Кыргызбай Осмонов, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси: «Эки чоң соккуга дуушар болуп, жан дүйнөбүз жабыркап турат»

Кыргызбай байке, сиз жетектеген улуттук драма театрыбыз бир жылдан бери иштебей, капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылып турат. Бул жөнүндө да коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Учурда оңдоп-түзөө иштери кандай болуп жатат? Театрдын чындап эле эскилиги жетип калган беле? Ушул тууралуу кенен айтып берсеңиз?
— Биринчиден, иним, абалыбызды сурап келгениңе чоң рахмат! Бул улуттук академиялык театрыбыз элдин байлыгы. Эл агылып бара турган куттуу маданий очокторубуздун бири. Мурунку кезде, эл театрдан башка эч жакка барчу эмес. Элдин студенттик кездеринен баштап, эсте кала турган кызыктуу окуяларды камтыган, жалпынын сүймөнчүгүнө айланган тарыхый имарат экенин эч ким тана алабайт. Ушул тарыхый имарат оңдолуп-түзөлбөгөнүнө 40 жыл болуптур. Театр 1970 — жылы бүтүп, колдонууга берилген. Ошондон бери бир да жолу оңдоодон өткөн эмес. Казакстандагы Ауэзов атындагы театр, өзбектердин, тажиктердин театрлары эмне деген сонун театрлар? Казактардын областтык театрларынын ахыбалдары да биздин бул театрыбыздан 10 эсе мыкты. Ошон үчүн биздикин алардыкына салыштыра келгенде, ичиң абдан ачышат. Театрыбыз капиталдык оңдоого муктаж болуп калгандыгына байланыштуу, былтыр ноябрда жабылган. Оңдоп-түзөөдөн өткөзүү үчүн 2008-2009-жылы 12 900 527 сомго тендер өткөрүлгөн. Бул акча театрдын сантехникасына, электр жабдыктарына, сахнанын полуна ж. б. курулуш иштерине каралган. Бирок, бизге Каржы министрлигинен 10 млн. 620 миң гана сом болду. Ушул акчанын баарын иштеттик. Азыр акча түгөнгөндүгүнө байланыштуу токтоп турабыз. Бүткөн жумуштар болсо, жогоруда айтылган сантехника,(трубаларыбыз такыр эле жарабай суу агып калган болчу) электр жабдуулары, экинчи кабаттагы артисттердин бөлмөлөрү толугу менен бүттү. Андан тышкары өлкө боюнча жалгыз эле бизде эки чоң театралдык кругдар бар. Ушул кругду жасоо биз үчүн абдан кыйын болду. Аларды толугу менен реконструкциядан өткөрдүк. Андан тышкары көрүүчүлөр олтурган 800 орундукка, фойелерге, биринчи кабаттагы гардеробдорго, театрдын окуу жайына, (училищага) музейине ж. б. оңдоо иштери жүргүзүлө элек. Кыскасы, дагы керектелүүчү каражаттын суммасы 13 млн сом. Ал эми театрдын сыртын жасалгалоо иштерин кошсок, 20 млн. сомго чыгат. Берген акча менен эптеп, сылап-сыйпап жасап бүтүрүп койсок деле болот. Бирок, мен аны каалабайм. Себеби, менден кийин дагы жетекчилер келет. Ошондо жооп берүүчү убакытты да унутпаш керек. Бекеринен «бул театр кыргыз театрларынын Меккеси»-деп айтылган эмес. Ошон үчүн чыдап толук кандуу оңдоп албасак, мындай театрды эч ким куруп бербейт.

Эми калган каражаттын чечилүү маселеси кандай болууда?
— Каражат эми этап-этап менен бөлүнө баштайт. Кечээ, жакында биз маданият агенттигинин жетекчиси С. Раев менен театрдын оңдоо иштери тууралуу сүйлөштүк. Агенттик жакында 4 млн. 300 миң сом бөлүп бергени жатат. Кыскасы, театрдын толук оңдоо иштерин 2010-жылдын сентябрь айына чейин бүтүрсөк, Кудай буйруса, 1- октябрда театрдын жаңы сезонун ачууну максат кылып жатабыз.

Театр бир жылдан бери жабык турат. Артисттер эмне кылып жатышат?
— Биздин жалпы жамаатыбыз 202 адам. Алтымыштай артисттерибиз, үч режиссерубуз бар. Коомчулукта «артисттер бош жатышса да, айлыктары жүрүп жатса керек»-деген суроо туулуп жатпайбы. Театрыбыз жабык болсо дагы артисттерибиз бош жатышкан жок . Куурчак театрында, «Учур» театрында репитицияларды жасап, эки-жакка чыгып жатышат. Тоң районуна эки ирет барып келишти. Кышында жомок менен эки топ элди кыдырып чыкканы жатат. Негизи, эле артисттерге бош жатыш кыйын.

Союз учуруна салыштырмалуу кийинки учуруда элдин театрга болгон кызыгуусу бир топ төмөндөп кеткенин эч ким жокко чыгара албаса керек. Ошентсе да акыркы жылдары бир аз жанданып, башка өлкөлөрдөн сыйлыктарды жеңип келүүдө. Азыр сиз элдин театрга болгон кызыгуусуна кандай баа берип, кандай карайсыз?
— Театрга, киного 93-95-жылдары эл такыр эле келбей калган. Акыркы жылдары театрларда биз ар кандай жанрдагы спектаклдерди коюп жатабыз. Азыр элдин кызыгуусу 100 пайызга болбосо да, 50, 60 пайызга көтөрүлдү. Биз жылына план боюнча 120 спектакль коюшубуз керек. Ошонун баары эле аракетке жараша аткарылат. Негизи элдин өзүнүн тандаган жанрлары бар. Тарыхый чыгармаларга, мелодрамаларга, комедияларга көп келет. Ошондой эле кайсы бир актердун аткаруучулук чеберчилигин баалашкан күйөрман элдер да өзүнчө чоң топ болуп келген да учулар кездешет. Ал эми которулуп коюлган чыгармалардын көрүүчүлөрү аз болот.

Театрга бөлүнгөн каражат сиздердин толук кандуу иш жүргүзүүгө жетеби?
— Каражат бизге соцфондго жана айлыкка (9 млн.9060 сом) бөлүнөт. Коюлган спектаклдерге акча каралбайт. Илгери, беш спектаклге сөзсүз акча бөлүнүп турчу. Ал эми спектаклдерден түшкөн акчалар болсо, театр үчүн, артисттер үчүн атайы керек буюмдарга жумшалат.

Маданият министрлигинин жоюлуп, мурдакы деңгээлинен төмөндөп, агенттикке айланып калышына көз карашыңыз кандай?
— Маданият министрлигинин жоюлушу абдан өкүнүчтүү болду. Канча жылдан бери, элибиздин баатырларын, чыгаан инсандарын, аксакалдарын ортого салып жатып, араң дегенде өзүбүзчө министрликке жеткенбиз. Төрт жылдан кийин кайра минтип жоюлуп кетишин туура эмес эле кабыл алдым. Кыргыз эли оболу тилге анан маданиятка көңүл бөлүп келген. Маданиятыбыз минтип жоголуп жатса, экинчи жагынан кытайлыктар «Манасыбызды» менчиктеп алышты» — деген дагы бир суук кабар кабырганы кайыштырып турат. Бир учурда ушинтип эки чоң соккуга душаар болуп, жан дүйнөбүз жабыркап турат. Эми мен ойлойм, бул маселелер ушул боюнча калбашы керек. Чоң кайрылуулар, тиешелүү иш аракеттер сөзсүз көрүлөт деген ишеничтемин. Башканы билбейм, Маданият министрлиги сөзсүз өзүнчө болушу зарыл. Ар бир өлкөдө маданият министрлиги жана туризм министрлиги бар. Дүйнө эли маданият тармагы жана туризм тармагы жакшы өлкөлөргө тынымсыз агылып келип турат. Бул маселе илгертен бери эле мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калыптанып калган.

Маегибиздин соңунда, өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңыз жөнүндө учкай кеп кылалы. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?
— Өзүмдүн кесибим актер. Москвада ГИТИСти бүткөм. Караколдо Касымаалы Жантөшев атындагы театрда, филармонияда, кыргыз драма театрында актер болуп иштедим. Жаштар театрында жетекчи болуп эмгектендим. Конкурс боюнча улуттук драма театрына жетекчилик кызматына келип, ушул жерде эмгектенип жатканыма көп эле жыл болуп калды. Негизи бул, театрга оңой менен жетекчилер түтө бербейт. Өзүмдүн актерлук тагдырыма да ыраазымын. Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Күнболот Досумбаев, Бообек Ибраев өңдөнгөн чоң залкарлар менен иштешип калдым. Азыр дагы уучубуз куру эмес. Учурда кыргыз драмтеатрында алты муундун өкүлү иштеп жатат.

Актёрлуктан башка дагы чоң сахнада ырдап жүрбөйсүзбү. Бирок, акыркы учурда жаңы ырларыңыз жаңырбай калды го?
— Мен жаш кезимден бери эле ырдайм. Бишкекке келгенден бери көп ырдадым. Азыр деле өзгөчө тойлордо ырдайм. Азыркы замандын талабы ушундай болуп калды. Кээ бирлери айтышат, драмалык актёр болгондон кийин ырдабаш керек, бийлебеш керек деп. Мен буга такыр кошулбайм. Талант болгондон кийин талантыңды басынтпай ырдаш керек. Азыркы замандын талабы тескерисинче бардыгын үйрөнүп, бардыгын билиш керек. Гезит окуш керек. Азыр эл гезит окубай калды. Гезит сөзсүз окуш керек. Коомдо болуп жаткан окуядан, саясаттан маалымат алып туруу ар бир адам үчүн абдан пайдалуу.

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий