Байыркы түрк тилинин маселелери талкууланды

Өткөн жумада Түркиянын Афйонкарахисар шаарындагы Афйонкожатепе университети Түрк тили коому менен бирдикте «Алыскы Азиядан Жакынкы Азияга чейинки эски түрк тили» аттуу I эл аралык илимий конференция өткөрдү. Ага бир катар чет өлкөлүк белгилүү окумуштуулар катышты.

Конференция байыркы түрк тили менен иштеп жүргөн окумуштуулар менен адистердин изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу, ушул жагындагы актуалдуу проблемаларды талкуулоо, түрк илимпоздору менен чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн байланыштарын кеңейтүү максатын көздөгөн. Бул тууралуу “Заман Кыргызстан” гезити кабарлады.

Симпозиумда жалаң гана байыркы түрк тили боюнча докладдар окулду. Үч күнгө созулган бул илимий чогулуштун учурунда 40ка жакын доклад-билдирүүлөр жасалып, кеңири талкууга алынды. Түрктөрдүн белгилүү тилчи-түркологдору А.Б.Ержиласун, Маржел Ердал, Семих Тезжан, Тунжер Гуленсой, Гүлер Гүлсевин, Ахмет Буран, Ченгиз Алйылмаз, Мехмет Өлмез, Мустафа Качалин, Исмаил Доган ж.б. менен катар чет өлкөдөн келгендер: россиялык Игорь Кормушиндин «Орхон, караханиддер менен мамлюктар дооруна тийиштүү болгон түрк жазууларындагы «түрк эли» жана «түрк тили»», татарстандык Фарид Хакимзяновдун «Орто Волга аймагындагы эски түрк тилинин издери», Венгриядан Михаил Добровичтин «Отуз оглан сагдычлары», Украинадан А.Евглевскийдин «X-XIII кылымдардагы Евразия көчмөн түрктөрдүн иконографиясы менен терминологиясы», Япониядан Такаши Осаванын «Монголиядагы жаңы ачылган Галуут жазуусу жөнүндө», Кореядан Ли Йонг-Сонгдун «Орхон жазууларынын Кореяда которулушу жөнүндө», Кыргызстандан Четин Жумагуловдун «Кыргызстандагы байыркы бир түрк эстелигинин табылышы жана изилдениши», Дастан Сарыгуловдун «Колонун чыгыш жана таралыш доорунун генетика-лингвистикалык жана этно-археологиялык маалыматтары», Нурдин Усеевдин «Кыргыз диалектилериндеги айрым сөздөрдүн көктүрк жазууларында учурашы» деген доклад-билдирүүлөрү симпозиумдун катышуучулары тарабынан жылуу кабыл алынды. Симпозиумдун ачылышында Кыргызстандын делегациясы Афйонкожатепе университетинин ректору, профессор, доктор Али Алтунташка кыргыздын калпагын кийгизип, чапан жапты. Түрк тили коомунун башчысы профессор, доктор Шүкрү Халук Акалынга Чыңгыз Айтматов эл аралык коомдук академиясынын академиги деген дипломун тапшырып, улуу жазуучунун элеси салынган атайын төш белгисин такты. Конференция өз максатына жетти. Анын салтанаттуу жабылышы Афйонкарахисар областынын губернаторунун катышуусунда болуп, симпозиумдун катышуучулары түрк дүйнөсүнүн археологиялык-архитектуралык сүрөт көргөзмөсүн көрүштү, музыкалык, хор искусствосу менен таанышты, тарыхый эстеликтер — аскадагы жазуулар, сүрөттөрдү көрүүгө барышты.

“Zpress.kg, 07.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий