«Сахнанын пири, Королдун Лири»

1935-жылдын июль айы… Орто бойлуу, кара тору айылдык жигит Фрунзе шаарына келди. Ал кандай да болбосун, окууга өтүп, аруу тилектерине жетсем деп дегдейт. Мезгил зымырыктап өтө берет. Каалоо, кызыгуу күчтүү болсо, кыялдар да ишке ашат окшобойбу. Тагдырдын буйругу менен кара тору айылдык жигит театрдын босогосун аттап, өзүнүн жашоо образын өзү түзүп алат. Келечекте мына бул айылдык момун жигиттен дүйнөгө таанымал, аты дүңгүрөгөн актёр чыгаары эч кимдин деле оюна келе бербегендир. Ал жигит көздөрүнөн анык таланттын учкундары чачыраган кыргыз театрынын кайраткери — Муратбек Рыскулов эле.

Таланттуу актёр Гогольдун «Текшерүүчү» аттуу комедиясында Абдулиндин малайынын ролун, андан соң, «Жапалак Жатпасов» комедиясында милициянын ролун жараткан. Массовкалар, кичинекей эпизоддук ролдор бара-бара актёрдун чеберчилигин арттырып, талантынын такшалышына чоң түрткү болуп берген. Андан кийин актёрго Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» музыкалуу драмасында Алымбайдын, Жоомарт Бөкөнбаевдин «Алтын кыз» аттуу музыкалуу драмасында Момуштун ролдору ыйгарылат. Аталган образдар көрүүчүлрдүн кызыгуусун жараткан. Анткени, спектаклдер ийгиликтүү чыккан. Ага эч ким кайдыгер боло албаган.

40-жылдары Кыргызстан мамлекеттик драма театры Шекспирдин «Он экинчи түн» аттуу трагедиясын коёт. Албетте, дүйнөлүк классиканы деңгээлине жетээрлик иштеп чыгуу өтө оор боло турган. Бирок, бул оорчулук, жооптуу милдет — биздин өнөрпоздорду коркута албаган. Аталган спектаклде Рыскуловго сер Товинин ролу берилген. Ошондо классиканы ийнине жетээрлик мыкты деңгээлде ойноп, актёр көрүүчүлөрдүн, театр ишмерлеринин алкышына арзыган.

Байкасак, ар бир чыгармачыл инсанга жылдызы жанаар бир учур келет. Актёрдун чыгармачылык күрдөөлдүү мезгили Касымалы Жантөшовдун «Курманбек» драмасындагы Тейитбектин образын жараткандан тартып башталды десек туура. Дал ушул эмгеги Муратбек Рыскуловдун чыгармачылык багажын көрктөндүрүп жиберген. Ал турмушта шашылбаган, токтоо адам боло туруп, сахнада курч адамдын образын түзө алганы өзүнчө суктанаарлык эле. Залкар талант Тейитбектин каардуулугун, ач көздүгүн чагылдырып ойноп чыкканда, көрүүчүлөр кадимкидей ачууланып, чын эле Тейитбектин өзүн көрүп жаткандай таасирде болушчу экен. Актёр элди күлдүрүп же жашыта албаса, эмгеги текке кетет. Муну тубаса таланттуу адам жакшы түшүнгөн. Ал ар бир образды жүрөгүнүн тереңинде багып, аздектеп өстүрүп, анан гана эл алдына алып чыккан.

Классикадан Шекспирдин «Отеллосун» ойногон Рыскулов дагы бир чоң эмгек жарата алган. Кайра-кайра изденүүнү, чоң чыгармачылык түйшүктөнүүнү талап кылган бул роль таланттуу актёрдун аркасы менен чоң резонанс жарата алды.

Кезинде Рыскулов: «Отеллонун ар бир оюну — мен үчүн премьера» деген экен. Чоң ийгиликке жетишип турса да, ага канааттанбай, өзүнө талапты, жоопкерчиликти коё билген адам гана мына ушинтип театр тарыхында жашап калды. Андан тышкары, Муратбек Рыскулов Горькийдин «Егор Булычев жана башкалары», Н. Островскийдин «Сепсиз кызын» сахнага алып чыгып, кайталангыс бир катар образдарды түзүп кетти.

Актёрдун дагы бир баса көрсөтүүчү ролдорунун бири Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» пьесасынын негизинде коюлган спектаклдеги Акылбектин ролу болду. Образ укмуштуудай жандуу, элестүү аткарылып, ар бир театр сүйүүчүсүнүн көз алдында тартылып кала берди. Акылбек карыянын муңу, ыйы, арман-касирети согуштан кийинки жылдардагы ар бир элдин көөдөнүндө кайнап турган эле… Актёр ондогон Советтик кинофильмдерде да башкы ролдордо ойногон.

1964-жылы Англиянын борбор шаары Лондондо Шекспирдин туулганына 400 жыл толуп, ага карата дүйнөнүн булуң-бурчтарынан артисттер барышып, ар бири өзүлөрүнүн эне тилинде Шекспирдин каармандарынын монологдорун аткарышканын угуп жүрөбүз. Алардын арасында залкар талантыбыз Муратбек Рыскулов да бар эле. Ал кыргыз тилинде Король Лирдин монологун айтып, бир катар өлкөлөргө улуттук театрыбыздын руханий асылдыктарын ачып бергенинин өзү эле чоң сөз.

Бала кезинде актёрдун экинчи бир кыялы — учкуч болуу экен. Ырас, ал тилек аткарылбады. Бирок, ал учкучтар өтчү бийик жолду басып өтүп, өзүнө кылымдар бою жашап калаар эстелик орнотуп кетти. Айылдык, кара тору баланын тагдыры анын мүдөөсүнөн ашып түшүп, дүйнө эли суктанган залкардын өмүрүнө айланды.

Театрдын корифейи, мастери, алгачкы трагиги Муратбек Рыскулов театр тарыхында кылымдар бою унутта калбай, көңүлүбүздө Акылбек карыя, Тейитбек, Отелло, Король Лир, Булычев катары жашай берет!

Замандаштарынын эскерүүлөрүнөн

Искра РАИМКУЛОВА, актриса:
— «Атанын тагдыры» спектакли коюлуп калды. Мен Жеңишбектин ролун ойнойт элем. Спектакль жакшы чыкты. Көшөгө жабылып, артисттер бирин-бири жаадырап куттуктап жүрүшөт. Анан эле бир убакта Мукем кучагын жайып, мени көздөй келе жатат. «Жакинтай! Сен анык Жакинтай болдуң!» деп мени кучактап, ыйлап алыптыр. Аны көрүп, мен да кубанычтан ыйлаганым күнү бүгүнкүдөй эсимде калды. Ошондон тарта Мукем мени: «Жакинтай» деп койчу.

Кийинчерээк Грибоедовдун «Горе от ума» спектаклинде Мукем Фомусовдун, ал эми мен анын үйүндөгү малай кыз — Лизанын ролунда ойноп калдым. Ролум боюнча мен таң эрте туруп, столго чыгып, сахнанын боюндай чоң саатты бурашым керек эле. Ошол маалда Мукем (Фомусов) келип, мени кучактап туруп, аркы үйгө алып кетиши керек эле. Репетиция башталды. Мукем мени жакшы эле столдон көтөрүп түшүрдү. Бирок, кайран киши кармай да, өбө да албай койду. Жүзүмдү тик багып карай албай: «Мм…мм…» деп эле мукактанат. Режиссёрубуз Москвадан чакырылып келинген орус эле. Ал абалды түшүнбөй эле бизди урушуп жиберди. Ошондо мен коркуп, шашкалактап кетип Мукеме: «Ата, ата! Бутуңузду менин бутумдун ортосуна салып туруп, алаканыңызды аркама койсоңуз, мен өзүм эле өпкөнгө ылайыкташтырып берем» деп жибериптирмин. Мукем кызыктай болуп: «Ок, кокуй! Ок, кокуй!» деп басып кетти. Ошондо мен катуу уялгам. Ичимден: «Бу Мукем кучактап, өпкөндү билбей жатабы?» деп коём. Көрсө, уялган тура. Мен дайым эркек балдардын ролун аткарып, Мукем мени баласындай эркелетип жүрүп, анан эле аялзаты катары кучактап өбө алган эмес тура, жарыктык. Акыры: «Лизанын ролунда ойнобой эле коёюнчу» деп эптеп жатып ролумду башкаларга өткөрүп бердим. (Күлүп…) Байкасам, Мукем башкалар менен кыналышып, жакшы эле өбүшөт экен.

Эх! Мукемдей мастер менен ата-бала болуп, театрдын ысык-суугун бирге тартып, иштешип калганым — мен үчүн сыймык болду десем жарашат.

Мираида ДАЛБАЕВА, актриса:
— Мукемдин педагогдук сезгичтиги абдан курч болчу. Көзүңдү карап туруп же сөзүңдү угуп туруп эле билип койчу. Аны сезгеним, Б. Жакиевдин «Атанын тагдыры» спектаклин даярдап жатканбыз. Мукем атамды, мен анын кызы — Майрашты аткарам. Мукем сахнада турат. Болотбек деген баласы согушка кетип, дайынсыз болот. Уулунун илинип турган комузун алып, бир кылын «дың» дедиртип, жүрөгүнө беке-ем кысып: «Болотбек, сен келесиң, күтөм сени! Сен келгенче өлбөй, жүрө берем. Күтөм сени!»деп көрүүчүлөргө далысын салып, баласы менен сүйлөшүп жаткан кезде мен сахнага сырттан кирип келип: «Ата, ата, Жеңишбек келди. Неберең келди!» деп кыйкырсам, Мукем мени карабайт, үндөбөйт. «Эмне болду?» деп коркуп туруп калдым. Пауза болуп калды. Залдан режиссёр: «Мира, кайра кир!» деди эле, мен сахнадан чыгып кеттим. Мукем сөзүн кайрадан айта баштады. Музыка ойнолду. Мен болсом атамдын сөзүн, муңдуу музыканы угуп, денем дирилдеп, бир кызыктай болуп, этият менен кайра кирдим да: «Ата, Жеңишбек келди» деп мукактанып, жай айтып, жанына келдим. Мукем акырын бурулуп, мени карады, эки көзү толтура жаш. Көзүн ирмеп жиберди эле, эки салаа жаш төгүлүп кетти. Ошондо баласын сагынган, күткөндөн чарчабаган, адамдын боору ооруй турган атаны көрдүм. Бүткөн боюм калтырап, ыйлап жибергенимде гана Мукем маңдайымдан сылап: «Мира, мына азыркы киргениң дагы, сүйлөгөнүң дагы туура болду. Образ ушинтип жаралат. Бирок, кээ бирөөлөр биздин кесипти оңой көрүшөт. Андай эмес…» деди да, жүз аарысын алып чыгып, көзүн аарчып, акырын басып, сахнадан чыгып кетти.

Атаганат! Сахнанын мастери деген ушул турбайбы. Чанда бир жаралган талант — Муратбек Рыскуловду чыгармачылыгы ашып-ташып турган кезде көрүп, өзү менен кошо сахнада иштешип калганыма бактылуумун! Мукем өзүнүн автографын менин жүрөгүмө жазып кетти.

Нурзада ОСМОНОВА, «Пресс.kg» («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий