Сүймөнкул — улут күзгүсү

syimonkulАнда Болот айтканынан кайткысы келбей:
— Дем алыш, ишембиде чакыралы, келип кеткин, болсо болор, болбосо жок, -деди. Ал мени дагы кылтыя карап, ойлонуп туруп басып кетти.
Мына ошол кезде мен Саякбайдын сүрөтүн тартууга абдан кызыгып жүргөн кезим болчу.
О. Тенти: -Жогоруда токтоло кеткендей баштап жүргөнсүз да!
Сүймөнкул: -Ал кезде Болот Шамшиев «Саякбай» деген киносун тартып бүткөн. Мен күндөрдүн биринде Болотко барып:
— Ай Болот, жанакы «Саякбай Каралаев» деген киноңду көрсөтчү. Мен Сакемди тартып жатам, сенин ишиңден да бир нерселер керек болуп калаар. Ал Манас айтып жаткан учурун, өңү-түсүн бир баамдап көрөйүнчү? Жалгыз мен үчүн Саякбай отуруп айтып бербейт да! Болгону бир бала сүрөт тартып жаткан экен деп коёт. Үйүнө барам, тартам ошону менен жүрүп-жүрүп кетип калам. Ошол Шамшиевдин киносун көрүп, ал мага аябагандай чоң таасир берди. Көп нерселер көңүлүмдө уюп калды.
О. Тенти: -Албетте манасчынын эпосту айтуудагы кыймыл аракети, үнү бардыгы болгону-болгондой көз алдыга тартылды да!
Ч. Сүймөнкул: -Ооба, ошентип Болот мени ошол жерден кармады. Ошол күндөрдө эле:
— Сен киного тартыл, келгиниң, байкап көрөлү, -деп сүрөтүмдү тартып, аны болот деп жактырды. Ошентип кезек киного түшүүдө калды, анда кандай болоор экен, ошону көрөлү, -деди. Мен анда:
— Кудай ур, артист болбосом, кантип жана кандай болот, — мен эң алгач өзүмө-өзүм ишенгеним деле жок. Ошентип ал аздан-аздан өтө кылдаттык менен иштей баштады. Ал отуруп алып бир топ, бир топ нерселерди, ар бир кездешкен сайын эки-үч сааттан мээме бирдемелерди куят, жадап да кетем. Артист деген ким? Анын кызматы кандай? Кино искусство деген эмне? Режиссер деген ким? Кинодо кантип ойнош керек? Ушулардын баарын мээме батырды. Мен ойлонуп:
— Оо, бул керек го, тиги керек го, -деп анын сөзүнүн аягына чейин андан отуруп угам. Ал айтып-айтып келип мындай дейт:
— Ой артист деген жөн эле ойной койгон оюн эмес. Ал чоң жана талбаган эмгек, аракет, чеке тер,»Илим алуу ийне менен кудук казгандай», -деп элибизде айтылган эң туура сөздөй талбаган эмгек, деп кайра-кайра айтып жүрүп, кандай рол аткарсаң да дал ушуну унутпа дечү.
О. Тенти: — Ооба, эң туура айтылган сөз экени көрүнүп турат. Айымдар артист, киного түшүптүр десе эле ары-бери койкоктоп басып экранга тартылган жеңил-желпи нерсе экен деп ойлоп жүрүшөт деп мээңизге куйган турбайбы?
Сүймөнкул: — Ошентип атка минип, же ары бери чаптырып койсо эле болду деп кароочулар көп деди. Сен андай сөздөргө берилбей эмгектен. Эгерде бизге өтүп, ролдор аткарып калсаң бул өтө оор, азаптын, түйшүктүн эмгеги деди. Мен анда:
— Кудай уур эмне болуп кетти? Анда сүрөтүм калабы? Беш-аягы беш жыл орто окуу жайында, 6 жыл Академияда болуп он бир жыл окуган сүрөтчүлүгүм калабы, -деген да ойго кетпей койгон жокмун. Акыры кандай болсо да өзүмдүн кесибимди таштабайм, уланта берем деген ойго келдим.
О Тенти: — Эми Суке, ошентип алп манасчы Саякбайдын портретин тарта баштаган турбайсызбы? Жогоруда киного келген сапарыңызды, Болот Шамшиев менен болгон байланыштын башталышын да ошол эле улуу манасчыга келип такап жатпайсызбы? Саякбайдын 50 дөн ашык сүрөттөрүн тарткан экенсиз. Эми сиз Саякбайдын портретинин үстүндө иштөө кандай болду? Андагы оош-кыйыштар, Сакемдин дүйнөсүн бир секунддук көркөм образын издөө, жаңылуу, табуу сапары кандай жүрдү?
Сүймөнкул: — Болоттун «Манасчы» деген чыгармасын көргөндөн кийин, мурдатан бери ойлоп келе жаткан Саякбайдын образын полотного түшүрүшүмө чоң толуктоо болду. Болот дагы ал кишинин жүргөн-турганын, киного тартып жаткан учурда айткан дегендерине да токтолуп бир топ кошумча киргизди. Сакемдин дүйнөсү кенен, чыныгы чыгармачыл залкар адам экенин дал ошондо түшүндүм. Андыктан Саякбай атанын сүрөтүн тартар алдында көп материалдар керек болгон да . Ошентип Сакемдин өзү менен көбүрөөк аралашайынчы деп ал кишинин өзүнө айтсам, менин сөзүмдү туура түшүндү. Көпчүлүккө белгилүү Москва көчөсү, үй номуру 141 деги жазуучулар үйүндө жашоочу эмес беле?! Сөздүн кыскасы үйүнө үзбөй каттачу болдум. Сыргак деген баласы бар эле. Ал келинчеги менен, Сакем кемпири менен үч бөлмө үйдө турушчу. Убактым болгондо эле барып, сүйлөшүп жүрдүм. Биринчи барганда ал киши менен сүйлөшүү да оңой болгон жок. Ал кишиге мен жөн эле баламын да. Анын ички дүйнөсү, ойлогон ою Манас болсо, ал отурса да, турса да, уктаса да түшүнө киргени бүтүндөй эпостон бүткөн жан болсо дагы кандайча болот эле?
О. Тенти: — Албетте, сизде кооптонууга, чочуй турганга, тезинен арлашып кете албашыңызга да негиз бар эле.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий