«Кыргыз кереметин» кайра жаратууга шарт барбы?

Искусствонун баалуу тармактарынын бири кино, театр жааты эмеспи. Булар адам жашоосундагы оң-терс көрүнүштөрдү чагылдырып туруучу рычаг. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө кино, театр искусствосуна карата кайчы пикирлер айтылып келет. Суроо туулат: эмнеликтен сапатсыз эмгектерге орун берилүүдө? Чыгармачылыкка болгон мындай кайдыгерлик, көйгөйлүү маселелер качан, кандай болгондо токтойт?

Коюлган суроолорго жооп издөөдө ар түрдүү варианттагы жоопторду келтирсек болот. Бирок, алгач негизги, маанилүү делген маселелер каралууга тийиш.

Жалпыбызга маалым, Совет мезгилинде маданиятка, анын ичинде кино тармагына өзгөчө көңүл буруу менен карашкан. Чоң каражаттар бөлүнгөн. Чыгармачылыктын башкы талабы да ушул. Шарт түзүлсө, демек, түзгөн пландар да орду-орду менен натыйжалуу, көркөмдүү, жандуу болуп аткарылат.

Ал кездеги мамлекеттик деңгээлдеги камкордуктар искусствонун бөтөнчөлүгүн, өзгөчөлүгүн арттырып турган. Албетте, маданиятта ошол доордун ыргагын чагылдырган айрым мүчүлүштүктөр да орун алган. Бирок, аны «оркойгон катачылык» деп саноонун кажети жок. Анткени, мамлекет руханий баалуулуктарды ошончолук көтөрмөлөөгө алган эле.

Азыр административдик реформанын капшабына кабылган маданият министрлигинин тагдыры тууралуу да көп ойлор айтылып жатат. Маданият министрлиги болуп турганда акыйкатта да, тийиштүү маселелер чечилген эмес. Эми агенттикке айланганда, айтылгандар аткарылып, натыйжа берет деп ишенүү кыйын…

«Маданиятты чыгармачыл адамдар түзөт. Алар эч нерсеге көз каранды эмес» деген ойлор да боло калат. Бирок, тереңден абай салып көрүңүз. Эгерде мамлекеттик киностудияга талаптагыдай каражат бөлүнбөсө, алар кантип жарытылуу тасма тартышат эле? Сапаттуу камерасыз тасма жаратыш өтө кыйын. А андай камералардын баасын укканда, биздикилер чалкасынан кетишет. Ошондуктан, дүйнөлүк масштабдагы кинофильмдерди тарта албай, убарабыз. (Дүйнөлүк масштаб дейбиз да. Кыргыз өзү суктанып: «мыкты экен» деп көргүдөй тасмабыз жок).

Бул тууралуу айтылаар ойлор али алдыда…

Кандай болбосун, эки тараптуу, акыйкат пикирлерди чагылдыруу милдети турат. Андыктан, маселенин күнгөй-тескейине кино жаатында эмгектенген чыгармачыл инсандар өз бааларын берсин деп чечтик.

1. Кино искусствосундагы «керемет доор» же «кыргыз керемети» кайталанышы мүмкүнбү?
2. Учурда «кино буму» жүрүп жатат. Бул кино тармагы үчүн кандай мааниге ээ?

Темир Бирназаров, кинорежиссёр: «Чөлгө барып алып, Кремль куруу мүмкүн эмес»
1. Биринчи кезекте, өткөнкү керемет доорду кайталаш үчүн дал ошол кездеги шарт керек. Мурда кинорежиссёрлорду бекер окутушкан. Окууларын бүткөн соң, аларга квартира беришкен. «Кино тартылсын» деп атайын акча бөлүнгөн. Киночулардын эмгек акылары жогору болчу. Кыскасы, бүт мүмкүнчүлүктөр бар эле.

Эми бизге болбоду дегенде, элүү пайыз шарттар түзүлгөн болсо, кандайдыр бир натыйжа чыкмак. Азыр «Кыргызфильм» киностудиясынын акыбалы чеке жылытаарлык эмес. Эч кандай шарт жок болсо, какыраган чөлгө алып барып: «Кремль кургула!» десе, кантип курууга мүмкүн?!

2. Дордой, Ош базары үчүн же вокзалда олтургандар үчүн тартылган тасмалардын саны арбып барат…

«Кино буму» жүрүп жатканы бир чети жакшы. Тасмаларды жаратуучулар өз чөнтөктөрүнөн каражат сарптап жаткандыктан, «кой» деп айта да албайсың.

Маселен, курсак ачканда адам баарын тандабай жей берет эмеспи. Азыр эл да руханий жактан ачка болуп тургандыктан, жаман-жакшысын тандоого шаасы жетпей, кандай кино тасма болсун, көрүп жатышкан учур. Бирок, тараза болчу мезгил келет. Ошондо сапатсыздары өзүнөн-өзү жашоосун токтотот.

Шайыр Касымалиева, актриса: «Колунан келбегендер өзүлөрү сезишет»
1. Ооба, кайталанат. Себеби, ар бир доордун өзүнүн таланттары бар. Андан да жогорку деңгээл жаралышы мүмкүн. Ал үчүн таланттарды таптап, барктап, күтө билүү зарыл.

2. Адам жашоосу изденүү менен жүрүп олтурат. Убакыт өткөн сайын изденүүнүн арышы кеңейе берет.

Ооба, азыр орто, ал гана эмес, төмөнкү сапаттагы фильмдер тартылууда. Бирок, анда аракет, изденүүлөр бар. «Сапатсыз» деп таптакыр эле тасма тартпай койгон да болбойт. Кандайдыр бир жылыш болушу керек го. Кино сынчылар тартылган фильмдерге карата өзүлөрүнүн сын-пикирлерин айтышат. Анан тасма тартуу колунан келбегендер кемчиликтерин өзүлөрү сезишет да, убакыттын өтүшү менен бул тармактан четтеп, кете беришет.

Ал эми изденүү менен иш алып барып жатышкан режиссёрлордун аракеттерин туура деп эсептеймин.

Анара Мадиева, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти: «Азыркы тасмалар талдаганга татыксыз…»
1. Ким билет… Балким, жаратмандык менен «Керемет доордон» да ашкан туу чокуга жетээрбиз. Профессионал режиссёрлорубуз жок эмес. Алардын эмгектеринен ийгиликтерди күтсөк болот.

2. Азыркы фильмдер козу карындай жабырап чыккан жылдыздарды элететет. Түшүнбөйм, алардын эмнесин көрүшөт?! Биринде мушташтырып, биринде жөн эле паркка бастырып, ой келди эле тартып жатканына кейийм. Жайнап жүргөн режиссёрлордун кыжырыңды келтирген тасмаларын ким көрөт, таң калам… Айтканга сөз да жок. Ал гана эмес,учурда тартылып жаткан кинолорду талдаганга да татыксыз.

«Пресс.kg» («Кыргыз гезиттер айылы), 20.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий