«Манастын» БУУда таанылышы, же БАда анын кылычынын алынышы

Өткөн жылы кыргыздын сыймыгы — «Манас» эпосунун ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине Кытайдын Синьцзян провинциясында жашаган кыргыздардын байлыгы катарында киргизилип калышы бир топ чуулганды жаратты. Мында Кытай бир тараптуу тартипте өз сунушун берген. Ал жарыяланган 20-октябрдан баштап бул маселеге байланыштуу талаш-тартыштар токтобой келет.

Кесипкөй дипломат, КРнын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРнын БУУдагы биринчи Туруктуу өкүлү, ТИМдин академиясынын профессору Жумакадыр Атабековдун бул маселе боюнча пикири окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

Миң жылдыкка алып барчу узак жол кыска мөөнөттө өтүлдү
Мен КРнын БУУнун алдындагы миссиясынын «Манас» эпосуна байланыштуу 1993-1994-жылдардагы реалдуу аракеттерин эстеп коюуну чечтим. Кыргыз элинин «Манас» эпосу, демек Чыгыштын байыркы элдеринин биринин — кыргыздардын тарыхы жана калыптануусу жөнүндөгү маселе биринчи жолу Экономикалык-со-циалдык кеңештин (ЭКОСОС) негизги сессиясы тарабынан 1994-жылы талкууга алынды. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы кыргыз миссиясы тарабынан киргизилген, «финансылык кесепеттерсиз» деген так аныкталган эскертүүсү менен «1995-жылды кыргыз улуттук эпосу «Манастын» 1000 жылдыгын майрамдоонун эл аралык жылы деп жарыялоо жөнүндө» резолюциянын долбоору каралган. Негизи социалдык, илимий-тарыхый жана мындай мүнөздөгү маселелер БУУнун Башкы Ассамблеясынын (БА) талкуусуна чыгарылардан мурда ЭКОСОСтун сессияларынын күн тартибинин алкактарында кеңири каралат.

Жарым жылдан кийин эпостун 1000 жылдыгы жана Бириккен Улуттар Уюмунун 50 жылдыгы сыяктуу зор окуялар келе жаткандыгын, ошондой эле БУУда түзүлгөн практиканы улантуу менен кыргыз миссиясы 1993-жылы ошол кездеги тышкы иштер министри Эднан Карабаевге өз ара байланышкан эки идеяны киргизген.

Биринчиси — БУУнун Башкы Ассамблеясын жогоруда аталган формулировкада резолюцияны кабыл алууга ынандыруу боюнча аракеттерге токтоосуз киришүү. Себеби биздин долбоорду кабыл ала же баш тарта турган БАнын 49-сессиясынын башталышына жана улантылышына чейин бир жарым жыл калган. Ал эми БУУнун процедураларынын жоболорунда биздегидей демилгелерди алар талкууланганга чейин туура 2 жыл алдыда жылдыруу каралган.

Экинчиси — кыргыз элинин атынан БУУга биздин улуттук филармониянын жанында тургузулган «Манас» композициясын реплика түрүндө белекке берүү.
Олуттуу кечиктирилүү менен министрден «аракеттенгиле!» деген резолюциясы түрүндө директива келди. Ошол замат БУУнун Башкы катчысы Б. Галинин дарегине резолюциянын өз убагында даярдалган долбоору тиркелип жана анын авторлоштору (аларды издөөгө да убакыт кетет) көрсөтүлүү менен тиркелген резолюцияны КРнын Өкмөтүнүн БАнын кезектеги 49-сессиясынын жүрүшүндө кабыл алуу жөнүндө өтүнүчү менен туруктуу өкүлчүлүктүн каты жөнөтүлдү. Ал катта аны тиркемеси менен БУУнун бардык мүчөлөрүнүн арасында расмий документ катарында таратуу сунушу камтылган. Бул БУУнун БАсында кабыл алынган адаттагы практика эле. Каттын мазмунунда КРнын Өкмөтүнүн 1995-жылды «Манас» эпосунун 1000 жылдыгынын эл аралык майрамы катары белгилөө жана бул боюнча ошол кездеги Премьер-министр А. Жумагулов башында турган чоң өкмөттүк комиссияны түзүү жөнүндө чечими боюнча маалымат камтылган.

Мындан кийинки мезгил Уюмдун мүчөлөрүнүн арасында эпостун өзүнүн жана анын 1000 жылдыгынын тарыхый маңызын, бул чыгарманын өсүп келе жаткан муун жана жаңы режимдин демократиялык негиздерин бекемдөө үчүн, анан өзгөчө эпостун идеалдарынын — тынчтыкты сүйүүнүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоонун, жакшы кошуналыктын, толеранттуулуктун, демократизмдин, аялдардын коомдогу ролунун, коопсуздуктун жана башкалардын БУУнун өзүнүн ишмердүүлүгүнүн негиз салуучу эл аралык принциптери менен органикалык үндөштүгүн түшүндүрүүгө арналды.

Бул максаттарда миссия бир катар аракеттерди көрдү. Атап айтканда, киргизилген өтүнүч боюнча Коммюникенин текстин БУУ системасында кошумча таратты. Экинчиден, азиялык ре-гионалдык топтун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланды. Үчүнчүдөн, өзүнүн өтө жакыр финансылык абалына карабастан БУУнун штаб-квартирасындагы өтө таасирдүү элчилердин — АКШнын, РФнын, ГФРнын, Франциянын, Япониянын, Корея Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрү үчүн максатка багытталган банкеттерди уюштурду. Төртүнчүдөн, БУУнун ар кандай органдарынын, комитеттеринин жана башка структураларынын иштеринин жүрүшүндө башка мамлекеттердин элчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

ЭКОСОСтун жогоруда айтылган сессиясында биздин долбоор дароо эле өтүп кеткен жок. Мында буга окшогон демилгелерди БУУда талкуулоо идеясынын өзүнө каршы болгон жана биздин маселени тиешелүүлүгүнө жараша ЮНЕСКОго сунуштаган индонезиялык элчинин билдирүүсү тоскоол болду. Россиялык өкүлдүн сөзү да ушундай эле маанайда болду. Экөөсү тең буга чейин болуп келген мындай нерселердеги финансылык кесепеттер практикасына таянышты.

Биздин демилгени Беларустун, Украинанын, Казакстандын миссиялары колдошконуна карабастан, сессиядагы тыныгууга чейин индонезиялык-россиялык көз караш басымдуулук кылып турду. ЭКОСОСтун сессияларында каралып жаткан маселелер боюнча дискуссиялардын жүрүшүндө консенсуска жетишилбесе, тараптарга танапис убагында формалдуу эмес консультациялар жолу аркылуу макулдашууга келүүнүн акыркы шансы берилет, анын жыйынтыктары сессия үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Биз тактикалык ыкмаларды колдонуу, индонезиялыктын өтүнүчү боюнча долбоордо камтылган айрым идеяларды, анын ичинде «жалпы адамзаттык баалуулуктар» түшүнүгүн да түшүндүрүүлөр, ошол эле дос өлкөлөрдүн колдоосу астында, а эң башкысы — долбоордун аталышын «Кыргыз элинин «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого» чейин жөнөкөйлөтүү жолу менен формалдуу эмес пикир алышууларды жалпы макулдук менен аяктай алдык. Бул жөнүндө сессиянын төрагасына токтоосуз маалымат берилди.

Мына ошентип «Манасиада» эпопеясы бул этапта ЭКОСОСтун негизги сессиясынын 1994-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясында «Кыргыз элинин «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын консенсус менен майрамдоо» резолюциясын кабыл алууну сунуш кылуу чечими менен аяктады. БАнын 49-сессиясында ал резолюция кабыл алынды. «Манасты» ЮНЕСКОнун алкактарында эл аралык аренада андан ары түртүү демилгесинин башаты ушундай.

Кыргыз элинин мыйзамдуу менчиги болуп саналган «Манасиаданын» ошол мезгилде БУУнун системасында жүгүртүлгөн материалдарынын толук комплектиси БУУга мүчө мамлекеттердин миссиялары тарабынан өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн даректерине, анын ичинде Пекиндин да дарегине жөнөтүлгөндүгүнө толук ишенич бар. Бул шарттар жогоруда айтылгандардан жана эми кабыл алынган кадамдардан улам айрым, толук табигый ассоциацияларды жаратат.

Эми кандай кылуу керек? ЮНЕСКОнун эл аралык механизмдери аракетке киргизилип калган жана процессти кыргыз улутуна гана таандык принциптеринде башка нукка буруунун ар кандай аракеттери буга чейин түзүлүп калган мамиле менен белгилүү ылайык эместикке кире турган азыркы учурда биздин милдет максатка жетүүгө багытталган активдүү кесипкөй чаралардын айланасына топтоштурулат. Бул жолдо биз үчүн катышып жаткан тараптардын «Манасиада» жөнүндө идеянын жаралуу фактысынын төгүндөлбөстүгү фактысын расмий таануусу олуттуу болмок. Анткени, жогорудагы факт көрсөтүп тургандай, жаңы гана түзүлгөн көз карандысыз, демократиялуу Кыргызстан «Манасты» өзүнүн эл аралык аренадагы эң биринчи кадамдарынын бири катары түртүүнү максатка ылайыктуу деп таап жатпайбы.

Ага Хандын акчасы ишке жарады
Ошол кезде БУУга кыргыз элинин атынан белекти даярдоо жана анын Башкы катчысы Б. Галиге тапшыруу маселеси да кызыктуу. Премьер-министр А. Жумагулов бул идеяга каршы чыккан жок. Бирок, мындай «долбоорду» финансылоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Бактыга жараша ошол кезде Кыргызстанга принц Ага Хан келип калды. Президенттин администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы М. Иманалиевдин макулдугу менен Ага Хандын жооптуу катчысы Т. Митт мырза менен бизге ушул маселеде финансылык колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн үч раунду жүргүзүлдү.

Ал бизден берилүүчү белектин өлчөмдөрү, салмагы, даярдалган материалы, сүрөттөлүшү, ага камтылган идея, композициянын жалпы наркы сыяктуу нерселер боюнча толук маалымат алгандан кийин Парижден макулдугун билдирип жиберген. Анан көп өтпөй Ага Хандын Душанбеге келген өкүлү мага накталай 18 550 АКШ долларын тапшырды. Акт боюнча бул валюта Ш. Шаршеев жетектеген «Манас — 1000» башкы дирекциясына тапшырылды жана кийин Т.Садыковго берилди.

Манас кантип «куралсыздан-дырылды»?
Ишкер кат алышуу жүрүп жаткан БУУнун Катчылыгынын талабы боюнча биздин белектеги Манас баатырдын колундагы кылычы алынып салынды. Анткени ал БУУ жайылткан тынчтыктын идеалдарына каршы келген жана согушчандыктын атрибуту катары кабылданыптыр.

Б. Галиге белекти расмий тапшыруу үчүн БУУнун БАсынын 49-сессиясына ЖКнын МЧЖсынын спикери М. Чолпонбаев жетектеген делегация жөнөтүлдү. Белек БАда расмий тапшырылды. Ал ыраазычылык билдирүү менен Кыргызстанга БУУ менен кызматташууда, биздин республикада бекем, көз карандысыз, демократиялуу, гүлдөп өнүккөн коомду курууда ийгиликтерди каалады. Кыргыз элинин белеги Башкы Ассамблеянын кире беришиндеги адамдар көп кирүүчү, кеңири жана жарык жайлардын бирине орнотулду.

Мен Айкөл Манаска тиешелүү бул окуяны кеңири баяндоо менен кээде биздин чиновниктер, жетекчилер, парламентарийлер кыргыз элине теңирден марттык менен берилген жана биздин көчмөн цивилизациянын анналдарында камтылган бай мурастарыбызды жетишсиз, кесипкөй эмес, аргументсиз пайдаланыша тургандыгы жөнүндө ойго келем. Бул тарыхыбызга гана эмес, азыркы жалпы адамзаттык жана тышкы саясый чындыктарга да, анын ичинде биздин коомду демократиялуу жаңылоого да тиешелүү. Демек, «Манас» эпосуна байланыштуу биздин тажрыйба көрсөтүп тургандай, өлкөнүн жана элибиздин улуттук кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде коргоо тармагындагы резервдер дагы да көрүнүп турат.

Жазып алган Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий