«Манасты кайрып бериңиз!»

Кыргыз Республикасынын Президенти К.С. Бакиевге

Урматтуу Курманбек Салиевич!

«Манас» дастанынын ЮНЕСКО тарабынан Кытай Эл Республикасынын энчиси катары каттоого алынышын кыргыз эли чак түштө түшкөн чагылгандай кабыл алды. Жалпы коомчулуктун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн «кыргыздын касиети, куту болгон Манасыбызды кытайларга ушинтип оңой эле тарттырып жиберебизби?» — деген тынчсыздануу — нааразылык каттары жалпыга маалымдоо каражаттарында көп эле жарыяланып жаткандыгын байкап, көрүп турсаңыз керек. Интернеттеги төмөнкүдөй маалыматтардын көбөйө башташы, ансыз да араң турган коомчулукту ого бетер козутууда. Мисалга, кытайдын «Жэньминь жибао» он-лайн газетасына жарыяланган көп маалыматтардын бирин келтире кетели (06.01 2010). Анда мындай деп жазылат: «Манас» вместе с «Гэсэриадой» и «Джангаром» называются тремя эпосами национальностей Китая. «Манас», главным образом, распространен в Кызылсу — Киргизском автономном округе, в степи Текес, в других районах компактного проживания киргизов в Синьцзян-Уйгурском автономном районе (СУАР, Северо-Западный Китай), а также в Кыргызстане, Казахстане и Таджикстане». Маалымат кандай өңүттөн берилип жаткандыгы комментарийге муктаж эмес экендиги көрүнүп турбайбы.

Маселе ушундай коюлуп жатканда КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Маданият агентчилиги «Манасты» эми эки мамлекеттин атынан чогуу каттатууга келишим түзүп атабыз»-деп атышы кудайга жагабы? Анда титулдук кыргыз калкынын атынан Кыргызстан деген эгемен мамлекет болуп тургандыгыбыз кайсы? Мисалы, биз кытай маданиятына тиешелүү «Дао дэ Цзин» же Конфуцийдин чыгармаларын «Кыргызстандыкы» деп жаткан жокпуз го. Кытай мамлекети андайга жол бермек да эмес.

«Манас» эпосу биздин ата-бабалардан мураска калган, баа жеткис байлыгыбыз экендиги талашсыз. Ошол эле БУУ 1995-жылы эпосубуздун 1000 жылдыгын өткөрүүгө шарт түзүп, бүт дүйнө элдеринин алдында «Манас» кыргыз элине гана тиешелүү экендигин таанып, тастыктап бербеди беле. Эми БУУга караштуу түзүм болгон ЮНЕСКОнун бул чечими мурдагысына каршы келип жатпайбы! Дүйнөдөгү 2 миңден ашык элдердин арасынан жалгыз гана кыргыздар миллиондогон сап дастанды жатка төгүп айта алат. Миңдеген жылдардан бери атадан балага, муундан муунга өтүп келе жаткан руханий бул байлыгыбыз көздүн карегиндей аздектеп сактоого, кеңири пропагандалоого муктаж. (Иш чаралардын мерчемдери тиркелет). «Манас» эпосун КЭРде чыгаруу, таратуу үчүн Кытай мамлекети 55 миллион юань (1,5 миллион АКШ долларынан ашык) акча каражатын бөлгөн.

Биз ушул маселе боюнча кыргыз бийлигинин так позициясын билгибиз келет. «Манасыбызды» кайтарып алууга ЮНЕСКОго тиешелүү талап коюп, ушул иштин башында мамлекет башчысы катары өзүңүз туруп, кыргыз элинин намысын алдырбашыңызга ишенебиз. «Манасты» коргоо боюнча элдик комитеттин» өкүлдөрүн кабыл алууңузду өтүнөбүз!

«Манас» дастанын коргоо жана даңазалоо боюнча иш-чаралардын мерчемдери

— Биринчиден, Бириккен Улуттар Уюму менен ЮНЕСКОдо «Манас» дастаны Ала-Тоолук кыргыз элинин байыртан келе жаткан улуттук рухий дөөлөтү катары, жалпы Кыргызстан калкынын атынан таанылып, тиешелүү тартипте юридикалык күчкө ээ болушу керек. Бул багытта Сиздин атыңыздан атайын документтер даярдалып, тийиштүү дипломатиялык жана саясий ресурстарды колдонуу керектиги айкын. Мамлекетке таандык позиция эл аралык аренада чечкиндүү түрдө айтылышы керек.

— Экинчиден, «Кыргыз — Манас эли», «Манас» — кыргыз дөөлөтү» деген сыяктуу ураандар жалпы журтубузга таркатылып, ар бир айылда, шаарда, көчөдө көрктүү жарнактар илинип, фестивалдар өткөрүлүп, кинотасмалар тартылып, китептер чыгарылып, илимий-изилдөө иштери жанданып, мектеп программаларында жаңыча окутуу шарт катары киргизилсин.

— Үчүнчүдөн, «Кыргыз таануу — Манас таануу» Улуттук Борбору түзүлүп, аны мамлекет тарабынан каржылоо маселеси бышып жетилди. Ушул Борбордун алкагында манасчылык өнөрүн мамлекет колго алып, манасчылардын мектебин ачуу, азыр саналуу гана калган манасчыларыбызды социалдык коргоого алып, айлык-маяна чектеп берүү да өктөм мезгил талабы. Манас темасына арналган эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференциялар жана форумдар байма-бай өткөрүлүүсү зарыл. Ошол иш чаралардын алгачкысы 2010-жылдын май айына чейин өтсө, максатка ылайык болор эле.

— Төртүнчүдөн, Борборубуздун түштүк жакасында жайгашкан «Манас айылы» шаарчасына жан киргизилип, жарашкан боз үйлөр тигилип, элдик шаң-салтанат, улуттук руханий иш-чаралардын чордону болуу менен, мамлекеттик маданий жана туристтик борборго айланса. Спирттик ичимдиктерге, чылымдардын түрлөрүнө «Манас» атынын коюлушуна тыюу салынса, ал эми «Манас-тын» атын алып жүргөн чоң-чоң чарба субъекттерине (эл аралык «Манас» аэропорту, «Манас» банкы ж.б.) эпосту даңазалоо иштерине демөөрчүлүк кылуу милдеттендирилсе.

— Бешинчиден, жети дубан Ала-Тоо аймагында «Манас» дастанынын каармандарынын айкелдери тургузулса. Өлкөдөгү тарыхый ыйык жерлер картага түшүрүлүп, коргоого алынса, «Манас» саябан бактары ачылса, Манастын наамындагы сыйлыктар мектептерде уюштурулса, элибиздeги аруулуктун, рухий жана маданий бийиктөөнүн өзөктүү иштери катары улуттук идеологиянын жанданышына өбөлгө түзмөк.

— Алтынчыдан, «Манастын» колдогу 84 варианты бүт толук басылып, ошону менен бирге, бирдиктүү (канондошкон) варианты тандалып чыгарылып, бет ачарлары өткөрүлүп, чет тилдерге сапаттуу которулуп, дүйнө элдерине «Ала-Тоолук кыргыз калкынын дөөлөтү» катары таратылып, ЖМКлар аркылуу байма-бай даңазаланса.

— Жетинчиден, илимий жана аян булактарынан алынып жаткан манасий маалыматтар жеке гана өз алдынча коомдук уюмдардын эмес, мамлекеттин да көзөмөлүндө, камкордугунда болуп, элибиздин рухий саламаттыгынын шарты болушу үчүн, 1995-жылы өткөрүлүп, дүйнөгө даңазаланган «Манас-1000» сыяктуу кеңири иш чараларынын жанданышы абдан зарыл. «Манасты» айткан инсандар, «Манас» жана тарых байланыштары жөнүндө атайын илимий изилдөөлөр жыйынтыкталышы керек.

Сизди терең урматтоо менен,

«Манас» дастанын коргоо боюнча Элдик Комитеттин мүчөлөрү:

1. Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер;

2. Асан Жакшылыков, кыргыз эл жазуучусу, комитеттин теңтөрагасы;

3. Бегиш Ааматов, коомдук ишмер

4. Жоомарт Кадыралиев, кыргыз эл сүрөтчүсү, комитеттин теңтөрагасы;

5. Кадыр Кошалиев, ЭлТРдин экс-директору, комитеттин жооптуу катчысы;

6. Анарбек Усупбаев, «Манас Ордо» коому;

7. Эмилбек Каптагаев, «Улуу Биримдик» партиясы;

8. Алмамбет Матубраимов, коомдук ишмер:

9. Кеңеш Дүйшөбаев, коомдук ишмер;

10. Асыкбек Оморов, жазуучу; ж.б. 70 тен ашык адам кол койгон.

“Форум” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 15.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий