«Жараткан баарын алат, бир гана таамай сөз калат»

«Элдин өмүрү — анын тилинде»
Чынгыз Айтматов

Тил, сөз кудуретин Чынгыз агабызчалык туя билген, түбөлүк эмгек жараткан кыргыз келечекте болсо болоор, азырынча жок. Жер жүзүндө канча эл болсо, алардын ар бириндеги эң башкы баалуулук бул — ТИЛ, кыргыз элинде — Эне тил, «өнөр алды — кызыл тил». Бабаларыбыз ушинтип баалаган. А азырчы, азыркы кыргыздарчы? Өз тилин, өсөөр өзөгүн туя албаган, лингвистика жагынан оорукчан эл болдук окшойт. Эки сөздүн бирин орусчалап онтологон абал — оорукчандык эмей эмне? Демек дарыланыш керек. Дарыгерлер да, дарылар да бар. Мисалы, эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин » Тилим, дилим» деп безге сайып айткандарынын, жазгандарынын баары — жаназык дары. А дары деген ачуу болот. Намыс аркылуу айыгабыз. Намыс өчсө — өчөбүз. Колго тикен кирсе, жаныбызды жай таптырбай оорутат. «Эне тил» деген жандүйнөбүз жабыркаса оорутпай, онтотпой эле кыргыз деген өзөгүбүздү жеп салат.

Эгерде кыргыз эли эл катары бүгүнкү күндө бир бүтүндүккө келе албай, заман зарылчылыктарын туя албай, тегин, байыркылыгын билип, намысына тура албай майдаланып, жандүйнөсү жабыркап аткан болсо ал деген — кыргызды кылымдар бою кыргыз бойдон сактап келген жандуу оозеки сөз элибизде огунан тайып, куту качып, кунары соолуп бараткандыгынын кесепети.

Карамзин, Пушкин, Ломоносовдор орус тилине отоо чөп болуп, чырмооктой чырмалган «баскынчы» сөздөрдөн тазалоого, элдин өз тилинде сөз кудуретинин күчтөнүүсүнө, миңдеген түшүнүк атоолордун эл оозуна алынышына, колдонулушуна, орус тилинин өнүгүшүнө кандай салым кошкон болсо, бүгүнкү күндө кыргыз тилине карата ошондой зарылчылык жакабызга жармашып, этегибизге эрмешип туру. Аны туйбай да, ага көңүл бурбай, өзүм кыргыз болуп туруп, кыргыз тилимди кордобой, эне тилимде таза, сабаттуу сүйлөйүнчү деп аракет кылбай жүрүп атабыз, өтө зыяндуу экендигине маани бербей.

Мамлекет, өкмөт башчылардан, депутаттардан баштап, айыл жетекчилерине чейин эл кызматындагы кыргыздардын кыргыз эли, өзүбүздүн уул-кыздарыбыз алдындагы эң талуу, эң ыйык, эң зарыл милдети — касиеттүү «Манасты» жараткан тилди кор кылбай, ал тилде таза сүйлөп үлгү, өрнөк болуу. Өлкөбүздөгү идеологиялык, таалим-тарбиялык жана кадр тандоодогу иштердин эң маанилүүсү ушул болуш керек. Маселе өтө өтүшкөн абалда. Кыргыз тилинин, оозеки сөздүн тазарышына талап катуу коюлбаса абал барган сайын татаалдаша тургандыгы — турулуу иш.

Терминком иштеп чыккан атоолор элибиздин сөз байлыгын байытып атабы, же кагаз жүзүндө калып атабы? Ойлоно турган, олуттуу чара көрүлчү маселенин бири ушул.

Туркияда мисалы, тигил же бул түшүнүк мындан ары ушундай аталсын делип чечим кабыл алынгандардын баарына коомдук күчтөр тарабынан үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлөт. Сулейман Демирел бир жолу теледен сүйлөп атып, «консенсуз» дегенди ошо бойдон айткан экен, алиги көзөмөлчүлөр тийешелүү кызматына телефон чалып эскертүү жасашкан соң, ал киши «консенсуздун» түркчө атоосун гана колдонууга өтүптүр. Ушинтип эч бир жаза кетирбей көзөмөлгө алуу аркылуу түрк тили, түрк сөзү бүгүнкү күндө күчтөнгөн абалда. Бул жерде мажбурламайын маселе чечилбейт. Мыйзам дегендин өзү — руксат жана тыюуу салуулардын системасы болгон соң, биздеги мамлекеттик тил мыйзамы да ошондой.

Баары, таамай, туура түшүнүүдөн башталса, сөздүн күчү керек. Сөз алсыз болгон жерде түшүнүк тайкы.

ХII кылымдын экинчи жарымында — ХIII кылымдын баш жагында жашап өткөн борборазиялык ойчул жана акын Ахмед Йугнекинин «Чындыктар белеги» деген эмгегинин кол жазмасы Стамбулда сакталып турат, анда «Өзүңдүн кеп-сөзүңдү сактай алсаң өзүң сакталасың, эне тилиңерге этият болгула» деп айтылган жерге бар дешет. Бизде байыркы Кет Бука бабабыз да ошону айткан, сак болгула деп.

Сөздүн күчү — улуттун, өлкөнүн, коомдун өнүгүшүнө өзөк экендигин, лингвистикада айтылып жүргөндөй ар бир адам — тил, сөз жагынан өзүнчө инсан экендигин жана ар бирибиз сөз аркылуу башка бирөөлөргө таасир этүүгө куштарланып, интеллект жана оозеки сөз ошентип өнүгө тургандыгын андай эмес деп эч ким айта албастыр.

«Африка элдеринин улуттук тилдери — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн өзөгү» деп ураан көтөрүп, Россиянын түндүгүндөгү аз сандуу элдердин да өздөрүнүн тилин өнүктүрүү аракети күч болуп, бүт дүйнө жүзүндө ушундай иштер кеңири кулач жайган заманда жашап атабыз.

Эгерде азыркы кыргыздар эки сөздүн бирин орусчалаган оорудан, «олуп-чолуп айтылса, омоктуу ойдон да кут качат» деген абалдан тазалана албасак, улуттук тил деген уюткулуу маселеде мамлекет жана мамлекет башчылык деңгээлде чечкиндүү чаралар көрүлбөй жүрүп олтурса, мунун өзү элибиздин элдигине эбегейсиз зыян келтирери анык. Душман жасай албаганды өзүбүзгө өзүбүз жасаган болобуз. Дүйнөдөгү өнүккөн, өркөнү өскөн өлкөлөрдүн бардыгында СӨЗгө мамлекеттик маани берилип, келечек адистерди айтар сөзүн кыска, так, таамай айтууга тарбиялап аткандыктары бекеринен эмес да.

«Жараткан бергенин бүт койбой алат.
Бир гана таамай сөз аман калат»;
«Тилдин мизи, кылыч мизинен өткүр келет,
Каалаганда кара ташты кайыштай тилет»;
«Тил — жазуучунун, мылтык жоокердин куралы.
Курал канчалык кубаттуу болсо, ээси ошончолук күчтүү»;
«Тилдин байлыгы — ойдун байлыгы», деп Фирдоуси баш болгон акылмандар, аалымдар бекеринен айтыппы.
Акырында айтарым — сунуш. Кабыл алынабы, алынбайбы, ал өзүнчө маселе, бийликтегилердин колундагы иш. А сунуш айтууга ар бирибиздин укугубуз бар.

Эне тилибиздин илимий, адабий негизделишине өз салымдарын кошкон улуу муун өкүлдөрү: Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, элибизден чыккан эң алгачкы окумуштуу, тилчи, филология илимдеринин кандидаты Саманчин Тазабек, Ташым Байжиев жана Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков сындуу аталарыбызды эскерүү, алардын эмгектерин даңазалоо, кыргыз тилинин. кыргыз сөзүнүн бүгүнкү маселелеринин оош-кыйыштарын ортого салып, оңуна келтирүү жолдорун аныктоо максатында алдыдагы 2010-жылды — Кыргыз тилинин жылы деп жарыяланып, эл-журтубуз текши бир серпилип алса, кылымга жакын буулуп, буулугуп турган абал акыры өз нугуна түшүп, жалпы элдик ой-максаттар орундала баштоосуна кеңири жол ачылар деген ой.

Кенжалы Сарымсаков, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий