«Улуттун руху турган жерде калп айтуу кыйын»

12- ноябрда Адилет министрлигинде кыргыздын улуттук баалуулуктарына басым жасалган, көрөңгөлүү көөнөрбөс жакшы саамалыктын ачылыш аземи болду. Атап айтканда аталган министрликтин мекемесинде кыргыз рухун, маданий мурастарын, асыл дөөлөттөрүн чагылдырган залдын ачылышы, көптөрдү кайдыгер калтырбады. Ал түгүл тамшандырып, суктантты.

Улутубуздун улуулугун даңазалаган залды жасалгалаган Эл агартуунун отличниги, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, белгилүү сүрөтчү Турсункулов Асан Амановичтин патриоттук демилгеси, алкоого арзырлык зор иш экенине, залдын ачылышына келгендер күбө болушту. Албетте, Адилет министринин мекемесинде улуттук колоритти чагылдырган, кыргыз руху жыттанган залдын орун алышы, аталган мекеменин жетекчиси Нурлан Турсункуловдун да руху бийик, кыргыздын чыныгы уулу экенинин айкын далили десек жарашат. Улуттун жүзүн көрсөткөн залдын Адилет министринде ачылып жатышы да бекер жеринен эмес. Бул да болсо Нурлан мырзанын кыргыздын рухий жан-дүйнөсүнө үңүлө билген көрөгөчтүгүнөн да кабар берет. Асан мырза менен Нурлан мырзанын биргелешкен демилгесинен жаралган мындай жакшы жөрөлгө, башка да мамлекеттик мекемелерди жетектектеген чиновниктерге өрнөк болуучу улуу иш деп бааласак ашыкча болбос. Нукура улуттук рух дөөлөттөрүбүздү аздектеп, кадырлап күткөн, даңазалаган мындай зор демилгени жүзөгө ашырган автор Асан Турсункуловичти жана залды жасалгалоого демилгечи болгон Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Абдырахман Алымбаевди сөзгө тарттык.

Асан ага кыргыз улутунун жан-дүйнөсүн, тарыхын, маданиятын чагылдырган залды жасалгалоо оңойго турбаса керек. Автор катары айтсаңыз, мындай идея эмнеден улам жаралды?
Асан Турсункулов, Эл агартуунун отличниги, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү: Кыргыз улутунун тарыхын, маданиятын жан — дүйнө рухун чагылдырган зал мамлекеттик бир мекемеде болсо — деген аруу тилектер бар болчу. Анан Нурлан Турсункулов Адилет министри болуп келгенде куттуктап барып, өзүмдүн ойлоп жүргөн идеямды айтсам, дароо макул болуп, колдоо көрсөтүп жасалып калды. Бүгүнкү күндө бул маселе залды келип көргөндөр тарабынан да колдоого татып, мындай көрүнүш ар бир министрликте болсо жакшы болмок деп айтып жатышат.

Эми негизгиси мындай да, элдин кызматын аркалап отурган ар бир жетекчи, чындап элге ак, так кызмат кылам десе, элдин руханий дөөлөттөрүн, тарыхын маданиятын билиш керек. Мен мына ушуну картина аркылуу айткым келип, каңкуулап жатам. Ар бир жетекчи кызматка келээрден мурда ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун, башын канжыгага байлап жүрүп элди, жерди сактап, бизге жеткирген рухий асыл баалуулуктарды билиши зарыл. Урмат кылып, аздектеп, кадырлап күтүшү милдет. Маселен, биздин руханий дөөлөтүбүз, байлыгыбыз болгон улуу инсандарыбызды билиши парз. Мына бүгүнкү «Улуу эл баяны» деп аталган картинада, кыргыз элинин Манас бабабыздан тарта, Алтайдан берки Кокон хандыгына чейинки тарых камтылган. Манасты баяндап жаткан залкар Саякбайдын, анын жанында кичинекей баланын кулак салып тыңшап отурган образын бергем. Башкача айтканда, кайталангыс улуу баян муундан-муунга өлбөй-өчпөй өтүп келатканын чагылдыргам. Муну менен картинадагы берейин деген негизги орчундуу оюм, кыргыз эли ооз эки чыгармачылык менен дүйнөдө жок кайталангыс таланттуу калк экенин белгилегим келген. Мындан тышкары биздеги өнөр, жердин сулуулугу, элдин сулуулугу, айтор, элибиздин бардык жакшы сапаттарынын баары ушул картинада камтылган.

Ал эми экинчи картина «Эл байлыгы» деп аталат. Бул жерде жети дубандын көркөм жерлери, символикалары, ошону менен бирге эле жети дубандан чыккан жети атактуу инсандарыбыздын сүрөттөрү берилген. Булардын ичинен көзү тирүүлөрү Кыргыз Эл Баатырлары: Сооронбай Жусуев менен Тургунбай Садыков бар. Ошондой эле, кыргыздын өнөр ээлери: Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Жумамүдүн Шералиев, Рыспай Абдыкадыров, ошону менен катар бизде космонавт, олимпиядалык чемпиондор бар экени чагылдырылган. Эми мындай өрнөктүү жөрөлгө ар бир министрликте болсо деген тилек. Менин Адилет министрлигине бул картиналарды тартып калганымдын негизги себеби, Президентке чет өлкөдөн коноктор келишсе, бул өлкөнүн мыйзамдары кандай болду экен деп, сөзсүз Адилет министрлигине кайрылышат. Ошондуктан, бул залдын жасалышы чет өлкөлүктөргө өзүбүздүн улуттук рухий дөөлөт, мурастарыбызды көрсөтө турган бурч болуп калды.

Дал эле ушул сыяктуу залды жасоого башка министрликтин жетекчилери тарабынан демилге сунуштар болуп жатабы?
— Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров Адилет министрлигинде жасалгаланган зал ар бир министрликтин мекемесинде болсо деген маселени парламентте көтөрдү. Мен абдан ыраазы бодум. Нурлан Турсункулович айтат, «кээ бир жетекчилер келип залды көргөндө, мындай жерде калп айта албайт экенсиң» деп айтышат экен. «Улуттун руху турган жерде калп айтуу кыйын» экенин билип, жоопкерчиликтерин сезип жатышат. Ошондой эле, кыргыз туусунун алдында, кыргыздын нукура улуттук колоритине ширелген обондор жаңырып, мен кыргызмын дегендердин баарын толкундатат. Кыргыздык аурага сугарылган ар бир жетекчиде элге ак дилден, таза иштейин деген ниет келет. Ошондуктан, мамлекеттик мекеменин жетекчилери мындай залды жасалгалап, калп айтпай, чындык менен жашашса, биздин элде бардык нерсе болот.

Мындай залды жасоо каржы маселесинде оорчулук жаратпайт бекен?
— Биринчиден бул картиналарды Нурлан Турсункуловичке бекер тартып бердим. Бирок, материалдык жардам кылды. Залды жасалгалоого керектүү нерселерди алып берди. Баса белгилей кетчү жагдай кыргызда мыкты сапат бар. Залды жасай баштаганда эле ар ким өздөрү келип, аны-мунусун алып берип, жасашып жиберип жатып, залды жасалгалап бүттүк. Ал эми каражат жааты анчалык деле оорчулук жаратчу көйгөй эмес.

Абдрахман ага, кыргыз улутунун жүзүн көрсөткөн залды жасоонун демилгечилеринин бири экенсиз, мындай жакшы жөрөлгөнү жайылтуу тууралуу башка да мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине айтып көрдүңүздөрбү?
— Абдрахман Алымбаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: Мен бул жерде жайында зал жасалып жатканда эки-үч жолу болгом. Ошондон бери тааныштарга, мамлекеттик жетекчилерге жолугуп сүйлөшкөн сайын Адилет министрлигинде улуттук колоритти чагылдырган жакшы бир зал жасалып жатканын айтып жүрөм. Мындай жакшы жөрөлгөнү башка да мекемелерге жайылтуу зарылдыгын да баса белгилеп келем. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров ушул залда болуп кайткан экен. Өзбек улутунан болгонуна карабастан «мындай улуттук колоритте жасалган залдар ар бир министрликте болушу керек» — деп, парламентте айтып жатканын угуп ыраазы болдум. Чындыгында, чет өлкөдөн келген меймандар Европадан же Азиянын кайсы бир жеринен келгендер залга отурганда, өзүнүн ишинен башка эч нерсеге деле кызыкпайт. Ал эми кыргыздын улуттук рухий маданиятын чагылдырган мына ушундай зал чет жерден келген коноктордун сөзсүз көңүлүн буруп, кызыгуусун жаратат. Башкача айтканда кыргыздын улуттук колоритине ширелген тарыхый, рухий, маданий жан дүйнөсүн чагылдырган жасалганы көргөн меймандар, анын түпкү сырларына кызыгып, сурап-билип, түшүнүп кетет. Албетте, бул жакшы көрүнүш.

Алмаз ТЕМИРБЕК, «Эл сөзү» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий