Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун санжыра тарыхы

(Башталышы өткөн санда)
Мындай көтөрүлүштөрдө бул заманда Кытай кандыгынын бийлиги астында жашаган журжит тайпасынын төңкөрүштөрү да абдан зор роль ойногон. Журжиттер (Манжулар) Кытайдын чыгыш-түндүк райондорунун Хийлуңжан, Жилин, Лийанин өлкөлөрүндө жашаган. Кытайлар күчөгөндөн кийин журжиттерди өзүнө караткан. А XI-XII кылымдарда журжиттер өтө күчөп, Кытай кандыгына үзгүлтүксүз сокку бере баштаган. 1113-жылы журжиттердин башчысы Агунда аштык-жем топтоп, аскер даярдап, 1114-жылы Кытай хандыгына каршы чоң көтөрүлүш козгогон, 1115-жылы Агунда өзүн кан деп жарыялап, «Алтан кандыгы» (Жин) деген жаңы мамлекет курган. Алтан кандыгынын борбору Хуйнин шаары (азыркы Хуйлуңжан өлкөсүндөгү Ачин ооданынын жанында) болгон. 1124-1125-жылдарда Агунда аскер баштап Кытай кандыгынын көп жерлерин басып алып, кытайлардын эң акыркы падышасы Элли Йаншы (Тйензу) канды туткун кылган. Ошону менен 916-жылы курулган Кытай кандыгы бүт бойдон жоголгон.

1124-жылы Кытай кандыгынын канзаадасы Элли (Тулуй — О.А.) Тайши бир бөлүк аскер менен букарасын баштап Эне-Сай (тууганы Ичкилик — О.А.) кыргыздарынын ичине качкан. Бирок тигилер Элли Тайшини өз журтунан кубалап чыгарат. 1128-жылы Идикут уйгур каганатынын каганы Билиги Идикут (Билге Элдик Кут-О.А.) Элли Тайшиге 600 жылкы, 111000 төө, 3000 кой жардам берип, анын бийлигин кабылдайт.

Ушундан соң Элли же Елюй Тайшинин жетекчилиги астында Кытай ордосу Ала-Тоого (Тяньшанга) келген да, алар аердеги жергиликтүү элдин (Отуз уулдун) колдоосу астында өз бийлигин орноткон. Тарыхчы Худояковдун маалыматына караганда «Чыгыш Түркстандык кыргыздар Ляо императоруна тартуусу менен элчилерин жөнөтүп, тыгыз байланышта болгон». Демек, кыргыздар менен Бээжинде турган кытай ордосунун ортосунда буга чейин жаркын маанайдагы алака болгон.

«Кидань (кытай уруусу — О.А) согуш жолу менен жүрүп отуруп, Баласагунга чейин жеткен экен, аяктан аларга эч ким каршылык кылбаган соң берегилер ошол жерге отурукташып калыптыр» (алиги китепте, 50-6.). Иш жүзүндө, кытайлар Баласагунга 1127-жылы чукул келген кезде аердеги Кара канга жергиликтүү эл баш ийбей аткан эле, ушу себептен, Кара кан алиги кытайлардан аскери жардам сураган. Кытайлар тигинин өтүнүчүн аткаруу менен ал өлкөгө көчүп кирген да, ордодогу чыр-чатактан пайдаланып, Кара кан бийлигин ураткан — Елюй Даши өзүн Кара кан деп жарыялаган. Ошондон кийин ал мурдагы Кара канды өлтүрбөстөн, өзүнө нөкөр кылган.

«Ошол чепте (Баласагунда) Кандыдан (тууганы карылуудан — О.А.) чыккан көп түрк боло турган, — деп жазат Абулгазы, — ал тиги жердин каны Илек-Нукрактын аймагын талап-тоноп турган. Андыктан, Илек-кан алиги Кытайдан чыккан бекке (Тулуй Тайшиге — О.А.) элчи жиберип, береги аймакты тигинин бийлигине берүүнү убада кылып, өзүнө чакырган. Ошондо тиги келип, өлкөнүн башчысы болуп калды да Илекти өзүнүн нөкөрү кылды жана аны ушу күндөн тартып эч ким Илек-кан деп атабоосун, мунун ордуна тигини Илек-Түркмен деп атоосун буюрду, а өзүнө Гур-кан деген наам берди». (Родословное древо түрков, Казань, 1914 43-44-6.).

Мына береги маалыматтар башка кабарлар менен да далилденет. Анда да жанагы Баласагун эли кытайларга согушсуз багынганы кытай санжыраларына да чийилип калган. «Алар (Баласагундуктар — О.А.) өз мекени Цзоу-гуа деген көчмөн урук экенин, азыр өзүлөрү турган шаар Гусы элудо (Угуз ордо — О.А.) деп аталарын айтат. Салт боюнча булардын курал-жарагы жок, дыйканчылык менен кесип кылат. Түшүмдүн ондон бирин мамлекетке өткөрөт. Карыялар өткөн заманда же качан гана кытайлар (кидандар) келгенде алар тигилерге эч каршылык кылалбагандыгын жана баш ийгендиген айтат. Эгерде, кытайлар турган ордону ат менен таң ата айланса түшкө чейин аны бир гана тегеренген» (Малявкин А.Г. Материалы по истории уйгуров в IX-XII вв. Новосибирск, 1974,77-6.).

Чындыгында, карылуу катагандары Ала-Тоого кытайлар келелектен беш-алты жыл мурдале бул жердеги өз бийлигинен ажырап калган түрү бар. Абулгазынын жазганынан көрүнүп тургандай, 1127-жылы кытайлар Баласагунга жакындап келген кезде так ушул карылуулар өзүлөрүнөн бийликти тартып алган жанагы Илек Нукракка же Илек-Түркмөнгө каршы көтөрүлүп аткан. Демек, карылуу катагандары башында турган нукура түрктөрдөн Баласагундагы башкы бийликти аргындар (түркмөндөр) тартып алган. Натыйжада, Ала-Тоо менен Турпан аралыгындагы катагандар биргелешип Чүйдү ээлеп алган аргындарга каршы күрөшкөн. Ошо кезде чыгыштан сүрүлүп келген кытай кошундарынын пайда болушу береги катагандардын чырагына май тамызган. Булар тигилерди эң жакшы тосуп алып, Йолуй Дашиге аскери жана тамак-аш жагынан жардам берген. Натыйжада, Баласагундагы аргын бийлиги урап, кытай кара кандарынын (кытайлашып кеткен тулуйлардын) заманы башталган.

Жогорудагы маалыматтар өзү эле кыйкырып тургандай бийлик башына келген кытайлар Карылуу өлкөсүндөгү мамлекеттик түзүлүшкө эч өзгөртүү киргизген эмес. Мурдагы бийлер өзүлөрүнө тиешелүү урууларга баштагыдай эле жол башчы бойдон калган. Алар бар болгону шаар элинен бир динардан, а кыштак журтунан жалпы түшүмдүн ондон биринен салык алган. Муну ибн ал-Асир да ырастайт. Өтө куу саясат жүргүзгөн кытай кара каны Ала-Тоодогу мурдагы бийлик ээлери Карылуу катагандары менен да, кийинки аргын (түркмөн) башчылары менен да жалпы тил таап, аларды өз кызыкчылыгына пайдаланылган. Бул алардын бирде аргындар менен, кээде кара кыргыздар менен бирге ар кандай согуштук жортуулдарга чыккан жеринен даана көрүнөт.

«Түрктөрдүн үстүнөн бийлеген түрк-кытайлардын хакандары (каракандары — О.А.) көнгөн адаттары боюнча боз үйлөрдө турган. Алардын ордолору Өзгөндө, Кашкарда, Баласагунда болгон» (ошондо, 73-б.) Ал кытайлар Орто Азияда өз бийлигин орноткон соң деле мусулман динине өткөн эмес, башка кыргыз боордоштору сыяктуу эле Күнгө (Тэңиргe), жер-сууга табынган бойдон кала берген.

Маңкулдар ошо кытайды (киданды) «Хара Хитай» деп атаган экен. Ошондуктан, мусулман жазмаларында булар «харахитай» деп жазылган. А бирок да, биз санжыра-эпосубуздагы душман «кара кытай» менен алиги мусулман жазмаларындагы «харахитайларды» чаташтырбашыбыз керек! «Манастагы» «кара кытайлар» — табгачтар (ханцзулар) — биздин кадимки эпикалык жана тарыхый душмандар. Эпостогу «каракытайдай каптап» деген саптар так ошол «улуу кытай» (кара кытай — табгач) элине арналган. Ал эми мусулман жазмаларындагы «харахитайлар» тарыхый Оңдордун доорундагы Сол канат кыргыздары. Алардын негизги тобу 93-жылы маңкул колуна түшүп кетип, кайра кыргыз жерине XII кылымдын баш ченинде гана келген. Булар өзүбүздүн журт! Түбү Сол канат эли!

Бизде береги кытайлар келгиче Ала-Тоону мекендеген кытайлар болду беле? Болгон! Алар 93-жылкы азада маңкулдар-дын колуна түшпөй батышка чегинген кытайлар эле да, булар башка кыргыз уруулары сыяктуу Ала-Тоону мекендеген. Ушул кытайлардын-«төрдөш» деген уругунун аты түрк заманында Ала-Тоону бийлеген эгелердин «тардуш» деген мамлекетин түзгөн. Кытайлардын экинчи бир «чарык» деген уругу А.Сталь-Гольстейндин 925-жылкы Хотан-сак документинде аты аталган!

А эгер биз, Кытай уруусунун түп аты Кытат (Кидань деген ханзу сөзү так ушул аттан келип чыгат) экенин жана ал байыркы кыргыздардын сол канатына кирерин, 93-жылга дейре ал Чоң Алтай менен Бай-Көл аралыгын мекендегенин эске алсак, береги биз козгогон маселе дагы айкыныраак боло түшөт. Не дегенде, сол канат жеринде «кытат деген жер аттарына удаа эле хакастардын орто кылымдарга тиешелүү эпосторунда кыргыз деген эл менен бирге кытат деген да элдин аты аталат» (Кыргыздар, I т., 143-6.). Ал эми алиги сол канат кыргыздарынын уруу-уруктарына көз салсак алардын арасынан азыр бизде туруп аткан кытай уруусунун айрым-уруктарынын аттарына шайкеш аттарды кездештиребиз. Алтай элинде «жарык» (кытайларда чарык), шорлордо «кый» (кыйра), миңөзөндөгү сакай менен койбалда «чода» (чоодан же чотон), качыда «кашка» (сары кашка), төбөй элинде «чооду» же «чогду», «төдөт» (төрдөш). Бул даректерден биз алиги кытат (кытай) уруусунун тээ өз боордоштору -Сол канат (Ку уул) кыргыздары менен болгон генетикалык байланышын оңой эле байкайбыз. Ушул эле «төрдөш» уругу тээ Түрк заманында Кара-Тоодо (Наньшанда) өзүлөрүнө тектеш алтайлык кыргыз уруусу «дөөлөс» (телец) менен бирге көчүп-конуп жүргөн. 600-жылдары бул эки уруу Сирь мамлекетин түзүшкөн.

Жалпысынан алганда, Елюй Даши Түркстанга келген кезде Ала-Тоо аймагында кыйла кытай болгон. Муну В.В. Бартольд чаташтырып: «Елюй Дашиден мурда чыгыштан качып келген кытайлар» деп жазат. Бул, албетте, калпыс. Кытай уруусунун уюткусу бизде мурдале болгон, кантсе да, алар, кийин келген кытайлар менен аралашып, ошол көпчүлүккө сиңип кеткен.

Рашид-ад-Дин Елюй Дашини акылман, ар нерсеге жөндөмдүү жана таланттуу адам болгондугун жазган жери бар. Гурхандын ордосу Хосун-хото (Кошуун шаары) деп аталган. Х.Кордиердин жазганына караганда Елюй Даши 70000 аскер топтоп, кытайдагы бийлигин калыбына келтирүү үчүн ошо куралдуу күчүн чыгышка жөнөткөн экен, тилекке каршы, ал чөлдөн өтө албай, көптөгөн аттары менен төөлөрү өлүп, кайра кайтып келген түрү бар. (Г.Е. Грумм-Гржимайло, II., 395-б.).

Кытай кара кандары Ала-Тоодо өз бийлигин орноткон соң мурдагы бийлик ээлери Карылуулар-Катагандар (XI кылымда Европага ооп кеткенинен калганы) менен эчен ирет чатакташкан. Ошонун кесепетинен Ала-Тоодо калган Карылуулардын бир бөлүгү Самаркан менен Букара тарапка оосо, бир бөлүгү Кытай кара кандарынын бийлигин таанып, аларга жоокер катары кызмат кылган. Самаркандда турган Карылуулар мусулман динин кабыл алган эмес, алар мурдагылай эле өз Теңирине сыйынган бойдон кала берген. Булар бирде кытай кара кандары менен жоолашса, бирде Самарканд эгеси менен согушкан.

(Уландысы кийинки санда)

Анарбек Усупбаев, «Манас Ордо» коомунун төрагасы, техника илимдеринин кандидаты,
“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 04.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий