Курманжан датканы даңазалоо анын бейитинен башталса

Ар бир эле инсандын жашап өткөн өмүр жолу тарых үчүн кызмат кыла бербестиги сыяктуу эле, кадыр-баркы сиңген адамдарды урпактары эсинен «сууруп» алып таштоо мүмкүн эмес. Ага далил катары Х1Х кылымда орус генералы таңдануу менен «анык Алай ханышасы турбайбы» деп баа берген Курманжан датканын 180 жылдык мааракеси 1991-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленип, «Көкөтайдын ашындай» көп эл жыйналганы унутула элек.

Эске сала кетсек Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен 33 кишиден турган мамлекеттик комиссия түзүлүп, комиссиянын курамына депутаттар, коомдук ишмерлер жана коомчулуктун өкүлдөрү болгондугу, мааракеге арналып 180 боз үй тигүү пландаштырылгандыгы эсибизде.

Ошол 1991-жылы бир туугандай жанаша жашаган эки элдин ортосуна бүлүк түшүп, кооптуу жагдай түзүлүп, бири-бирине батынбай, ымалалашып кете албай турган «кыл чайнашкан» кырдаалда айтылуу Алай жайлоосу Ак босо-годо кыргыз элинин меймандостук жөрөлгөлөрү жасалып, көп улуттуу кыргыз элинин биримдиги дагы бир жолу даңазаланган эле. Дегеним, бир жүз сексен эмес эки миңге жакын боз үй тигилип, Нарындан, Таластан, Ысык-Көл, Чүйдөн өз демилгелери менен боз үйлөр жүктөп келинип, каз-катар тизилип көз жоосун алган апаппак «планеталар» кыргыз элинин улуттук сыймыгын, ар-намысын дүйнө элинин назарына салган.

Датка энебиздин даңкына дагы бир ак жарык из салган окуя катары мен 2006-жылы Финляндиянын маршалы Г.Э.Маннергеймдин Борбордук Азияга болгон саякатынын 100 жылдыгына карата Өкмөттүн чечими менен Ошто көргөзмө уюшулуп, конференция өткөрүлгөндүгүн айтаар элем. Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Марк Кюнен аталган иш-чарада негизги басымды Курманжан датка менен Маннергеймдин жолугушуусуна бургандыгы эсимде. Чынында эле эки элдин патриот тарыхый инсандарынын тарыхка калтырган изи арадан 100 жыл өткөндөн кийин да эки элдин ортосундагы маданий, саясый байланыштарынын бекемделишине данакер болуп, улуу инсандардын өзү эле эмес, рухтары да тарыхка кызмат кылаарына күбө болгонбуз.

Алай ханышасы Курманжан датка энебиздин тарыхый инсан экендигин, өз кезиндеги ишмердүүлүктөрүн «ийнедей» иргеп, илимий жактан далилдөөнүн үстүндө «бел чечпей» эмгектенип келе жаткан аты таанымал тарыхчы Турсунай Өмүрзакованын, датка энебиздин атына жеке фондун түзүп, кез-кезде кайрымдуулук акцияларын өткөрүп жүргөн Жылдыз Жолдошованын эмгектерин эске алуу менен Курманжан датканын руху дале болсо журт кызматында болуп, колдоого муктаждардын ажатын ачып келе жатканын кубануу менен белгилеп кетмекчимин.

Алай ханышасынын инсандык бейнеси, саясый ишмердүүлүктөрү туурасында спектаклдер коюлуп, драмалар, илимий эмгектер, монографиялар жарык көрүп, авторлор калем акы алышса, ал эми кандидаттык диссертациялар жакталып, алынган наамдарына жараша илимий даражалары көтөрүлүүдө. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин энебиздин эбаккы ишмердүүлүгү дале болсо көпчүлүк үчүн түгөнгүс күлазык болуп берүүдө.

Кепти алыстан баштап, чайнала бербей эми макала өзөгүнө өтсөм. Өткөн 2009-жылдын 10-мартында Өкмөттүн буйругу менен (№104-б.) Курманжан датканын 200 жылдыгын белгилөө боюнча атайын чечим чыгып, анда мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, аталган иш-чараны өткөрүүгө миллиондогон акчалар каралаары туурасында кабарым бар.

Албетте, Курманжан датканын даңкын даңазалоо урпактарынын ыйык милдети экендиги талашсыз. Мамлекеттик деңгээлде мааракелерди өткөрүү сыймык иш деңизчи…

Дүйнөгө аты таанымал даңктуу кыргыз айымы Курманжан датканын шарапаты менен фонддору, калем акылары, автордук укуктары менен үй-бүлөсүн багып, күлазык, даңк, даража алгандар датка энебизди «акча жыттанган» мааракелерди уюштурууда, өткөрүүдө эле эстеп калышпай айда эмес, жылда бир эстеп, күмбөзүнө барып, алакан жайып коюшканда энебиздин ыйык жайы минтип кейиштүү абалга кептелмек эмес. Кара-Суу районунун Калинин участогундагы «Сармазар» бейитинде Алай ханышасынын түбөлүк «ордосундагы» жаракалар жылдан-жылга көбөйүп, желе басып, ураганы турганын көрүп, » Датка энебиз» — деп төшүн каккандардын бири да бери эле дегенде беш жылдан бери эне бейитине баш багышпагандыгын байкап үнсүз, жашсыз жүрөгүң, намысың ыйлайт экен…

Кептин кыскасы көрпендечилик «уйкудан» ойгонуп, миллиондорду «жиликтөөдө» Курманжан датканын түбөлүк жайын, оо дүйнөлүк «ордосун» оңдоону унутта калтырбайлы дегени турам.

Гүлжамал Жороева, «Кыргыз туусу («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий