«Eurasianet»: Кытайдын синтетикалык боз үйлөрү эгемендүү Кыргызстандын символу катары

5075Кыргызстан: Кытайдын синтетикалык боз үйлөрү кыргыз салтынын беделин кетирүүдө.

Боз үйлөр Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негизги улуттук элементи болуп эсептелет. Муну менен катар  бул кийиз турак жай кыргыздардын көчмөн тарыхын символдоштурат, көзү өткөн адамга боз үйдүн формасында  күмбөздөрдү тургузушкан, Экинчи дүйнөлүк согуштун монументтерин жана эстеликтерин жасашкан, алар ошондой эле улуттук өзүн-өзү  таануусуна жардам берет.

“Ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн боз үйү болушу керек. Эгерде  боз үйү болбосо кыргыз эмес”,- дейт Жайнак Касманкулов. Жайнак, анын апасы жана үй-бүлөсүнүн жакындары Ысык-Көл көлүнүн түштүк жээгинде жайгашкан Кара-Коо айылында тээ совет мезгилинен калган универсалдык магазинде жасап жаткан жеке бизнесинин алкагында жыл сайын болжол менен алты боз үй көтөрүшөт. Касымкулов анын кийизден жана жыгачтан жасаган боз үйлөрүн эч нерсе алмаштыра албайт деп эсептейт.

Бирок көлдүн башка четинде жашаган Анара Болотова эки жылдан бери  Кытайдын Синьцзянь провинциясынан чыгарылган синтетикалык  кездемеден жана металлдан жасалган боз үйлөрдү чегара аркылуу ташып келет. Ал жыл сайын 15  боз үй сатаарын жана иши жакшы жүрүп жатканынын айтты. Кызыл сыр чачкычтан жасалган кызыл оюулар боз үйдүн калайдан жасалган эшиктерин кооздоп турат.Бул боз үйлөр- Кытайдан келип жаткан кымбат эмес импорттук агымдын бир бөлүгү. Кыргызстандын экономикалык жөнгө салуу министрлигинен алынган маалыматка таянсак, 2008-жылы Кытайдын импорту 2003-жылдагы 78 млн.  АКШ долларынан 800% ашып 728 млн. долларга барабар болгон. Салыштыруу үчүн айтсак, Кытайга карата кыргыз экспорту  44 млн. долларга араң жеткен. Бүткүл дүйнөдө  айтылып  жаткан арыз-даттануулардын фонунда, көптөгөн кыргыздар да бүгүнкү күндө  алардын өлкесү кытайдын арзан жана сорту төмөн товарларына толуп кеткендигине нааразы.

Бирок буга карабай көптөгөн кыргыздар кытай өндүрүшүнөн  чыгарылган боз  үйлөрдү жыйноо оңой  экендигин моюнга алышат жана анын таанымалдуулугу күндөн- күнгө артып бара жатат. “Кыргыз боз үйү абдан көңүл бурууну талап кылат”,- деп Болотова Токтоян айылындагы өзүнүн үйүндө биз менен сүйлөшүп жатып. “Аны дайыма жайып, кургатып күбө жегенден сактоо керек. Ал эми жыгачтарын кыйшайып кетпөөсү кароо керек. Кытай боз үйүн колдонуу мен үчүн ыңгайлуу, болгону мен аны кургак жерге коюп коем жана каалаган убагымда  тигип-чечип алсам болот. Чынын айтсам мага анын кайсыл жактан жасалганы маанилүү эмес”. “Мен ыңгайлуусун гана сатып алам. Бул боз үйлөрдү эки киши 20 минуттун ичинде тигип  кое алат. Бул абдан эле”,- жеңил деп кошумчалады ал.

Кытай боз үйлөрүн шаардык орто класска маданий салтты сактоонун бир каражаты катары сунуштап жатышат.” Мурда кыргыздар боз үйдү  көзү өткөн  адамды коюу үчүн гана пайдаланышчу. Азыр болсо эл аны  үйлөнүү тоюнда, үй-бүлөлүк мааракелерде жана конок тосууда пайдаланса боло тургандыгына ынанып калышты”,-дейт Болотова.

Салтуу боз үйлөр кымбат турат. Кадимки модел үчүн анын кийизине эле 100 койдун жүнү керектелет. Кийизди жасоо үчүн жана жыгачын даярдоодо 15 адам, эки айга созулган жумуш жана 5 миң америка доллары талап кылынат. Отурукташып калган үй-бүлө кымбатка турган кыргыз боз үйүн өзгөчө учурлар үчүн сатып алышы арсар, ал эми арзан кытай боз үйлөрүн көбүрөөк колдонуп жатышат.

Чет элден келген боз үйдүн баардык артыкчылыктарына карабай Касманкулов кытай импорту үй-бүлөлүк бизнесине коркунуч келтирбейт деп эсептейт. “Алардын келечеги  жок. Элге мындай боз үйлөр жакпайт, себеби аны көпкө колдоно алышпайт. Ал эми биздин боз үйлөр адамдар үчүн терапия, андыктан аны жогору баалашат”,-дейт Касманкулов. Анын айтымында, болгону шаар жашоочулары же болбосо чет элдиктер кытай боз үйлөрүн сатып алуусу мүмкүн, ал эми сырттан келип жаткан боз үйлөр эки-үч сезонго гана кызмат кылат, ал эми салттуу кийиз боз үйлөр муундан муунга чейин колдонулат.

Болотова кытай боз үйлөрү убакыт сыноосун көтөрө албай турганын моюндады, ошого карабай ал бул үйлөр базарда сатыла бере турганына ишеним артаарын белгиледи.”Бизде  9 жылдан бери тигилип келе жаткан боз үй бар. Баары аны кароодон жана сактоодон көз каранды”,- деп ырастайт ал.”Ал эми биз  боз үй сатып жаткан адамдар аларды жакшы сакташат, ошондуктан биз эч качан уялбайбыз”.

Учурда сыноолор шаардык жашоочулардын кабыл алуусунан өтүп жатат. Бишкектеги үй-бүлөлүк жана башка окуяларда улуттук боз үйдү ижарага бере турган Дамира Сакиева үчүн, чет элдик өндүрүштөн чыккан боз үй- каргыш. Анын  бизнесинин  95%ы- сөөк коюу расмилери. ”Мен биздин кардарлар биздин тейлөөлөр кытай боз үйлөрү менен сунушталса кубанычта болот деп ойлобойм. Алар бизге телефон чалышканда  биздин боз үйлөр тууралуу маалымат уккулары келет”,-дейт Сакиева.”Мен кытай боз үйлөрүнүн учуру эмес деп ойлойм.  Жакын адам өлгөндө, анын үй-бүлө мүчөлөрү татыктуу тажия жасагысы келет. Алар коштошуу расмиси чыныгы кыргыз боз үйүндө өткөнүн каалашат”.

Үч күндүк тажия үчүн боз үйдү 100 долларга жакын акчага Сакиева Бишкектин квартиралуу үйлөрүнүн ортосуна тигүү үчүн берет.”Элдер сөөк коюуда боз үй тигүүнү каалашат, себеби бул кылымдар бою келе жаткан салт. Биздин боз үйлөр-бул кыргыздын кийиз боз үйлөрү”,-деп түшүндүрдү ал.

Ошого карабай көптөгөн улутчулдар кытайдын экспорт  “машинасынан” кооптонушат. Болотованын ишкерлердин кийинки мууну тууралуу берген комментарийи бул тынчсызданууга негиз болуп жаткансыйт.”Биздин кызыбыз Бишкекте кытай тилин үйрөнүп жатат, себеби биз азыркы учурда ишкерликтин басымдуу бөлүгү кытайлыктар менен жүргүзүлүп жатканын  көрүп турабыз”,- дейт ал.

Дэвид Триллинг, «Eurasianet», 11- январь, 2010-жыл
Котормо – «Zpress.kg»

Соц тармактар:

«Eurasianet»: Кытайдын синтетикалык боз үйлөрү эгемендүү Кыргызстандын символу катары: 2 комментария

  • 26.09.2014 в 01:49
    Permalink

    Чындыгында Эле жыгачтан кийизден жасалган бозуй менен жасалма бозуйдун айырмасы чон. Айылдарда кээде темирден тигилген бозуйдо отуруп калсан денен менен тескери энергияны сезесин. Ал темир эмнелерден гана эритилген эмес. Кытайга кеткен кашык табактан баштап, мурзолордун тосмолорунан бери болушу мумкун. Шар суунун боюнда оскон талдын энергетикасына жетеби. Боз уйдун формасы, ички жасалгасы бир Айтып буткус керемет да! Бозуй менде да бар. 2006-жылы чогулткам. Жыгачы Тондон, ички жасалгасы Мургабдык кыргыздардан, тушкийиздери апамдан. Мага абдан жагат кыргызымдын накта бозуйу!!!

    Ответ
    • 26.09.2014 в 15:13
      Permalink

      Арзандыгына, ыңгайлуулугуна ыктай берсек жакында көптөгөн улуттук өнөрлөрдөн, салттардан кол жууп калчудайбыз. Темир боз үй — боз үй эмес! Сырты гана окшош болбосо, маңызы таптакыр башка.

      Ответ

Добавить комментарий