Кыл калемдин чебери… же белгилүү сүрөтчү Сапар Осмоналиевдин чыгармачылык бейнесине болгон сүртүмдөр

Белгилүү бейнечи, журтубузга таанымал сүрөтчү Сапар Осмоналиевдин Г.Айтиев атындагы көркөм музейинде өздүк көргөзмөсү болуп жатат.

Бүгүн да жалгыз кирип, ээн залды аралай басып ар бир  чыгармасынын түбүнө көпкө чейин кадала тиктеп, суктана карап дегендей экинчи ирет көрүп чыктым. Актай таар бетине кыл калемдин сыйкырдуу күчү менен  жан киргизип, көрүүчүнү суктандырганы бул сүрөтчүнүн ички кудурети деп билем. Жараткан өзүнүн ар бир сүйүктүү пендесин дээринен бир өнөргө шыктуу кылып жаратат экен. Мен сөз кылчу Сапар Осмоналиев да тубаса өнөр адамы, талант даарыган чебер экенинде талаш жок. Анын кан тамырынын ар бир согушунда чыгармачылык эргүү жараткан чоң сүрөтчүнүн бийиктигине жетип турган учуру экенине көргөзмө залынан чыгып баратканда ынанат экенсиң.  Жакшы чыгарма көрүүчүнүн ички дүйнөсүн байытып, ага күч, кубат берет эмеспи. Салмактуу, көзгө толумдуу, адамдын улуулугу, сулуулугу туурасында көрүүчүнүн ичин жылыткан, анын ички дүйнөсүн байытып үрөн сепкен  жакшы көргөзмө болуптур. Анын каармандары биз билген залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдон баштап  биз көрүп жүргөн  жөнөкөй адамдар. Устатымдын мээнеткеч сүрөтчү экенин көрүп ага ыраазы болдум.

Биздин курстун студенттери Сапар агай деп койчубуз. Анткени,бир кезде, мен дагы С.А.Чуйков атындагы  сүрөт окуу жайында кыл калем чеберлери М.Акынбеков, А.Байтереков, Ж.Кадыралиев, анан жаңы эле окуу жайды аяктап келген Сапар Осмоналиевдин колунан окуп калган жайым бар эле. Менимче,  анда биз акыркы курстарда окуп жаткан мезгилибиз болсо керек.

Ал кезде агай да жаш, биз андан өткөн жаш кезибиз.  Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде өтүп жаткан Сапар Осмоналиевдин көргөзмөсүн аралап жүрүп агайды алгач көргөн күнүм эсиме келди. Бизге сабак жаңыдан башталган кезде узун бойлуу, арыкчырай буудай жүздүү, көп сүйлөбөгөн, маданияттуу сыпайы сүйлөгөн, өзүнө жарашыктуу кийинген  мурутчан жаш мугалим сабак бере баштады. Андан бери канча мезгил өттү.

Көрсө, Сапар агай ошол кезде  Ленинграддагы И.Е.Репин  атындагы сүрөтчүлөрдүн эң жогорку окуу жайынан академиялык  билим алып келген учуру экен. Менин билишимче Сапар агай касиеттүү Талас жергесиндеги Аманбаев айылында төрөлүп өскөн. Таластын, өзгөчө Шекер айылынын атагын алыска чыгарган Чыңгыз Айтматовдун айылына жакын чоңойгон. Өзүнүн  туулган жеринин  керемет кооздугу дээринде бар балага — сүрөтчүнүн  окуучулук күндөрүндө эле шыгын ойготуп, колуна алгач калем карматкан экен. Чыгармачылыгынын башаты болгон, балалык кездеги сүрөтчүлүк талантын ойготкон зор күч мына ошол  өзүнүн касиеттүү айылынын топурагынан башталган. Жердеши, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов  дүйнөлүк алкакка алып чыккан Күркүрө суусу менен көк тиреген улуу тоолордун таасири менен чоңойду. Албетте, Сапар агай мындай чеберчиликти Ленинградда окуган күндөрдөн баштап өзүнүн алдына чоң максат катары коюп келген. Атактуу Неванын бою, ак түн, андан башка Ленинграддагы театр, музейлерин аралап жүрүү өзүнчө бир окуу жайды аяктаганга салыштырса болот. Анткени ал музейлерде дүйнөнүн не деген сүрөтчүлөрүнүн кыл калеминен жаралган чыгармаларды көрүүгө болот.

Ошентип Сапар агай бизге сабак берип калды. Сабак жүрүп жатканда бизге түшүнүктүү болсун үчүн, кээде сөзү жетпей калса өзү мольбертибиздин жанына отура калып  сүрөттү тартып да жиберет болчу. Студенттерге өтө жалпак, жөнөкөй тил менен түшүндүрчү. Башка мугалимдердей болуп үнүн катуу да чыгарчу эмес.  Сүрөт тартып жаткан  өнөрканабызда чымындын учканы угулуп турганы азыр да эсимде. Көргөзмө өтүп жаткан сүрөт залын аралап жүрүп  агайымдын кыл калеминен жаралган бир топ мыкты портреттерин  көрүп сүйүндүм. Кыргыз сүрөт өнөрүндө  портрет жанрын өтө бийик деңгээлге жеткирген А.Усубалиев деген атактуу  сүрөтчүбүз болгон. Сапар агай С.Чуйков, Г.Айтиев, А.Усубалиев, Кожахметов ж.б. залкар сүрөтчүлөрүбүз  баштап кеткен портрет жанрынын учугун улап, жаңы бийиктиктерди багындырып, мезгилдин оор жүгүн көтөрүп келаткан учуру экен. А.Усубалиевдерден  кийин  адамдын бейнесин кыл калем, май боёктору менен жогорку  бийиктикке алып  чыгуу бир аз аксап калгандай  көрүнүп, орду толбой келген болчу. Көрсө, ошол боштукту Сапар Осмоналиев өзүнүн көп жылдык мээнети, маңдай теринен жаралган керемет сүрөттөрү менен толуктап жаткандай сезилди. Сүрөт көрүүчүлөрүнүн баары эле Бишкектин сүрөт музейиндеги Сапар агайдын чыгармаларын көрүү мүмкүнчүлүгү жок. Кыл калем чебери Сапар Осмоналиевдин чыгармачылык ордун, коом алдында көтөргөн жүгүн, идеялык көркөмдүк жагын, анын сү­рөт­чү­лөр арасындагы салмагын, күч кудуретин искусство таануучулар, ушул тармакты кесип кылган адис сынчылар айтышар. Агайымдын  кыл калеминин  сыйкырдуу сүртүмдөрүнөн, күч — кубаттуу кудуретинен жаралган чыгармаларын окурмандардын сынына коюп отурам.

Чыгармачылык сапарыңыз, бай­салдуу болсун Сапар агай!

Бекен Назаралиев, “Жаңы ордо”, 20.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий