Кыргыз киносу тууралуу

Болот Шамшиев, режиссёр: «МЫНДАЙ ЖАШТАРДЫ МАМЛЕКЕТ КОЛДООГО АЛУУ ЗАРЫЛ»
— Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө жаш режиссёрлорго кандай баа бердиңиз?
— Эң негизгиси жаш режиссёрдун мүмкүнчүлүгүн чектебеш керек. Эми гана ишин баштаган режиссёрду бир даракка окшоштурса болот. Башында дарактын өсүүсүнө бардык шартты жумшоо зарыл. Ошондо гана чеберчилик болот. Жылдар өткөндөн кийин формага салуу үчүн анча-мынча жерин кыркса болот. Ал эми университеттин жетекчилиги студенттерине жакшы шарт түзүп бериптир.

— Алардын көбү окуусун аяктап, өз алдынча тасма тарта баштаптыр, мындан ары ийгиликтүү иш алып баруусу үчүн эмне керек?
— Улантып кетүү үчүн мамлекет өзүнчө бир сектор түзүп, колго алышы шарт. Мастерлердин киносу бөлөк, ал эми жаштардын киносу өзгөчө. Өкмөт тарабынан жаш режиссёрлорду колдоого программа иштелип чыгышы кажет. Кинемотаграфисттердин бирикмеси жана маданият агенттиги жаш режиссёрлорго чоң тасмаларда практика алууга шарт түзүп берүүгө аракет жасашы зарыл. Буга далил катары мындай жаш режиссёрлор мага да келип, тасма тартуу учурунда тажрыйбага ээ болушту. Айтып берүү башка кеп, көрсөтүп-үйрөтүү башка кеп. Ошондуктан, жакын арада бул боюнча мамлекеттик программа түзүп берүүсүн сунуштар элем.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «КЫРГЫЗ КИНОСУНУН КЕЛЕЧЕГИНЕ ПАЙДУБАЛ»
— «Манас» университети жаш режиссёрлорду таптап, ушундай ийгиликтерге жетип жаткандыгынын сыры эмнеде деп ойлойсуз?
— Бул жерде Артык Сүйүндүков агайдын эмгеги зор. Башында эле бул агайдын тас-маларын көрүп, таң калгам. Ошондо ичимден «ушул бойдон өчүп калабы, же өөрчүп кетеби» деген суроо келген, бирок бүгүнкү күнү анын шакирттерин көрүп, суроомо далилдүү жооп алдым. «Манас» университетинин ниети зор, тилектери кең экен. Кыргыз киносунун келечегине пайдубал боло турган университет деп айтууга болот. Жаш режиссёрлорго билим берген башка мекемелер дагы бар. Бирок анын ичинен эл аралык кинофестивалдарга катышып, ийгиликке жетишип жаткандары ушул университеттин студенттери. Айта кетчү нерсе, университеттин жамааты өзүнүн студенттерине жогорку деңгээлде сый-урмат көрсөткөнү мени суктандырды. Ал эми, жаш режиссёрлорго мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жатканын кемчилик катары баалайм.

Артык Сүйүндүков, режиссёр, «Манас» университетинин окутуучусу: «ҮЧ МҮНӨТТҮК РЕПОРТАЖДАН БАШТАДЫК»
— Бүгүнкү жетишкендиктин башаты кандай болгон?
— Жаңы баштаганда бир кабинетибиз да жок эле. Сабак берген мугалимдер да жок болчу. Мен кесибим боюнча режиссер элемин. Бирок оператордук, монтаждык, сценарий жазуу сабактарын да берип жүрдүм. Бир чети студенттердин бир колдо болгону жакшы. Сабагын берип, биринчи 3 мүнөттүк репортаждан баштадык. Кийин даректүү тасма тартып, ал Түркиядан байгелүү орунга арзыды.

— Шакирттериңиздин ийгилик сыры эмнеде деп ойлойсуз?
— Менин аракетим жана максатым бар. Бул нерсени шакирттеримен да талап кылам. Жаштарды терең окутуп, терең ой жүгүртүүгө бүт күчүмдү жумшайм. Анткени, терең ойлонгон гана адам тасма жарата алат. Ал эми, техникалык жабдуулар экинчи катарда турат. Үчүнчүдөн, балдарды кесибине болгон сүйүүнү жаратуу зарыл. Азыркы жаштар моданы кууп, кассалык тасма тартууга кызыгат. Муну менен кассалык фильм тартууну жаман дебейм. Биздин студенттер профессионалдык кинофестивалдарга катышат. «Үмүт» фестивалында 40 жашка чейинки режиссёрлордун арасында 6 конкурста 6 жеңишке тең жетти. Баарынан уттук. Учурда көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруудабыз.

— Студенттердин ичинен таланттуусун тандап алуу кандайча ишке ашат?
— Университетибизде кино деген толук бир бөлүм жок. Биз радио, телекөрсөтүү жана кино бөлүмүндө иш алып барабыз. Ошондуктан, кино тармагына да бөлүнгөн убакыт тар, сабактар аздык кылат. Бирок биз тынбай аракет үстүндөбүз. Бир баланы тандап алып, оор жумушту улантуу албетте, татаал. Ошентсе да, каалагандар каалап, бүгүнкүдөй ийгиликтерге жетип жатышат.

— Тасмалардын үзүндүлөрүн көрүп жатып, социалдык тема басымдуу кылганын байкадым. Шартка жараша ушундай тасмаларды тартасыздарбы?
— Ооба, туура айтасыз. Дээрлик тасмалардын баарын алганда, 60-80 пайызы социалдык тематикасында тартылган. Турмуш бизден ушундайды талап кылып жатат. Бирок акыркы 2-3 жылдан бери төрт-беш анимациялык тасма тарттык. Эми комедия жанрына киришсекпи деп турабыз. Балдарды да ушул тармакка түртүп жаткан кезим.

— Бул бөлүмдү аяктагандар учурда кандай жерлерде иштеп жатышат?
— Биздин студенттер журналист болсо дагы, видеомонтажды үйрөнүп чыгат. Аларды бардык жактан универсалдуу кылганга аракет кылабыз. Мисалы, бизден бүткөн журналист камерасын тартат, монтажын кылат дегендей, бардык жактан шыктуу. Кээ бирлерин 3-курстан баштап эле, жумушка алып жатышат. Анын ичинен Улуттук телерадиокорпорациясынын каналында, 5-каналда иштеген операторлорубуз бар. Жыйынтыктап айтканда, алар профессионалдык жактан тың чыгат.

— Кыргызстанда бул тармак боюнча суроо-талаптын деңгээли кандай?
— Жакын арада телеканалдар кыргыз тилиндеги продуктуларын жалпы продуктунун 50-60 пайызын түзүш керек деген мыйзам кабыл алынганы жатат. Бул жакшы кабар. Эми орус тилдүү каналдар дагы мыйзам чегинде кыргыз тилиндеги продуктуларды чыгарыш үчүн жумуш орундарын түзүп, ага керектөө пайда болот.

БЕТТИ ДАЯРДАГАН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА,

Кинодо «кыргыз керемети» келатат.

Улуттук жана эл аралык кинофестивалдардын жеңүүчүсү Ульяна Коновалованын «Саламатсыңбы, күнүм» аттуу дипломдук тасмасы Азербайжан, Түркия жана Кыргызстанда эң мыкты тасма деп табылган.

Кыргыз-түрк «Манас» университети ийгиликке жеткен студенттерин куттуктап, сыйлык тапшыруу «Рух чабыты» азем кечесин өткөрдү. Бир гана Кыргызстандын ичинде эмес, эл аралык кинофестивалдарда да сыйлыкка татыган жаш режиссёрлор тарткан тасмаларынан үзүндү көрсөтүп, алкыштарга ээ болушту.

«Манас» университетинин коммуникация факультетинин студенттери түрдүү конкурс жана кинофестивалдарга катышып, акыркы жылдары бир топ жемиштүү орундарга жетишип келет. Көзгө көрүнүп, бир топ сыйлыктарга татыгандар: Стамбулбек Мамбеталиев, Акжол Бекболотов, Наргиза Маматкулова, Ульяна Коновалова, Алмаз Супатаев, Алижан Насиров, Айдос Токтобаев ж.б.

Анын ичинен Акжол Бекболотовдун «Кам санабаңыз» кыска метраждуу тасмасы Италия, Казакстан, Өзбекстан жана Франция өлкөлөрүндөгү эл аралык кинофестивалдарда атайын сыйлыкка татып, киносерепчилердин купулуна толгон. Андан тышкары, ушул эле тасма Баку, Стамбул, Берлин, Роттердам, Тегеран жана Дубай шаарларын кыдырып, байгелүү сыйлык куржунун кампайткан. «Кам санабаңыз» тасмасы дипломдук иш катары тартылып, анда кароосуз баланын жашоосу баяндалат. Көчө жашоосунун оор шартына карабастан, тасмада достук, жан аябастык, жоопкерчилик баалуулуктары берилген. Учурда Акжол Бекболотов магистратурада окуусун улантып, аны менен биргеликте «Айтыш фильм» киностудиясында иштейт.

«Топташ» жана «Жашагым келет» аттуу кыска метраждуу көркөм тасмалары менен Ташкент, Баку, Стамбул, Париж, Рим, Берлин жана Казанда өткөн эл аралык кинофестивалдарда диплом жана сыйлыктарга ээ болгон Наргиза Маматкулова учурда үчүнчү тасманын үстүндө иштөөдө. Буга чейинки жаш кыздын жан дүйнөсүнүн калыптануусун баяндаган «Топташ» тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн. Наргиза бир гана режиссёр эмес, ал сценарист жана оператор катары да эмгектенет. Бүгүнкү күндө жаш режиссёр Швейцариянын маданият фондусунун колдоосу менен өз сценарийинин негизинде «Кыргызфильм» киностудиясында «Мейман» аттуу фильмин тартууда. Магистратурада окуусун улантып жаткан Наргиза: «Биздин жетишкендикти көбүнчө техникалык база болгондуктан улам деп ойлошот»,-дейт. Анын айтымында, биринчи орунда мугалимдердин студентке көрсөткөн жолу маанилүү.

Улуттук жана эл аралык кинофестивалдардын жеңүүчүсү Ульяна Коновалованын «Саламатсыңбы, күнүм» аттуу дипломдук тасмасы Азербайжан, Түркия жана Кыргызстанда эң мыкты тасма деп табылган. Анда келечектен үмүтүн үзбөй жашап келген сокур аялдын жашоосу баяндалат.

Ал эми «Башка» аттуу тасманын аркасынан «Үмүт» кинофестивалынан «Эң мыкты оператор» болуп тандалган Алмаз Супатаев дагы магистратурада билимин улантууда. Тасмада сүйүү баяны аркылуу адамдардын ортосундагы татаал мамиле баяндалат. Жаш режиссёрдун айтымында, дал ушул университеттин ийгиликке жетишип жаткандыгы сыры бул — мамлекет тарабынан окуунун каржылангандыгы. «Биз бюджеттик негизде окуйбуз, ошондуктан, окууга талпынган жаштар келет»,-дейт А.Супатаев. Анын айтуусунда, университеттин дагы бир өзгөчөлүгү — пара алуунун жоктугу, бул жагдай мыктыларды тандап алууга шарт түзөт. Ал техникалык жабдуулардын заманбаптыгын жана университеттин администрациясы буга чоң көңүл бургандыгын дагы белгиледи.

Быйылкы жылы Бакуда өткөн кинофестивалда Алижан Насировдун «Кыштоо» тасмасы «Эң мыкты даректүү тасма» деп табылган. Анда адамдар, топоздор жана карышкырлар жан баккан бийик тоолуу аймакта жашаган чабандын турмушу баяндалат.

Ысык-Көл кинофестивалында «Кумайык» тасмасы «Эң мыкты студенттик иш» деп табылган Салтанат Турдукееванын айтымында, жогоруда айтылган ийгилик мугалим менен студенттин ортосунда түзүлгөн мамиленин жыйынтыгы. «Эки тарап бирдей иш алып барышы шарт, мугалимдер ар бир студенттин талантын байкап, ага багыт берүүгө аракет жасашат»,-дейт С.Турдукеева.

Андан сырткары, Марат Эргешов «Жүгүрүү» тасмасы менен эл аралык кинофестивалдан атайын сыйлык, Айдос Токтобаев «Цивилизацияга саякат» тасмасы менен Интерньюс тарабынан «Умтулуу 2009» сыйлыгы, Эмин Акындын «Үйдүн очогу өчпөсүн» тасмасы Түркияда «Эң мыкты актриса» сыйлыгын алышкан.

Салтанаттын жүрүшү кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев, Роза Аманова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эрнис Асаналиев, Консерваториянын музыкалык бөлүмүнүн окутуучусу Фатих Эренлер жана эл аралык конкурстардын лауреаты Нурайым Азыкбаеванын аткаруусундагы концерттик программа менен коштолду. Сыйлык тапшыруу аземи аяктаган соң, жаш киночулар туурасында сүрөт көргөзмөсү менен уланды.

Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий