Мевлана Желаледдин Руми

rumi

(1207-1273)

Персия акыны, “Маснави”- аттуу көлөмдүү поэманын автору. Жомок, тамаша, тамсил аралаш чыгарма. Поэмадан бөлөк сегиз китептен турган лирикалык ырларды, казалдарды жазган.

 

КАРАҢГЫ ТАМДАГЫ ПИЛ

Көрсөтөм деп индус пилди далайга,
Камап салды капкараңгы сарайга.

Агын суулар толтургандай кобулду,
Анан пилге кызыккандар чогулду.

Кайран сарай, бирок көөдөй караңгы,
Көрүп болбойт көзгө сайган адамды!

Айла канча, аса кылып акылын,
Алар пилди сыйпалашты акырын.

Тумшугунан кармап көрүп бирөөсү:
«Түтүк сымал жандык»- десе, — «пил өзү»,

Бирөө айтты сылап-сыйпап кулагын:
«Бу пил деген желпигич го, чырагым»!

Анда минтет бут  кармаган чукчуңдай:
«Ай, койсоңчу, жандык экен устундай»!

Жондон сылап, да бирөөсү муңайган:
«Жок, тактыга окшош» — деди, -«бул айбан»!

Айтор, пилдин сыйпалап бүт денесин,
Ар ким айтты окшоштурган элесин.

Ар кыл элес пайда кылып талашты,
Анан алар келишалбай тарашты!

Бирөө-жарым шам жакканда шарт уш,
Болмок эмес мындай талаш-тартышуу…

Түрк тилинен которгон Алтынбек Исмаилов

 

МЕСНЕВИДЕН

* * *

Бөтөнчө да мен! – дей берип кетирбегин катаны,

Карапага алыштагы суу – ойлочу, батабы?

Наадан менен битирлердин тойгузсаң да өздөрдүн,
Өмүрүңдө мүмкүндүк жок тойгузууга көздөрүн.

Махабаттын кулу гана мен билбегенден, илгертен,
Дайым алыс жаман жорук, толуп жаткан илдеттен.

Сүйүү таза, акыйкатчыл, жашоонун ал маңызы,
Ошондуктан жаныбыздын ал мүрөгү, дарысы.

Эфлатундан, Улукмандан ашып түшөт махабат,
Анын берген дарыларын ким дүйнөдө таба алат?

Анын деми жерге, сууга жашоо берди, жан берди,
Кудай сүйүп, дүйнөбүзгө өзүндөй ак таң берди.

Махабаттын күчү менен болуп Муса периште,
Күнөөсүн жууп, пенделерге жол көрсөттү бейишке.

Сүйүү күчтүү, айланайын, күчтүүлүгүн мындан бил:
Сүйлөп жүрүп, үндөбөй да, сүйлөп калат дудук тил.

Түрлүү ырдын миңин билген булбулдун да күнү жок
Роза гүлсүз бак ичинде ал бир дудук, үнү жок.

Сүйгөндөргө ак сүйүүнүн ак экени, аныгы
Аткан таңдай ачык, айкын тийип чачкан жарыгы.

Ошол жарык тийбегендер чоң нерсеге жараксыз,
Алар- куштай, көккө сызып учалбаган канатсыз.

Көкүрөгүң муздап турса, туш тарапты түн бийлеп,
Алды-артын, момундай деп күн мурунтан ким билет?

Эгер аның чалыр болсо, иш бүткөнү, өлтүрөт.
Жан күзгүзсүн сүр, тазала, тунук болсун мөлтүрөп.

 

* * *

Көп сөздөр бар жазылышы окшош келип эң эле,
Окуй келсең маанилери бөлөк болот дегеле.

Кай бирөөлөр менменсинип чоң ачышпайт көздөрүң,
Карап турсаң пайгамбардан кем көрүшпөйт өздөрүн.

Касиеттүү адамдардан эмнебиз кем дегендей,
Уктап, туруп, жеп-ичебиз, кана, кай жер келегей?

Көр, акмактар баарын бирдей көрүп жанды союшат,
Пастык менен бийиктикти бир катарга коюшат.

Эмне дейсиң? Жылан менен аары гүлдү сорушат,
Натыйжада бири балдуу, бири уулу болушат.

Эки марал бир өрөөндө күндө бирге оттошот,
Жеп-ичкени бир чөп, бир суу, айырма жок, окшошот.

Анын бири жыпар жыттуу, баа жетпеген зат берсе,
Экинчиси тезек берип, бербейт бөлөк эч нерсе.

Эки камыш тамчы суудай бири бирине эң окшош,
Бири берсе кант, шекерин, бири көңдөй, ичи бош.

Мындай мисал толуп жатат, баарын туят акыры,
Көрөр күнү бүтмөйүнчө адамзаттын акылы.

 

* * *

Кара ниет, сөз жебестик – айыкпаган эки дарт
Чалыр көздүү болгондукка түзүп берет жакшы шарт.

Бул оорулар тумандатып акыл-эсти, көзүңдү,
Бир нерсени эки дешке мажбур кылат өзүңдү.

Өзүмчүлдүк кошулганда даана бүтөт ишибиз,
Анда  эле биз турмуштагы шордуу, сокур кишибиз.

 

* * *

“Сүйбөгөндүн жөнү бөлөк, — деди Лайли, — көзү көр,
Сулуулукту байкаш үчүн өзүң мажнун болуп көр.

Көздөрүңдө жаныш керек анын чачкан жарыгы,
Жүрөк дайым мен деп согуп, өрттөп сүйүү жалыны.

Колдорумдун илебине жаның ызып, мас болуп,
Соолугууну азабым деп, каның кызып, мас болуп.

Махабаттын бешигинде термелбеген чынында
Бейиш төрүн көрө албаган жаралган бир чымын да.

Кандай рахат махабатта соолукпаган мастыгың,
Сүйбөй сопсоо жүргөндүгүң — өз бакытыңа кастыгың.

 

* * *

Сендейлерге боорум ооруйт, кантип болбойт кейишке?
Көңүлү кош, муздак неме жете алабы бейишке?

Кол кириндей убактылуу нерселерге умтулган
Өмүрүндө уткан эмес, дайым эле утулган.

 

* * *

Дегелечи, жанды жанга жакын кылган тил эмес,
Сөз сүйлөбөй туруп деле түшүнүшсө болот тез.

Кээде жагдай көп нерсени эске салып түшүрөт,
Карап турсаң индус түрткү тилсиз эле түшүнөт.

Бирин-бири түшүнүшпөйт эки жердеш, айылдаш,
Аяк жагы чатак болуп, токмокту жейт айрым баш.

Унутпайлык, тилден бөлөк ишенич тил бардыгын,
Ал бек байлап жакындатат адам, айбан, баардыгын.

 

* * *

Бирдемени чала билген даанышманбы? Ал өзү,
Кемечимин деп ойлогон мас чымындын дал өзү.

Андайдын сен кебин уксаң кетип калат айлаң бат,
Кеби анын ашаткыдай жүрөгүңдү айлантат.

 

* * *

Биз, адамдар, терең ойлоп, качан көздү ачабыз?
Айткылачы, кимден, кайда жашынабыз, качабыз?

Өзүбүздөн жашынууга келбейт биздин алыбыз,
Теңиримден андан бетер качалабы жаныбыз?

 

* * *

Азаптууну дос эстесе муңун катып ичине,
Жондон оор жүк кулагансып жыргай түшөт кичине.

 

* * *

Ооздон чыкан сөз – жебедей, аны менен ойнобо,
Зуулдап жөнөйт, баш ийбейт ал, кайрылат деп ойлобо.

Күч алганда көчкү жаман. Тилсиз жоо деп саналар,
Жолу буулат алдын ала колдонгонго чаралар.

 

* * *

Элдин тили – темир экен. Ичтен чыккан сөзү го,
Темир тийсе от чыгарган кайрак таштын өзү го!

Ортосуна бүлүк салба, сүйлөймүн деп каяша,
Мактанып, же кылайын деп жөн эле бир тамаша.

Сөз эң күчтү, көңүл музун эритип ал, жаз болот,
Тежиктенсе ишиң бүтүп, коркунучтуу саз болот.

Капкараңгы болсо дагы ак пахталуу талаага
От жакпагын, баарын өрттөп, учурайсың балаага.

 

* * *

Орду жок сөз зөөкүр жана зулумдардан жаралат,
Кескин сүйлөп, эл жүрөгүн үшүтүшөт жаралап.

Өлгөндөрдү тирилтүүгө кудурети жетчүүдөй,
Дүйнө жүзүн чөлгө айлантып, тыйпыл кылып кетчүдөй.

Бир убакта бир сөз менен бирдин көөнүн ток кылып,
Койсо болот экинчисин баш көтөртпөй жок кылып.

Өмүр салган кыя жолдон басып, андан өткөнчө
Токтоо болгун бардык иште, сөз сүйлөрдө бөтөнчө.

Кызыл тилден уусу менен балы кошо тамат дейт.
Макоо болсо балакетти тилден гана табат дейт.

Тилим менин, сенден дайым көрсөм дагы зыянды,
Айтканыңды эки кылбайм, көңүлүңдү кыямбы?

Үйгө толгон ырыскымсың, аткан аппак таңымсың,
Сен – жазамсың, күл калтырбай өрттөп салчу жалынсың.

Асыл жандын эң сүйүктүү жакынысың, пирисиң,
Кээде анын оору-сыркоо, жууса кетпес кирисиң.

Сызга салган азабымсың, куттуу үйдө төрүмсүң.
Бейиш багы, жыргалымсың, кордугумсуң, көрүмсүң.

Эл ортосун бириктирген мыкты, күчтүү куралсың,
Жан дүйнөмдү акыйкаттан бөлүп турган дубалсың.

 

* * *

Чөгүп бара жаткан адам өлүм менен арбашат,
Жанталашып жок дегенде бир тал чөпкө жармашат.

Суудан колун чыгарат ал, моюн бербей анда да,
Деген ойдо: — бирөө көрүп келе калар жардамга.

Иш ордуна келбесе да бутак сынып, таш тийип,
Көз жаш төгүп алганың оң кол тартканча баш ийип.

“Туугандарым белги берип, айтышыптыр:-“Байлаба,
Капасыңа сен өзүңдү, бошойм десең, сайраба!

Баалуу болсоң, ошончолук капас бекип, ачылбайт,
Жакшы көргөн кушун эч ким оңой-олтоң качырбайт”.

 

* * *

Ийне ачуу, оорубай да койчу беле ары жок?
Чыдамкайлык – мыкты дары, андан өтөр дары жок.

Менменсинүү, бой көтөрүү илдет жанга тийбесин,
А болбосо, тагдыр саят далай ачуу ийнесин.

Мансабыңа чиренбегин, турмушуңда токтоо бол,
Бир ошондо дайын сага түптүз, кенен даңгыр жол.

Андай дартка чалдыкпасаң кут, ырыска толгонуң,
Жер үстүндө, ай-ааламда тең падыша болгонуң.

Билим жаккан шам чырактай өчпөй күйүп, жанат го,
Өчүрбөстөн, кылымдарга чындык сактап калат го!

 

* * *

Илгертеден, мурас сөзүн калтыргандай бабалар,
Куулук өзү – акыл жана эрдик менен барабар.

Бул турмуштун ачуу-таттуу, жаман-жакшы жагы бар,
Ошолордон сабак алып, өрчүгөндүн багы бар.

 

* * *

Турмуш толкуп ташыганда өч алам деп бириңден,
Чөкпөй аман калгандыгың артык илим-билимден.

Суу тирүүнү ылдый тартат, таш байлатып салгандай,
Өлүк чөкпөйт, чөкпөстүктү энчисине алгандай.

 

* * *

Таза жүрөк – тунук күзгү, буйруп койгон энчибиз,
Чексиздикти чагылдырган, биздин анык кенчибиз.

 

* * *

О даанышман, ар нерсени айра билгин оболу,
Окшоштукка алданбагын, жаңылганың болобу?

 

* * *

Кеби анын кең жайылган суунун өзү шар аккан,
Анык деңиз десе болот берметтерди жараткан.

 

* * *

Куран китеп күнгө окшоп чачат бизге жарыгын,
Ал аркылуу биз тааныйбыз жолдун туура, аныгын.

 

* * *

Белгилүү ал: бир карасаң – сөз мүрөктүн сусундай,
Жанды сууруп, бирде анык жыландардын уусундай.

Сөз ишиңди оңогондой, тескерленсе талкалайт,
Сырдуу парда далдоосунда жан дүйнөңдү калкалайт.

Ал парданы ачканыңда же бакытың куш келет,
Же кайдагы ойлобогон балекеттер туш келет.

Ар бир сөздөр анык байлык, тактап айтам кайталап,
Болгондо да аны деген уулу жылан кайтарат.

 

* * *

Чынын айтсам, табыптарга көрүнсөңчү кармалбай,
Баш айланткан сасык жыттан кутулсаңчы арданбай.

 

* * *

Өмүр өтсүн деп ойлосоң бак, дөөлөттө, өрнөктүү,
Турмушуңда битке өчөшүп өрттөбөгүн көйнөктү!

 

* * *

Кемчилик көп болсо дагы эч билинбейт өзүңө,
Алаканга салгандай ал бөлөктөрдүн көзүнө.

 

* * *

Адамзаттын баардыгы эле казган баалуу кен эмес,
Мыктыларда кемчилик бар, жалаң гана мен эмес.

 

* * *

Жакшылыкты жасап кээде коркуп тозок отунан,
Тигил жакты эске салып жазганыбыз сотунан.

Акыйкаттын түпкүрүнө жетмек элек бир кирсек,
Көз умачтай ачылмак-ов, өлүп, кайра тирилсек.

Мөңгү эрип, кыялында сайга барып толсом, дейт,
Андан ары агып жүрүп дайра,  деңиз болсом, дейт.

Дейт пайгамбар: “Ар бир пенде (жашап жатып аларың) –
Акыретте гана билет кандай үлүш аларын.

Өмүрдөгү жакшы, жаман иши үчүн эмесе,
Алар толук өз энчисин алат кайрып он эсе!”

Кенен болуп, кээде төгүп, чачылабыз, айтаар кеп: —
Үмүттөнүп, жакшылыктын акыбети кайтаар деп.

Белек эмес баалуу бермет – акыл чебин ураткан,
Ал керемет, тапкандардын көңүлдөрүн жубаткан.

Ошондуктан жакшылыкты жасап жатып бирөөнө,
Андан пайда өндүрөм деп батпа терең күнөөгө.

Берешендик-наркын билсең – айтышкандай бабалар
Битир эмес, алмаштырган нерсе менен барабар.

Берешендик ишти, — демек, — айта турган ачык сөз,
Жасап жаткан колдор эмес, көрүп, билип жаткан көз.

Орус тилинен которгон Кубанычбек Басылбеков

Соц тармактар:

Добавить комментарий