«Башчы акылман болбосо, башка журт менен тең болбойт…»

Келаткан жаңы жылың менен Кенжебек уулум!
Жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун.
Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «Назар» гезитиңердин санын калтырбай окуйм.
Бөрү замандагы элдин көкүрөк көйгөйлөрүн чагылдырган гезитиңерге мен да бир ой-пикиримди жөнөтүп жатам.
Эгер ылайык тапсаңар, балким жарык көрүп калса 80 жаш курагымда бир жеңилдей түшөт белем.
Редакция жамаатына аскадай бекем ден-соолук, арчадай жашыл көңүл, дайрадай узун өмүр берсин деп, ак дилден автор.

«Кылычынан кан тамганды, сөзүнөн бал тамган жеңиптир»-дейт казак макалы. «Тилиң барда тил дөөлөт, тирилигиң бир дөөлөт» дейт кыргыз элде.

Адам өмүрү кыска, кыска өмүрдү урматтап сыйлаган улуу адамдардын айткан акыл-накыл сөздөрү нуска. Сөз өмүрдүн гүл азыгы.

Жанга жагымдуу, кулакка угумдуу, бойго сиңимдүү сөздү көптү көргөн көсөм, ой-туюму терең, дүйнө таанымы кенен, акылы күзгүдөй тунук адам гана айта алат. «Сөз сүйлөсөң так сүйлө, элек сөзүң эм болот, андан жерге кут конот», «Сөзүң өлгөнчө, өзүң өл» дейт элде. Сөз карыбасын, үн талыбасын. Нускалуу сөз дөөлөт. Ал адамдын керт башына урмат сый алып келет, зоболосун көтөрөт, укум тукум урпактарга тарбия-таалим калтырат.

Улуулук нускалуу сөздөн билинет. Даана айтылган акыл накыл адамдын ажарын ачат, артында өлбөс-өчпөс кеп калат.

Бир эле улуу адамдын ысмы элди, урууну, улутту башкаларга таанымал кылат, нарк-насилин, каада-салтын көтөрөт. Андайлар өз доорунун көрөгөч, акылга дыйкан, ак-караны ажырата билген, келечекти даана сезген, каным элиме азык болсун, денем элге казык болсун деген Алла сүйгөн адамдар го.

Ошол кудайдын кудурети менен жаралган улуу кишилердин сөз кадыры эл тагдырын чечип келген. Бүгүнчү? Тартыштык жанга батып, жокчулук жондон ныгыра басып, күнүмдүк көр тирликтин азабынан алдуу-белдүү жарандарыбыз алды алдынан тарап, башка жер, бөтөн элде уулдарыбыз кул, кыздарыбыз күңгө айланды.

Узунубуз үзүлүп, кыскабыз сүзүлүп туңгуюкка баткан каар заман кайдан келди? Аны кайсы кудайдан жөө качкан, каргышка калгандар жасады? Себептерин айта берсе миң карагай, сан токой.

Кошоматчы жагынпоз паракорлордун, ушакчы кыянатчылардын доораны сүрүп турган кез. Намыс кайда? Ар кайда?

Жагынып, жасакерленүүнүн да ченем чеги бар го. «Жамандын коногу билет» дейт кыргызда.

Касиеттүү кыргыз жери ары өткөн, бери өткөн сүткор соодагерлердин тебелеп тепсеп булгап туруучу кербен сарайы эмес да.

Жан айласы, жашоонун кыйын кыстоосунан улам, киндик кан тамган жерин, туулуп өскөн ата конушун таштап, башы оогон жакка миң сандап тарап жатат жаштарыбыз. Бүгүнкү ыйман ыдыраган хаос турмушта укпаганды, ойдо жокту көрүп туруп, бу биз эмне болуп баратабыз, кайда баратабыз? Жолубуз барбы? Ким баштап баратат? деп ишенимден ажыраган калктын башы туман.

Ойлойсуң, ойго батасың: -Кыргыз, кыргыз болгону, кыргыз атка конгону кылымдар бою эркиндик эгемендикти эңсеп келген. Кастарын тиккен кас душмандын күчтүүсүн да, башкасын да жеңген. Кандуу кармаш,эрөөлдөрдө эл башчылары акыл уютуп, кеңешип кепке келип, биримдикке ынтымакка үндөгөн. Баатырлар, эр бүлөлөр ар намыс, ата журт үчүн каны жанын аркалап, каны көөкөрдө, башы канжыгада болгон.

Мына ошол зарыга күткөн күнкөрсуздук, көзкаранды болбой өз алдынча эркин жашоо эгемендик кыргыз улутуна каршылашкан кармашы жок, кан төгүүсүз өзү келди, кудай берди. Баа жеткис бактыбыз бар экен, эки тизгин бир чылбыр колго тийди.

Бирок, эгемендик эл күткөндөй болгон жок. Теңирден тескери кетти.

Өзү келген эркиндиктин наркын жеткире түшүнгөн ою терең, өрүш дүйнөсү кенен, улут дегенде ичкен ашын жерге койгон жетик, каны таза, айтканынан кайтпаган кашкөй жетекчилерден арабөк калганыбыз арман күүгө айланды. Көрсө «эркелеткен» эгемендиктин да ары жагында эсти оодарган көмүскө түшүнүктөр итабар экен. «Балык башынан сасыйт», ит турмушту багы жок кыргыз мойнуна көтөрүп турат.

Доордон доорго, кылымдан кылымга, атадан балага келаткан акыл, асыл сөздөрдү бабаң кыргыз көп айткан.

Уккан жанга улуу сөз, укпаганды темтеңдеткен кайран көз да, бошко кеткен кайран сөз. Кыргызда акыл сөз, көрөгөч көз кылымдар ашкан ташка тамга баскан.

Эмесе сөз кадыры менен журт тагдырын чечкен көл өрөөнүнө чыккан акылман айкөл акелердин асыл сөздөрүнө мисал келтирейин. Анткени, акылдуу кетет дүйнөдөн сөзү калат сүйлөгөн.

«…Жоо бар жерде жоболоң, ырк кеткен жерде тополоң. Жоо аябайт, жаш карыңа карабайт. Жоо азабынан эл кайда барбады. Биримдик болбогон тирилик курусун. Чачкын болсок чабылабыз, бир балээге кабылабыз.

Бүтүн болбосок бөлүнөбүз, санаасы бузукка бүгүлөбүз» дешкен, көл бийлери Бугу элине башчы тандашат. Эл билермандары ар кандай ойдо болушуп акыры: Карга бийдин оюна токтошот.

Анда Карга аке:

— Андай болсо мен оюмду айтайын. Бу адам баласы азаптан акыл үйрөнөт, билермандарым. Биримдиги жок, чилдей тараган ырксыз элди душман четинен кырып салат. Билегибиз күчтүү болсо да тилегибиз бир болсун. Быжыраган майда бийлер болгонубуз биздин чабалдыгыбыз. Бир баш ийген чоң бийлик болбосо болбойт. Көлгө бир башчы керек. Бир башчыга баш иели. Жети өлчөйлү да бир кесели. Ал үчүн жүрүшү түз, жүрөгү таза, калктын кадырына жеткен, бардык ишти калыс чечкен, ар урукту баш коштуруп бел кылган, жалгандан чынды бөлө билген, адилеттүү, эки сүйлөбөгөн эстүү, тектүү башчынын тандашыбыз керек.

Казак туугандардын султанындай султан күтөлү. Байкап тандайлы, артында оозду кармап өкүнүп калбайлы. Өзүмчүл болбосун, өзүмчүл өрттөн жаман. Өзүмчүлдүн өчү көп болот, журт бузулат. Элден ынтымак, ырк кетет, тазаны тандайлы-деп Мендегул уулу Боромбай манапты Бугу элине султандыкка шайлашат.

«Боромбай жана Төрөтай» (122,143-бет).

Ошентип Боромбай бийликке келгенден кийин нарк сактаган кеменгер Карга аке акбоз жорго жетелеп келип:

Э, Боромбай султаным!
Бийликтин күчү бримдик,
Биримдиктин жогунан,
Калмактан качып бүлүндүк.
Жолубуздун башчысы болдуң,
Журтубуздун сакчысы болдуң
Ак урук элди курап ал,
Адилеттүү сурап ал.
Узун карап тең сана,
Баарына бирдей кең сана.
Сен түндүк биз уукпуз,
Бирде жылуу, бирде суукпуз
Кар эрибей сел болбойт,
Башчы акылман болбосо,
Калк жыйылбай эл болбойт.
Башчы акылман болбосо,
Башка журт менен тең болбойт.
Хан караөзгөй болсо өлгөнү,
Өзүн өзү тирүүлөй көмгөнү.
Жакыныңдан алыс бол,
Жалпы журтка калыс бол.
Жериңди сакта,элиңди сакта,
Элдин үмүтүн акта.
Калкыңды өмүрүң өткөнчү билип жүр,

Мына бул боз жоргону минип жүр,-деп азил чыны айтып бата берген экен. Деги эле касиеттүү Ысык-Көлдөн жан дүйнөсү чалкып жаткан деңиз, телегейи тегиз, өзүнө караганда элдин кызыкчылыгын жогору баалаган айкөл аалымдар өткөн экен.

…Арык-Белек тукумдары нааразыланышып, чабыша турган болгондо Арыктын аксакалдары Сарт акеге кайрылышат. Сарт аке белектен Тилекмат акени, Солтонкул байды, арык тукумунан Токсобаны чакыртып белектин 105 жашка барган карыпчысыныкына барат.

Төшөк тартып калган карыя учурашкандардын аты жөнүн сурап:

— Сартты-акылдын ээси,
Тилекматты-сөздүн ээси,
Солтонкулду-малдын ээси,
Токсобаны-элдин ээси,-деп атап, чакыртып келтире албаган адамдар турбайбы, конок камын көргүлө дейт.

Аксары башыл жетелеп келгенди кайра артка кайтарып, кысыр эмдүү тай союлат. Улуу сөздүн учугу уланып, не деген жан эриткен жатык кептердин сыры ачылып, чер жазышат. Ал түнү өргүп, жайланышып жатып калышат.

Арык-Белектин чатагы тууралуу бир ооз сөз айтылбайт. Аттанаар алдында:

— Мындан ары көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү, ал кудайдын колунда. Арык-Белек уруусунда сизден улуу карыя жок. Эки урууга батаңызды берип коюңуз,-дейт Сарт аке. Ак сакалын жайкалткан алакан жайып:

— Уучуңар узарсын. Жараткан ынтымак берсин. Бир туугандар арасында муздак жел жүрбөсүн-деп бата тартат. Келатып Түп суусунун боюна ат чалдырышат. Ошондо Солтонкул:

— Эрөөлдөшүбүз дегендерге эми эмне дейбиз. Олда Сарт аке ай, эми батаны аттай албай калдык да дептир. (К.Асанбеков «Ысык-Көлдүн жети акеси»58-59-бет). Терең ой менен айтылган кары адамдын батасын эки дебей ыйык тутуп эки чабышпай калган. Болбосо бейкүнөө элдин катуудан казаны, жумшактан күлү калмак, кызыл уук болмок!

… Сарбагыштар Ормон хандын кунун кууп, Бугу элин чаап алыш үчүн кырк күлүк айдап, казак башчысы Тезек төрөгө кол сурап барышат. Бугу элинин сөз ээси Тилекмат барып, айласын таап Тезек төрөгө кезигет. Сөздүн ыңгайын келтирип, Ормон хан казак Кененсарыны, Орузбайды Токмоктун сазына камап өлтүргөнүн айтып, Сарбагыштарды кайра кубалатат.

Төрөтай сулууну Тезек төрөгө берип, Бугу элин алааматтан коргоп калат.

Акылмандын өз учурунда ташка тамга баскандай таамай айтылган сөз кадыры эл тагдырын чечип коёт тура. Тилекмат акенин айлакер элчилигинен жана бир мисалды айтсак…

… 1883-жылы «Щинжан» Кытай өкмөтүнүн башчысы көлдүк кыргыздардын өкүлүн чакыртат. Текестен жылкы тийген доо менен Бугу кыргыздарын түп оту менен жоготууну эскертет. Бугу жакшылары кеңешип, бул чакырыкка Боронбай Султанды эмес, көрөгөч көздүү, тилинен бал тамган Тилекматты аттап-тондоп жөнөтүшөт.

— Бугулардын ханы жок, ээнбаш эл деген калмактардан арыз түштү, жооп бериңиз дегенде, Тилекмат катты колуна алып, сабатсыздыгын билдирбей окумуш этип, салмак менен баш чайкап, сыпайы жылмайып, хан күбөлүгү менен кошо даярдап алган түшүнүк катты берет. Катта көлдүк кыргыздардын өз оокаты өзүнө жетээрин, тартип сактаган нарктуу калк экенин билдирген маалымат менен кошуна менен жакшы мамилени күтүүнү жактырган түшүнүк бар эле.

Тилмечи окуп чыккан соң маңыя бектерин чакыртып, кыргыздар менен жылуу мамиледе болууну билдирип, кымбат баалуу баш кийим кийгизип, сыйлап узатат. (К.Ачикеев…»Тилекмат», тарыхый очерк, 69-бет)

1823-жылы Кокон хандыгынын беги көлгө келип, Тамгага сарбаздарын жиберип Бугунун ханын чакыртат. Мында да Тилекмат Боромбайдын ордуна барып, ишти кынтыгы жок бүтүрүп, «Бугу элинин ханы» делген Кудаярдын мөөрү басылган күбөлүк алган. (А.Иманов ХVII кылымдын экинчи жартысы-ХХ кылымдын башындагы Ысык-Көл ойчулдары, агартуучулар 87-бет)

Сарт аке Тилекматты: «Тилешим бактылуу адам. Ал калайык калк үчүн жаралган. Аны карегимдей, жүрөгүмдөй баалаймын. Ал барында телегейим тегиз, деним таза, жаным жаннатта»,-деп баалаптыр.

Тилекмат акенин даанышмандыгын, адамкерчилигин, жөнөкөйлүгүн, алыс жакынды тең караган айкөл ишкерлигин бийик баалап, эл аны «Баатыр элчи» атаган.

Тилекмат аке эл тагдыры үчүн тарых билбеген татаал сыноолорго өз өмүрүн бетме-бет койгон пайгамбар сымал киши экен. Чукугандай сөз таап, жанда жок чечендиги менен бет маңдай сүйлөшкөндү кайдыгер калтырбай ийментип, ийге келтирип салчы экен.

Ич тардык, көралбастык кудайдын каарына калган адамдардын кан-жаны менен кошо жаралса керек. Жалган дүйнө сыноо экенин эске албай байлык менен бийликти кумар туткан, эл тагдырын ачкөздүккө алмаштырган ошол учурдагы Зарыпбек баш болгон төбөлдөр чыккынчылык чагымдап, жалган жалаа менен абакка каматышат.

Ак жеринен караланган Тилекмат аке акталып, Верный (Алматы) түрмөсүнөн чыгып келаткан жолдо көзүнө «парда тагылган, жүрөгүнө кулпу салынган көралбастар» үзөнгүгө уу тагып набыт болот.

Түз сүйлөп, кара кылды как жара бетке айткан, эл тагдыры үчүн каны-жанын аябаган Садыр аке өткөн экен бу жалгандан.

Атагы ааламга тараган Муктар Ауэзов Садыр аке жөнүндө:

— Ашкере калыстыгы менен казак, кыргыздын кан казысы болду. Адам бүткөндөн мындай адамды көргөн эмесмин. Сүйлөгөндө эки колтугунан эки жолборс чыгып тургансып, укканды сестентип желпинип сүйлөчү эле,-дейт.

Ал киши бет алган сөздүн бели сынып, жообу тилинен ыргып кете турган. Каргаса каргышы, жалгаса алкышы сая кетпеген олуя киши экен,-деп баа берген. (Акмат Карыбай уулу «Кыргыз Туусу» 1991-ж. 214).

Садыр аке туурасында эл арасында айтылып жүргөн санжыра санаттарга кайрылсак: 1865-жылы ак падышанын Жети- Суудагы акимчилигинин буйругу менен өткөрүлгөн чоң жыйында Кокон ордосу Байтик баатырдан кун доолаган арызы каралат.

Ошондо Садыр аке: — Катынпоз Кудаярдын күчүгү Рахматулла кутурган кырк чоросу менен шарактап шапар тээп жатканда Байтик баатырды тыйпыл кылып койгону Кудаярдын мазактоосуна жараша өч алуу деп эсептейм. Бул кылыгы үчүн Рахматуллага кошуп Кудаярдын башын кесип, тукум курутса болмок.

Адилет сөзгө жүрөгү жылый түшкөн Жангарач бий ыгын таап бералбай жаткан алтын жамбыны Садыр акенин жеңине солоп жибергенде:

— О-о, кокуй десе, ушундай белең?! деп жеңин силкип жиберет. Алтын жамбы жерге ыргыйт.

— Бий аба, жамбы берип булгайын дедиңби? Угуп туруңуз; жалган дүйнөдө үч артыкчылык бар. Алар: өлгөндөн туяк калган артык, атанын аты өчпөйт. Элге пайдасы тийбеген падышанын ак сарайынан, жардынын жаман алачыгы артык. Элдин эмгегин жеп тойбогон жолборстон жөргөлөгөн чычкан артык.

Дубандардан чогулуп келип жыйынга катышкан эл жакшылары Садыр акенин калкка айткан сөзүнө муюп тарашат.

Садыр акенин ак-караны ажырата айткан, бутага таамай тийген адил сөзү акылмандын ажарын ачат, керт башына кадыр-барк алып келет.

Күндөрдүн биринде сан жылкылуу Сарыбай байдын атасы Солтонкулдун ашы өткөрүлөт. Ашка кабар жеткен жерден түп көтөрүлө эл чогулат. Аштын көркү ат чабыш. Ат чабыштын байгеси эсепсиз болот. Жарышта озуп чыккан сай күлүктүн ээсинин атагы алыска тарайт, даңкы даңазаланат. Байгеге коюлган малга туйтунат.

Ошол учурда Чыныбайдын байбичеси Телегей күйөөсүнүн тор кашка аргымагын ашка чабууга көптөн бери чыгаан саяпкер Молдоканга таптатып жүргөн. «Эртең ат чабылат» деген кабарды уккан Телегей Сарыбайга келип:

— Агаңдын арбагын сыйла. Конокторду бир күнгө токтотуп, атты бүрсүгүнү чап. Ошону сурап келдим. Алаарыбыз байге эмес, намыс. Эгер бүрсүгүнү ат чабылса баатырдын тор кашкасы чыгат. Бир күнкү сууту калган.

Чыныбайдын арбагын козгогон Телегей байбичесинин сөзүн кыялбай ат чабыш бир күнгө узартылат.

Бул сөздү уккан Баякенин кучунашы кармап, жинденип жоопко келбей аттанат. Шабдан баатыр Баякенин тилине кирет. 40-50 дөй жаракатуу сарбоздору менен жаңы эле бастырган Шабдандын астынан Садыр аке торой чыгат да:

— Кылжырдын бир тукуму аш берсе, экинчиси аттана качса бул эмне деген жорук!

Кечээ ордодон чүкө талашып, бирөөң кулак кесип, бирөөң курсак тешип журтка бүлүк салган жаңжалдан айыкпай жатып бул эмне кылганың?! Же мени арага түшсүн дедиңерби? Мен эле керек болсом башым мына, канжыгаңа байлана кет,-деп аттан түшмөк болгондо Шабдан:

— Ой, айланайын Садыр аке, таманыңызды жерге тийгизе көрбө! Баякенин капа болгонунан аттанып калдык эле.

Баяке, сен мени Садыр акеге уят кылып таштадың тарткыла кайра дейт.

— Бугулар атты эртең чаппаса мен барбаймын,-деп көгөрөт Баяке.

Ошондо Садыр акенин каары бетине чыгып:

— Эй, Баяке, аты байге албай калса оокаты өтпөй калабы? Эл кадырманы Шабдан сен өңдүү бир кесирдин айынан хан башын кайраңдап кете турган кандай акысы бар экен?

Ойдо жорукту баштап, чыр чыгарганы келген эмессиң!

Бул ашка Кытайдан келген Жаңыл бар, капкайдан келген казак бар. Ордодон келген ногой бар. Ханы Шабдан таарынып кетип калса калың кыргыз кандай кепке калат. Ага-ининин ажатын ачкандай сен кимсиң?! Тезек төрө тебетейин ыргытып күлбөйбү?

Кыргыз намысы кайда? Аттан түш да, жайыңа барып сыйыңды көр!

Мына окурман, көрсө азыркыдай кабат-кабат кагаз жазылып аткарылбай калган мыйзамсыз эле, кыргыз эли сөз кадыры, сөз куну менен биримдикте жашап, ынтымагы ыдырабаптыр.

Алысты көрө билген акылман жүйөөлү сөзгө муюшкан, макул тапкан. Улуттук дөөлөт, руханий мурастарды аздектеп туу тутушкан.

Француз ойчул жазуучусу: «Ата мекенди сактап калыш үчүн бир эле улуу адам жетиштүү болот» деген. Кыргызда «көп суур ийин казбайт, ийин казса кең казбайт» дейт.

Эгемендикке ээ болгондон бери үй-бүлөлүк «жабыла башкаруудан» кыргыз эмне деген кордукту көрбөдү?!

Ушул жерде Ата мекендик согуш эрксизден эске түшөт. Узакка созулган кандуу согушту И.В.Сталинсиз элестетүү мүмкүн эмес.

Советтик Армиянын жогорку башкы командалык милдети Сталинге жүктөлгөн.

Фашисттик Германия негизинен бүт Европанын согуштук техникасы жана армиясы менен совет өлкөсүнө кол салып басып кирген эле. Ал учурда эч бир мамлекет бул күчкө туруштук бералмак эмес. Бир гана Сталин башында турган совет эли, советтик кызыл армия Гитлердик баскынчылардын тилегин таш каптырып бүк түшүрдү, багынып берүүгө аргасыз кылды.

Азуусуна жете куралданган ырайымсыз ажыдаарды кандай күч, кайсы касиет менен жеңди?

Совет элин эле эмес, миллиондогон дүйнө калкын эзүү менен кулчулуктан куткарып калды?

Көрсө күч бир муштумга түйүлгөн биримдикте экен. бийлик менен ата менен баладай, кыз менен энедей бир тилекте отко, сууга да кайыл болуп Ата Журт үчүн душманга каршы аттанган.

Экинчиден, темирдей катуу тартип болгон. Мыйзамга ылайык берилген буйрук талкууланган эмес, кыйшаюусуз аткарылган.

Сталин душмандын колуна түшүп калган уулу Василийди, колго түшкөн фашисттик генерал Павлюс менен алмаштыруу үчүн Гитлердин сунушуна:

— Солдатты генералга айырбаштоого болбойт,-деп койгон. Согуш учурунда болуп көрбөгөндөй талкаланып, бүлгүнгө учураган эл чарбасын калыбына келтирүүдө: -Арга кайда? деп суроо берип, арга өзүбүздө,-деп жооп берген Сталин.

Колдо болгон каражатты сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланып, биримдикте, күрдөөлдү күч менен иштеп, кыска мөөнөттүн ичинде эл чарбасы кайра калыбына келтирилген.

1953-жылга чейин болуп көрбөгөндөй өсүш жүргөн. 1946-жылдын 1-мартынан баштап, жыл сайын эл керектөөчү товарлардын чекене баасы арзандап турган. Бир кезде Сталиндин эң жакын адамы катары анын колтугуна кирип, мактап-жактап жүргөн Н.Хрущев бийликке келгенде Сталинди жамандап, өлүгү менен көпкө кармашкан.

Акырында Кремлдин Мавзолейинен Сталиндин денесин алып чыгып, өрттөтүп жатканда Уинстон Черчиллдин айткан сөзү бар:

«Сталин чыттын өлкөсү болгон Россияны атом энергиясы менен жабдылган улуу өлкөгө айландырды. Сталин душманын душманына каршы коюп жеңген акылман. Улуу Британиянын парламентинде тарбияланган мен, Сталинге бир да жолу каршы туралган жокмун. Сталин ушунчалык бийиктикте туруп, жанымдагы ыпластыкты көралбай калган»,-деп Лондон шаарынын чоң көчөсүнө Сталиндин ысмын койдурган.

Көрсө улуу сөздү улуу адамдар гана айтып, улут башчысы аталат тура.

Аттиң десең, анын сыңарындай Жогорку Кеңештин трибунасына туруп: «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза» деп Исхак Раззаковдун айткан сөзү бүгүнкү күндө кыргыз эли үчүн аба менен суудай керек болуп турганын карачы, ов!

Сартбай Дубанбай уулу, Улуу Ата Мекендик согушта
тылдагы эмгек фронтунун ардагери,
элге билим берүүнүн отличниги.
Ысык-көл облусу, Аксуу району, Кайырма-Арык айылы,
“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.12.2009 – 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий