ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Бакайдын балбан тандашы

Айланайын абаке,
Ааламды баскан шоораты
Ай качабы жылдыздан?
Айрүйүрдөн* адашып,
Ат качабы кыргыздан?
Жабыгып келип жай тапкан
Жат качабы кыргыздан?
Акжин* болуп кеткен соң,
Алдыңдагы Төштүктү,
Артсын* Жердин астын деп,
А Теңириң жылгызган.

Эреним асыл абаке,
Эченди баскан шоораты
Эм качабы жылдыздан?
Эңгиреп келип эл тапкан,
Эр качабы кыргыздан?
Эсжин* болуп кеткен соң,
Элемандын Төштүгүн,
Этсин* Жердин астын деп,
Эр Теңирим жылгызган.

Жиберген соң Жер алдын,
Жин-шайтандан тазалап,
Жиреп өтүн алды элем.
Жиниктирип дөөлөрдү
Жинди кылып салды элем.

Көрсөткөн соң Көр алдын,
Көп шайтандан тазалап,
Көзөп өтүн алды элем.
Көзүн оюп дөөлөрдү
Көкмээ кылып салды элем.

Жер астында кармашар
Желмогузу калган жок.
Эми,
Жер үстүндө кармашсам,
Жеке менде арман жок.
Сал Жолойго абаке,
Салгылашып көрөйүн.
Самсаалаган кытайдын
Сайга канын төгөйүн.

Бер Жолойду абаке,
Беттешкенсип көрөйүн.
Бети калың айбандын
Белге канын төгөйүн.

Деп ошондо Эр Төштүк
Айтып-нетип койгону.
Кайта-кайта дуулдап,
Калк ыраазы болгону.

Каран калгыр ошондо,
Кан тамыры жарышып.
Кармай калган колдору
Камчысына карышып.
Кайран абаң канетсин,
Кабыргасы кайышып.
Кабыланым тыңша деп,
Какшап турду кайышып:

— Өгөөм Төштүк өзүң ук,
Өзөктөгү сөзүм ук.
Сырттан Төштүк сөзүм ук,
Сыйрып айтар сөзүм ук.
Желкелебей коюп тур,
Желигиңи * чоюп тур.
Жер үстүнө чыкканың
Жети эле күн болуптур.

Айланайын асылым,
Алкымдабай коюп тур,
Атыңдын оозун чоюп тур.
Ала-Тоого чыкканың
Алты эле күн болуптур.

Телегейди терметкен
Теңирим жардам бериптир.
Теменеңе жабышып,
Териң тирүү келиптир.
Сөгөлүм* Төштүк өзүңө,
Сөөлөтүң жардам бериптир.
Сөөгүңө жабышып,
Сөзүң тирүү келиптир.

Эреним,
Эшиксиз түндү басыпсың,
Элиңден тентип азыпсың.
Кычыксыз түндү басыпсың,
Кыргыз менен кыпчактан
Кыйла жылга азыпсың.
Элинде жүргөн мол болор,
Эсен болор, соо болор.
Элинен кеткен эзилип,
Эрте турган жекирип,
Эбегейсиз кор болор.

Арстаным,
А дүйнөнү басыпсың,
Алтымыш жылга жеткидей
Аң алдында азыпсың.
Жетигим,
Жел дүйнөнү басыпсың,
Жетимиш жылга жеткидей
Жер алдында азыпсың.
Жеринде жүргөн мол болор,
Жетик болор, зор болор.
Жеринен кеткен жешилип,
Жек көргөнү жекирип,
Жетим болор, кор болор.

Тозок ай,
Топурак соруп коюптур,
Томуктагы каныңды.
Тоздурган экен боюңдан
Тоо томкорор алыңды.
Топон суудай Жолойго
Тотусун* толук берсе да,
Мен,
Тобокел кылбайм жаныңды.

Кырсык ай,
Кыямат соруп коюптур,
Кызыл ашык каныңды.
Кылмая* кылып коюптур
Кыйсыпыр кылар алыңды.
Кырылгыр Жолой тургай мен,
Кытайын түгөл берсе да,
Кырааным Төштүк өзүңдүн
Кылымы бербейм жаныңды.

Деп абаң антип таштады,
Деми сууп Төштүктүн,
Дендароо болуп басты ары…

Эми,
Эңкейген белдин жанынан,
Элдин ары жагынан,
Энтең-энтең ак бала,
Экме көкүл жаш бала.
Эки күн болгон үйлөнүп,
Энегине* мас бала.

Жайдаң-жайдаң ак бала,
Жапма көкүл жаш бала.
Жаңы гана үйлөнүп,
Жаңгагына* мас бала.
Жагалмайдай каштары,
Жалаңдап турат чапканы.
Жаагын жанып жарбагыр,
Жабырап сүйлөй баштады.
Байкай турган түрү жок,
Бакай тургай башканы.

— Ай, аксакал, кеч угуп,
Азыр эле келдим дейт.
Баса калып Жолойду
Байге аламын, бергин дейт.

Керегимди кеч угуп,
Кечээ эле келдим дейт,
Кезегимди бергин дейт.
Кепин кылып Жолойду
Келип турат жеңгим дейт.
Омбу-домбу шум бала,
Отуралбай ойдолоп,
Ойноп турат бул бала.
Ойду-тоону омкоруп,
Ойлоп турат бул бала.

Ойгон айдай кашы бар,
Омуроого төгүлгөн
Олоң кара чачы бар.
Оңбогурдун болгону
Он жетиде жашы бар.

Жаңган айдай кашы бар,
Жакасына төгүлгөн,
Жайма көкүл чачы бар.
Жарбагырдын болгону
Жалбырактай жашы бар.

Көп сынчыга тийгизбей,
Көз сынчыга* билгизбей.
Көсөм абаң баланын
Көөдөнүнө шыбырайт.
Тилге көнбөй анда да
Тикенектей түгөнгүр
Тим туралбай тыбырайт.

— Кагылайын Акбайым,
Каны кызуу акмагым,
Сууга колуң малыпсың.
Суусунун басам деп жатып,
Суужашык* болуп калыпсың.

Көбүгү көп Акбайым,
Көөнү жинди акмагым.
Көлгө колуң малыпсың,
Көркөм катын алыпсың.
Көксөөсүн басам деп жатып,
Көкжашык* болуп калыпсың.

Э,
Эс-дарты эсил* Акбайым,
Эбегейиң* толо элек.
Энекеңден чыкканың,
Эки мүчөл* боло элек.
Эмчек этиң* толо элек,
Эңишер кезиң боло элек.

А,
Акылы азыр* Акбайым,
Айтарабың* толо элек,
Апакеңден чыкканың,
Айры мүчөл* боло элек,
Аркар этиң* толо элек,
Алышар кезиң боло элек.

Үндөшчү болсоң Жолойго,
Үтүрөйтүп жыкпайбы,
Үтүгүнө* кыспайбы,
Үрөнүңдү сыкпайбы.
Үптөгүңдү* бычпайбы,
Үгүндүңдү* калтырбай,
Үзүп-үзүп этиңди
Үпүп куштай тытпайбы.

Тартышчу болсоң Жолойго,
Тарпыратып жыкпайбы,
Такымына кыспайбы,
Ташагыңды сыкпайбы,
Тамырыңды бычпайбы.
Тамтыгыңды калтырбай,
Тарап-тарап этиңди
Таранчыдай тытпайбы.

Кет-кет кетип кал чунагым,
Кенен төшөк салдыртып,
Керилип жатар убагың.

Жарылдаба чунагым,
Жайма төшөк салдыртып,
Жайылып жатар убагың.

Бала Акбайды кетирип,
Бакайдын көөнү эзилип.
Басып турса ойлонуп,
Бармагын тиштеп толгонуп.
Кара жолдо эңирген,
Карагер атын теминген,
Кармашты көрсө элирген.
Бууданды таптап бут кылган,
Буудайык таптап куш кылган,
Булкушкан жоосун жут кылган,
Буруттун журтун кут кылган.
Солкулдак найза ыргаган,
Согушту көрсө жыргаган,
Соорусун жердин ылгаган.
Созулуп кетчү дүйнөгө
Сонундап оокат жыйбаган.

Көзү көк найза ыргаган,
Көркоону көрсө жыргаган,
Көркөмүн жердин ылгаган.
Көшүлүп кетчү дүйнөгө
Көр оокат багып жыйбаган.
Көк чоку* болгон атагы,
Көгала болгон сакалы.
Буудайык уулу Музбурчак,
Бу дагы келип калды дейт,
Бурулуп кебин салды дейт:

— Көсөмүм Бакай мени сал,
Көөсөргө өзүм түшөйүн,
Көөдөндө жанын үзөйүн.
Көрүстөн болчу Жолойдун
Көрөйүн бүгүн чүчөгүн.

Өөмөтүм бергин Бакайым,
Өкүртүп жерге басайын.
Өлөөгөн кулдун бүгүн бир,
Өпкөсүн талга асайын!,-

Деп Музбурчак жооп күтүп,
Бакайды тике карады.

— Кагылайын Музбурчак,
Карысы сендей кыргызды
Катылса душман алабы?
Каражал балдар турганда
Кармашка бизди салабы?
Күрдөлү* сендей кыргызды
Күчөгөн душман алабы?
Күүлөнгөн балдар турганда,
Күрөшкө бизди салабы?
А көрөкчө Музбурчак,
Атыңды байлап сыйда тур.
Аныктап балбан тандайлы
Акылың айтып мында тур…

Айрүйрү — өз айгырынын үйүрү
Акжин — жин-шайтан уялаган
Артсын — жер астын тазаласын деп
Эсжин — жин-пери уялаган
Этсин — жер астын тазаласын деп
Желигиңи — атыңды
Сөгөл — бүркүттүн түрү
Кылмая — алсыз, араңжан
Энеги — урук баштыгы
Жаңгагы — ушул эле мааниде
Көз сынчы — атактуу сынчылардын бири
Суужашык — алы кетүү
Көкжашык — ушул эле мааниде
Эс-дарты эсил — жеңил ойлуу
Акылы азыр — акыл токтото элек кези
Эбегейи — күчү, алы
Айтарабы — маалы, кези келе элек
Эки мүчөл — бир мүчөл 13 жаштан турат
Эмчек эти — булчуң эти
Айры мүчөл — 25 жаш
Аркар эти — булчуң эти
Үтүгүнө — колтугуна
Үптөгү — жан жери
Үгүндү — күкүм
Көк чоку — көпкө кадыры сиңген
Күрдөлү — күчтүүсү, сыйлуусу

( уландысы бар)

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ: 1 комментарий

Добавить комментарий