Байдылда Сарногоев санаадан чыгып калабы?..

Кыргыз элим кызыл гүлдүү жаз айым,
Бул карекке элесиңди катайын.
Өмүр бою өзүңдү ырдап келатам,
Өлсөм көрдө кыргызмын деп жатайын.

Байдылда 2004-жылдын 19-ноябрында жогорку саптарда айтылгандай, өлүм алдында да өз элинин атын акыркы деми менен чыгарып, ажалга моюн сунду.

Аркы дүйнө бар экенине ишенсек, «кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп өттүм дүйнөдөн» деп боюн сылап, сыбызгытып ыр курап, сары галстукту моюнга илип, ак калпакты төбөгө кийип, ал жактагылар да таттуу тамашасына туйтунуп, «Бали, Байдыкелешип» жалгыз жаткырбай жабыла ээрчип жүрүшкөндүр. Эмне дейбиз? Ыйманы саламат, ырлары аманат болсун. Эмки кепти көзү өткөндөн кийинки өзөк өрттөгөн өмүрүнүн өксүк жактарына буралы.

Мен болсом жүрөм мен болуп,
Мекеним — кыргыз эл болуп.
Бир акындан кем болуп,
Бир акынга тең болуп, — деп өзүн өөдө карманбай, өзгөнү басынтпай, оор басырык мүнөзүнө бүткөн жөнөкөйлүгү, сылыктыгы, жогорку маданияттуулугу менен жашап да, жазып да жүрдү. Тээ бала күнүнөн ыр жамактай баштагандан тартып элинин оозеки чыгармачылыгы менен жуурулуштуруп, элдик идеяны канына сиңирип, улуттук патриоттуулукту туудай желбиретип келди. Кор дүйнө жыйнаган жок, көркөм дүйнө жыйнады. Мансапка умтулган жок, маданий таза аруулукка умтулду. Окуучуларынан жашырып, окуучуларынан каткан сыры да, ыры да болбоду.

«Эстесем жаным арак ай,
Элжирейт ичим аябай.
Эки күн сени ичпесем,
Эрте-кеч бугум тарабай,
Этимден азып кетемин.
Эмчектен чыккан баладай.
Кеткенге келбейт жашыгым,
Кең кылсын анын акырын.
Кекиртек жагым болбосо,
Кем эле кимден акылым.
Жоргомдон танып калсам да,
Жортокчо бардыр басыгым, — деп дилинде турганын тили айтат, өзөгүндө турганын өзү айтат. Керкисине да, кемигине да өзү сынчы.

Жашынып жатып ыр жазбаган акын көчөдөн көпчүлүктүн арасынан табылат. «Сарногоевди бален жерге барсаң табасың» деп артынан аңдыган тыңчылары да жетиштүү.

Караңгы тартып айлана,
Агарат жерде кар гана.
Көчөдөн кетип баратып,
Көз салсам жалгыз карага.
«Как живешь, поэт?» дегенсип,
Карк этип коет ал мага.
Талаада колхоз айлынан,
Таштанды көрсө аңдыган.
Каркылдаган урганга,
Кантип мен сырым алдырам.
«Өөдө сенден жашайм» деп,
Өтүп кеттим алдынан.

Мына ошо «парадга» келчү аялдамасы борбордогу азыркы Эркиндик гүлбагы менен ылдый түшкөндө Москва-Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы мурдагы «Сейил» ресторанынын алдындагы тик турма ашкана. Бара-бара ал жай «Байдылданын таш коргон» аталып, таңдан кечке тамаша ошол жерде.

Оргуп суу атып турат, ортосунда турна, четтеринде бакалар. Жайы салкын, кышы жылуу.

Астыларда чайпалып,
Ак, кызылы, сарысы.
Бурулдатып чылымды,
Бу дүйнөнүн бейишинде баарысы.
Көз тегерек,
Сары мурун барпайган.
Көкүлү да сол жагына жалпайган.
Танаписке чогулуштан чыккансып,
Таза, тыкан кийинген.
Ар сөзүнө өзү болуп дирижер.
Ар манжасы ар башкача ийилген.
Соосу дагы,
Кызуусу да кыйкырат:
— Сок, Байдыке,
Айланайын тилиңден!

Кызматынан аксап, аялы менен ажырашып, турмушунан жапа чеккендерге Байдыкең сөөлөтү менен, сөзү менен, өзү менен жашоосуна дем, жанына күч берет. Алардын кебин угуп, кебетесин көрүп, бирөөнү ары тур, бирөөнү бери тур дебей бал тилге салып, баарынын кебете-кепширлерин келтире уйкаштырып, кападан арылтып, кайгысын бөлүшүп көңүлдөрүн көтөрөт.

Ошол жерден ары-бери өтүп калганда «Таш коргонду» көрүп, таңыркай карап эки бут тушала калат. Байдыкеңди этектешип томсоруп кирип толкундап чыгып аткан «батальондору» эске түшөт. Унчукпай улутуна тиктейм. Кайран «Таш коргон». «Өлбөй кал Байдыке, өлбөй кал!» дегенсип өңгүрөп бош турат. Эмнегедир эшиги кулпу, айнектери аңгырайт. Айдан таш, күндөн кум, марстан суу апкелдирип ак сарайларды асмандатып куруп аткандар бул жайды элес албаганына таңмын.

Ошол аюунун үңкүрүндөй аңгырап жаткан «Таш коргондун» алдынан бери болсо беш метр, ары болсо алты метр жер бөлдүрүп, оң колуна көбүктүү кружканы карматып, сол сөөмөйүн көтөртүп, көкүлүн көзүнө түшүрүп Байдыкебиздин белден жогорку бейнесин коюп койсок кана?.. Ак калпак элдин акынынын арбагы асмандай түшпөс беле. Арызды кимге жазып, арманды кимге айтабыз? Өзөгү карарып, чөнтөгү тешилип, чөгөлөп рух, дөөлөттөн ыйман, дилден, улуттук касиеттен ажырап бараткан элди карабаган өкмөткөбү?

Аларга элдин жандүйнөсүнүн жакырланып, ээр эмес ыңырчак токунуп калганы менен эмне иши бар. Алыкул, Аалы, Түгөлбай, Байдылданы айтсаң, ары карап сауна менен салып аткан хан сарайларын тиктейт…

Байдыкең он төрт жашынан бери мүчө болуп келген кыргыз улуттук жазуучулар союзунабы? Ал союзду азыр «баланын үйү, бапанын алачыгына» айлантып, аты-жыты жоктор күнүмдүк жемкана кылып алышканы качан. Кыскасы, өз көмөчтөрү бышпай атса өңгө менен алардын иши эмне?

Кайран Байдыкем: «Сергей Есенин орусту, орустун ак кайыңын ырдаса, мен өзүмдүн ак калпак кыргызымды, Ала-Тоомду ырдоодон эч тажабайм» дээр эле.

Эртеби, кечпи, Байдыкеңдин бейнеси орноп калса «бырс» эте күлүп, талантка таазим этип жакшы ырларын эстеп, жанга азык алып турар белек?.. Маал- маалында «Салам сага Сарногойдун Байдылда!» деп кадырлаш калемдештери, келечек муундагы жаш акындарыбыз чогулуп адабий кечелерди уюштуруп, ырларды окуп турушса урпактар үчүн унутулгус иш болору айкын.

«Түндүкмүн деп элирбей,
Түштүкмүн деп көбүрбөй.
Ортосунан оң-солдун,
Мен чыккам деп сөгүнбөй.
Уруум да кыргыз деп,
Улутум да кыргыз деп
Жүрөлүкчү бөлүнбөй…» деген саптарын ташка эмес, так маңдайыбызга жазып алсак, улуттук намысыбыз, элдик биримдигибиз эсибизге келер беле?

Байдыкем жөнүндө ушул ойду улап «бармакты кеңешип кесчүлөр» четтен табылат го деген оюм бар.

Жолочу РЫСБАЕВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 08.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий