Отту сүйүү

(Жолон Мамытов тууралуу эскерүү — кошок)
(Башталышы гезиттин №94 санында),
Михаил Синельников, акын, котормочу (Россия)

Петербург профессорлорун Ташкентке көчүрүп, немецтер, ингуш, чечендерди Орто Азияга таркатып, кыргыздарды алыскы Врангель аралына аскерге алып жаткан чакта гана… Мен деле өз замандаштарымдай эле ошол империянын туундусумун. Ал эми империяны бардык элдер жек көрчү. Тарас Шевченко жазган сымал: бардык тилде бирдей ойлонуп, бардык тилде бирдей жыргашат…

Орус акынынын тагдыры -империяга түгөл тартылып, андан түбөлүк алыстап туруудан билинет. Аралашма кан жана орус сөзүнө берилгендик — Улуу Петрдин заманынан бери эле орус адабиятчысынын демейки абалы. Менин ушул өзгөчө абалымды жана турмуштук кырдаалымды Жолон сезе билчү… Империя өзүнүн карактоочу функциясынан сырткары (салык чогултуудан башка дагы) чоң эстетикалык факт катары жашагандыгы шексиз. Чет жерлердин ширесине чаңкоосун кандыруу менен бирге эле ал өзүнүн кандайдыр бир гүлдөгөн багын — Гүлистанын — жараткандыгы да анык. Империяга караганда ал чоң империяга байланыштуу экендигине сыймыктанышчу. «Армяндар жөнүндө эмне деп айтса болот?! — деди жакында бир маегинде улуу армян жазуучусу Грант Матевосян, -армяндардын улуу державага тиешелүүбүз деген сыймык сезимин жок кылышты». Империяга каршы күрөш кызуу жүрүп жаткан чакта… — ушундай жоготуу жөнүндө эч кимдин оюна келбеген эле.

Бирок, эгерде империянын өз эстетикасы, мрамору, гранити, желбиреген туулары бар болсо, империянын акмакчылыгы да болот, баягы эле провинцияга жөнөтүлгөн наместник-прокурордун, паракор-ревизордун айынан каракталган элдин азабынан улам «түпкү» элдер жана «келгиндер» деп экиге бөлүп турчу. Менин бардык симпатиям ошол эзилген, азап тарткан эл тарабында болчу. Ал эми москвалык чоңдор Пушкин же Лермонтов эмес, олчойгон, кээде акыл-эси ордунда эмес адамдар эле. Анан ошол адам көңүлүн түшүнбөй туруп… Бирөөгө акыл үйрөткөнгө маш эле. Кыргыз туугандарым үчүн эчен жолу жүрөгүм оорубады. Ачыгын айтканда бир гана кыргыз эли үчүн гана эмес.

Жолон менин ошол сезимимди жакшы түшүнө турган. Көп сүйлөшчүбүз, бирок, көп нерсе айтылбаса деле түшүнүктүү болчу. Биз баарыбыз тарых кемесинде, Гольфстримде сүзүп баратабыз, кээде гана артка кылчайып коюп… Жолон дайыма токтоо болууга аракет кылчу. Бир жолу гана бир аз кызуураак чагында (жаныбызда дагы бир досубуз бар эле) үшкүрүнүп айтканы бар: «Сенин орус тилиң, — улуу тил. А мен болсо көкүрөгүмдү бир нерсе кысып жаткандай сезем…» Кийин дагы бир жолу Жолон: «Пржевальский, Чокон Валиханов чынында эле эр жүрөк, өмүрүн курмандыкка чалууга даяр турган адамдар болушкан, бирок, ошол эле кезде алар орус падышачылыгынын чалгынчылары болушкан… Ал эми Скобелев болсо баш кесер желдет!» — деди эле. Мен бул жек көрүүгө жык толгон ишеним менен талашкан да жокмун. Мейли, Орто Азиянын жарымын өрттөгөн падыша генералын тарых өзү бааласын. Ал Болгарияны бошотуп, акын Случевский айтмакчы, «тууну желбиретпедиби». Аны борделде(жалапканада) жаткан жеринде эки аял өз кылычы менен бөлө чапкан дешет.

«Сынган кылыч» жана «Аз и Я»
Дал ошол кезде кыргыз адабиятында чоң окуя болуп, Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылычы» жарыкка чыккан. Жолон үчүн бул өтө баалуу китеп эле. Анткени, анда жалпы эле кыргыздар үчүн ошол кезге чейин айтылбай жүргөн, тыюу салынган кандайдыр ыйык ойлор айтылгандай болгон… Жолон Мамытовго бул чыгарма анын ата-бабаларынын турмушун, Кокон хандыгынын тушундагы чоң аталарынын турмушун чагылдырганы үчүн да өзгөчө жакын болгондур, ал кезде коомдук саясый турмуш көрүнүктүү абалды ээлеп турган эмес беле. Жолонго мен алып келген ошол кезде чуулгандуу окуяга айланып, авторуна көп мүшкүлдү түшүргөн Олжас Сулейменовдун «Аз и Ясы» чоң таасир калтырды. Аны окуп чыккан соң, Жолон бир нече күн уктай албай жүргөн, мурда сыйлап жүргөн Домбровскийдин «Хранители древностей» романына да Жолон аябай кызыгуу менен караган. Биз Томас Манн (айрыкча «Иосиф и его братья»), Хлебниковдун, Лорканын, Мачадонун поэзиясы , Библия жана Куран жөнүндө маектешчүбүз. Бирок, дагы бир аз артка кылчаялык…

Эң акыркы квартира…
Мунун баары кийин болбодубу. Эски Ошту эскерейин. Мен Жолон иштеген облустук радиокомитетке барып калдым. Иш маалында көк чай ичип отуруп, поэзия жөнүндө аңгеме курдук. Радиодогу иши Жолонду алаксытып, оор болуп бараткан, анын поэзияга бүт баш-оту менен киришкенине тоскоол болуп. Бир күнү «Ак-Буура» ресторанында өзбектин балдар акыны, кыргыз поэзиясынын котормочусу Турсунбай Адашбаев менен чогуу түштөнүп калдык. Ичип отурганыбызда Жолон күтүүсүздөн бизге Фрунзеге көчүп кете турганын, аны Айтматов өзүнө чакырып алып кетип жатканын айтып калды… «Кандай кызматка?» — деп сурадым мен. «Секретарлыкка!»- деди Жолон. Сөз кинематографисттер союзунун секретарлыгы жөнүндө жүрүп жатканын мен дароо эле түшүнгөн жокмун, ошентсе дагы Жолондун тагдырындагы бул өзгөрүүгө байланыштуу тост көтөрдүк.

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий