Малик Аликеев: ”МӨЛМӨЛҮМДҮ” ЫРДАЙМ ДЕП КЕМПИРЛЕРДЕН ТИЛ УККАМ

“Болор-болбос баш баккан, бөдөнө тумшук мамагың…” деген саптарды укканда эл «айт-уйт» болуп укмуш кыйкырат эмеспи. Мына ошол саптарды камтыган “Мөлмөлүмдү” ийине жеткире ырдаган Малик Аликеев менен болгон маек назарыңыздарда.

Малик Аликеев
1969-жылы Талас районундагы
Көпүрө-Базар айылында туулган.
Беш бир туугандын кенжеси.
Элге “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен белгилүү.

– Малик байке, “Мөлмөлүмдү” ырдап чыкканыңызда атыңыз эл ичинде бир дүң деген эле. Азыр таскагыңыз басаңдап калгандай…
– Азыр деле Кудайга шүгүр. Сахнага чыгып калганда эл беш-алты ыр ырдатмайын кетирбейт. Телевидениеден фольклор жаатындагы ырлар көп берилбегендиктен, кичине тас­как басаңдай түшсө керек. Азыр филармониянын концерттеринде же мамлекеттик ар түрдүү майрамдарда эле чыкканыбыз болбосо, мурункудай гастроль жок. Болбосо эл сагынып эле калды. Жөн салды барып калганымда көпчүлүктөн “качан келесиңер? Элди бир кыдырсаңар боло” деген сөздөрдү көп угам.

– “Эл ырчысы – Эстебес” тобунда ырчы катары эмгектенип келе жатканыңызга канча болду?
– Бул топ 1985-жылы ачылган. Мен ошол жылдын аяк ченинде филармонияга келип эле ушул топко киргем. Анда 16 жашта элем.

– Фольклорду жандантуу максатында, балким, дайыма элдин назарында болуп турууну көздөп деле өз алдыңызча топ ачууну ойлогон жоксузбу?
– Мурун фольклордук топ ачсамбы деп ойлончумун. Бирок азыр андай оюмдан кайтып калгам. Ошентсе да комузга кызыккан жаштар келип “сизден сабак алсак болобу?” деп суранышат. Суранып келгендерге бекер эле комуз үйрөтөм, ырдайм дегендерине да жардам берем. Жакында эле бир эже 3-класста окуган кызын алып келди. Айылда комуз чертчү экен. Бишкекке келгени комуз көтөрүп жүрсө, балдар шылдыңдап коюшканынан таштап коюптур. Мен ал кызды отургузуп алып комузду эч качан таштаба, бул ата-бабадан калган мурас. Жан дүйнөң менен берилип ойносоң, эч качан көмүскөдө калбайсың деп моралдык жардам бергем. Кийин апасы телефон чалып, мага рахматын айтты. Көрсө, менин сөзүмдөн кийин ал кыз кайрадан колуна комуз кармап, ал гана эмес башка мектепте өткөн сынакта мектебинин намысын коргоптур.

– Жамактап ырдаганыңызга да күбө болуп калабыз…
– Укмуш деле жамактап ырдабайм. Мындан он жыл мурун болсо керек, бир жолу китептин ачылышы болот деп Эстекем, Надырбек Алымбеков болуп Ташкентке жөнөп калдык. Барсак китептин ачылышы эмес эле казак-кыргыз айтышы экен. Уюштуруучусу келип эле “Эстеке, айтышчу балдарыңыз даярбы?” деп калды. Төкмөлөр жок экенин айтса “кыргыздын намысы эмне болот?” деп кыстады. Анан кечинде Эстекем менен Надырбек байке экөө эки жагыма отуруп алышып, мени айтышасың деп кыйнай башташты. Жок эле жок деп тырышканыма карабай макул кылдырышты. Айтыш башталарда залды карасам, эки жарым миң орундук бүт толуптур. Элдин сүрү жаман экен. Буга чейин бир да жолу айтышып көрбөгөн жаным коркуп кетип, өзүмдү тизмеден алдырып салдым. Эстекем келип “Манас атанын арбагы колдосун. Ушундайда намыска жарабаган, качан жарайсың?!” деп намысыма тийди. Айтышканы чыгып столго отурсам, коркконумдан буттарым титирейт. Өлө албай жатып өлөң айтат болуп казак атаандашымдын сакалына тийишип алыптырмын, ошондо эл кол чаап жиберди. Мага кол чабуу дем берди окшойт, өзүмдү жакшы сезип калдым. Ал айтыштан куру келбей магнитофон утуп кайткам. Ошентип, бир эле жолу казактар менен айтыштым.

– Мектептен эле ырга шыктуу белеңиз?
– Мектепте жүргөндө “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” дастандарын айтчумун. Мектептеги майрамдарда жамактап да ырдап калчумун. Окуучулук күндөрүм бир окуя менен өмүр бою эсте калды десем болот. 1-класста музыка мугалими балдардын баарын доскага чыгарып алып ырдаткан эле. Агай «ырдай албайт экенсиң» деп килтейген «1» деген баа койгон. Кийин “Мөлмөлүм” менен катуу чыгып жатканда борбордон ошол агайга жолугуп калдым. Баягы койгон баасын эстеди окшойт, өзүн жаман сезди.

– “Мөлмөлүмгө” кайрылганча бир суроо бергим келип турат. Ырга шыктуу болушуңузга ким себепкер?
– Атам комузчу, ырчы адам болгон. Убагында Эстебес агай менен филармонияда чогуу иштешкен. Бир жолу мен курсакта кезде Эстекемдер гастролдоп барып биздин үйгө конушуптур. “Эркек уулдуу болуңуз. Ал эл суранган бала болсун. Комузуна тагып бериңиз” деп өздөрү жеген койдун ичегисинен кыл ийрип, апама таштап кетиптир.

Атамдан таалим ала алган жокмун. Оорунун айынан мен беш жарымга чыкканда өтүп кетти. Ырчы болушума апамдын эмгеги чоң. Комуз чертпейм деп да чыккам. Эсимде, 1-классымда концертке катышайын деп, мектепке комуз көтөрүп барсам балдар шылдыңдашкан. Ошондо мен намыстанып, үйгө кайра качып келе бергем. Апам чыбыгын көтөрүп алып “тапкан экенсиң катышпаганды. Атаң деген залкар күүлөрдү черткен. Атаңдын жолун жолдошуң керек” деп мектепке кайра кубалап барган.

Аккан арыктан суу агат окшойт да. Комузду бирөөдөн үйрөнгөн жокмун. Мектепте сөзү Какен Алмазбековго таандык “Он үч жашар баланын арманы” ыры менен белгилүү болгом.

– “Мөлмөлүм” эл алдында аткарган алгачкы ырыңызбы?
– Радиодон кичине кезимден эле “Мөлмөлүмдү” көп укчумун. Көп уга берип эле сөздөрү жатталып, жүрөккө орноп калыптыр. 1986-жылдан 1987-жылга оогон Жаңы жылда Кыргыз драма театрында “Мыскыл жана тамаша” болуп калды. Ошондо биринчи жолу «Мөлмөлүмдү» ырдап чыктым. Мен ырдаганда чымын учпай калды. Микрофонго боюм жетчү эмес. Ал убактагы микрофондор кичирейчү эмес окшойт да. Концертти Сагын Ниязалиева деген режиссёр эже тарткан. Кезегим келсе чакырышат да деп, Жусуп Толтойдун балдары менен ойноп кеткем. Бир убакта эле Сагын эже келип жаактан ары бир чапты да, “сахнага чык!” деп кыйкырды. Көрсө, менин кезегим келип, таппай жатышыптыр. Эл аябай жакшы кабыл алышып, «Мөлмөлүмдү» бир эмес, үч жолу ырдатышты.

Ошондон кийин кыргыз телевидениеси “Таанышып коюңуздар” деген жарым сааттык көрсөтүү даярдашты. Анан элге укмуш таанымал болуп чыга келдим. Көчөдөн элдин баары эле карай берчү. Мени таанып жаткандарын сезбей, кийимим деле бүтүн, эмне карап жатышат деп кыжалат боло берчүмүн.

Жоро-жолдошторум, туугандарым аябай сыйлай башташты. Бир жолу досторум мени ресторанга чакырышты. Барсам, “кайдагы кичинекей баласың?” деп орус кемпир киргизбейт десең. Кудай жалгап чоңу кыргыз экен. “Бул биздин белгилүү ырчы” деп жатып араң киргиздирген.

– “Мөлмөлүмдө” “Болор-болбос баш баккан, бөдөнө тумшук мамагың” деген саптар бар го. Ушуну ырдаарда уялчу эмес белеңиз?
– Башында ырдын маанисин тереңинен билбей эле ырдачу экем. Гастролдоп чыкканда кемпирлердин маңдайына отуруп алып эле ырдай берчүмүн да. Бир жолу ырдап бүткөндөн кийин кемпирлерден аябай тил уктум. Ошондон кийин чоң концерттерде ошол жерине келгенде кемпирлердин урушканы эсиме түшөт да, аттап кетем. Режиссёр “дагы аттап кетсең жумуштан кетирем!” деп бакырат. Көрсө, ырдын маңызы мен аттап кетип жаткан жеринде экен да. Жашым жыйырмага келип чоңоюп калганда, ошол жерин баса белгилеп ырдай баштадым. Ошол саптар жүрөктөн чыгып жатканы үчүн “мамагың” деген жерине келгенде эл кыйкырып коштоп жатышпайбы.

– Көпчүлүк чыгармачыл адамдардын жеке турмушу экинчи орунда калып калчу эле. Сиздики эмне болду?
– Жыйырма үч жашымда филармониянын алдындагы студияда окуган Жаңыл деген кыз менен тааныштым. Үйдөгүлөр “апаң картайды, үйлөн” дешкенинен Жаңылды Таласка алып кеттим. Балам Кубат азыр 10-класста окуйт. Комуз чертет. Биринчи жолу 2002-жылы өзүмдүн жеке концертимди бергенде чоң сахнага чыгаргам. Азыр мамлекеттик деңгээлдеги концерттерден калбайт. Келинчегим Жаңыл борбордогу гимназиялардын биринде бийден сабак берет. Көңүлү келгенде мени жамбаштатып жаткырып коюп бийлеп берет.

Маегиңизге рахмат. Дайыма ийгиликтер коштоосунда болуңуз.

Сүйүн Кулматова, koom@super.kg, «Супер-инфо», №376 15-21-январь, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий