талашсак кокустан
Пашакандын сабагынан «үч» алып,
Бирок, чөкпөй окучу элек күч алып.
Агай келди ачык күндөй маанайы,
Ачылгандай окуу жайдын таалайы,
Андан кийин бир кыз бир «үч» албадык,
Сүйлөм түгүл, биз ырларды талдадык.
Ошол агай – Омор агай элеңиз.
Ошол кыздар – небак эжей, энебиз.
Көп жылдардын көчүн тартып келебиз.
Биз турмушка эрте чыктык, кеч чыктык,
Сиз чакырган тазалыкка бек чыктык.
Мен буларды курбулардын атынан
Өзүңүзгө билдирүүгө батынам:
Кимде өзгөрбөй калды ууз уяңдык,
Кимде өзгөрүү кылык-жорук, кыял бүт.
Баарыбызда калып калды бир гана
Сизге болгон таза, тунук дил гана.
«Агай» дээрмин кемпир болгон чагымда,
Агай калаар «Агай» деген тагында.

Түк жаңылган эмесмин. Агай тагында отурат, андан токсондо да, жүздө да түшпөсү бышык.

Жылдар өтүп, кылымдар алмашып, доор өз­гө­рүп, кыяматтын кыл кө­пү­рө­сүн­дөй болгон өт­көөл мезгилдерден өттүк. Турмуштун маани-мазмуну башкача болду. Рухдөөлөттөр заман көч­кү­сүн­дө калды. Ошол көчкүдө жар түбүндө жан­дүй­нө­нүн жалындарын өчүрбөй, «кудук казган ийнесин» колдон түшүрбөй, устаттары Болот Юнусалив менен Зияш Бектеновдун арбактарына арнаган эмгегин – Молло Нияздын «Санат дигарасттарин» араб тамгасындагы эски жазмадан азыркы тамгага көчүрүп китеп кылып түзүп, баш сөзүн жазып так ошо кыйраган 1993-жылы басмадан чыгарды. Жогорку илим-билимдүү, даражалуу, таланттуу инсандардын ичинде адабият менен тарых изилдөө иштеринде араб тамгасын билгендиги менен тоодой иштерди иштеп жүргөн жалгыз Омор Сооронов өзү. Зияш Бектенов агайдан араб тамгасын Университеттин филология факультетин мурдагы, кийинкиси болуп, жүздөгөн, миңдеген студенттер үйрөнгөнбүз. Бирок, жалгыз гана Омор Сооронов өткөн үчүн, өзүнөн башкалар үчүн өмүр жумшады. Ал – келечек үчүн дагы жашаган өмүр. Устаттардын берген билимдерин, айткан сөздөрүн жокко чыгарбай, жерге таштабай кылган эмгектери үчүн, жаман-жакшы окуп бүтүргөн бардык филологдордун атынан ыракмат, алкыш айткым келет. Өзгөчө, Бүткүл дүйнөлүк рынок фронтунун өлбөс-өчпөс баатыры! — деген ардактуу наам бергим келет. 2008-жылы жарык көргөн «Кыргызым ай, кыргызым!» деген китебинде Омор агайдын «Болот Мураталы уулу Юнусалиевге» аттуу ыры бар.

Чоң инсанга чоң инсан жөлөк болот,
(Майдалардын кылаары бөлөк болот).
Молдо Нияз сыяктуу акындарды
Алып чык деп бир алпты төрөп коёт.
Ошол инсан, ошол алп Болот агай
Молдо Нияз мурасын издеп далай…
Колкитебин колуна кармаганда
Дүйнө салды кайрылбас жайды карай.
Ошентсе да жөрөлгө таштап кетти,
Молдо Нияз илимин баштап кетти.
Шакирттерин «Ниязды окугун!» деп,
Филфакта да, сыртта да какшап кетти.
Молдо Нияз жазманын башы деди,
Фалсафия, тарыхтын кашы деди.
Тил байлыгы ошонун китебинде,
Бирден терип элиңе ташы деди.
Молдо Нияз кыргызга деңиз деди,
Түндүк – Түштүк баарыңа тегиз деди.
Саякатка бир чыгып аны менен
Сан ойлорун калкыңа эмиз деди.
Шакирттери шалаакы болуп келдик,
Даярдабай, даярга конуп келдик.
Айткандарын аткарбай алп агайдын
Даражага, наамга оңуп келдик.
Молдо Нияз дегенде агайды эстейм,
Болот десе Нияздан алыс кетпейм.
Эки аалымдын эмгегин баалабасаң,
Эгизим бол, баары бир «Аман!» дешпейм.
Зор инсанга зор инсан жөлөк болот,
(Ичи тардын иштээри бөлөк болот).
Улуу Нияз сыяктуу акындарды
Алып чык деп бир алпты төрөп коёт.
24.01.1993-жыл.

Кылымдан кылымга, доордон доорго, урпактан урпакка, устаттан шакиртке, агайдан агайга калып отуруп, Молдо Ниязды алып чыгуу бактысын Кудай менин алп агайыма буюруптур. Ушул китепти «…Мугалимдик кесибимдин башталышындагы 1-окуучум катары, поэзия майданындагы 1-шакиртим катары сени менен сыймыктанам жана чыгармачылыгыңын гүлдөй беришин каалайм. Молдо Нияз атаңдын поэзиясы жана арбагы колдосун!»
24.02.96. С.Омор.

деген кол тамга менен алганымда Пушкинчесинен: Ай-да, Маматова! Устатың сыймыктангыдай башка эмнең бар эле, ырларың да! Жаза бер!- дегемин.

Бир жолу телефондон сөз арасында: -Бир күнү таң эрте намаз окуп атсам, радиодон ырларыңы беришти, өзүң окудуң. Намазымы токтотуп, уктум. 1994-жылы жаздырган экенсиң, — деди. Анда да ушинтип кубангам. Намазын токтотуп угуптур! — деп кубангам.

2005-жылы маркум Курбанбай Калдыбаевдин «Сапар түйшүгү» деген китеби жарык көрдү. Менин мектептеш инилерим маркумдун бир тууган жээндери экен. Мурастарын жыйнап, өз каражаттарына чыгарышыптыр, мага алып келип беришти. Ушул китептен Омор агайымын улуулугун даана көрдүм. «Мезгил сынайт, убакыт улгайтат» деген Курбанбай досун эскерүүсүндө бир кичинекей абзац бар. Мындай:

«Пединститут демекчи, биз КМУну бүткөн жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынан да заявка келип, деканыбыз Жээнбай Мукамбаев мени Ошко, Курбанбайды Жалал-Абадга барасыңар дегенде, Кукенин өтүнүчү менен орун алмаштырганбыз. Ошону эстегенде, кээде, Жалал-Абадга барса, өлбөй калат беле деп да ойлоп кетем.»

Өлбөй калмак! Өлбөй калмак!-деп ичимде бир ой безилдеди ушуну окуганда. Ырыскыны шайтан талашат. «Наныңы токочума алмаш»,- деп досунун

кең жолуна кедерги болгондо кайран Куке куруган. Ыр берип, нур берип жараткан Кудай алдында ошол бойдон калып, «Жашасын өзүмчүлдүк күлүктөгү»- деп алкынган доско жол бошотуп… Минтишке ар бир эле пенде жарабайт. Бул – болгону 27 жаш. Мезгилдин сынагында турганын билип коюптурбу ошондо. Тек, табиятындагы тазалык, айкөлдүк менен ошентти да. Доско, талантка болгон аруу мамилеси өзүнүн ыйык дилинде, өмүр кенчинде – архивинде сарамжал сакталуу. Ал тургай агайдын архивинде «Кыргызстан маданияты» газетасынын биринчиден акыркы номерине чейин сакталуу. Булл газетанын өмүрү кыска болоорун билип койгонсуп сактап жүргөнүнө таң калып коём.

Ушу жерден бир ой келди башыма:
Мезгил өтүп өйдөлөөдө жаш улам…
Ушул кенчти – үй жок жүргөн кездерде
Үйдөн үйгө кимдер үчүн ташыган?
(Ү.М.)

Ушундай бир заман болоорун – агай ар бир санын сары майдай сактаган «Кыргызстан маданияты» токтолоорун, көп кыргыздын көкүрөгү бош болоорун, ага күйүп-бышкан жогору жакта эч ким жок болоорун, колунда барлар

бул жагдайга көңүлкош болоорун ким билиптир. Э, болоору болду, адабиятты кең Мекен ардактабайт, Ай тутулду, Күн тутулду. Ошого карабай Омор агай көктөп-шактаган, гүлдөгөн, эзилип бышкан жандүйнөнүн жемиштерин терип сактап келатат.

Мен ушерге келгенде телефон чырылдайт, трубканы алсам – Жакин коңшум. Толкунданып, кубанып бир бактылуу, бир бактылуу үн менен куда тосуп келгенин, кудасы китебине кол тамга коюп бергенин айтып төбөсү көктө.

— Куда Омор Сооронов деген киши экен. Сени окутуптур, айтып отурдук. Кандай адамга куда болгонубузду мен өзүмүн киргиздериме түшүнтөм.

Залкар адамдардын атын угуп эле кала берет эмеспизби. Карачы, бизге андай

адам менен кадырлашып сыйлашууну Кудай буйруп отурбайбы, мен муну

билбегендериме билдирип, түшүнбөгөндөрүмө түшүнтөм,- деп элбиреп-делбиреп телефондон «Ырларыма» деген ырдан окуду:…Көп жыл өттү.

Көздү жумган бойдонмун,
Пегастарды аса байлап койгонмун.
Мурастардын муңдуу үнүн кыя албай
Муюп кеткем…
Бүгүн бираз ойлондум.
Ага себеп: карындашым Батмажан
Кайра-кайра сыналгыдан каттаган.
«Күз жөнүндө ырларыңыз болсо!»- дейт,
Дептерди ачтым эбак жаап таштаган.

Ай, мындай адамдарды Күз жөнүндө, Кыш жөнүндө жаздыңбы?- дебей эле, эмне жазса, ошону көкөлөтүп даңазалай бериш керек да. Күз жөнүндө деп… Жаз жөнүндө жазса эмне болуптур!- деп Батмажанды да улкуп-жулкуп, кагып-силкип алды. «Ойгон, кыргыз», «Элим ай!» деген ырларды толугу менен окуп берип, анан күйүп-бышып: — Ай, укчу муну:

Там бузулса талкалап, кайра салат,
Хан бузулса, хандыкты башкасы алат.
Эл бузулса эсебин табыш кыйын,
Чындык өлүп, ушактын шамы жанат.

Эмне деген ыр! Карачы, кандай айтылган. Мына мен окубай калгам, жан багыш үчүн эсепчи болуп өмүр өткөргөм. Окуп, көзүм, көкүрөгүм ачылып, байып, бактылуу болуп, айтарга сөзүм жетпей, карачы эмне болуп атканымы! Эми бул китеп 300 эле нуска экен. Бул ырларды ар бир кыргыз окуса болбойбу!

— Эми аны канча айтасың! Кимге айтасың! Идеологияны жоготуп, таппай

коюшкан. Элибиз китеп окубайт, телевизор көрөт, кино көрөт, элдин көргөнүн өнүктүрөбүз, элдин артынан ээрчийбиз,- деген жыйынтыкка келишкен.

«-Ой, окубаган элиңи окута албасаң, эмнең мамлекет? Эмнең чиновник? Эмнеге дардайып, кайкайып басасың? Кайсы арыңа какылдап сүйлөйсүң, лапылдап жейсиң?!» дей турган киши жок. Курулай тил эмизишет. Китеп чыгарып келсеңер сатып алабыз,-дейт. Басма ачтык, китебиңерди чыгарабыз, гонорарды китеп чыга электе колуңарга нак карматабыз,- дейт, баары калп, жанын жеген жалган. Бир «леди» айткандай: «Берейин эле дешет, өздөрүнө керек». Кулкундары – кудук. Өз балдарын «Күн карматып, Ай карматып» багыш керек. Ушу чычкак чиновниктерден, бок курсак байлардан түңүлүп Кудайга кат жазып атам.Күйүп-бышпа, кошунам. Кудай уруксат берсе, өзүм жакында миллиондогон тираж менен китептер чыгарып, элибизди идеологияга сугарып, акыл-ой байлыгына марытып, агартып-көгөртөбүз. Бүлүнгөндү бүтөп, жоголгонду таап, чачылганды жыябыз. Акын ырын окуп, толкуп сен турганда, мен турганда, ырга суусап эл турганда, мунун баарын угуп, көрүп-билген Кудай уруксатын аябайт. Экөөбүздүн сөзүбүзгө, Омор агайдын ырларына чыдабай телефондун зымдары үзүлө жаздаганын байкадыңбы? Демек, Кудайдын угуп турганы. Бизге ушинтип телефондун зымдары да түтпөй зыңылдай баштаганда агайдын уулу Ниязи мен сураган китептерди алып келип калды. Баланы сөзгө тарттым.

— Агайдын эмгектерин окуп, дүйнөсүнө аралашканыңар барбы балдардын ичинен?

— Жок, — дейт бала аяр баш чайкап. Эсиме бир болгон окуя, болгон сөз түшө калды. Айтып бердим:

Бир чоо-оң окумуштуу жазуучунун (аты-жөнүн айттым) кызы банкта иштейт экен. Тил комитетинде иштеп жүргөндө Калыева Өктөм Ашырбаевна деген эжең Иш кагаздарын кыргызчалатыш маселесин көтөрүп жүрүп, окумуштуу-жазуучунун кыргызча билбеген, билгиси келбеген кызы менен тил табыша албай убараланат. Айла кеткендеги Өктөм менен тигинин диалогу:

— Атаңыздын китептерин окуйсузбу?

— Нет.

— А сиздин балдарыңыз окуйбу?

— Нет, они по-киргизски не понимают!

— Анда, атаңыздын китептерин өрттөйбүз! Балдары окубаса, балдарынын балдары окубаса, ким окуйт? Кимге кереги бар алардын? Токтогул сыйлыгы менен сыйланган атаңыздын эмгектерин өрттөйбүз! — дегенде атасынан эми айрылгансып, маркумдун кызы өпкөсү көөп шолоктоп, болкулдап-солкулдап ыйлаптыр. Агайдын китептерин өрттөтпөйбүзбү? — деп тирмийдим. Ниязи жандана: — А жок, атамын өзүндөй терең киришкен чыгармачыл эч ким жок азырынча, бирок китептерин компьютердик калыпка салып мен даярдайм. Ошентип, кааласам, каалабасам окуйм. Ниязинин алып келгендерин улам бирин кармалап, үйүм дүнүйөгө толуп бапырадым. Илимий эмгектеринин тизмеси эле он бетке толуптур. Анын баарын китеп кылып чыгарса канча том! Буюрса, агай дагы жазат.

— Ниязи, сенин мойнуңда оңой милдет турбаптыр, азамат, атаңын эмгектерин өрттөтпөйсүң! Саринжинин өнөрү – скульптор-художник өзүнчө зор дүйнө, биякка кайрылышка анын шайы келбейт, — деп «Кол жазмалар жөнүндө сөздү» колума алдым.

Ишенип, тагдырын табыштап «колтугунан алышкан, муңдуу үнү муюткан кол жазмалар» – эмгиче арылбаган шор, муң муунду бошотуп, жашка бууйт. Үмүт жандырып, каниет берген бир нерсе – «тыюу салынган колжазмалар» темир сандыкта болсо да сакталып (такыр жок болуп кетпей) жалгыз болсо да тийчү кишинин колуна тийгени, жетчү кишиге жеткени, кайриет. Азырынча, жарык көргөн маанилүү-маанисиз башка китептердей эле «Кол жазмалар жөнүндө сөз» да, кереметтүү кенч экенине карабай, үйдө жыйылып турат. Абышка-кемпирдин пенсиясынан үнөмдөлүп, балдардын маянасынан эптештирилип жарык көргөн. Бул кербен-шаардын көрсөткөн кызматына арбактардын ыраазычылыгы, сүйүнүчү нөшөрлөп төккөн жамгыр, мөндүр болгондур. А биз – тирүүлөр кандай ыракмат айтып, бул эмгекти канчага баалаар экенбиз. «Ханың барбы? Бегиң барбы? Айтып койчу танцага!» — деп бир чыгаарыбыз бар го. 250 нуска менен кыргызды кыдырата бир карап алып, калган сөздү айтаарбыз. Баса, китептин баасы коюлбаптыр. Баасы жок! — деген ушу. Бир кезде: «Кыздын себине бериле турган китептер болот»,- деп айтыла баштаган. Келиндин калыңына берилчү китептер болоорун Омор Сооронов баштады. Жакин кудачасы ошо мааниде эле кабыл алып тогуздап бодо мал алгандан, короо толо кой алгандан артык көлкүп-малкып кубанып жүрбөйбү. Бирок, бир октой болуп жандүйнөнү жарадар кылган бирок бар. Ал – жогорку караңгы, төмөнкү караламан катмарды бир даарын жан багыш үчүн, дагы бирлерин андан нары байыш үчүн тормоз түтүгүн кесип салып аңкилдек аттырган акча жинди, дүнүйө жинди замана. Акча табыш үчүн, атын чыгарыш үчүн чыгып аткан китеп көп, а көңүлгө көрк, акылга азык болчу китеп жок. Оңдуусунуп, кырдуусунуп жаңы чыккан китепке жабыша калчу сынчылар да азыр тирүүлөй жоголгон, гонорар эч ким бербесе бирдеме жазып жиндиби! Окурман табити, деңгээли, анын караңгы менен жарыгы бир Кудайга аманат. Эмгеги менен талантынын өлбөстүгүн билип, мына ушуга таянып, ушундан кубаттанып чулу алтынга бергис улам бир китебин жарыкка чыгарып, «ийне менен кудук казып» тарых тамгаларын азыркыга таанытып, келечекке мурастап… Буларды айткан менен жазганга кандай гана бат, а буга жарым кылым өмүр кетпедиби.

— Агай! — дейм мен, — Президент Маданият министрлигинин алдына басма ачыптыр, беш миллион бөлүптүр. Сомбу, долларбы, евробу билбейм, сом эмес го. Ал эмнеге жетмек эле. Кагаздардын жашылын деле, кызылын деле жеп алып килеңдеп семирип жүрө беришет. Идеологияны темселеп издеп таппай коюшкан. Мына идеология! — деп китептериңизди алып барбайсызбы, кол тамга жазып бекер бере салбай: — Сатам, беш миллион сомго эле сатам, — деңиз. Агай күлүп коёт, менин карыгыча ишенчээктигиме күлөт. – Эми оңолуп келатышат го, — деп коёт. «Мурдагылар деле эл кайсы маселени айтса баш ийкеп, Президент бөлгөндү беркилери жеп алып, жаманаттыга наркысы

калып, айласы кетип карандай Программалар менен сооротуп жүрүп соолуп

жоголушпадыбы. Ким эмнени жазды? Алып келгиле, — дешсе бир жөн, антпеген соң кимисинин эшигин кагып шагым сынсын, кадырды билчү кимиси бар? «Жаманды эш тарткыча баштан нары беш тарт» дегенди билбейсиңби?», — дебейт, бирок, жүзүнөн көрүнүп турат. Бул мага деле түшүнүктүү, тек, өз эмгегинин үзүрүн ар пенде көрсө деп, тигилерден кантсе да үмүт үзгүм келбей айткан сөзүм да.

Өткөндөрдү жаңыртып, өлгөндөрдү тирилткен «Кол жазмалар жөнүндө сөздө» мен айтып тилим тешилип жүргөн «а» тамгасынын ичкеси жөнүндө окумуштуу — жазуучу 2006-жылы жазган экен. Түштүктү жериген, өгөйлөгөн кыргызды ичтен жеген митенин кесепетинен бул сөз арык аттап, суу кечпей турат. Жакында эле өзүм урматтаган жазуучу-журналистке бул тамганын зарылдыгы жөнүндө айтсам, кабыл алган жок. –Зачем?- дейт.

— Диалект сөздөрдүн кыргыз адабий тилинен жат болуп, андыктан Түштүк чет өлкө сыяктанып бир өлкөгө бириге албай кыргыз кыргын — сүргүнгө учураганы байкалбайбы?

— Диалект сөздөрдү адабий тилге аралаштырып жазба деген эч ким жок.

— А эмне менен жазабыз? Тамга жок болуп атпайбы! Түндүк кыргыздардын боордошу, тууганы – казактарда, Түштүк кыргыздардын тага-жээни өзүбек менен тажикте бул тамга бар. Тектеш түрк тилдердин ичинде бир эле кыргыз тили өзүн өзү теңсинбей, кемсинтип маңкурт ширисин чечкиси келбейт.

Эл бийлеген эчен эрен жүргөнү,
Эки ачакей ишин көр да, сөзүн көр.
Таба албаган ак, акыйкат бирөөнү,
Балким, менин кулагым кер, көзүм көр.
01.05.94.
С.Акматбекова. «Күүгүмдөгү күү». 121-бет 1998.

Билинбеген Римде элең.Үтүрдөн
чекиттерге чейин өлүп тирилген.
Пирамида залдарындай үстүңдө –
пас потолок, алсыз жарык үлүңдөп.
А.Токтомушев. 62-бет. 2008.

Акылман жан акылы пас баланы
Карагандай мени акырын карады:
(ошондо 230-бет)

Көр болсом – көрөт сени көкүрөгүм,
Кер болсом – угат сени бүт илебим.
(ошондо 263-бет.)

Сагын Акматбекова менен Алым Токтомушев Түндүктөн чыккан чыгаандар. Тамга таппай, сөз таппай, диалект сөздөрдү жазайын десе, тамга жок – кулагым кер, пас потолок (шып), кер болсом деп, каран калгыр, такыр башканы жазып салышпадыбы! Күлүп атып өлөсүң. Алфавитти толуктап коюш жөнүндө аты улук, супурасы курук көп эле илимдин докторлоруна: — Ушуну айтсаңар болбойбу айтчу жерлерде, — дегенимден пайда жок, акча тапкандан башкага жарабаган немелерден түңүлүп: «Кой, өзүмөн өтөөрү жок, мына, эми жазам»,- деп турган чакта бул гөйгөйдү «Кол жазмалар жөнүндө сөздөн» окуп онтоп отурам. 2006-жылы «Адабий Алатоого» жарыяланган олуттуу макала эч кимдин кулагына угулуп, көзүнө илинбептир. Кудайга үнү жеткен китеп болсо бандага («а» тыбышын ичкертип окуңуз) жетпей автордун үйүндө жыйылып турат.

Муза муунуп, бир тирилип, бир өлүп,
Бир замандан бир заманга сүйрөлүп
Жетип алып… эптеп-септеп чыгарган
Чыгармалар үйдө турат тирелип.
Сенден чыгып, элге чыкпай бекинип,
Бүтө элекпи чек-мөөнөтү жетилип?
Жолун бууган, — ойлойм, — кайсы каргаша,
Кай кылымда ким кетирген чекилик?
Аргымактар ат болду жүк артынган,
Сенсиң, менмин аны ошентип калтырган.
Мааракеде Мааникердей күлүктү
Марага! — деп сүрөп турган салтым бар.
(Ү.М.)

Алымдын китептерин көрүп ушул ырды жазган элем. Ушул тирелген Китептер бир муктаждыкты бир үн менен кыйкырып турушат: — Жазайын десек тамга жо-о-ок, — дешип.

Бирде Түндүк, бирде Түштүк баласы,
Эки тизгин бир чылбырды аласың.
Ондогон жыл отурсаң да тактыда,
Оңдобойсуң алфавиттин чаласын.
(Ү.М)

Мурда го улуу орус агалардан айбыккан кокуй бар эле, а жыйырма жылдан беричи? Балким, убакты сааты эми жеткендир.…

Күндүк өмүр күмүш болгон бу күндө,
Айлык өмүр алтын болгон бу күндө
Айдын, жылдын абдан баалуу узагы.
О.Сооронов. «Кыргызым ай, кыргызым!» 35-бет.

Өз ордун досуна (К.Калдыбаев) берип, өзүнүн «Кайрылуусунун» ордуна Мукай Элебаевдин «Жарыяланбаган ырларын» чыгарып тирүүнү да, арбакты да өзүнөн алдыга өткөрүп жүрүп ыйык кол жазмаларга берген оң көзүнө операция жасатып, кезектеги китебин жарыкка чыгарууну балдарына тапшырып чарпаяда отурган пайгамбардан баркы улук агайымын:

«Ач-жылаңач болгонума корунбайм»,
«Барда-жокто жашасам да кылдырап»

өңдүү саптары санаага сайылып, көңүлгө тепчилет. Сыйкырчы боло калып, жоктун жонун тырмалап эптеп күн көргөн элди тоногон карышкырлардын кардын жара тартып терисин титиретип төрүнө илип, майтаман аюулардын талпактарын үлпүлдөтүп астына салгым келди. Түз жүрүп туура сүйлөгөн, тазалыкты турмушуна туу туткан ак эмгектин алпы, аруу дил акынды ардактаганды ар бир маңкуртка үйрөткүм, ырларын ар бирине жаттаткым келди. Анткени, анын эмгектери, ырлары кыргыз журттун кылымдар кыйнаган жаракасына данакер.

Колдо бар алтын агайым
Жыйнаган кенчтин далайын.
Алтынды колдон түшүрбөй
Ардактап, барктап алайын.

Үрүниса Маматова (09.09.09.), “Жаңы ордо”, 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий