Чачыңдан айланайын!..

Чач — аялзатынын көркү. Көркү эле болбостон, илгертен анын ыйман-ырысы, бактысы, ырыскысы деп эсептелип келген. Муну биз турмуштук тажрыйбалардан көп эле угуп-билип келебиз.

Ошондуктан чачыбызга ар дайым көңүл буруп, түркүн каражаттарды, шампундарды колдонгонго, көркөмдөп өрүп, жасалгалап жүрүүгө көнгөнбүз. Чач менен аялзатынын тулку боюнун ортосунда көзгө көрүнбөгөн ички байланыш жашайт. Ошол байланыш же ички күч (магия) аркылуу дененин ал-акыбалы чагылдырылып турат. Ден соолугуң мыкты, көңүлүң тынч болсо чачың да жалтылдап, өңүнө чыгып келишимдүү кулпуруп турат. Тескерисинче адам ооруп кыйналганда, санаага батып чөккөндө же кайгы басканда чачтын өңү бозоруп, сулуулугун, көркүн жоготуп коёт. Ошондуктан абалтадан билерман энелерибиз кыздарын маңдайынан жыттап: «Саамайыңдан садага болоюн!», «Чачыңдан айла-найын!..» — деп жалынып-жалбарып, кичине кезинен алардын чачына зор маани бере билишкен. Секелек кездеринен чачтарын айран менен жууп, беш көкүл кылып өрүшкөн. Балакатка жетип, бой кере баштаганда чалкан, уйгак, жалбыз сыяктуу пайдалуу, жыттуу чөптөрдүн кайнатмасы менен жууганга көндүрүп, бапестеп-барктап өстүрүшкөн. Кырк өрүм чачы далысында суйсалган кыздарынын сулуу болуп өсүүсүнө көңүл буруу менен алардын ой-сезимине адеп-ахлактын, ыймандын угутун сээп, нускалуу сөз керемети аркылуу таалим-тарбия беришкен. Илбериңки, ийкемдүү, зирек, тыкан өстүрүп, зээндүү, эмгекчил болууга үндөшкөн. Болочок үй-бүлөнүн куту, сүйүктүү жар болуусуна кичине кезинен тарбиялап үйрөтүшкөн.

Кыз балдардын кенедей кезинен уккан-көргөндөрүн көкүрөктөрүнө түйүп алышы алардын келечекте мээримдүү эне, куттуу жар болуусуна өбөлгө түзөрүндө шек жок. Ал эми кызды бойго жеткенде күйөөгө узатып, барган жерине ак жолтой келин болуусуна багытталган, арналган анын чачына байланыштуу салт да бар экендигин көпчүлүк жаштарыбыз биле бербеси белгилүү. Бул «келиндин чачын өрүү» салты.

Ушул жерден бул макаланы жазууга себепчи болгон бир окуя тууралуу айта кетүүм зарыл. Күлгүндөй кезден чогуу окуп,бирге жүргөн курсташ, дилдеш курбум Асанбүбү Абдраимова алыскы Ат-Башынын Кошой айылында үй-бүлөсү менен жашайт. Тилектеш, пикирлеш дос катары катташып, кол үзүшпөй келебиз. Өткөндө Асанбүбү менен Бейшектин кичүү уулу Узак менен келини Наргизанын үйлөнүү үлпөтүнө күбө болдук. Келинди Бишкектен Ат-Башыга чогуу алып баргандан тартып, үч күнү атбашылыктардын каада-салтына көңүлүм бөлүнүп турду. Көпчүлүк ырым-жырымдары, келинди тосуп алуу каадалары Чүй, Таластагыдай болгону менен, айрым айырмачылыктары байкалды. Маселен, «келиндин чачын өрүү» деген салты. Негизинен теңир-тоолуктарды кыргыз элинин нукура салт-санаасын алып жүрүүчүлөр деп эсептесек болот. Элибизге тиешелүү каада-салт, жөрөлгөлөр, ырым-жырымдар Нарын жергесинде «суу кошулбаган» улуттук мүнөздө өтөрү көп айтылат. Келин-уулдун никеси кыйылгандын эртеси келиндин «чачы өрүлөт» экен. Бул ырасмиге кайнене өз абысындарын, келиндерин, жакындарын, санаалаштарын, жалпылап айтканда жалаң аялзатын чакырат. Чакырылгандардын бардыгы уй мүйүз тарта орун алышкандан кийин келинди көшөгөдөн чыгарып, ортого отургузушат. Чач өрө турган келиндерди кайнене өзү тандайт. «Келиндин чачын өрүүгө биринчи никеси менен бактылуу жашап жаткан, төрөп-түшкөн, улууга урмат, кичүүгө ызаат көрсөткөн келиндер тандалат, — деди кайнене Асанбүбү,-Жаңы келген келин дагы ушул келиндердин жолун жолдоп ак жолтой, ак жүздүү, өмүрлүк жолдошуна күйүмдүү болуусун тилейбиз. Чачын тарап теңинен экиге бөлүшөт. Мунун мааниси: жаңы келген келин эки милдетти мойнуна алышы керек. Чоочун үйгө келин болуп жана күйөөгө жар болуп келдиң дегенди түшүндүрөт».

Жаңы үй-бүлөгө келип жаткан Наргизанын чачын өкүл энеси менен айылдык мектептин мугалими Ырыс Мамбеталиева экөө эки жагынан сары май менен майлап, өрүшкөндөн кийин жоолугун башына салышып, үстүнө чачыла чачышты. Отургандар тегиз чачыладан ооз тийип, калтырбай терип алышкандан кийин бардыгы дасторконго чакырылды да, жаңы келиндин колунан чай ичишип, баталарын беришкени эң мыкты салттардан экендиги айдан-ачык. Байыртадан элибиздин кан-жаны менен тең жашап келаткан мындай жөрөлгөлөр жаңы баш кошкондор үчүн эң сонун тарбия, нуска болуп саналат. «Нике кыюунун» мааниси жубайлардын ынтымактуу, күйүмдүү болуусу үчүн аларды бири-бирине жипсиз байлоо болсо, «чач өрүүдө» ошол ыйык милдетти моюнга алып, турмуштагы бардык ысык-суукту тең көтөрө билүүнү жаш келиндин ой-сезимине, көңүлүнө сиңдирүүнүн мааниси зор. «Жаш келин-уулуңузга эмне энчи бөлүп бересиз?» — деген молдонун суроосуна Асанбүбү: «Ушул үйдөгү болгон бардык нерсени, бир стакандан башкасын бүт берем»,- деп жооп бергени тамашадай сезилгени менен чоң маанини камтып турганы айтпаса да белгилүү эмеспи.

Негизи эле кылымдарды карыткан кыргыз элинин тарыхында көптөгөн каада-салттар орун алгандыгы айгине. Убакыттын өтүп, мезгилдин алмашышы менен каада-салттардын өзгөргөнү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ар бир доордун өзүнүн эреже-мыйзамына ылайык, салтыбыздын керектүү, ыңгайлуу, пайдалуу жактарын өзүбүзгө сиңирип, келегей, ашыкча жактарын жашоо-турмушубуздан алып салсак деген ойдомун. Дилибизди , тилибизди, динибизди түбөлүк аздектеп, кыргыз деген атыбызды жоготпой, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн бирдиктүү болууга элибизди үндөп жашасак, өз Ата-Журтубуз, Мекенибиз үчүн күйсөк, салтыбыздын кымбат жактарын сары майдай аздектей билсек деген тилек.

Айша АЛИЕВА, «Кыргыз туусу («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий