Унутсаң өзүмдү унут, бирок да Унутпа менден алган ырларыңды…

Кыргыз поэзиясынын классиги, акын Алыкул Осмоновдун көптөгөн чыгармалары мектеп жана жогорку окуу жайлар программасына киргизилген.

Алыкулдун 60тан ашык ырларына улуттук биринчи композитор Абдылас Малдыбаев баштаган композитор, обончулар обон чыгарышса, кыргыз киночулары М.Убукеев, С.Ишенов, Л.Турусбекова мультфильм жана документалдуу тасмаларын тартышкан. «Толубай сынчы» (режиссеру И.Ишенов) Франциядагы эл аралык фестивалда байгелерди алуу менен француз телекөрөрмандарынын да купулуна толгон.

Драматургдар К.Мамбетакунов, М.Сейталиев, Б.Калчабаева акынга арналган мазмундуу пьесалар автору. Бул ишти СССР эл артисти Бакен Кыдыкеева «Махабат» спектаклинин режиссеру катары баштаган эле.

Ал эми адабиятчы Шаршенбек Үмөталиев Алыкултаануу илимин негиздөө менен акындын Аларча көрүстөнүндөгү эстелигин (скульптор Ю.Пузыревский) тургуздурткан жана ырлар жыйнагынын биринчи түзүүчүсү. Бул ишти кийин уланткандар: Р.Кыдырбаева, К.Бобулов, К.Жусупов, Ж.Тынымсейитова, А.Сыдыков, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, К.Ботояров, К.Даутов, К.Кырбашев, Ж.Турусбеков, К.Өмүрзаков, П.Казыбаев.

Алыкул Осмоновдун бейнесин жасаган скульпторлор: О.Мануйлова, В.Шестопал, У.Садыков, Р.Маматкулов. Алыкулдун бюстун венгр скульптору Ласло Месарош да 1937-жылы жасаган. Замандашы, СССР эл художниги Г.Айтиев 1940-жылы тарткан Алыкулдун портрети республиканын сүрөт музейинде сакталып турат. Ал эми кийинки кыл калем чеберлери: А.Бейшеев, С.Ишенов, Ж.Жумабаев, С.Төрөбеков, Р.Исаковдордун да акындын элестерин чагылдырган эмгектери бар. Айтмакчы, Асыпбек Бейшеевге Алыкул өзү жардамдашып, окууга өткөрүптүр.

Туулган айылы Каптал-Арыкта 1990-жылы мемориалдык музейи ачылып, эстелиги тургузулган. (Скульптор В.Шестопал). Автор дагы жаңы долбоорду түзгөнү бар. Ал азыр акындын Чолпон-Атадагы үй музейинде.

2001-жылдан бери Бишкектеги үйү оңдолуп, «Алыкул үйү-борбору» коомдук бирикмесинин күчү менен ал жерде Алыкул адабий, илимий борбору түптөлүп, Чолпон-Атадагы чыгармачыл үйү балдар санаториясынын китепканасы катары пайдаланылып, «Бул үйдө 1945-50-жылдары Алыкул Осмонов жашаган» деген тактадан башка акын жөнүндө жөндүү эч нерсе жок эле. Ушул жерди оңдоп, реставрациялоо менен лирикалык эстелигин коюп, жаш таланттар очогуна айлантуу маселеси мамлекеттик деңгээлде колго алынышында «Алыкул үйү-борборунун» аракети зор болду.

Акындын ысымы республикалык ондогон мектептерге, бир китепканага жана тоо чокусуна (4060м) коюлган. Кыргызстан жазуучулар союзу 1986-жылы уюштурган Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын азыр он бештей лауреаты бар.

Алыкул Осмоновдун иштерин илгерилетүүгө салым кошкон негизги демөөрчүлөр: Чүй облусу (К.Бакиев губернатор кезде), «Мекеним Кыргызстан» кыймылы (У.Барктабасов бар кезде), Промстройбанк (М.Мукашев төрага кезде), Бишкек шаары (Б.Силаев мэр кезде), У.Сарбанов (Улуттук банк), З.Эсенаманов (КР ЖК депутаты).

Жеке инсандардан Курман Кыдырбаева, Тургуналы Молдобаев, Бактыгүл Чотурова, Аскен Осмоналиев, Эсенгул Мамыркулов, Султанбек Макашов, Жеңишкан Курманбаева, Низамидин Мурзаев, Мамыт Таштанов, Раиса Кыдырбаева, Базарбү Кусеинова, Таалай Курманов, Жумагул Ташиев, Ормон Идирисовдордун мээнети Сорос жана Арал фонду, Панфилов району, Улуттук Банктын көмөгүндө буклет, календарь, китептер чыгарылган.

Японияда 2002-жылы жарык көргөн «Дүйнө элдеринин акындары» аттуу жыйнакка Алыкулдун төрт ыры киргизилсе, «Балдарга» жыйнагы которулууда. Венгрияда ырлар топтомун чыгаруу демилгеси көтөрүлүүдө.

Айрым китептери жана акын жөнүндөгү маалыматтар Англия, Кувейт, Канада, АКШга таратылган. Интернетке да информация киргизилген. Жаш Алыкултаануучу илимпоздор да чыгууда.

Мына ушундай аракеттерге карабастан Алыкул Осмонов жөнүндөгү ар түркүн багыттагы басылмалар, маалыматтар жана эң башкысы анын чыгармалары, китептери элге жетишсиз абалда калууда.

Эмне үчүн? Үч томдук чыгармалар жыйнагы 1967 жана 1986-жылы чыгарылгандыктан азыр китепканаларда да калбай калды. Балдар үчүн чыгарылган китептери деле табылгыс.

Кыргызпатенттин кыйындыгыбы же…
Демек, башкы маселе акындын чыгармаларын көп чыгаруу жана эл арасына таратуу ниетинде Кыргызпатентке «Жолборс терисин кийген баатырын» каржылоого кайрылуу, мектептин окуу программасына киргендиктен, Илим, билим министрлигине тиешелүү деген маанайдагы жооп менен жолдо калды. Ал эми 100 миллиондогон сомдорго жалаң эле окуу китептерин басып жаткан Билим министрлиги көркөм адабиятты кой, тарых менен адабият сабактарында кошумча окулуучу басылмаларга, тематикалык жыйнактарга да көңүл буруп, анча-мынча каражаттан бөлүшөр шарты барбы, жокпу ким билет?

Мындай камырабас кайдыгерлик «Манас» эпосун эларалык талашка салып койгондой эле — Манасчылар менен төкмөлөрдү, Токтогул менен Тоголок Молдону, Жеңижок менен Барпыны, Алыкул менен Чыңгызды бөтөндөрдүн талашына жеткирбесе да өзүбүздүн укпай, көрбөй, окубай калуубузга, унутуубузга алып келбейби. Мунун мисалы мына Алыкулдан эле даана көрүнүп турбайбы! Ошондуктан, мамлекеттик идеологияны жок кылбайлы дегендер, өзгөчө, бийликте отургандар да ооматын кетирбейли дешсе улуттук маселеде угуттуу өрнөк көргөзүүлөрү зарыл. Балким, ушундай арсарлыктан улам маданият министрлиги агенттикке айланып, Жекшеев менен Жумагулов иштеринен четтетилгенби деп да ойлойт экенсиң.

А.Осмонов боюнча Россия, Грузия, Англия элчиликтерине чейин кат жазып, Кыргыз ТИМи аркылуу жөнөтүлгөнүнө карабай жооп деле келген жок, Шекспир музейин айтпаганда.

Демек, Тышкы иштер министрлиги жалаң эле мамлекет башчысынын протоколу үчүн иштебей, элчилигибиз бар өлкөлөрдөн тарыхыбызга, адабият менен маданиятыбызга тиешелүү булактардан кеңири пайдаланууга да чоң көңүл бурса. Соңку же эгемендиктин жыйырма жылында кайсы элчибиз ушундай ишти аткарып, «Кыргыздын Бичурини» деген сыймыкка татыганын деле коомчулук сезбеди.

Алыкул жана Ысык-Көл
Кыргызстандын кыйла жерин кыдырып, эл таанып жер көрүү менен бирге чыгармачылыгына көркөм көрөңгө болоор оозеки адабияттын не бир кызык булактарын тапкан акын көл кылаасына кайтып келет. Ошол элдик фольклорду кайра иштеп чыгуу, алардын негизинде ыр, дастан жазуу жана уламыш, легандалар түрмөгүн жаратуу үчүн Алыкул Ысык-Көлдүн ак жал толкундары менен сырдашчу. Кой-Сары курорту менен Чолпон-Ата акындын чыгармачыл чыйырынын канчалык чыйралганын, үзүрлүү болгонун айкындап, көргөзүүчү бир убакыт ченеминдей сезилет.

1944-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин жазылган бардык чыгармаларында көлдүн тескейи менен күнгөйүн чагылдырган ушул эки аталыш мөөр сымал таасир берээри талашсыз.

1945-50-жылдарда Алыкул Осмонов Чолпон-Атадагы балдар санаторийинде атайын бөлүнгөн үйдө жашап, өлбөс-өчпөс ырлары менен поэмаларын жазган жана жергиликтүү эл менен эң ынтымак мамиледе болгон. Ысык-Көлдү ал жан досундай, сырдаш курбуларындай көргөндүктөн ал жөнүндөгү чыгармалары али күнгө чейин мазмундуу, таасирдүү.

Акындын ушул чыгармачыл уясын кийинки муундарга өзүнчө бир руханий эстелик, үй-музей катары сактоо жана адабий-маданий очокко айландыруу эбак козголгон маселе эле.

Муну 2007-жылдан бери турмушка ашыруу аракетин республикалык «Алыкул үйү-борбору» коомдук бирикмеси КР Президентинин администрациясынын чечими негизинде Чолпон-Ата шаары менен бирдикте көтөрүүдө.

Бирикменин көл кылаасындагы координатору Бакыт Асанбаев жеке демилгеси, жигердүүлүгү аркылуу Алыкул акындын арбагы ыраазы болорлук иштерди илгерилетүүдө. Демек, Алыкул Осмоновго болгон астейдил мамиле менен Кыргыз адабиятына ды кызмат өтөлүп жатканын белгилөө зарыл.

Ушул максаттардын биринчи тепкичи катары акындын үйү оңдолду, айлана-тегереги жашылдандырылды, тосмолору коюлду. Музейге керектүү экспонаттар да топтолууда. Ушулардын негизинде Алыкул Осмоновдун Чолпон-Атадагы үй-музейин ачуунун жагымдуу жагдайы түзүлгөнү өзүнчө маанилүү маданий жаңылык экени ырас.

Анткени туризм борбору саналган Чолпон-Атадагы Алыкул үй-музейи кыргыз поэзиясынын жарчысы болмокчу.

35 жылдык өмүрүнүн он бешинде орошон ийгиликке жетишкен улуу акыныбыздын ырлары менен поэмаларын, драмалары менен котормо чыгармаларын жоготпой кийинки кыргыз элинин муундарына өткөрүп берүүдө азыркы муун алдында албан-субан, чоң зор жана жооптуу милдет турат. Алыкулдун төрөлгөн жери Каптал-Арыкта мемориалдык музейи 1990-жылы курулса, Бишкектеги үйүндө «Алыкул борбору» 2000-жылы түзүлгөн.

Эми, буюрса Чолпон-Атада үй-музейи 2009-жылы 12-декабрда ачылып, келечектеги эстелик коюучу жери Ысык-Көл райадминистрациясы тарабынан белгиленмекчи. Мына ушул мааниси терең, мазмуну кенен иш-чарага көкүрөгүндө «Мен кыргызмын» деген оту жанып турган жарандардын жардамы тийсе жалпы иш илгерилемекчи.

Памирбек Казыбаев, «Алыкул үйү борбору» коомдук бирикмесинин жетекчиси,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий