Айтматов Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөнбү? Осмоновду муңайткандар кимдер?

1928- жылы12-декабрда даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматов бул дүйнөгө келген. 1950-жылы ушул эле күнү кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмонов тирүүлүк менен коштошкон. Албетте, Айтматов менен Осмоновдун тагдыры да, баскан жолу да, жазган жанры да, адабиятка кошкон салымы да эки бөлөк. Осмонов 35 жыл жашаса, Айтматов 80 жашка чукул өмүр сүрдү. Бирок 35 жашында каза болгон Алыкулдун «Мен өлсөм менден кийин ордум басат, / Менден тың, менден күчтүү, акылдуулар» деген ыры так ушул Айтматов менен ишке ашкан десек болчудай. Чындап эле Ч.Айтматовдун адабиятка келиши Осмонов жазган «Он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашаргандай» иш болду. Башкача айтканда, Айтматов өзүнүн 80 жылдык өмүрүндө 15 же андан ашык кишинин өмүрүн жашап, эмгегин жасады десек болот. Ал эми Алыкул 35 жылдык аз өмүрүндө эле поэзиянын туу чокусун ээлеп койду. Андыктан бул эки калемгердин өмүр жолунун башталышы менен бүтүшү бир күнгө — 12-декабрга туш болуп калганы да жөн эле кокустук эмес чыгар деген ой келет…

AitmatovДүйнө таазим кылган Чыңгызга Бишкек бир районун бербей койду
Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын катарында Бишкек шаарындагы райондордун бирине анын атын берүү маселеси көтөрүлгөн эле. Бул идея 2008-жылдан ары-бери түртүлүп, жакында Жогорку Кеңештин жер, суу аттарын адам атынан атабоо боюнча жаңы кошумчасынын негизинде четке кагылды. «Ак жолчу» депутат А.Салымбеков жана анын комитети тарабынан жазылып кабыл алынган бул мыйзам кандай максатты көздөөрү түшүнүксүз. Дегеним, эгер андай болсо эмне үчүн буга чейин Свердлов, Ленин делип адам ысымдарынан коюлган район аттары мыйзам күчүнө кирери менен аталышын жоготуп койбойт? Эмне үчүн «Дордой» соода борборунун күн чыгыш тарабындагы Дордой-1, Дордой-2 жаңы конуштары так ушул Аскар мырзанын чо-оң чоң атасынын аты менен аталып келет? Айтор, жогорудагы суроолордон улам бул документ жер-суу аттары боюнча чала-чарпыт эле иштелген бир соломо кагаз экенин ырастап, анткен менен Ч.Айтматовдун ысымын бир районго бердирбей калууга негиз болуп бере алды.
Учурда коомчулук Айтматовдун жазуучулук жагын гана мыкты билет. Чынында Айтматов бир эле мезгилде мыкты журналист, мыкты саясатчы, коомдук жана мамлекеттик ишмер болгон. Биртоп жыл бою Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана Франциядагы элчиси болуп турганын билебиз. Бирок эмнегедир анын дипломатиялык таланты, жасаган иштери боюнча изилдөөлөр жокко эсе. Кыргыз бийлиги да негедир аны коомчулукка жалаң гана жазуучу катары сыпаттап, мамлекеттик ишмер экени тууралуу бир да жолу ооз ачкан эмес. Бул жөн эле кызганычпы же Айтматов элчилик милдетин жакшы аткарган эмеспи деген суроо жаратат.

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: «Айтматовдун арты менен Акаев чалчактап көпкөн»
— Айтматов мамлекеттик ишмер катары өлкөгө кандай пайда келтирген?
— Айтматов алгач Россиянын, андан кийин Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиси болуп туруп, айрыкча жаңыдан эгемендик алган өз мамлекетинин эл аралык кадыр-баркынын көтөрүлүшүнө Бакай атадай кызмат кылды. Кыргыз-европа мамилелеринин башталышын жана калыптанышын Айтматовдун жазуучулук жана элчилик ишмердигисиз кароого болбойт. Арийне, Чыңгыз Төрөкулович элчилик кызматы учурунда «Евразия» идеясынын үстүндө көп ойлонуп, көп аракеттерди жасады. Айтматов жеке эле Кыргызстан үчүн эмес, Батыш менен Чыгыштын ортосунда өзүнчө бир маданий жана саясый көпүрө болуп берген десек туура болот. Анын чыгармаларын окуган чет элдиктер жыты буркураган кызыл алманын, Жамийланын, Танабай менен Гүлсараттын мекенин, даанышман калемгердин элин көрүш үчүн келип, Айтматов түзгөн Ысык-Көл форумуна катышты. Биздин өлкө тууралуу маалымат алууга умтулушту. Ошондой эле Айтматов мамлекеттик ишмер болуу менен бирге өзүнүн адабий чыгармалары аркылуу ак пейил ойлорун кеңири көрсөтө алды. Кыскача айтканда, эгемендик алган алгачкы жылдарда Айтматов эч ким тааныбаган Кыргызстандын визиттик карточкасы болуп, анын артынан Акаев чалчактап көптү десек болот.

Айтматовдун 150, 200 жылдыгы белгилениши мүмкүнбү?
Бүгүн Айтматовсуз жашап жатканыбызга бир жарым жылга аяк басты. Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен 2008-жыл «Айтматов жылы» деп аталып, бир жылдай убакыт аралыгында улуу жазуучунун 80 жылдык мааракесине арналган биртоп иш-чаралар өттү. Жыл башы адегенде улуу жазуучу менен болгон жолугушууларга, андан соң эскерүүлөргө арналды. Мындан ар бирибиз деги эле кыргыз адабиятын, маданиятын Ч.Айтматовсуз элестетүү кыйын экенин түшүнгөндөй болдук. Кинодо, сахнада, прозада, поэзияда, сүрөт искусствосунда, айтор, бардык нерседе, керек болсо аба менен сууда да Айтматовдун карааны калдайып турду.
Бирок биз 2008-жылды «Айтматов жылы» деп жарыялоо менен эле улуу жазуучунун, залкар адамдын кыргызды тааныткан эмгегинин алдында өз парзыбызды аткарып бүттүкпү? Ушул сексен жылдык менен эки кылымды дүңгүрөткөн улуу ысым унутулуп калбайбы?.. Чыңгыз Айтматовдун адабиятка келиши менен «Ала-Тоо мурдагыдан болду бийик» (Р.Гамзатов), кыргыздар башка элден улуу көрүндү, дүйнөгө чыкканда анын ысымын визиттик карточка катары көрсөтүшүп мактанды. Эми бул кишинин ушундай улуулугун, бийиктигин ушул бойдон сактап, аны кийинки муундарга өткөрүп бере алабызбы, ошол 80 жылдыгындагы мааракелик шаң 100, 150 жылдыгында да улантылабы?..
Айтматов тууралуу айтылар сөз али алдыда. Жакындан бери ЖМКда олунуп-чолунуп Кыргызстан тараптан Чыңгыз Төрөкуловичти Нобель сыйлыгына көрсөтүү болбогону тууралуу кеп козголуп туру. Башкача айтканда, тиешелүү адамдар документтерди тактап жөнөтүшпөй эле, Айтматовго «сизди Нобель сыйлыгына көрсөттүк, бирок татыксыз экенсиз, бербей жатышат» дегендей маалымат берип келишкен. Мунун не деген наадандык экенин өзүңүз ченеп бычыңыз… Бул «Агым» гезити тарабынан кенен изилдөөгө алынды.

alykulАлыкул неге муңаят?
Алыкул изилдөөчүлөрдүн жазгандары боюнча 1950-жылы декабрь айында Осмоновдун оорусу күчөй баштаган. Акыркы жолу Ысык-Көлгө барып, жүзүн чайып, анын боюнда чай кайнам убакыт жалгыз калып, өз алдынча биртоп ырларынын каарманы болгон көлү менен коштошуп, кайра ошол кездеги Фрунзеге жол тартып, шаардагы Тимирязев көчөсүндөгү үйүнө келип, колуна калем-кагаз алып үстөлүнө отуруп, жалгыздыкта 12-декабрь күнү көз жумган. Учурда анын шаардагы үйү Алыкул Осмонов атындагы коомдук фондду түзүп, артында баласы жок калган акынга уул-кыздан артык кызмат кылып чуркап жүргөн жазуучу, алыкулчу Памирбек Казыбаевдин аракети менен «Алыкулдун үй-музейине» айланган. Акындын тарап кеткен буюмдары табылып келип өз ордуна коюлган.
Ооба, Осмоновдун арбагы алыкулчулардын эмгегине терең ыраазы деп айтсак болот. Мисалы, маркум адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев Алыкулду терип-тепчип жазып, поэзиясын изилдеп, анын акын катары бийиктигин ачып берген. Шаршенбек агай жазып эле тим болбой, Ала-Арча көрүстөнүндөгү кабырына акындын айкелин коюуга чоң салым кошконун билебиз. Кеңеш Жусуповдин «Ыр сабындагы өмүр», Памирбек Казыбаевдин «Мезгил жана Алыкул» деген Осмоновдун өмүр-чыгармачылыгын изилдеген китептери акынды кудайындай көргөн поэзия ышкыбоздорунун ыйык китебине айланган.
Бирок баары бир мамлекет тарабынан, айрыкча эгемендик алган учурдан баштап Алыкулга Алыкулдай мамиле жасала элек. Бишкек шаарында анын жарытылуу деле айкели жок. Осмонов кыргыздын Пушкини болгону талашсыз. Ал эми Россия Пушкинине кандай мамиле жасайт? Анын ар шаарда, атургай КМШ өлкөлөрүнүн борборлорунда да эстелиги бар. Ал эми А.Осмоновдун бир гана Ленин китепканасынын астында буту кесилип мулуйган эстелиги муңаят.

Баса, 200 сомдук купюрага анын сүрөтү түшүрүлгөнүнө шүгүр деп коюш керек.
Алыкулдун Ысык-Көлдөгү үйү кандай абалда?
Улуу акын көзү барда ден соолугуна байланыштуу көлдүн жээгинен үй сурап, анда жашап дарыланып турганын, көпчүлүк ырлары ошол үйүндө жаралганын окуганбыз. Азыр анда 1934-36-жылдары курулган үч бөлмө үй бар. Ал Чолпон-Атадагы балдардын кургак учуктан дарылануу санаториясынын аймагында экен. Алыкулдун бул үйү биртоп жыл аталган мекемеге тиешелүү болуп, анын китепканасы, кийинчерээк эски-уску буюмдар коюлган кампасы болуп келген. Акаевдик бийлик учурунда Майрам Акаеванын жеке демилгеси менен санаторий Түпкө көчүрүлүп, аталган аймак кароосуз калат. Мына ушул учурда башка имараттар менен бирге Алыкулдун чакан үйү да талашка түшөт. Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонд бул үйдү кароосуз калтырбай, Алыкулдун үй-музейине айлантууну көздөйт. Ал эми кайсы бир акчалуулар, кээ бир жергиликтүү чиновниктер балдар санаториясынын аймагын бүтүндөй сатып алып, ага коттедждерди курууну максат кылат. Бул чыр соттон-сотко сүйрөлүп, ага акыры 2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийин гана чекит коюлган. Башкача айтканда, Майрам Акаеванын чеңгелинен бошоп, бул аймак кайрадан балдар санаториясына айланып, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөн. Дагы бир себеби, кургак учук менен ооруган жеткинчектер үчүн Түптүн аба ырайы сууктук кылып калат экен.
Алыкул Осмонов атындагы коомдук фондунун аракети менен бул үй Саламаттык сактоо министрлигинин балансынан чыгарылып, үй-музейге айлантуу иши башталганына төрт-беш жылдай болуп калды. Албетте, ага да толгон-токой каражат керек. Эскирген имаратты кайра калыбына келтирүү, Осмоновдун буюм-тайымдарын издеп-табуу дегендей. «Эмне деген гана чоңдордун эшигин жыртпадык, ЖКда спикер болуп турганда Өмүрбек Текебаев, андан кийинки спикер Адахан Мадумаров бул ишти алдыга жылдырууга көмөк көрсөтөбүз деген кабат-кабат убадаларын берди эле. Ал убадалар ошол боюнча калды» дейт сөз болуп жаткан үй-музейдин уюштуруучулары.
Чоңдордон минтип майнап чыкпагандан кийин фонддун төрагасы Памирбек Казыбаевдин суранычы менен бул ишти буга чейин биртоп абройлуу гезиттерде фотокабарчы болуп иштеп жүргөн Бакыт Асанбаев өз мойнуна алып, Бишкек шаарындагы ишин таштап Чолпон-Атага барып, үй-музейди уюштуруш үчүн көрүнгөн эшикти жыртып жүрүп майнап чыкпагандан кийин өзүнүн машинесин, малын сатып, Алыкулдун үй-музейин калыбына келтирген экен. Албетте, өзүнүн жеке демилгеси менен улуу акындын арбагын ыраазы кылгысы келген адамдын аракетин колдоо керек. Бирок, баары бир Алыкул бир эле Бакыт Асанбаев үчүн эмес, жалпы Кыргызстан үчүн керек эле да…
Материал даярдалып жатканда бизге Чолпон-Атадагы Алыкулдун үй-музейи жасалгаланып бүтүп, 12-декабрда ачылыш аземи өткөнү жатканын кабарлашты.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий