Улуттун улуу бурулуш учурундагы инсан

Абдыкерим Сыдыковдун 120 жылдыгына
Тоолуу Кара-Кыргыз облусун түзүү
«Тоолуу Кара-Кыргыз облусун түзүү» биринчи саясый долбоорунун идеясы Орто Азия элдери өзүн өзү аныктоо жолдорун издеп жаткан шартта ХХ кылымдын 20-жылдарында ишке ашкан. 1922-жылдын башында кыргыз интеллигенттеринин тобу тарабынан Кара-Кыргыз Тоолуу облустун түзүү, кыргыз элинин улуттук өзүн өзү аныктоо укугун ишке ашырууга аракет болгон.

Россияда падышалык бийликтин кулашы менен Орто Азиядагы улуттардын кызыкчылыктарын эске алууга негизделген улуттук-демократиялык түзүлүшкө өтүү өзгөчө тарыхый учур болду. Бирок большевиктер партиясы мусулман маданиятын, Азияга көбүрөөк мүнөздүү болгон, көчмөн турмушту башынан өткөрүп жана уруу түзүлүшүн сактап келген элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алган эмес. Бирок ошентсе да колониалдык саясатка каршы болгон большевиктер жарыялаган улуттук өзүн өзү аныктоо урааны Орто Азиядагы элдердин кызыкчылыгына жарым-жартылай туура келген.

Орто Азия элдерин бириктирүү үчүн Россиянын курамындагы жаңы автономиялык түзүлүштүн белгилерине ээ болгон, административдик борбору Ташкент болгон Түркстан Республикасы түзүлгөн.

Түркстан АССРи ага жайгашкан түрк этносторунун бириккен түзүлүшү эле. Тажиктердин негизги массасы Бухар эмиратында, каракалпактар Хива хандыгында жашаган. Кыргыздар Жети-Суу облусунун, Сырдарыя жана Фергана облустарынын чет жагында чачыранды жашаган. Биринчи облустта казактар, экинчисинде казактар жана өзбектер, үчүнчүсүндө өзбектер үстөмдүк кылышкан. Мындай басмыртталган абал кыргыз калкынын нааразычылыгын пайда кылган.

Ошол шартта кыргыздар гана эмес, башка этностордун өкүлдөрү дагы чек араны аныктоо жолдорун издешкен. 1920-жылы 25-августта Кыргыз (Казак) АССРинин түзүлгөнү жөнүндө Декрет кабыл алынган. Ушинтип казак автономиясын түзүү жөнүндөгү маселе чечилген. Ага Жети-Суу жана Сырдарыя облустарын кошууга ой бар эле. Мындай болуп бөлүнүүнүн демилгечилери кыргыз менен казак бир эл, андыктан алар казак автономиялык республикасынын аймагында жашоосу зарыл деп эсептешкен.

Бул кырдаал Жети-Суу облусундагы кыргыздын мыктыларын эки элдин механикалык биригүүсүн болтурбоого аракет көрүүгө мажбур кылды. Ушул чыңалган тарыхый учурда Жети-Суу облустук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков жана облустук Аткаруу комитетинин бөлүм башчысы Ишеналы Арабаев кыргыз элинин өзүн өзү аныктоо маселесин көтөрүшүп, Түркстан Республикасынын алкагында өзүнүн территориясына тең укуктуу экенин жарыялашат.

Күрөштө күчтөр тең эмес эле. Казакты жактаган өкүлдөр Москва шаарындагы РСФСРдын улуттар боюнча Эл комиссариатында жана Түркстан республикасында алда канча көп эле (Бул фактыны РСФСРдын улуттар боюнча Наркоматынын 1922-жылдын 4-апрелиндеги Жети-Суу жана Сырдарыя облустарын Казакстанга берүү жөнүндөгү чечими ачык эле далилдеп турат).

1922-жылдын мартында Бүткүл Түркстан Советтеринин ХIII съездинде А.Сыдыков Кара-Кыргыз Тоолуу облустун түзүү жөнүндө маселени коюп жана буга алдын ала макулдук алган. Ошентип системага каршылык көрсөтүлгөн. Каршылашуунун натыйжасы дароо эле болду. А.Сыдыков партиядан чыгарылды, 1922-жылдын 23-мартында аны Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасы кызматынан алып салышты. Бул Кара-Кыргыз Тоолуу облусунун түзүүнү жактагандар үчүн чоң сокку болду. Бирок А.Сыдыков жеңилген жок жана кыргыздардын өзүн өзү аныктоо процесси улана берди.

Мындай кырдаалга карабастан 1922-жылдын 26-мартында Түркстан АССРынын Борбордук аткаруу комитетинин президиуму «Тоолук кыргыздар жайгашкан райондордон өзүнчө облусту түзүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Анда «Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин курамы Пишпек, Каракол, Нарын уездеринен жана Аулие-Ата уездинин тоолуу бөлүктөрүнөн турган, облустук борбору Кочкор болгон Тоолуу облусту түзүү жөнүндө сунушун принципиалдуу канааттандырылышы зарыл деп табылсын. Ферганадагы тоолук кыргыздар жөнүндө маселе облуста тынчтык толук орногонго чейин ачык калтырылсын. НКВД жана Жети-Суу облусттук аткаруу комитети бул токтомду ишке ашыруу үчүн иш чараларга киришсин», — деп жазылган эле.

Идеянын курмандыгыбы же…
А. Сыдыков үчүн 1922-жыл анын саясый карьерасынын туу чокусу болгон. Ал 33 жашта эле. Ушул жылы ал Түркстандагы эң ири облусту башкарды. Ушул жылдын 15-апрелинде партиядан чыгарылганына карабастан кыргыздардын Тоолуу облусун түзүү боюнча Уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп Жети-Суу облустук партия комитетинин жыйынында дайындалган.

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий