Сүймөнкул — улут күзгүсү

(Уландысы. Башы)

Сүймөнкул: — Ооба, чын чынына келгенде, аны тегеректеп жүргөн Манас жөнүндө чындап пикирдеше албаган катардагы эле мадыра баш балдардын биримин да.

О. Тенти: -Же болбосо теңтуш эмессиз!
Сүймөнкул: -Ооба, аралыгыбыз асман менен жердей, атам эле эмес, чоң аталарыма курбалдаш киши, да!
Сөздүн кыскасы биринчи барып аралашуум бир топ кыйынга турган эле. Ал кишиге биринчи сүйлөшкөнүмдө:
— Балам эл аралык ал-ахвал кандай? Дүйнөдө эмне болуп атат, — деген суроосу мени өзүнө ого бетер жакындаткан эле. Мен дагы ошол эл аралык абал жөнүндө чыккан газетадан кабарлар окуп берсем:
— Ии, жакшы экен -деп түйшөлүп койчу. Өзгөчө ошол учурда кытай эли, ал жердеги өзгөрүүлөр жөнүндө биздин басма сөз көп жазышчу. Бийликте Хрущев жүргүзүп турган учур эле. Сакем кытайга бөтөнчө кызыкчу.

О. Тенти: -Анткени, Манас эпосундагы окуялар дээрлик Кытай менен байланышта өтөт да.
Сүймөнкул: — Ооба, да ушундай болсо керек, мен барган сайын эле:
— Суке гезитти окучу, кытайларда эмне кабар бар экен? Эмне болуп атты экен, — деп сурачу. Ал кездеги биздин басма сөз кытайларды жамандап ошол кезде кытайда жүргүзүлүп жаткан маданий революция туура эмес деп каршы чыккан бир топ эле саясат жүргүзүлбөдү беле. Мына ушуга байланыштуу утур-утур сурап кызыга берчү. Мен дагы Сакемдин андайын билип бир чети кубанып:
— Ырас болбодубу, — деп атайын кытай жөнүндө жазылган макала чыккан гезиттерди чогултуп келип окуп берер элем.

О. Тенти: -Ошентип Сакемдикине келер алдында аздыр-көптүр даярдана баштайсыз да?
Сүймөнкул: — Ооба, антпесек болбойт. Ал киши угуп, угуп отуруп:
— Ии, и -деп ойлонуп калчу. Сакемдин бир жолку бир сөзү эсимден түк кетпейт. Ал:
— Кытай эч кимге кол салган эмес. Кол салбайт. Эгер Кытай кол сала турган болсо адам эмес жер үстүндө чөптөн да эч нерсе калбай калат, булар ушундай көп эл. Алар менен, жөнү менен мамиле кылыш керек деген сөздү көбүрөөк айтчу. Ойлоп-ойлоп көрсөк, ал киши чыныгы тарыхчы, манасчы катары Кытайдын жөн-жайын мыкты билген экен. Сакем андай олуттуу, терең болгону менен бала кыял, тамашакөй адам эле.

О. Тенти: — Ал жагы да укмуш адам болгон да.
Сүймөнкул: — Ооба, ал кишиде чоң юмор бар болчу. Сакем айланасындагы адамдарды күлдүрүп коюп, өзү мостоюп, буржуюп кабагын түйүп отуруп калчу. Мен Саякбайдын ушундай мүнөздөрүн көп-көп байкап жүрдүм. Кийин-кийин ой жүгүртүп, ченеп-бычсам, Сакем чындыгында эле тоо бүркүтүндөй алгыр адам экен. Көрсө Сакемдин өзү эле, өзү айткандай Манас экен!!! Манастагы көп жакшы сапат ал манасчынын өзүндө экен. Ал кишини карап отуруп, чекесиндеги чоң тырык, өзүнчө өзүнө көрк берип жарашып турчу. Ал качан кандайча болгон тырык экенин билбейм. Менин эсимден ошол кетчү эмес. Ошол тырык ал кишиге албеттүүлүк, баатырдык мүнөзүн белгилегендей сезим туйгузаар эле.

О. Тенти: Өзүнчө сүр көрсөтүпбү?
Ч Сүймөнкул: Ооба, сүр көргөзүп эки каш жакындаша түшкөндө, анын ортосундагы барыштары шумдуктуу элести көз алдыма тартчу. Сакемдикине Ыбырай Туманов көп келээр эле. Ал киши да өзүнчө чоң адамдардан эмеспи?!

О. Тенти: Ооба, ал кишинин күү дүйнөсү да теңдешсиз десек жөндүү болот да.
Ч. Сүймөнкул: Ырас айтасыз ал да кең дүйнөнүн, күү дүйнөсүнүн өзүнчө бийиги го?
Ошол кишинин өзүн, өзү черткен комуз күүлөрүн Саякбай Каралаевдин үйүнөн биринчи уктум. Чындыгын жашырбай айтсам, радиодон, теледен берилип жаткан күүлөрдөн ошол жерде чертилген күүлөр аман жердей айырмасы бар экен да! Ошол Сакемдикинен Ыбырай аксакалдын күүлөрүн угуп таң калган болчумун. Өзү да зор, колдору да барбайган киши эмес беле. Биз чогулуп ашканага отуруп алып чертип отурар эле. Сакем бир убакта эсине бир нерселер түшүрүп:
— Атаңдын оозун урайын, оорукчал болуп калдым, жанакы карарган жубарымбек, -деп Болот Шамшиевди тилдээр эле. Тилдегенде да аябай маңызын чыгарып ашатып сөгүп:
— Жанагы Төлөндүн баласы Болот деген киного тартам, деп мени суукка тийгизип, кан басымым көтөрүлүп оорукчан болуп калбадымбы? -деп калаар эле. Сакем бозодон жутуп, тиги Ыбыкем андан күчтүүрөөгүнөн аз-маз жутуп коюшуп экөө тар ашканада комуз күүсүн угуп отурушчу. Мен алардын жанында отуруп бир убакта тигиндейрээк жылып алып сүрөт тартып өз ишимди иштөөгө киришчүмүн. Колдорун, чаланын бырыштарын, оң, сол жаактарын, кулагын, баш түзүлүшүн кагазга түшүрүп отурчумун. Сөздүн кыскасы анда көзүмө эмне кабылса ошонун баарын кийин пайдасы тийет деп штрихтер, эскиздер тарта берчүмүн. Ошентип Сакемдин айланасында сонун-сонун күндөрүм өткөн. Жалаң эле комуз чертилбестен ар кандай сонун кептер айтылып, аларды кулактын курчун кандыра угуш өзүнчө бир укмуш күндөр экен ойлосом. Кээде.

— Саке бир аз кыймылдабай отура туруңузчу, же кичине жылып отуруңузчу? -десем, жактырбагандай мурчуюп карап алып айтканымдай отуруп калаар эле. Ошондо тарткан бир топ сүрөттөрүм бар. Күндөрдүн биринде мындай бир кызыктуу окуя болду. Ошол эле Сакем жашаган үйдүн бет маңдайында Тоголок Молдонун эстелигинин айланасында чакан парк бар эмеспи. Ак күрөң чийбаркыттан жасалган чапанын кийип алып ошол паркка көп чыгып сейилдеп отурат эле. Мен анын артынан карап турсам, өзүнчө жумуру буюмга окшогон бир нерсе сыяктанып көрүнчү. Сакемдин ошондой көрүнүштөрүн тарткан бир шилтем чиймелерим азыр да өзүмдө сакталуу турат. Абдан кызык, карап көрсөң жумуру нерсенин үстүндө башы эле кылтыйып чыгып турат. Ошентип басып калаар эле, мен ал кишинин артынан карап туруп кагазга түшүрүп койчумун. Тоголок Молдонун тегерегинде коюлган узун отургучка келип отуруп калабыз да. Күндөрдүн биринде маркум Токтоболот Абдумомунов да чыгып калды. Анда Током мага:
— Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Ушул жерден сени көп көрөм, -дегенде мен:
— Сакемдин сүрөтүн тарткан жүрөм. Ал кишинин артынан ээрчип жүрөм. Изилдеп үйрөнүп атам. Ошентип үйрөнүп билип алып тартайын деп жатам, -десем ал кубанычын жашыра албай:
— Чоң иш жасаганы жаткан экенсиң. Бул кишини тарткын, -деди. Ошентип үчөөбүз бир узун отургучка отуруп калдык. Сакем таягынын башын тиктеп үн-сөзсүз отурат. Бул кишинин отурушу эле таштан жасалган айкелге окшошуп кетчү. Сакем майда кишилер сыяктуу майда кыймылы жок чың кыймылдаган киши эле. Ал киши жай кыймылдап басып келип, оң жагын көзүнүн кыйыгы менен карап отура берчү. Мына ушунун өзү эле өзүнчө кайталангыс образ экен. мен да аны дал ошондой кылып тартыш керек экен, — деген жыйынтыкка келер экем. Биз үчөөбүз — Сакемдин оң жагында Токтоболот, сол жагында мен отурам. Бир убакта Сакем тиги аркы өйүздөгү отургучта отурганды тиктеп эле унчукпай калды. Чынын айтканда Токтоболот ага майдараак киши да. Ал дагы Сакем караган жакты карап коёт да бир убакта чыдай албай кеттиби:
— Саке эмне эле бир жерден көз албай калдыңыз жарыктык, -деп калды. Ал унчукпайт, эмнегедир майдаланбаган киши эмес эле да, айтса да тарс этирип бир айтып койчу эмес беле. Кайрадан чыдабай кеткен Токтоболот ага:
— Эмне эле тиктеп жатасыз? Тиги жерде нерсе деле жок, -деп калды. Алгыча Сакем:
— Атаңдын оозун урайын тетиги жакты карабайсыңбы -деди. Көрсө тигил каршыдагы отургучта кыска юбка кийишкен эки — үч кыз-келиндер отурушкан экен. Алардын шыйрактары, буттары көрүнүп турчу да. Сакем, ошолорду тиктеп, ошолорго кызыгып, көз салып турган экен. Ал Токтомо карап:
— Атаңдын оозун урайын, эч нерсени билбейсиң! Тигилерди карабайсыңбы? -деп коёт бир убакта, өзү күлүп да койбойт. Анда Токтоболот ага:
— Алда Сакем ай-ее, таппаганың, көрбөгөнүң жок, — деп:
— Дагы эле жүрөгүңүздө жалын бар экен, -деген сөздү айтканы эсимде. Сөздүн кыскасы, көп ирет аралашып жүрүп, бул кишини мындайча кылып тартайын, бул кишинин өзүн Манас сыяктуу тартыш керек деген жыйынтыкка келдим. Кудай таала Сакемдин кебете кешпирин Манас сыяктантып берип койгон экен! Бул касиети манасчынын асыл касиетинен бөлбөшүм керек, мунун тескерисинче кайра тереңдетишим керек, -деген ойго келдим таштын өнүңдөй боёкторду таап, анын нары жагында аска таштар, асманда айланган булуттун ортосунда отурган Сакемдин портретин тартып бүтүргөм. Ал азыр Кыргыз Республикасынын сүрөт музейинде сакталып турат. Сакемдин шумдуктуу дүйнөсү кинодо, адабиятта бир башка, ал эми сүрөтчүлүк өнөрдө да өзүнчө бөлөк, ушунун баарын көз менен көрүш керек! Ал кезде атайын бөлүнгөн иштөө бөлмөм жок болгондуктан, өзүм эле иштеген окуу жайдан бир бөлмөнү бошотуп ошол жерди кесипкана кылып атам. Элибизге белгилүү акын Турар Кожомбердиев ал кезде чыгармачылыгын жаңыдан баштап жүргөн болчу. Экөөбүз да жакшы жолдош элек. Катташып, анын ырларын мен окуп, менин сүрөттөрүмдү ал көрүп дегендей бири-бирибизге барып-келип жүрчүбүз . Күндөрдүн биринде мен Турарга:
— Ай Түке, сен Чынгыз Айтматовду жакшы билесиңби? — деди. Ал анда:
— Таанышмак турсун бир чети ага-ини катары эле жүрөбүз, -деп калды. Анда мен:
— Чыкем Саякбай Каралаевдин жакшы көрөт эмеспи. Ошондой эле Манасты да урматтап, ал жөнүндө терең мазмундагы макалдарды көп жазып ушул эпосту баалаш жана жакшы билим керек деп айтып келатпайбы. Мен Саякбай аксакалдын портретин тарттым эле. Ушуну көргөзүп көрсөм кандай болот, -дедим. Анда Турар:
— Болуптур Чыкеме өзүм алып барам, -деди. Анда Кыргызстан киночулар союзунун төрагасы эле да. Ошентип экөөбүз Чынгыз агага бардык. Ага чейин Турар: -Ушундай Чокморов деген сүрөтчү бар. Ошол сизге келем деп жатат; -деп айтып да коюптур. Анда Чыкем:
— Ой болуптур айланайын, аны көрбөгөндө эмне көрөйүн, ээрчитип келе бер, -дептир. Ал айткан күнү эле айткандай Чынгыз Айтматов окуу жайына келип калды. Ошентип эле мен жеке эмес окуучулардын бир тобу.
— Айтматов менен жолугашабыз, көрөбүз -деп чогулуп калышты. Койгула беш, он мүнөткө эле кирип кетет десек деле болушпайт. Ошентип бир убакта Турар менен Айтматов келип калышты. Ошондо ал киши менен биринчи учурашып биринчи тааныштым. Ага мен:
— Чынгыз Төрөкулович, баланча айдан бери бул сүрөттү тартып жүрөм. Мүмкүн мага пайдалуу бир ой айтарсыз. Көрүп коюңузчу, -дедим. Анда ал:
— Ой азамат тигиндей-мындай кемчиликти коюп тартканыңа эле ыраазымын, азаматсың! Сакеме окшоштуруп, Сакемди сүрөткө калтырганына эле ырахматымды айтам, -деди. Мен деги кемчилиги барбы, ошону айтыңыз деген сөзүмө:
— Билбейм жакшы эле го… Анда деле негизинен бүтүп, колдорунан бир аз жери гана бүтпөй калган. Ал кара ичик жанына турган биринчи нускасы эле. Бул иш азыр да музейде сакталып турат. Колуна алып көз жүгүртүп:
— Колун билбейм, дагы тартасың го дейм. Мындай аз жертпегенсип турат го, -деди. Ал эң туура айткан экен. Биз далайга сүйлөшүп отуруп ал киши мага:
— Сен ким болосуң, -деген суроосуна:
— Ушундай болом Ленинграддан бүтүп келгем, ушинтип тартып жатам, -дедим. Анда ал:
— Азаматсың, -дагы, дагы тарта бер бул Сакем өзүнчө эле бүтпөгөн аягы-учу жок тема. Бул эле эмес улуу манасчы Сагынбайды да кийин тарсаң болот, -деди. Мен анда, -кийинки пландарымда бар дедим. Ошондон кийин биз пленумда жолугуп калдык да.

О. Тенти: Экинчи жолубу?
Сүймөнкул: Ооба, Шамшиев «Караш-карашты» тарткандан кийин айрым үзүндүлөрүн көрсөтсө:
— Ой мынабу Чокморов го? Бул сүрөтчү жигитти мен тааныймын. Ошонун өзүбү, -десе Шамшиев да, — дал ошонун өзү дептир. Анда Чыкем таңдана:
— Кудай уур, мунуң чоң артист турбайбы, -деп Шамшиев экөө кино залында тасманын айрым үзүндүлөрүн көрүп алышып, таңданышыптыр. Кийин Чынгыз Айтматов мени чакыртты. Кино ал кишиге аябай жагыптыр да. Мен ошол окуяларды унутпайм, мүмкүн ошол айтылгандар менен чыгармачылыгыма чоң таасир этти. Ошондо Чыкем экөөбүз бетме-бет туруп:
— Манагы «Караш-караштагы» сен турбайсыңбы? -деди. Анда мен:
— Болот Шамшиев чакырып алып болбой эле түшүп жатам. Билбейм кандай болуп жатканын өзүм дагы, — десем, Чынгыз Айтматов колумду кармап туруп мындай деди:
— Сен айланайын чымының бар турбайбы? Сен ушулардын артынан калба? Аракет кылып жакшылап бүтүр. Материалыңды көрдүм, жакшы экен, мактанып кетпе, ишиңди жакшылап бүткүрө бер! Кийин сүйлөшөбүз! -деди:

О. Тенти: Эми ошол канчанчы жыл эле?
Ч. Сүмөнкул: Ал 1967-жыл болчу. Ошентип Айтматов ошол жакка багытталган жакшы сөзү, мени мурдагыдан да канат байлап кызыктырып салды да. Кийин кино бүткөндөнкийин, Чыкем:
— Айтпадым беле, эң сонун образ түзөсүң,- деп. Ошондо далымдан таптап:
— Буюрса киного да түшүп, сүрөтүңдү да таштабай тартып жүрө бер. Алар бири-бирине жолтоо болбойт,- деген акыл-насааты эч качан эсимден кетпейт. Ошентип Чыкем менен бирге иштеп, Саякбай аксакалдын образы түзүлүп калышы кыскача ушундай.

О.Тенти: — Эми Суке жанатан бери ичиңизде кайнап бышып жүргөн нерселерден жакшынакай кабар бердиңиз. Жер үстүндө аман-эсен болсок, калк ордунда, кан тагында болсо бул сыяктуу кездешүүлөр дагы болоор. Эң негизгиси ден соолугуңуз болсун. Сизге чоң рахмат.
Сүймөнкул: — Ырахмат, баарыбызга бирге болсун!

“Кыргыз руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий