Ачакей жумакей

Бул кыргыздын кылым, доор карыткан оюну балдардын көңүл буруусун, байкамчылдыгын, алдын ала билүүлүгүн, психологиялык жөндөмдүүлүгүн өстүрүү максатына арналган. Атасы менен баласы, апасы менен кызы ойносо жогорку деңгээлде максатына жетет. Бала үч жаштан алты жашка чейин кызыгып, суранып ойногон деңгээлге жеткизүү атасынын милдети. Оюндун шарты боюнча оң чүкө алынат. Чоң койдун, же аркар, текеники болушу артыкчылык, баланын кызыгуусу, “максимализмге” үндөө.

Атасы менен баласы шырдактын, килемдин үстүнө мандаш токунуп, бет маңдай отурушат. Чүкөнү ортого алчы кондуруп коюшат. Баласы: “Атсалоом алейкум” деп атын айтып атасына салам берет. Атасы: “Алейкума вас салам” деп алик алып атын айтат. Бул шарт: биринчи, мандаш токунуп отурууну үйрөтүү (йог системасы). Балтыр тарамыштары, арка моюндун, кыр арканын чыңалып түзөлүшүнө өбөлгө түзөт. Чүкөнү эңкейип алганда ритмикалык гимнастика. Экинчи, туура салам айтууну, алик алууну үйрөтөт. Үчүнчү, эң негизгиси, адам менен тик карап баарлашууну үйрөтөт.

Биринчи чүкөнү атасы оң колу менен алып “Айкүр” деп калчайт (улууну, атасын сыйлаганды үйрөтөт). Эгерде чүкө алчы турса сол колунун эки шадысын жумат, таа турса бирин жумат жана дагы калчайт. Чүкө бөк же чик түшсө оюн баласына өтөт. Ошентип оюн салаалар бир сыйра жумулуп жана кайра ачылганга чейин алмак-термек ойнолот. Бул шарт санаганды, бирден же экиден кошконду үйрөтөт. Эгерде чүкө тоңко же оңко турса ал шарттуу түрдө утушка ээ болот. Уттурганы эки колу менен көзүн басат. Утканы эки колу менен жабылган колдун сыртынан чертет жана эки колунун бир жадысын көрсөтөт, калган шадылары жумулган болот. Көрсөтүлгөндөр: эки башбармак; эки сөөмөй, эки ортоң, эки аты жок, эки чыпалак болушу мүмкүн. Көзүн жапкан жак ирмемде көрбөй утканынын бармактарын өзүнүн бармактары менен туура таап көрсөтүүсү зарыл. Табылмайынча чертүү улана берет. Табылганда утканы салам берип оюн токтойт. Оюндун ушул жери эң тарбия берүү жери. Баланын психологиялык жагдайын атасы көзөмөлдөп туруусу абзел. Керек болсо байкатпай уттуруу зарыл. Баланын баамчылдыгы, психологиялык туруктуулугу, көсөмчүлдүгү, алдын ала билүү жөндөмдүүлүгү тарбияланат, өсөт.

Карыпбек Курманалы, “Сыйкырдуу жомоктор. Оюндар”, Бишкек 2007.

Соц тармактар:

Добавить комментарий