Манастын таш тулгасы уурдалды,урандылар майкандалды

АКШнын Индиана университетинин антропология департаментинин демилгеси жана Мамлекеттик департаментинин колдоосу менен Тарых музейинде «Кыргызстандагы музейлер жана туризм. Мурастар» деген симпозиум өткөрүлдү. Ага АКШнын Индиана университетинен келген окумуштуулардын тобу жана республикабыздагы музейлердин жетекчилери, археологдор катышышты.

Индиана университетинин профессору, долбоордун жетекчиси Энн ПАЙБЕРН: — Мен алгачкы жолу Кыргызстанга 2004-жылы келип, көптөгөн жакшы адамдар, анын ичинде Кубатбек Табалдиевдей археологдор менен да жолугушкам. Долбоордун негизги максаты — жергиликтүү калкты тарыхый-археологиялык эстеликтерди коргоп, сактоого кеңири тартуу болуп саналат. Башка бир катар өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстанда тарыхый археологиялык эстеликтерди сактап, коргоо системасынын мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Бул жерде археологиялык эстеликтердин дээрлик бардыгы муниципалдык бийликтердин аймагында жайгашкан. Ошондуктан жергиликтүү калк менен археологдордун, илимий мекемелердин байланыштарын арттыруу керек.

Биз долбоор аркылуу мына ушуну жолго койгону жатабыз. Бул максатта археологдордон, жергиликтүү калктан, бийлик өкүлдөрүнөн турган топту АКШга чакырып, биздеги тажрыйбалар менен тааныштырсак деген оюбуз бар. Симпозиумдан кийин республиканы кыдырып, археологиялык мурастар, аларды сактап, коргоо боюнча жергиликтүү коомдордун жүргүзүп жаткан иштери менен таанышабыз.

Өзгөндөгү археологиялык архитектуралык музей комплексинин жетекчиси Абазбек ТУРСУНБАЕВ: — Биз бул жерге музей комплекстин сүрөттөрүн, конкреттүү сунуштарыбызды алып келдик. Алар менен райондун акими Байышбек Жуманазаров тааныштырды, музей комплекстеги түйүндүү маселелер жана алардын кандай чечилип жаткандыгы жөнүндө да айтып берди.

Өзгөн Борбордук Азиядагы тарыхый шаар болуп эсептелет. Бирок, ушул убакка чейин музей уюштурула элек. Биздин тарыхый эстеликтердин баары ачык асмандын алдында турат. Бул жерде коомдук музейлерди уюштуруу, ага элди тартуу боюнча жакшы сөз болуп жатат. АКШнын департаменти мурда Өзгөндө атайын тарыхый музей ачууну колдоо боюнча убада берген.

Биз долбоорубузду колдоого сунуш кылганы жатабыз. Эгерде долбоор колдоого алынып, жардам көрсөтүлсө, тарыхый этнографиялык музей ачсакпы деген планыбыз бар. Өзгөндө тарыхый, археологиялык архитектуралык эстеликтер 20дан ашык. Алардын көпчүлүгү реставрацияны талап кылат. Ага каражат керек. Белгилүү инсандардын калыбына келтире турган күмбөздөрү да бар. Биз бул симпозиумдан, долбоордон көптү күтүүдөбүз.

Чолпон-Ата шаарындагы музейдин мурдагы директору Кеңешкен ЫСМАНОВА: -Маданият бул — экинчи аалам, музейлер анын казыналары. Музей бул — элдин, жердин тарыхтары-нын архивдери, маданиятынын үлгүлөрүн жыйноочу жайлар, ошол эле мезгилде китепканалар. Анткени, ар бир экспонат окууну талап кылган китеп.

Элибиз көз карандысыздыкка ээ болуп, Чолпон-Ата республикабыздагы туризмдин борборуна айлана баштагандан кийин анда келген туристтерге элдин, жердин тарыхтарын, этнографиялык өзгөчөлүктөрүн көрсөтө турган музей ачуу демилгесин көтөрдүк. Анда мен пенсияга жаңы чыктым эле. Эски мектептин имаратын оңдотуп, мени директор кылып дайындашты.

Менин музейлерге кызыкканымды, Кочкордо иштеп жүргөнүмдө анын музейин уюштуруп, калыптандырганымды, кийин партиялык, советтик кызмат-тарда иштегенимде музейлер-дин абалдарына көңүл буруп, көмөктөшүп жүргөнүмдү жакшы билишчү. Анда он жети жыл директор болуп иштедим. Бул убакыттын ичинде музейге 10 миңдей экспонаттарды топтодук. Облустун ичинде экспонаттарды жыйноо боюнча бир нече ирет экспедицияларды уюштурдук.

АКШлык археолог,профессор Майкл ФРАЧЕТТИ: — Борбордук Азия аймагы, анын ичинде Кыргызстан археологиялык тарыхый мурастарга бай. Бирок, чет өлкөлүктөргө белгисиз. Мен он жылга жакын убакыттан бери аймактагы археологиялык мурастарды иликтеп, изилдеп үйрөнүп келем, ага таянып Кыргызстанда археологдор аз иштешкендигин айтышым керек. Археологиялык мурастарды коргоп, сактоо иштерине адистерди гана эмес, калкты да кеңири тартуу зарыл. Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгында ошондой.

Бул долбоор ийгиликтүү болот деп ойлоймун. Долбоордун алкагында тарыхый археологиялык эстеликтерди сактап, коргоо үчүн жергиликтүү коомдорго гранттык каражаттар тартылганы жатат.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, археолог Кубатбек ТАБАЛДИЕВ: — Биз республикабыздагы археологиялык эстеликтерге, мурастарга кастай мамиле жасоодобуз. Нарындагы балбал таштар уурдалууда. Айрым байлар аларды короолоруна алып келип орнотконду модага айландыра башташыптыр. Соң-Көлдөгү таш тулганы да бирөөлөр уурдап кетишти. Балыкчыдагы петроглифтер түшүрүлгөн таштарды балдар таш бараңга алып ойношот. Кой деген эч ким жок. Андай таштарды машиналарга жүктөп барып, дамбаларды бекемдеген учурлар да болууда.

Кой-Сарыдагы байыркы шаардын ордуна мурда кашарлар курулса, азыр байлар дачаларын тургузушууда. Ат-Башыдагы Калмак дөбөдөгү топурактарды ташып, үйлөрдү салышууда. Кочкор-Башыдагы байыркы шаардан калган дубалдарды бузушуп, кыш куюшууда. Ысык-Көлдүн Желе-Дөбөсүндөгү сактардын учуруна таандык мүрзөлөрдү да бузушууда.

Жерлер үлүштөргө бөлүнгөндөн тартып, тарыхый, археологиялык мааниси бар участоктордо ар ким өз билгенин жасоодо. Эреже боюнча тарыхый археологиялык маанилери бар аянттар үлүштөргө берилбеши керек эле. Мындай көрүнүштөр улантыла берсе, тарыхый археологиялык мурастардын көпчүлүгүнөн кол жууйбуз.

Кочкор районундагы Кара-Күңгөй орто мектебинин директору Замир АЛДАЯРОВ: — Биздин Кочкордун жеринин сырты боз топурак болгон менен ичи байыркы бабалардан калган мурастарга толтура. Бабаларыбыз башка элдердей храмдарды, чептерди курбаган менен маанилери алардан калышпаган мурастарды калтырышкан. Алардын баары жердин астында.

Биздин айылда бир ороого окшогон чуңкур бар болчу. Адатта сугаттан чыккан, арыктан ашкан сууларды ошого буруп салышчу. Бир күн жатса да толчу эмес. Мындан көп жыл мурда кызыгып, ороону казсак, андан ары кеткен таштардан, кирпичтерден курулган туннелдер табылган эле. Ага убагында кызыгып, археологиялык казууларды жүргүзгөн эч ким болбоду. Кийинчерээк ал жерге айылдагылар үйлөрдү салып алышты. Туннелдердин сырлары ошол бойдон ачылбай калды.

Кочкордогу археологиялык казууларда мындан 2-3 миң жыл мурда жасалган буюмдар, 7-8-кылымдарга таандык куралдар, Орхон-Энесай, Саян, Монгол жазма эстеликтерине окшош рун жазуулары да табылууда. Дагы археологиялык казуулар жүргүзүлсө, дагы жаңы эстеликтер табыларында шек жок. Бирок, бизде мурастарды сактоо боюнча жетиштүү камкордуктар болбой жатат. Балбал таштар жөн эле талкаланууда.

* * *
Ошентип симпозиумда тарыхый археологиялык мурастарды сактап, коргоодогу көйгөйлүү маселелер талкууланды. Бирок ага «Кыргыздардын мурасы жана келечек» долбоорундагы топтон, маданият агенттигинен өкүлдөр, Улуттук академиядагы тарыхчылар катышпаганы гана түшүнүксүз болду. Кабинеттерде отуруп алып абстракттуу трактаттарды тырактата беришкенден көрө көйгөйлөрдү чечкенге конкреттүү салымдарын кошушса, илим үчүн да, мурастар үчүн да алда канча пайдалуураак болмок.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, “Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий