Эсенжан Чокморов: «Сүймөнкул Чыңгызханды ойноп, Оскарды жеңмек»

Өткөн жумада СССРдин Эл артиси, КРнын Эл сүрөтчүсү, КРнын спорт чебери Сүймөнул Чокморовдун 70 жылдыгына арналган волейбол боюнча чоң турнир өттү. Ошол жерден агасы Эсенжан Чокморов менен таанышып калып, жөн отурбай ал адам менен Сүймөнкул туурасында азын-оолак маек курдук.

— Сүймөнкул иниңиздин көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак экен. Агасы катары бала кездеги жакшы маанайда калган элестери тууралуу кеп козгосоңуз кантет?
— Ал күндөрдүн баары күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Тырмактайынан оорукчан болуп чоңойду. Жаны тынбаган, аракетчил эле. Спорт менен машыгып жүрүп, кийин ден-соолугун чыңдап алган. Бош боло калганда ат минип, кыр-кырларды ашып, кайра келгенде кыргыз жеринин сулуулугун сөзсүз кагазга түшүрчү. Артисттик шыгы эрте ойгонду. Оюн коюп, кыргызга таанымал адамдардан тарта ага-жеңелерибизге чейин кылык-жоругун, кулк-мүнөзүн дал өзүндөй кылып туурачу. Андай күндөрү каткырып күлүп, жарпыбыз жазылаар эле.

— Чыгармачыл достору көп болгон дешет…
— Инимдин кыска өмүрүн кадыр-барк коштоп жүрдү. Кино жаатында эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн 5 жолу сыйланды. Инимдин мындай даражага жетүүсүнө кыргыз эли, достору дем бергени талашсыз. Сүймөнкулду залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жакшы көрчү. Узун кептин учугун чубап, узак аңгемеге киргенде алардын сөзүн бөлүүгө эч мүмкүн эмес эле. Өзбек кино режиссеру Алик Хамраев менен «Жетинчи ок» фильминде чогуу тартылып, кийин дос болушту. Мамилелери Сүймөнкулдун көзү өткөнчө үзүлгөн жок. Иниме убагында жапон элинин улуу режиссеру Акира Курасава «тууганымдын ат үстүндө отурганы эле кино шедевр тура» деп баа берген. Көрсө кыргыздын маңдайына бүткөн кайталангыс талант экенин кайран киши ошондо эле билиптир. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, аны биз убагында баалабаптырбыз.

— 70 жылдык демекчи, мааракенин быйыл өтпөй калышы эмнеге байланыштуу?
— Сүймөнкулдун айкели «Россия» кинотеатрынын астына орнотулсун деген чечим 1996-жылы эле чыккан. Бирок кандайдыр себептер менен иш ушул күнгө чейин созулду. Эми өкмөт көңүл бурбады дештен алысмын, бир-эки жолу марафон өтүп, ажобуз өз чөнтөгүнөн жардам берген. Тилекке каршы, эстелик быйыл да бүтпөй калды. Ошол себептүү, мааракени расмий түрдө белгилөөнү эмдиги жылга калтырдык.

— Ооруп жүргөн жылдары жашоодо ишке ашпай калган максаттары тууралуу өкүт кылып, сиз менен сыр бөлүшкөндүр…
— Илдет тооруганы Сүймөнкулга бир эле Москвадан 53 операция жасалды. Анын элүүсүнө катышып, жанында болдум. Көзү өтөргө жакын Бишкектеги адистештирилген ооруканага жатып калды. Бир жолу барып сүйлөшүп отурсак, «Төлөмүш Океев Чыңгызханды тартмакчы болуп, башкы ролду мага сунуштаган. Бирок, ооруп калдым. Ал мени айыгып кетет деп эки жыл күттү. Эгер оюбуз ишке ашканда, экөөбүз Оскарды багынтат элек, аттиң!» деди. Жанында жубата сүйлөп, кечке отурдум. Эртеси күнү таң атпай башкы врач өзү телефон чалып, Сүймөнкулдан түбөлүк айрылганыбызды угузду. Бири кем дүйнө деген ушул экен, инимдин тирүүлүктө аткарылбай калган ой-мүдөөсү көп болчу.

Маектешкен Сурат Жылкычиев, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий