«Мамлекет мага бир да медаль, кагазын ыраа көрбөдү»

Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан тарта маданият, адабият, искусство тармагына оңдуу көңүл бурулбай калбадыбы. Бүгүнкү күндө деле жарытылып маани берилбей жатат. Кыйсыпыр түшкөн рыноктук экономиканын заманында рухий баалуулуктар көз жаздымда калып, чоңкичине дебей баарыбыз тең материалдык нерселердин басым жасап калган учурда да, жандүйнө азыгын мукуратпай аздектеген инсандардан коом куржалак калбайт экен. Чындыгында алмустактан бери ошондой го

Союз мезгилинде аңгеме-повесттери болуп, жети китеби чыккан жазуучу Элүүбай Отунчиев агабыз билинбей жетимиштин кырына келип калыптыр. Көп убакыт чыгармачылыктан оолактап кеткен Элүүбай аганын былтыр «Молдо Асан» тарыхый романы жарык көргөн эле. Быйыл болсо атактуу акын Жеңижок тууралуу жазган романынын биринчи бөлүгү басмадан чыкканы турат. Улгайса да калемин колдон түшүрбөгөн, жетимиш жылдык юбилейин белгилегени жаткан жазуучу менен ой бөлүштүк.

Элүүбай ага чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп, жетимиш жашка да келип калыпсыз. Жетимиш жылдык юбилейиңизди белгилейин деп жатыпсыз. Мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатабы?
Мамлекет ушул убакка чейин мага бир да медаль, кагазын ыраа көрбөдү. Өкмөттүн, партиянын тапшырмаларын аткарып, бир орундан жылбай райондук гезитте 45 жыл эмгектендим. Ошол жерде картайдым, пенсияга чыктым. Бирок, өкмөттөн эч бир көңүл буруу болгон жок. Юбилейимди өткөрүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу да ойлору жок. Жалаң өзүмдүн туугандарым, бала-чакамдын демилгеси менен белгилөөгө аракет көрүлүп жатат. Буюрса жаңы жылга чейин декабрь айынын ичинде райондун борборунда белгиленет. Келип катышкандарга эшик ачык.

Акыркы жылдары чыгармачылыктан оолактай түштүңүз. Чыгармачылык жааттагы жаңылыктарыңыздан кеп салсаңыз. Бүгүнкү күндө эмне менен алектенип жатасыз?
Менин акыркы «Айыл таңы» деген повесттер жана аңгемелер жыйнагым 1981-жылы чыккан. Ал учурда коммунисттик партиянын идеологиясы күчтүү болчу. Менин ошол мезгилде жарык көргөн чыгармалар жыйнагымда райкомдук партиянын жана жергиликтүү жетекчилердин туура эмес кылык-жоруктары сүрөттөлгөн эле. Ошондон улам мага катуу кысым болуп, жумуштан бошоп калдым. Ал кезде Киров районундагы «Октябрь таңы» газетасында башкы редактордун орун басары болуп иштечүмүн. Кызматтан четтетилген соң, 5-6 жыл башка кызматтарда иштөөгө аргасыз болгондуктан, чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеттим. Андан көп өтпөй заман өзгөрдү, турмуш жаңырды чыгармачыл илхом келбей, көңүл кайт болгон учурлар болду. Арадан бир топ жыл өткөн соң, Молдо Асан жөнүндө тарыхый роман жазуу идеясы жаралып, чыгармачылыкка кайтып келдим. Бирок, убактымдын көбү Молдо Асан тууралуу тарыхый фактыларды иликтеп, изилдөөгө кетти. Ташкенттеги, Алматыдагы, Оренбургдагы мамлекеттик архивдерди карап, материал топтодум. Бул китебим былтыр 2008-жылы жарык көрдү.

— Элүүбай ага, Молдо Асан тарыхый романын жазууга эмнелер түрткү болду? Молдо Асандын прототибин жаратууда, деги эле роман аркылуу кандай ой айтайын дедиңиз?
Буга эң биринчи түрткү замандын алмашышы болду. Коммунисттик партиянын, совет өкмөтүнүн идеологиясы, бийлиги өкүм сүрүп турган учур өттү. Эгемендүүлүккө ээ болдук. Кыргыздын байыркы тарыхын, салт-санаасын жандандыруу, динди калыбына келтирүүгө мүмкүндүк жаралды. Тематикалык чектөө жоюлду. Мына ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, калемгерлер мурда жабылып келген тематикаларды ачууга киришти. СССРдин учурунда бай-манап, кулак дешип ата-бабаларыбыз тууралуу чыгарма жазууга, изилдөөгө тыюу салынып келбедиби. Мына ушулардын баарын изилдеп, иликтөөгө мүмкүнчүлүк ачылгандан кийин, кыргыздардын 18-19-кылымдагы жашоо-турмушун, ошол учурда эл башкарган адамдардын образын жаратууга шарт түзүлдү.

Менде ушундай мүмкүнчүлүктөн улам Молдо Асан тууралуу чыгарма жазуу идеясы жаралды. Бирок, материал чогултуу көп түйшүк жаратты. Материал издеп, алгач Улуттук илимдер академиясына келип, Тарых иниститутунан да, Мамлекеттик архивден да Молдо Асан жөнүндө эч бир материал таппай койдум. Москвага, Санкт-Петербургга барып архивдерди кароого каражат жетишпегендиктен, Ташкентке барууга туура келди. Бирок, эки жыл убакыт виза алууга кетти. Акыры ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов менен Өзбекстандагы консул Казакбаевдин жардамы аркылуу виза алып, эки жыл Ташкентте болдум. Алгач Алишер Навои атындагы китепканадан 1870-жылдардан тарта Октябрь революциясына чейин чыккан «Түркестанские ведомости» деген газетанын болгон тиркемелерин карадым. Кийинки жылы мамлекеттик архивде болуп, материал жыйнадым.

1864-жылы полковник Черняев Меркени, Олуя-Атаны алып, андан соң Чымкентти алып, Орто Азияны карата баштаган да. Мына ошол кезде, 1867-жылы жаңы системага ылайык болуштуктар пайда болуп, уезддер түзүлө баштаган. Ошондо Олуя-Ата уезди түзүлүп, ага Талас, Чымкент, Кызыл-Ордодон бери баш ийген. Олуя-Ата уезди болсо, Ташкент губерниясына караган. Ошондуктан, тарыхый материалдын баары Ташкентке чогултулган. Ушундан улам Молдо Асан тууралуу материалдын көбүн Ташкенттен карадым. Мындан сырткары эл оозунда айтылып жүргөн уламыштарды да топтодум. Ушулардын баарысын жыйнап, синтездеп Молдо Асан тарыхый романын жаздым.

Жеңижок тууралуу жазган чыгармаңыздын биринчи китеби жарык көргөнү жатыптыр. Үчилтик кылып экинчи, үчүнчү бөлүктөрүн да жазуу оюңузда бар экен. Калган бөлүктөрүн качан басмадан чыгарайын деп жатасыз?
Молдо Асан тууралуу материал чогултуп жүргөн мезгилде параллель Жеңижок-ту изилдеп, факты — материалдарды чогулттум. Мына быйыл Жеңижоктун биринчи китеби декабрдын башында басмадан чыкканы турат. Кудай буюрса экинчи, үчүнчү китеби кийинки жылдары чыгып калат.

Философиясынын тереңдиги, дараметинин күчтүүлүгү жагынан Жеңижок айтышаарга теңи жок дегендей, чеги жок дүйнө. Мен Жеңижокту элге кеңири таанытуу максатында, акын катары да, адам катары да, кыргыздын чыгаан уулу катары да, кыскасы бардык тарабынан изилдөөгө алдым. Жеңижок буга чейин терең изилденбей келди. Акын тууралуу туура эмес пикирлер, маалыматтар көп. Маселен, тарых илиминде да, адабият таанууда да Жеңижокту Таластан кууган Ташкара бий деп айтылып жүрөт. Чындыгында андай эмес. Себеби, Ташкара бий 1864-жылы туулган. Жеңижоктон 4 жаш кичүү болуп жатпайбы. Ал эми Жеңижок болжол менен 10-11 жашында Таластан Аксыга качкан. Демек, Ташкаранын куугунтукка алышы таптакыр мүмкүн эмес да. Экинчиден, Жеңижок, Токтогул Ала-Букалык Нур Молдонун шакирти деп айтылып жүрөт. Бул да туура эмес. Жеңижоктун терең изилденбей келатышына дагы бир жагы «ак куржун толо ыр калды» дегениндей ырлар бизде болбой жатпайбы. Жеңижоктун бир томдугундагы ырлар, анын ырларынын жүздөн бирин түзбөйт. Ошондуктан, көркөм чыгарма жазуунун максаты, акындын кудуретин, дараметин толуктап, көркөм образын түзүү.

Жеңижоктун биринчи китебинде акындын Таластагы өспүрүм курагы, акындык шыгынын ойгонушу, Аксыга барышы баяндалат. Экинчи китепте нагыз акындык өнөрүнүн гүлдөп турган учуру, башка акындар менен болгон алака-катыш мамилеси камтылат. Үчүнчү китепте акылга каркап толгон өмүрүнүн акыркы кездериндеги болгон окуялар чагылдырылат. Эмдиги жылы Жеңижоктун 150 жылдыгы болот, мамлекет тарабынан кандай иш чара көрүлөөрүн билбейм. Бирок, менин жарандык, жазуучулук милдетим, Жеңижоктун өмүр таржымалын, акындык кудуретин кыргыз элинин алдында кеңири ачып берүү.

Эгемендүүлүктөн кийин чыгармачыл адамдарга көп көңүл бурулбай калгандын кесепетинен адабият тармагы солгундай түштү. Бирок, акыркы жылдары жаш калемгерлердин жер жайнаган китептери чыгууда. Сиз азыркы учурда чыгып жаткан чыгармаларга кандай баа бересиз?
Чынын айтканда кийинки кезде бизде китеп өтө көп чыгып жатат. Анткени, болор-болбос талантына карабастан, акчасы барлар атасын, энесин мактап эле китеп чыгаруу көнүмүшкө айланды. Экинчиден, текшерүү да, сын да жок. Ар ким өз билгенин жасап жатышат. Бирок, жакшы чыгармалар жазылбай калды деш туура эмес. Себеби, азыркы чыккан көптөгөн китептердин арасында, алтындай болуп бөлүнүп, өзгөчөлөнгөн чыгармалар бар. Болгону, сапат деңгээли төмөн чыгармалар жайнап кеткендиктен, окурмандардын китеп окууга болгон табиттери солгун тартып кетти. Баса белгилей кетчү жагдай, бүгүнкү күндө чыгармачылык менен алпурушуп жаткан, ыр, кара сөз жазган жаштардын арасынан эч кимисин бөлүп көрсөтө албайм. Алар менен жакшы деле тааныш эмесмин. Менимче азыркы жаштардын мурунку муундагы акын-жазуучуларды басып өтчүлөр жок.

Маектешкен Алмаз Темирбек уулу, «Эл сөзү » («Кыргыз гезиттер айылы), 20.11.2009-ж.

Болотбек ТУРАТБЕКОВ, «Каракөзпродакшн» студиясынын жетекчиси: «Кыргыз кино керемети» кайтып келерине ишенем»
Кино жаратуунун өйдө-ылдыйын өздөштүрүп, биринчи жемиши — «Көкбет» көркөм тасмасын ушул жумада эл сынагына койгон жаткан Болотбек ага «Кыргыз кино керемети» кайтып келерине ишенет.

«Албетте, кыргыз киносу, театры, деги эле маданият бир мезгилде алтын доорун сүргөнү талашсыз кеп. Бирок кыргыз деген күчтүү потенциалга ээ, талантка бай, акылгөй улут. Ошондуктан биздин элдин өнөр булагы соолубайт, дагы толкуп-ташыйт» — дейт. Ал эми өз таржымалына келгенде, өзү айткандай, алтын доорду көрүп, анын катышуучусу да, кыйыр жаратуучусу да болгон. Искусствого кичинесинен кызыгуу артып, актердук кесипти тандап, бул багытта билим алып жүргөндө эле келечектүү жаштардын бири катары көзгө көрүнгөн. Кыргыз драматеатрында калтырылгандан кийин мен-мен деген сахна корифейлери менен иштешип калып, өзү үчүн зор тажрыйба топтодум деп эсептейт.

Бирок, тилекке каршы, кайра куруу реформасынын айынан СССРдин кулашы өнөр адамдарын зор убарага салды дейт. Сүйгөн кесибим деп кармалып отура бергенге мүмкүн болбой, Болотбек ага да айла жок театрды таштап, эл катары бизнес жолун чапканга өткөн. «Кудайга шүгүр, жашоо-шарт жакшырып, үй-жай күтүп, машине алып, ирденип алдык. Эми баягы көөдөн эзип, көңүлдү жай кылбаган чыгармачылыкка кайтып келгенге жол ачылды» — дейт. Кыргыз элинин бүтүндөй бир мууну ажырап калган улуттук кино кенемтесин толтурсак дегендердин катарына кошулуп, «Каракөзпродакшн» студиясын ачып иш баштаган.

Материалдык база, каржы маселесинде деле чоң жетишкендиктер болбогондуктан, студия ишин акырындап жолго коюп келатат. Биринчи өндүрүмү катары «Көкбет» тасмасын тартты. Сюжети жөнөкөй, адам турмушунда көп кездешкен ажырашуу темасына арналган. Негизги каармандары — бир үйбүлө: ата-эне жана бала. Атанын ролун өзү аткарган. Көтөргөн проблемасы — ажырашуу бала психикасына канчалык залал келтирерин, наристе дүйнөнүн ойлонуп-толгонуусун элге жеткирүү. Профессионалдык көз караш менен алганда, албетте, тасмада кемчиликтер жок эмес дейт. «Орустар «первый блин комом» деп айткандай, эч бир иш бир кылка болбойт да. Бизде деле ошол көрүнүш. Бирок «Көч бара-бара түзөлөт» эмеспи» — дейт, бара-бара дүйнөнү таңкалтырган кинотасмалар жараларына ишеним артып. Биз сөз кылган тасма токтоп калбастыгын, чыккан көркөм кыргыз китептерине байкоо салып, өзгөчөлүү, адам баласына сабак болор турмуштук сюжеттерди издөөнүн үстүндө экенин кошумчалады. Буйруса, көптөн бери көкүрөгүндө бышырып жүргөн идеядан трагикомедия жаратсамбы деп, оңтойу келген күндү күтүп жүрөт…

Салима САЛИЕВА, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы), 20.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий