Карамолдо комузун күнүгө баптап турчу…

Кыргыздын кылым арыткан өнөрү — комузчулук. Ансыз эл катары өзүбүздү элестете албайбыз. Бул керемет өнөрүбүздү ааламга тааныткан Нурак Абдракманов, Самара Токтакунова, Зайнидин Иманалиев баштаган комузчуларыбыз бар. Аталган үчөөнү улуу көчтү улаган акыркы «могикандар» деп айтсак аша чаппайбыз. Ушулардын жолунда келаткан учурдун таасын комузчуларынын бири Намазбек УРАЛИЕВ. Ал жүздөн ашык күүнү кемелине келтире чертип, өзү да күү чыгарган чыгаан өнөрпоз. Комузчулук өнөргө жаштарды тартып, атайын мектебин ачкан насаатчы. Комуз чапкан чебер. «Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» демекчи, өзүм өнөрүнө суктанып жүргөн бул адамга жакында жолугуп, баарлашып калган жайым бар эле. Окурмандарга ошол аңгеме-дүкөнүбүздөн азын-оолак суна турайын.

— Намазбек, чоң комузчу-лугуңду билип, бир жолугууга куштар элем. Жашыбыз тең экен, сиз дешмей жок. Айтайын дегеним, бу комуз жарыктыгың ар кимге эле ачыла бербеген сырдуу дүйнө окшобойбу. Кыргыз болгондон кийин менин деле комузум бар. Далай ирет башыма жаздап жатып, үйрөнөйүн десем деле майнап чыкпады. Деги кантип «кыл тырмап» калганыңды айтып берчи?

— Бул эми табигый шыктан, айлана-чөйрөнүн таасиринен болот окшобойбу. Биздин көлдөгү Кожояр айлы эзелтен шайыр, өнөр сыйлаган эл. Чоң атам Уралы комуз кармай койгон ышкыбоз, өнөрпоздорго жакын, өзү жылкычы болуп дайыма тоодо, көңүлү көтөрүңкү жүргөн адам эле. Үйүнө Саякбай, Карамолдо, Ыбрай, Мыскал, Болуш Мадазимов өңдүү залкарлар көп келишчү экен. Кичине чагымда Карамолдо келип мени астына алып отуруп, «ушул балаң мендей комузчу болсун» деп батасын бериптир. Балким ошонун дагы себеби бардыр. Айтор, жерден боорумду көтөргөнү өзүң айткандай «кыл тырмап» келатам.

— Кийинки кезде улуу комузчулардын салтын улап өнөр ооштуруп, жаштарды тарбиялап келатканыңды жакшы билебиз. Шакирт күтүү сыймыкпы же оорчулугу барбы?

— Кайдан оор болсун. Талпынып турган жаш бала атайын ат арытып алыстан келип, комуз үйрөнөт элем деп үйүңө түшүп отурса, сыймык эмей эмине. Азыр айылда беш балага комуз үйрөтүп жатам. Бир катар күүлөрдү үйрөнүп, мени кубантып калышты. Быйылкы эле жайкы каникул учурунда Кочкор, Жумгалдан ээрчишип эки бала келиптир. Жай бою үйүмдө жүрүп, күү үйрөнүштү.

— Намазбек, комуз да чаап жүрөсүң. Айтылуу комузчу Нурак Абдыракманов дагы комуз чабат. Бирок, Карамолдонун комузундай деңгээлге жете албай жүргөн арманын угуп калып жүрөбүз. Комуз чабуунун сырынан бөлүшпөйсүңбү?

— Карамолдонун комузун чертип көрдүм. Тембри күчтүү, үнү өтө мукам чыгат экен. Ал эми Токтогулдун, Атайдын, Коргоолдун комуздары окшош, үндөрү саал басыраак. Бирок өтө так сүйлөп, тембри күчтүү. Атайдын Чалагыз чапкан айтылуу «Ак боору» композитор Акимжан Жээнбаевдин колунда. Аны да байкап көргөм. Эми комуздун чарасын канчалык кеңейтсең үнү ошончолук коңур, бийик чыгат. Ал эми чарасы кичирээк болсо тунук, так сүйлөйт. Кимге кандай комуз керек болсо, айтканына жараша чаап берем. Бу комуз деле бакканга жараша кызмат кылып берет. Айталы, Карамолдо комузун күндө баптап, тазалап, кылын алмаштырып турчу дешет. Комузга андай мамиле кылбасаң таарынтып аласың. Так сүйлөбөйт. Ошондуктан дайыма дайындуу жерге илип, койдун майы менен майлап туруу керек. Ысык жерге коюуга же суу тийгизүүгө болбойт. Бүгүнкү күндө капрон, волокно кошулган музыкалык кылдарды пайдаланып жүрүшөт. Бул жакшы эле болот экен. Үнү жакшы чыгат. Үзүлбөйт. Бирок, кара койдун ичегисине кайдан жетсин. Ак койдуку жарабайт.

— «Ат жалына казан аса салганыңа» ырахмат, Намазбек. Ылайым эсен болуп, кыргыз өнөрүн кыр ашыра беришиңе окурмандардын атынан тилектештик айтабыз.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий