Төкмө акын Элмирбек ИМАНАЛИЕВ: «Кайран жаштык, кайрылбас арман жаштык, Азилдештик, сырдаштык, армандаштык…»

Кыргызды кыргыз кылып сактап келген негизги өзөк: эне тил, манасчылык анан төкмөлүк өнөр экени айтпаса да түшүнүктүү. Айрыкча байыртан эле чыгыш элинин жакшы чыкмалары «бизди эл, сизди Кудай шайлаган» деп оозунда кеби, жүрөгүндө деми бар сөз падышаларын төргө өткөрүп, сыйлап келген. Анүстүнө Саякбайдай манасчы, Жеңижоктой төкмө болуш ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Эгер андай болгондо мурдагыларды мындай кой, кийинки Эстебес, Ашыраалы, Тууганбай, Замирбектин, алардын жолун улаган Элмирбек, Амантай, Аалы, Азаматтын ар биринен он-он бешти жаратып албайт белек. Ошондуктан айрыкча улуттук өнөрлөрдүн туу чокусу болгон төкмөлүктү сактап (эгер акындык өнөр болбосо манасчылык кантип өнүкмөк эле), улантып келаткан замандаштарыбыздын ар бири кайталангыс.

Азыр төкмөлөрдүн арасында Элмирбек ИМАНАЛИЕВди ак таңдай акын деп айтып калышат. Элдик ооз эки чыгармачылыкта акындарды ак таңдай, жез таңдай, жамакчы деп бөлүп келишкен. Артыбызга саресеп салсак, буга чейин ак таңдайлык даража Жеңижок, Токтогул сыяктуу чанда гана акындарга берилген. Анысы ал, бирок эл Элмирбекти жеке эле төкмө акын катары гана эмес театр актеру, обончу, манасчы катары да билип калышты. Кезегинде анын «Күттүм, күттүм..» деген ыры хитке айланганын баарыбыз билебиз. Биз бүгүн Элмирбек ИМАНАЛИЕВди сөзгө тартып, дагы башка өнөрлөрүнүн учугун чубадык.

Элмирбек, сенин ырчылыктан башка да камчы, жүгөн өргөн өнөрүң бар экенин билем. Азыр бул талантың кантти?
Эми ал бала кездеги жумуш. Чындап эле мен тестиер кезимде устачылыкка шыктуу элем. Үтүк, телевизор, радио, магнитофон сыяктуу буюмдардын майда-чүйдө ремонтун өзүм эле жасап койчумун. Анан өзүң айткандай камчы, жүгөн сыяктуу кээ бир буюм-тайымдарды жасаганга да далалат кылып жүргөм. Бир жолу винчак (ортосунда чынжыры бар эки таякчадан турган курал) жасап, бирок кийин ошол устачылыгымдын азабын тартып, акыры эч нерсе жасабай турган болдум окшойт. Негизи ал идея меники эмес эле. Бир күнү менден бир аз улуураак тууганыбыз келип ошондой курал жасап берүүмдү өтүндү. Мен чындыгында ага чейин винчактын кандай болорун билген эмесмин. Бул үчүн тигил баланын суранычы боюнча атайын Брюс Линин винчак менен урушкан киносун көрүп, анан тигини ага окшоштуруп жасадым. Кашайып кийин мен жасаган ошол курал аябай популярный болуп, анысы өз башыма муш болду. Бир-биринен көргөн Брюс Линин өзүм курактуу фанаттары узун кезеке туруп, менден винчак жасап беришимди өтүнө башташты. Бул жагынан деле кыйналмак эмесмин. Эң жаманы, кийинчерек мушташып колго түшкөн балдардын колунан менин «өндүрүшүмдөн» чыккан курал табылып, мектепте муну ким жасаган деп изилденип, мен жаман сөзгө калгам. Кийин акырындап балта-чот кармаганым сээлдеп, комуз кучактаганга өтүп кеттим. Азыр устачылыктын убайын агам көрүп жатат. Ал бул жагынан менден кыйын.

Мурун йога, гипноздук менен да шугулданып жүргөнсүдүң эле?
1994-жылы биздин циркте иштеген Болот деген казак жигит менен таанышып калдым. Ал айнектин үстүндө жылаңайлак басып, ичине канжар таштап, лезвие жеп дегендей, ар кандай дене дүркүрөткөн номерлерди аткарат экен. Албетте, мындай өзгөчөлөнгөн нерселер айылдан келген ар нерсеге кызыккан жаш баланын көз жаздымында калбайт.Таптакыр гипноз, йог болуп кетпесем да, Болоттун артынан аңдып, болбогон оюна койбой ээрчип жүрүп жогорудагы өнөрдүн сырларын толук болбосо да үстүртөн билип алдым. Атургай биртоп убакка чейин киндиктен мык өткөрүү, бөтөлкөнүн сыныктарын тебелөө, курсакка канжар таштоо сыяктуу көнүгүүлөр менен машыгып жүрдүм. Мурун бала кезде курдаштарымдын бирин гипноз менен уктатып, бул нерсени оюн катары көрчүмүн. Бирок кийинчерек гипноз, йога ойной турган оокат эмес экенин түшүндүм.

Быйыл жазда тарых музейинде өткөн манасчылардын сынагында бул өнөрдөн да куру эмес экениңди көрсөттүң. Деги эле Манас айтууга качантан бери киришип жүрөсүң?
Чынын айтканда, менин акындык өнөрүмдүн башы манасчылыктан башталган десем болот. Мындай нерсе көпчүлүк чыгармачыл адамдарда болсо керек. Мисалы Тууганбай Абдиев да чоң манасчы эле. Аны «Махабат дастаны» киносунда далилдеген. Негизи эле акындардын көпчүлүгү бул өнөргө ушул улуу эпос аркылуу келет окшойт. Мен мектепке барганга чейин эле китепти шар окучумун. Азырга чейин мага ким тамга үйрөткөнүн эстей албайм. Бирок отуз алты тамганы билип, китеп окуп калганымды билем. Анда да алгачкы окуган китептеримден мени өзүн байлап алганы ушул «Манас» болгон. Алгач эртели-кеч жаттап, анан кийин кээ бир жерлерин өзүм кошуп айта баштагам. Өзүмөн улуу агам, «сен туура эмес айтып жатасың, китепте андай деп жазылган эмес» деп урушуп койсо манасчылыгымды токтотуп коюптурмун. Эми ойлосом, ал деле, мен деле бала экем да. Эгер ошол боюнча кетсем, менден бул дастанды өз вариантымда айткан манасчы чыкмак окшойт. Азыр керек учурунда гана айтып калам.

Бир кезде шаардык театрда иштедиң. Кырдрамдын сахнасында Токтогулдун образын жараттың. Киного тартылайын деген ой барбы?
Ачыгын айтканда, менден киноактер чыкпайт. Экранды мындай кой, мен фотопробага да жарабайм. Фотосессиям да биртоп кыйынчылык менен жасалат. Ошол эле учурда, мен жакшы деле театр актеру эмесмин.

Токтогулду кудум өзүндөй кылып ойноп, эл да жакшы кабыл албады беле…
Эми аны акындык өнөрүм жаап кеткен да. Анүстүнө көрүүчүлөр мени Токтогул катары эмей эле Элмирбек катары кабыл алып, анын тагдыры менин башымдан өтүп жаткандай туюшкан. Эгер жакшы актер болсом анда сахнада ким жүргөнү унутулуп, көрүүчүлөр бир гана Токтогулду көрүп жаткандай болушат эле го.

Обончулугуң кантип жатат?
Бул өзү азгырмалуу нерсе экен. Мисалы менин «Күттүм, күттүм» деген ырым көп жерлерде ырдалып турган учурда өзүмчө «и-и, бул оңой оокат табуунун жолу турбайбы, эми ыр артынан ыр чыгарып, популярдуу болуп кетсемби» деген ой пайда болгон. Албетте, ал жол менен кетсем шемирейген бир эстрада ырчысы болуп калмакмын. Мисалы, досум Сыймык ошондой азгырыктан чыга албай калды окшойт. Болбосо ал чоң жазуучу болгусу келчү. Жазган новелласы бар эле. Мени ошондо Кудай бир чоң сактаган. Бул жерде нукура обончулук менен белгилүү жылдыз болуунун өтө чоң айырмасы бар. Мисалы мага Асанкалый, Ырыспай, Түгөлбай деген инсандардын аты аталганда эле кулагыма алардын обондору жаңырат. Же обон деген сөздүн өзү жогорудагы өнөр ээлерин көз алдыга тартат. Ырас бул обончулук деген өзү кереметтүү чоң өнөр. Бирок аны популярдуу эстрада ырчысына айланып калуу менен алмаштырбаш керек.

Ар бир чыгармачыл инсандын андан ары өсүп-өнүгүшүнө китеп чоң жардам берери калетсиз. Аныгында маданияттын кишиси дүйнөлүк адабият, маданият менен да тааныш болуп туруш керек эмеспи. Бирок бизде элге бир аз төбөсү көрүнүп калган мейли төкмөсүбү, мейли жазма акыныбы, мейли эстрада ырчысыбы, китеп окубайт. Ал эми сенин ийгиликтериңе китеп да чоң салым кошору билинип турат. Акыркы кезде кайсы китепти окудуң?
Кечээ эле атайын китеп дүкөнгө барып 225 сомго Бейшебай Усубалиевдин «Түн» деген китебин сатып келдим. Баш сөзүн окуп эле чебер жазуучу так азыр биз сүйлөшүп отурган теманы жазып койгонун билдим. Башкача айтканда, китептин баш сөзүндө чыгармачылык, талант анын табияты тууралуу мыкты ойлор айтылыптыр. Никалай Рубцовдун ыр жыйнагы дайыма столумда турат. Жакында эле Зигмунд Фрейддин бир китебин окуп чыктым.

Баса, сен ыр да жазып жүргөндөй болдуң эле. Бул хоббиңби?
Антпей эле жазуучулук же акындык менин келечек максатым болот көрүнөт. Прозадан «Үркөрдөйдөгү үч күн» деген аңгемем, «Эсил жандар» деген повестим бар.

Детектив же порнография жазгансың го…
Жок, ой. Кадимки эле айылдын турмушу, андагы элеттиктердин тагдыры сүрөттөлгөн. Ага улай кара сөздөн ырга өтүп, жакында «Ошол жылдар» деген поэма жаздым.

Эмике, азыр сага депутаттык креслону же маданият департаментинин директорлугун сунуштап калса барат белең?
Антип жазалагыдай мен эмне күнөө кылдым эле? Мага андай байланган жумуштун кереги жок. Ансыз деле өз түйшүгүм толтура. Бир жолу митингде ырдай коем деп артыман номери жок машиналар түшүп, ошондон кийин бул саясат деген нерседен көңүлүм калган. Тынч эле ырымды ырдап, китебимди жазып жүрө бергенге не жетсин.

— Анда поэмаңдан үзүндү окуп, аны менен маегибизди жыйынтыктайлы…
…Кагылайын жашчылык кандай кызык,
Качан кайра болмокчу андай кызык?
Жашчылыкта ырдайсың асыл ырды,
Жанга кумар, жаз жыпар жашыл ырды.
Өпкөң көөп өрөпкүп ойгоносуң,
Өпкөн болсоң түшүңдө ашыгыңды.
Жолдон чыгып таскактап туруу адат,
Жоошутканча куу турмуш басыгыңды…
Ушул жаман жүрөгүң улам анан,
Уга баштайт башыңда акылыңды.
Кайран жаштык, кайрылбас арман жаштык,
Азилдештик, сырдаштык, армандаштык.
Өткүндөй бир шатырап төктү жаштык,
Өрт өңдүү бир чатырап өчтү жаштык.
Өмүрдүн эртеңине шаша берип,
Өкүнүч, муңдан башка эмне таптык?!

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий