Упай

Упай оюну кыргыз баласы менен кошо келе жаткан оюндарынын белсемдүүсү. Бул беш жаштан баштап чал, кемпир болгонго чейин ойноло бере турган кызыктуу оюн. Оюнга экиден көп, бирок алтыдан аз киши ойносо кызыктуу. Жеке, же эки-үчтөн өнөк болуп ойношсо болот. Төрт адам экиден. Алты адам экиден үч топ, же үчтөн эки топко бөлүнүшөт. Оюнга таза тазаланган орто чоңдукта адамдардын санына карата “баасым” менен саналган чүкөлөр алынат. Бир баасым үч чүкөдөн турат. Эки киши катышса ар-бири беш баасымдан чүкө чыгарып, он баасым чүкө (отуз чүкө) бир кан кошулуп ойнолот. Кан катары сака сыяктуу чоң чүкө, же теке, аркар чүкөлөрү дайындалат. Көрүнүктүү болуш үчүн саканы боёп коюшат. Төрт киши ойносо ар-бири үч баасымдан кошуп, он эки баасым бир кан ойнолот. Алты киши катышса эки баасымдан дагы эле он эки баасым бир кан катышат. Мындай болуу себеби отуз жети чүкө эки колдун кошулган алаканына араң батат.

Ойной турган адамдар шырдактын, килемдин үстүнө мандаш токунуп тегерек маңдайлашып отурушат. Чүкөлөрдүн арасынан ар-бири бирден сол чүкө тандашат. Өнөк болуп ойношсо ар-бир топ бирден чүкө тандайт. Тандалган чүкөлөрдү “ат” деп аташат. Аларды оюнга катышуучулардын улуусу калчайт. Кимдин аты биринчи консо ошол оюнду баштайт. Алчы таадан улук. Экөө же андан көбү алчы турса, тургандардын арасында гана утуш, утканга чейин ойнолот. Ошентип биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы ойной турган тартип аныкталат.

Оюн өнөктөштөргө бөлүнгөн болсо, өнөктөштөрдүн бири ойногондон кийин экинчи өнөктөштөрдүн бири, андан кийин үчүнчү өнөктөштөрдүн бири ойнойт. Оюн алмак-салмак ойноло берет.

Оюн тартиби: биринчи ойной турган адам чүкөлөрдү алаканына толтуруп, акырын шырдактын, кийиздин үстүнө үймөлөктөбөй тургандай кылып жайат. Эң оболу кандын абалы аныкталат. Эгерде канга башка бир чүкө тийишип калган болсо оюнчу жыдыйт (оюн самайы бүтөт). Эгерде кан оңко турса утту деп эсептелет. Кан алчы, таа, чик же бөк боло алат. Канды ошол абал алган чүкө менен гана атса болот. Атуу сөөмөй менен гана бир шилтенип атылат. Атылган ок чүкө башка чүкөлөргө тийбей канга тийип, андан ары башка чүкөлөргө тийбей жатып, же туруп калса жана кан да башка чүкөгө тийбесе оюн улантылат. Атылгандан кийин кан оюндан чыгат. Ок чүкө оңко турса оюн улантыла берет. Атылган канды оюнчу аткан колу менен алып, колу же башка жерлери чүкөлөргө тийбеши керек. Жеңи эле тийсе оюн токтотулат. Бир да башка чүкө солк этпеши абзел. Канды алган колдон кан экинчи колуна аяр өткөрүлөт. Түшүп кетсе оюн токтойт. Алынган кан аяр шырдактын үстүнө оюнчунун жанына коюлат. Оюнчу эми чүкөлөрдү бөгүн бөгү, чигин чиги, таасын таа, алчысын алчы менен ата баштайт. Ок чүкө жана бута чүкө башка чүкөлөргө тийбеши керек. Тийип калса оюн кийинки оюнчуга өтөт. Бута чүкө аткан кол менен аяр алынат. Башка чүкөлөргө оюнчунун эч жери тийбеши керек. Шырдактагы (оюндагы) чүкөлөр кыймылдабаш керек. Атып аткан колдо бир баасым (үч чүкө) болгондо экинчи колго өткөрүлөт. Чүкө түшпөшү керек. Ал колдон кандын жанына коюлат. Ошентип жыдыганча (чүкөлөр бир-бирине тийип калса, колдон түшсө, алып атканда кол же жең башка чүкөгө тийип калса) оюн улантыла берет. Жыдыса оюн кезектеги оюнчуга өткөрүлөт. Алынган баасымдардын саны теңинен, же теңинен көп алынса чүкөлөр кайра оюнга кошулбайт. Теңинен аз болуп калса чүкөлөр кан менен кошо кайра оюнга кошулат. Кезектеги оюнчу ойной баштайт. Теңинен көп алынгандан кийин оюнчу жыдыса, колундагы толук эмес баасым кайра оюнга кошулат. Кезектеги оюнчу оюнга кирет. Ал толук канча баасым алса баары анда калат. Жыдыганда колдогу толук эмес баасым кайра оюнга кошулат. Кезектеги оюнчу ойной баштайт. Эгерде акырында эки баасым чүкө калса, оюнчу экөөнү тең алмайынча оюн бүтпөйт. Чүкө алынып бүткөндө экинчи айлампа башталат. Канды алган оюнчу каршылаштары канча баасым чүкө кошсо ал ошончо чүкө баасым чүкө кошот. Чүкөсү жоктор оюндан чыгарылат. Өнөктөш болуп ойногондордун чүкөлөрү кошулат. Оюнду кан алган тарап баштайт. Чүкөлөр баардыгы бир кишиге же бир тарапка өткөндо кан оюн токтойт. Утуучу болуп чүкө алгандар эсептелинет да байгеге ээ болушат. Байге оюн башталарда макулдашылып калыска берилет. Калыс оюндун жүрүшүн байкап эч кимге тартпай калыстык ишин аткарат. Калыстын үлүшүн уткан тарап мурда сүйлөшүлгөн мыйзамда аткарат.

Карыпбек Курманалы, “Сыйкырдуу жомоктор. Оюндар”, Бишкек 2007.

 

Ушундай эле аталыштагы оюн тууралуу башка маалымат.

 

Оюнчулардын саны 4—6 киши.

Оюн аянтчада же чоң. бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда 30—90 даана чүкөлөр жана 1 абалак колдонулат.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар тегерек болуп отурушкандан кийин жетекчи шайланат, ал катышуучуларды эки бөлүп, кезектерин аныктап чүкөлөрдү жерге чачып таштайт.

Оюндун баяны. Оюнду баштоочу абалакты огу менен урушу керек. Эгерде ал оюнчу, абалакты уруп алалбаса, жыдып көзекти, башкаларга берет. Баш бармак менен сөөмөйдүн жармы менен урса болот. Оюнду баштап жана абалак уруп алган оюнчу айы бош колу менен кармап турса болот же аны белгилүү жерге коёт. Катарынан 3 чүкөнү уруп алгандан кийин, абалакты ордуна кайтарып коёт. Айкүргө түшкөн чүкөлөрдү айкүр чүкөлөр менен тааныта менен, чиктичик менен бөк күүлөнүп түнөк менен уруп алат.

Оюнчулар төмөнкү учурда чүкөлөрдү уруу укугун жоготушат. Эгерде уруп алгандан кийин үч чүкөнү алуунун ордуңа эки же төрт чүкөнү алса (бул убакыт да бардык уткан чүкөлөрдү оюнчу ордуна кайра коюшу керек), эгерде ок дагы бир башка абалда турган чүкөгө тийсе, кийиктин ордуна, окту алса, кокустан бир жери менен жаткан чүкөлөргө тийип кетсе, же бош болуп жаткан чүкөнү уруп алса, эгерде башка оюнчунун берген кенеши менен уруп алса жаа оюнчулары менен кенешкенден кийин чүкөнү атса болот, эгерде шериктеринин бирөөсү, уткан чүкөлөргө ок кийикке таянып же жатып калса оюн жыдыйт. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Оюнда кеп чүкөлөрдү утуп алган жааттын оюнчулары жеңишке жетишет.

Оювдун эрежеси. Бир ок менен бир нече жолу урууга, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт, окту кийик менен уруп алса болот.

Оюнга методикалык көрсөтмө, Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, ыңгайлуу болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, атуу ыкмаларын, аралыкты чамалап аныктоого, коголган максатка жетүүгө тартипти сактоого, бири бирин урматтоого үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Добавить комментарий