Эсти оодурган эстеликтер

Шаарыбыздын борбордук аянты күндөн-күнгө жаңырып, жашарып жаткандыгын тана албайбыз. Биринчи күнү фонтан атылып, айланасы кызыл-тазыл гүлгө чулганып жыпар чачса, дагы бир күнү мамлекетибиздин туусу асман тирей желбирейт… Жаңылануу жагы албетте кубанычтуу дейли. Бирок, аянтыбызды ар кандай эстеликтер менен кооздойбуз деп оркойгон кемчиликтерибизди көрсөтүп жатабыз. «Манас» эпосунун каармандарын элестеткен айкелдердин чыры эмне менен аяктагандыгы баарыбызга белгилүү. Ал эми түндүк көтөргөн аялдын эстелиги далай талаш-тартышты жаратып, элибиздин салт-санаасына дал келбегендигин далайлар айтып сындаса да олуттуу чара көрүп көңүл бурган бирөө жоктой.

Иш күндөрдүн биринде редакциябызга Жумгал районунун Беш-Терек айылынын тургуну Боталиев Майрамбек аттуу байке кайрылып, куду ушул «түндүк көтөргөн аялдын» күйүтүн жана атактуу баатырларыбыздын эстеликтеринин кемчиликтерин айтып отурду.

«Филармониянын алдындагы Айкєл Манас атабыздын эстелигинде, атынын куюшканы, басмайылы жок, тизгини өтө эле начар абалда, баатырдын тизгинине окшобойт, — деп сөзүн баштады Майрамбек мырза, — тизгин — башкаруунун белгиси. Эгер, башкаруу ушундай абалда болсо, байкуш кыргыз элим ай! Баатыр атабыздын кабылан аты, өтө эле кичинекей, баатырдын атына окшобой калган.

Манас атабыздын эстелигинде тизгин бар болсо, Нарын обласына кирип бара жаткан жолдогу Тайлак баатырда тизгин дегенден тып-тыйпыл дайын жок, атка жөн муштумду көргөзүп турат. Меймандос кыргыз элинин баатыр баласы, Нарын обласына кирип келе жаткандарды желке салып тосуп алат, бул эмне? Келбегиле деген сөзбү? Же кыргыз жеринен душман кууп көнгөн деп, конок менен душманга айрымалабай тегиз мамиле күткөндүгүбү? Нарындан чыгып бараткандарга жүзү менен көрүнүп муштум түйүп турат, кыязы батыраак кеткиле дегени го? Атына токтолсок, тик турган аты жөн турса, баатырдын жарым боюна да тең келбейт, кыргыз элинде баатырларга ат жетишпей калганбы? Айтмакчы, ошол эстеликтин авторуна суроолор көп, редакция аркылуу байланыштырып берсеңер.

Ал тургай Кеминдеги  Шабдан баатырдын эстелигинде дагы тизгин жок. Чамасы эки эстеликти тең тизгин деген түшүнүгү жок скульптор жасаган болуш керек.  Баатырдын башындагы папахасы кыргыздардыкына окшобой калган. Бирок, түшүндүрүүгө болот, себеби Шабдан баатыр орус империясынын полковник деген чин алып, «казачий атаман» аттуу кызмат алган. Мейли бул түшүнүктүү, бирок эмнеге кыргызча кийинткен эмес? Шабдан баатырды чет элдик коноктор көргөндө, кыргыздар кимдин эстелигин тургузган деп ойлошоор. Ким билет?..

Баарынан да жүрөктү өйкүткөн — борбордук аянттагы Эркиндик статуясы. Кыргыз элинде, боз-үй тургузулганда аял киши түндүктү эч качан көтөргєн эмес. Бул кылым каарыткан калкыбыздын  салтына жат. Боз үйдүн ээси эркек, айыл башын кармай албаган эркек эч нерсе башкара албайт. Эзели аял көтөргөн түндүктүн алдында чыр-чатак токтобойт деп айтылат. Бул дагы да болсо ободон түшкөн бир белгидир. Же матриархат доорун жаңыртып, эрендер бийликти аялдарга өткөрүп берели деп калышкандыгыбы» — деп эстеликтерден байкаган кемчиликтерди жан күйгүзө айтып өттү.

Чындыгында эстеликтерди тургузуу жеке скульптордун фантазиясы менен чектелип калбастан, тарыхый, маданий-этникалык мааниси барбы, талапка жооп береби, бул жагын териштирип-текшере турган комиссия болушу керек эле го. Эстелик эскини эскере турган бирден-бир көрүнүш болсо, аны да толгон кемчилик менен жаңы муундарга сунуштап, тарыхыбызды, маданиятыбызды, салт-санаабызды, деги эле өтмүшүбүздү булгап алган жокпузбу?

Дагы да болсо кеч эмес, оңдоо иштерин кылса болот. Ал эми Сиз да жогорудагыдай эстеликтердин «айласыз күйөрмандары» болсоңуз, биздин редакцияга кайрылып пикир бөлүшүңүз, же newtimes@eco.kg  электрондук кат жибериңиздер.

Улар ОМОРОВ, «Жаңы Кылым», №34(285) 17.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий