Жума Жамгырчиев — алгачкы кыргыз интеллигенциясынанже эмне үчүн аны акын, жазуучу, драматург катары билбейбиз?

Жылдар өтүп, мезгил алмашып дегендей сары кагаздарда катылып жаткан сыр-чындыгы акырындап ачылат тура. Андай ачылыштар дагы канча жылдарга каалгасын жапкан боюнча да калышы мүмкүн эле, эгерде СССР деген зор мамлекет 74 жыл жашап кулап кетпесе. Мына адабиятчы Салижан Жигитовдун мындан бир нече жыл мурда жарыкка чыгарган китебин окуп отурам. Ал киши да жазганда орусча жазып отурбайбы. «Так, по устным свидетельствам до живших до наших дней их современников и собственно ручно написанным в свое время анткетным данных, выходцам из состоятельных семей явились: Дж. Жамгырчиев, (сын бия судьи по адату), А. Идирисов ( сын казы-судьи по шариату). Б. Кененсариев (сын крупного манапа)» деп беш кишинин фамилиялары жазылып турат. Демек, отузунчу жылдардын башында башталган бай-манап, эзүүчү тап деген балакет биз сөз кыла турган Жума Жамгырчиевдин «Ырлар жыйнагы» деген аталышта биринчи жана көзү тирүүсүндө 1931-жылы жарык көргөн боюнча чыкпай калышы а кишинин бийдин баласы деген саясаттын эн тамгасы себепкер болгону айдан ачык көрүнүп турбайбы.

Болбосо а киши 1942-жылы согушка кеткиче он бир жылдын ичинде үч, беш дебейли эки, үч ырлар жыйнактарын чыгарууга кудурети жетет эле го? Дагы кудайга шүгүрчүлүк дейли. Анткени, аздап болсо да акыйкат өз ордун таба баштаган изилдөөчү-адабиятчылардын жана Курманаалы сыяктуу кайнисинин эскерип олтурушу да чоң кубаныч, жакшы жөрөлгө деп эсептейли. Элибизде «атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн» деген керемет сөз бекер айтылган эмес тура деп кезекти сурообузга узаталы.

О. Тенти: Курманалы ата, Жума атанын бир тууган кайниси экенсиз. Эскерүүңүздү алгачкы таанышкандан баштай бериңиз?
Р.Курманалы:
Мен биринчи ирет кез болгон учурда бала курагым эле. Ал киши үйүбүзгө 1936-жылы келди. Ага чейин айылда апам экөөбүз эле жашоочубуз. Эжем турмушка чыгып, агам Алма-Атада институттун студенти эле. 1933-жылы атам кайтыш болуп кеткен. 1932-33-жылдарда казактарга келген ачарчылыктын таасири да бизге тийип 1933-жылы таякелерибиз өз жерибизден Сары-Булакка көчүрүп кетишкен. Ошол жылдары эжем төрт, беш жыл айылга каттабай калды. Дайын дарек, кат да жок эле күндөрдүн биринде Жума жездемди ээрчитип келип калышты. Ошондо жездемди биринчи жолу көргөм. — 1936-жылы жай айлары болуш керек. Алар да таякелеримде эки, үч күн конок болушуп мени Фрунзеге кошо ала кетишти. Шаарга келген соң сайма көйнөк, жибек кур, ал эми бутума сандалча алып кийгизгенде мен мурдагыдай болбой такыр эле башкача болуп калдым. Азыркы Аламүдүн сайына жакын жездемдин туугандарынан болуш керек ошол үйдө жашап калдык. Эртең менен турганда базарга жакын эки кабат чайкана бар эле. Күнүгө эртең менен кымыз ичип, самса жечүбүз. Күндүз бош убактарда шаарды кыдырып турар элек. Күндөрдүн биринде бизди акын Кубанычбек Маликов үйүнө мейманга чакырды. Аерге келишкен кишилер улам көбөйүп отуруп беш, алтыдан да ашып кетти. Мени да ошол эле чоң кишилердин катарына отургузуп коюшту. Анда баарыбыздын аркабызга бирден жаздык төшөп өтө эле сыйлуулар катарына кошулуп калдым.

О. Тенти: Чоң конок болуп калган турбайсызбы?
Р. Курманалы: Ооба, өтө чоң конок болуп калдым. Алар ичкилик ичип жатышты, ал эми мага болсо пиво берип коюшуп: — Ич, ичсең болот,-деп анда-санда сүрөп да коюшат. Ага чейин андай немени көрбөгөндүктөн анда-санда ууртап коём. Ошерде аз-маз кызуу болушкан абалда бакылдашып сүйлөшүп отурушту. Бир убакта Кубанычбекти тилдеп киришти.

О. Тенти: Оо ботом, анын үйүндө отурушуп эмнеге тилдешет, деги буга жөндүү себеп бар бекен?
Р. Курманалы: Андан аз эле убакыт мурда «Ленинчил жашка» Жума Жамгырчиевдин атасы да, чоң атасы да бий болушкан, бийдин тукуму, Кытайга барып келген, -деп совет бийлигине такап, ошол багытта макала чыккан да. Анан ошерге чогулушкандар:
— Сен Кубанычбек эмне үчүн ошону жаздың, -деген сөздөрүнө Кубанычбек:
— Мен эмне кылмак элем, жазгын деп кыйнашып жатышса кандай арга кылам, -деп Кубанычбек да мойнуна алып күнөөлүү кишидей туруп берди. Мен ал кезде өтө жаш болсом да ошол Кубанычбектикине барып жогоркудай сөзгө кез болгонум арадан жетимиш ашуун жыл өтсө да эч эсимен чыкпайт.

1937- жылы Алма-Атада окуган байкем каникулга тарап, бизди Сары-Булактан өзүбүздүн айылга көчүрүп келди. Анан эжем менен жездем өз жерибизге көчкөнүбүздү угушпастан Сары-Булакка барышыптыр. Аерден кеткенибизди угушуп келип жатышпайбы. Алар биздикине эки түнөштү го, алар Ашуубайдан Латипа деген кызын кошо алып баратышыптыр. Ал кезде азыркы Москва районунда анда Сталин деп аталган райондо эки эле орто мектеп бар эле. Бирөө чоң жолдун алдында экинчиси жолдун үстүндө биздин айылда эле. Ал мектеп 1932-35-жылдары курулган. Ангыча эле 1938-жыл келип мен 5-класста окуп калгам. Эжем айылга октябрь айында келип апам-экөөбүздү алып кетти.

О. Тенти: Сиздер каякка кеттиңиздер, тиги Өзбекстандын Анжиянынабы?
Р. Курманаалы: Ооба, поездге отуруп Анжиянга жөнөбөдүкпү? Алардын маалыматы боюнча ага чейин Жума жездем педагогикалык орто окуу жайында мугалим экен. Көрсө ошол Жалал-Абаддан эжеме таанышып үйлөнүп кийин жогоруда сөзгө алгандай айлыбызга келип жатышпайбы. Аерге барсак Анжиян шаарында Ленин атындагы көчөсүнүн башында оң жагында экинчиси жайланышкан Октябрь төңкөрүшүнө чейин курулган үйлөрдү биринде экен. Ошого эле жакын кыргыз-уйгур педагогикалык орто окуу жайы 1924-жылы кыргыз, уйгурлар үчүн ачылыптыр. Жума жездемдин Жалал-Абаддан которулуп ал жакка барып калышынын себеби 1932-33- жылдары башталган тополоңго түздөн-түз байланыштуу экен. Көрсө жездеме ал жерден да бийдин тукуму катары кыстоо башталганда Жалал-Абадга,Коргон-Төбөгө чектеш Айым районунда Дардан деген чоң кыштакка барып туруп калыптыр. Аерде бир жыл иштеген соң 1938-жылы контр бир аз тыйылып көптөгөн камалгандар түрмөдөн чыга баштаганда Анжиянга которулган экен. Ал педагогикалык орто окуу жайында кыргыз тил жана адабиятынан сабак берчү. Биз барып бир аз турган соң жогоруда эскерген Айым районунда Дардак деген кыштакка коңшу дагы бир кыргыз айылда агам иштөөчү. Ал дагы орто мектептин директору экен. Жума жездем мени ошол жакка алып барды. Ал жерге барсак бир имараттын бир бөлмөсүндө агам жашаса экинчи бөлмөсү мектептин окуу классы экен. Менимче бир эле класс эмес кошмо (карликовый) класс болуш керек? Мен бул жакта 5-класста окуучумун да. Ал жердин абалы менен таанышкан соң Жума жездем кайра Анжиянга алып барды. Ал жердин мектебинин директору менен тааныш болсо керек, анда экинчи даярдоо классынан окуп калдым.

О. Тенти: Ошол өзүңүз окуй баштаган мектептен канча жыл окудуңуз?
Р. Курманаалы: Аерде 1940-жылдын январь айына чейин болдум. Мен аерден даярдоо курсун аяктаган соң 1939-жыл орто окуу жайынын биринчи курсуна кабыл алынып калгам. Ошерде 1940-жылда биринчи курста окудум. Ал орто окуу жайын, өзбектер бизге болбойт деп жаап, уйгур бөлүмүн Наманганга, ал эми кыргыздарды Ташкентте казак-кыргыз педагогикалык орто окуу жайына которулушту. Биз аерге январдын башында 15 күн Ташкентте жүрүп 15-инде окуй баштасак биз кыргыздар казактын адабий тилин түшүнбөдүк. Аерден анча-мынча кийим-кечемди көтөрүп кайра Анжиянга сапар тарттым. Аерге келсем эже, жездем жок, көрсө баягы орто окуу жайы жабылып анын ордуна эки жылдык мугалимдер институту болуп калыптыр.

Мен аердегилерден:
— Жамгырчиев кайда, -деп сурасам, Анжияндын эски шаарынын кайсы бир көчөсүнүн дарегин айтышты. Ал жакка барып аларды издештирип таптым. Көрсө мурда окутуп келген сырттан окуучу студенттердин айрым иштерин бүткөрүш үчүн жездем Анжиянын эски шаарындагы өзбектердин бир орто мектебинде убактылуу калыптыр да. Андан бир күн өтүп Айым районундагы агамдыкына жөнөй турган болдум. Анда агам толук эмес орто мектептин директору болуп калган кези. Ошол жакка жөнөп бара жатсам, мага бир кыз чуркап келе жатат. Мен токтой калсам кыз мага:
— Сен чакырып жатат, -дегенинен барсам мен ал орто окуу жайынан эч документ алган эмес экем. Көрсө мага баланча курсту аяктады деген справканы даярдатып коюптур.

О. Тенти: Алып кетсин аерге барса албай коёт, кайра келип убара тартат деп жатат да.
Р. Курманаалы: Аны алып алып Арым районундагы агамкына бардым. Аерде бир класста чогуу окуган Тагаев дегенди деле албадыңбы, -деп жатып мени да кабыл алдырды. Ошол эле мен окуй баштаган айылга кошуна дагы экинчи айылда ошол мектептин бөлүгү бар экен. Мени ошол мектепке 2-4-карлик класстарына мугалим кылып коюшту. Ошерде жайга чейин иштедим.

О. Тенти: Сиз Жума жездеңиз менен Өзбекстанда эле үч жылга жакын бир жашаган экенсиз. Биз кыргыз адабиятынын тарыхында ал кишини аны баштоочулардын бири катары билебиз. Демек, бир жатып, бир туруп жүргөндө ал киши ыр же макала жазып жаткан учурларга да туш болгон чыгаарсыз? Мүмкүн күндөрдүн биринде Сейил апа менен сизге: -Ой баланчадай ыр жаздым окуп берейин уккула, кандай экенине кулак төшөгүлө, -деген сунушун да эшиткен чыгаарсыздар?
Р. Курманаалы: Мен ал кишинин жазуучу экенин жогоруда айтып өткөндөй башында эле укканмын. Жогоруда шаарга келген алгачкы күндөрүндө эле Кубанычбек Маликовдукунда болгонумду айтып өтпөдүмбү? Мен Анжиянда жүргөн убагымда жездем: -Кандай китептерди окуп жүрөсүң, -деп сурап калган учурлары да көп болоор эле.

Жездемдин мындай суроосуна:
— Кийинки кездерде «Ташкент нандуу шаар» деген роман жөнүндө теле көрсөтүүдөн көп берчү болду. Мен ошол чыгарманы окуп жүргөнүмдү айттым жана Фурмановдун «Чапаев» деген чыгармаларды окудум, -деген жообума Жума жездем:
— Оо азамат жакшы турбайсыңбы, -деп мактаган эле. Ал акын киши болгондуктан сүйлөгөн учурларында айрым сөздөрүн жамактап айта берчү. Көрсө ошол жылдарда «Манас» менен да аралашчу экен. Мен ошол жездемен: Кыргыз илгери тиги Алтайда жашашып Ала-Тоого жер которуп келишкени жөнүндө биринчи маалыматты уккамын. Ал гана турсун: -Илгерки кыргыздардын көзү көк, бойлору узун, чачы сары, мурундары конкогой болчу экен, -деген кеп-сөздөрдү кээде жездем айтып калгандан тарыхтан да кабардар болуп калгам. Жездемдин бул сыяктуу сөзүнөн улам мен:
— Чын эле атамдын чачы сары болчу, бирок көзү көк болбосо да анча кара эмес эле деп мен да жездемин айткандарын чындыкка жакындатаар элем. Ошол жылдары 4-класс үчүн чыккан китепте Атилла баатыр жөнүндө чакан маалымат бар болчу. Ал башында Сибирде жашап туруп далай элди, жерди каратып азыркы Европага жеткени кыскача баяндап жазылганын окуганбыз. Кийин 1943-жылы аскерге чакырылып, 1943-жылы жарадар болуп госпиталда жатсам бир хакас жигиттен: -Сен кимсиң, -деп орусча сурасам:
— Кечирип коюңуз мен хакасмын дегенин угуп ал жигиттин кыргызга абдан окшош экенин өз көзүм менен көргөм.

О. Тенти: Ал кишинин айткандары туура, а дагы окуганын, билгенин айтып сизге маалымат берип атат да! Сиз жогоруда өзүңүз айткандай романдарды окуганыңызга ыраазы болуп маалыматыңыздын да кеңейишин каалап кыргыздын байыркы тарыхынан кеп салып жатышы да бекеринен дегим келбейт. Жогоруда сизге бергем суроомдой, сиздерге уккула деп ырларынан окуган учурлары болчу беле?
Р. Курманаалы: Үйдө көптөгөн адабий китептер бар эле да. Анда калмактардын элдик эпосу чоң китеп болуп чыгып калган, ошону да окуп чыкканым эсимде. Чынымды айтсам ырларын окуп, кандай экен уккула деген учуру болгон жок. Менин баамында бир поэма жазып жүрдү. Ал эгер жаңылбасам 1916-жылдагы кыргыздардын үркүп Кытайга барышы жөнүндө болуш керек. Күндөрдүн биринде азыркы Тоң районунун борбору 1916-жылга чейин Кольцовка деп аталып калышы, бу да бир бай орустун атында коюлуптур. Ошол эле аталышта көп жылдар туруп кийин гана Жоомарттын атында Бөкөнбаев айылы аталып калбадыбы. Анан ошол поэмасында азыркы Кажы-Сай шаарчасынын батыш тарабындагы көл боюндагы Шарпылдак деген жер сүрөттөлгөнү эсимде. Ошондой эле кыргыздардын орустарды кубалашкандарын сүрөттөгөн да жерлери бар эле да. Анда дал ошол Шарпылдактан бир орус көлгө секирип түшүп кутулуп кетти, — деп жазганы да бар. Баамында жездем ал поэмасын бүтпөй калды. Үйдө ал киши майданга кеткиче бир топ кол жазмалары, бир таңгак сүрөттөрдү бар эле. Мен 1942-жылы республикалык партиялык жогорку мектепке кирип эжем Сейилди Оштон көчүрүп келдим.

О. Тенти: Курманаалы ата, сиз Өзбекстанда, Ошто баш-аягы үч жылга болуп аерден да окуп, ал эле эмес мугалимдик кесипте да иштеп ийиптирсиз. Ошол жерлерде жүргөн учурларда Жума атага акын жана педагог катары үйгө да көп-көп кишилер келип-кетишип турушкандыр? Ошондо кимдер келип кетишчү эле? Эсиңиздеби, мүмкүн бул борбор жактан жазуучулар, акындардан да барып турушкандар болушкандыр? Эгер андай жолугушуулар болгон учурларда эмнелер жөнүндө сүйлөшөөр эле?

(Уландысы бар)

Маектешкен Тенти Орокчу уулу, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий