Эки тагдыр:Молдо Кылыч жана Тазабек Саманчин

Кыргыз эли өзүнүн көөнө-тарыхында өтө татаал оомалуу-төкмөлүү доорлорду башынан өткөрүп келген. Коомдук өнүгүүнүн түрдүү баскычтарында байыркы баёо түшүнүктөр улам өсүп, өнүгүп, татаалдашып, түрдүү формалары жаралып келген. Ошолордун ичинен адам акылын мокотуп, аң-сезимин эзип, эрксиз, багыныңкы байкуш абалга жеткирген мезгил — советтик түзүлүштүн доору болсо керек. Социалисттик идеология бешиктеги баладан бели кеткен чал-кемпирге чейин өз өкүмүн жүргүзгөн. Өзгөчө руханий маданияттын өкүлдөрү талантынын, чыгармачылык жаратмандыгынын азабын тартып, көрө албастыктын айынан бири- бирине көр казып турган бул көрүнүш адабият тармагында кеңири орун алган.

Т.Саманчиндин 100 жылдык мааракесине арналат

Цензуранын издери орус жазуучулары А.Платонов, Б.Пастернак, А.Ахматова, М.Зощенко (орус эле эмес, ошол мезгилде союздук республикалардын бардык элдеринде ушундай агым жүрүп, алардын тизмесине кагаз бети туруштук бербейт ) сыяктуу эле жаңыдан түптөлүп келе жаткан Кыргыз улуттук адабияттын көзгө басарлары Т.Байжиев, З.Бектенов, Ж.Шүкүров, Т.Саманчиндин тагдырына да кара тагын калтырган. Бир катар акын, жазуучуларга «улутчул» деген күнөө коюлуп, чыгармаларына сындар жазылып, бир канча жыл ушул бороондо буюгуп турушкан. Мына ошолордун ичинде Молдо Кылыч да болгон. Кыргыз адабиятында бир дагы жазуучунун чыгармалары Молдо Кылычтын чыгармаларындай 40 жыл бою кадимкидей коомдук саясый көрүнүшкө айланып, мамлекеттик деңгээлде ур-токмокко алынып, жүн тыткандай абалга тушуккан эмес.

Молдо Кылычтын бардык чыгармаларын акылы тунук, байкагыч, ааламды, жаратылышты таанып-билүү сезим-туюму жетик өнүккөн адамдын акыл-эсинен жаралган көркөм чыгармалар деп баалоого болот. Молдо Кылыч жаратылыштын флора, фаунасын тизмектеп, мүнөздөп, алардын мүнөздүү белгилерин баяндап жазган энциклопедист акын. Табиятынан зоолог, биолог болгон. Ал эми өзгөчө чуулган туудурган «Зарзаманды» акын бир дем менен жазган эмес. Ал өтө көп катмарлуу замандын зары.

Акын өзү көрүп туйган, аң-сезиминен өткөргөн кубулуштарды, көрүнүштөрдү, өзгөрүштөрдү, жашоонун оңун, терсин көп мезгил бою ырдаган, көркөм баяндап жазган. Молдо Кылыч дайыма турмуштун өзүн ырдаган, чыгармалары нравалык акыл-насаатка багытталган таланттуу акын болгон. Эгер Молдо Кылычтын чыгармалары дегеле жарыкка чыкпай калса улуттук адабият өзгөчө философиялык ойлорго бай, насаатчы, өз мезгилинин көз карашын чагылдырган адабий мурастан айрылмагы анык.

Бирок, анын чыгармалары жарык көрбөй же изилденбей калса кыргыз адабиятында кандайдыр бир өзгөрүү да болуп кетмек эмес. Ошол эле учурда оозеки жана китеп түрүндө калың элдин арасында тарап кеткен Молдо Кылычтын чыгармалары советтик түзүлүштү, социализмдин негиздеринин, коммунисттик партиянын идеологиясын башка жакка буруп же кыйратып дагы сала алмак эмес. Демек, ал жана анын чыгармалары коомго кескин өзгөрүү алып келе тургандай күчкө ээ эмес эле. Кеп такыр башкада, тактап айтканда акындын чыгармалары саясый оюнга айланып, ал аркылуу башкалардан өч алуу керек болгон «учкундан жалын тутандырган » саясый идеология экени баарыбызга белгилүү.

1946-жылкы ЦК ВКП (б) нын «Ленинград» жана «Звезда» журналдары туурасындагы токтомдун токмогу кыргыз жергесине да жетет. Ушул мезгилден баштап чоң ааламдын ичиндеги кичинекей кыргыз элинин катардагы эле эки адамынын тагдыры кесилишет. Бирөөнүн көзү эчак (1917-жылы) өткөн акын Молдо Кылыч. Экинчиси, келечектүү, билимдүү жаш окумуштуу Тазабек Саманчин.

Өкүмдарга жагынып, ушул саясый акциядан өзүн көрсөтүп «үн кошуп» калуу үчүн адабий мурастардан атайын саясый ката издеген куйтулар дайыма болуп келген. Экинчиден, адабият таануу чөйрөсүнө тың, билимдүү, өзүнүн сөзү, оюу бар, курч окумуштуунун келиши айрымдардын куйкасын куруштурат. Ошентип, алгач Молдо Кылычтын эмес, Тазабек Саманчиндин эмгегине карата сын макалалар жарык көрөт. Мисалы, П.И.Балтин, Ж.Самаганов «Киргизское литературоведение на неправильном пути» («Сов. Киргизия», 15.12.1946 ), К.Орозалиев «Очередные задачи в развитии исторической науки и литературоведения в Киргизии» («Сов. Киргизия» гезити, 14.10.1947), П.И.Балтин «Космополитизмге, улуттук чектелүүгө, формализмге жана эстествого каршы» («Мугалимдерге жардам» журналы, № 6 июнь, 1948) ж.б. макалалар жазылып, ушуга катар Молдо Кылычтын чыгармаларына да биринин артынан экинчиси кара нөшөр сымал төгүлүп, саясый айып тагыла баштайт.

Эбегейсиз буйрукчул күчкө эгедер социалисттик система деген машина бийликти ченемсиз пайдаланып, системанын чен-өлчөмүнө кичине эле туура келбеген көрүнүш байкалса кандай жол менен болсо да талкалап, тамырын кыйып турган. Мунун бардыгы ошол кездеги көркөм адабияттын , маданият ишмерлеринин чөйрөсүндө өзгөчө көрүнүшкө айланган. Ошондой эле адам фактору ар дайым чоң роль ойногону баарыбызга маалым. Кагазга жазылганды кандай калчаса да айкүр тургузуп, акты карага, оңду солго айландырып, бийликке жагынып, саясатка ыңгайлашып, тонун тескери кийген митайымдар адам тагдыры менен ойноп келген.

(Уландысы бар)

Г.ОРОЗОВА, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун
жетектөөчү илимий кызматкери
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий