Темир Бирназаров: «Жилик бөлүштүрүүнүн өзү чоң философия»

Ата-бабадан калган каада-салтка аттуу-баштуулар ар кандай пикирде. Бирөөлөр аны ыйык мурас катары сактап калалы десе, башкалары «эскиден калган калдык, аны жойбосок өспөйбүз» деп жүрүшөт. Дегеле каада-салттын бүгүнкү турмушта орду кандай? Керекпи же кереги жокпу? Ушул теманын айланасында сөз козгоону чечтик. Бул ирет режиссер Темир Бирназаровду кепке тартып, чыгармачылыгы тууралуу да суроого үлгүрдүк.

Адамдын колу тийбеген, кыялы жетпеген нерсе ыйык бойдон сакталып калат. «Манас» кыргыздын жаны. Аны козгобой эле койгонубуз оң. Фильм кылып тартсак, баркын кетирип алабыз. Аны ойной турган актерлорубуз да жок.

— Темир мырза, акыркы кезде кыргыз салтка таяп, ашыкча чыгым болгон адат тапты. Интеллигенция өкүлү катары буга кандай көз караштасыз?
— Мен ашкере улутчул адаммын. Кыргыз салты, үрп-адаты менен башкалардан өзгөчө. Өткөндө батыш окумуштуулары «дүйнөдө кайсыл улуттун каны таза» деп атайын эксперимент жүргүзүптүр. Текшере келгенде кыргыз менен венгерлердин гана каны талапка жооп берет экен. Бул да болсо каада-салтыбыздын үзүрү. Ырас, акыркы кезде ыгы жок чачылган адат таптык. Бирок, ал курнамыс азабы болуп жатпайбы. Аны билип туруп эле салтка шылтай беребиз. Кандай болгон күндө да, өз салтыбызды жээригенибиз туура эмес. Жер бетинде салты жапайы, төбө чачты тик тургузган элдер толтура. Алар андан уялып баш тарткан жери жок да.

— Кечиресиз, салт менен кандын бири-бирине тиешеси канча?
— Түздөн-түз тиешеси бар. Кыргыз бекеринен тек сүрүштүрбөйт. Азыр жердин алыстыгынан качып, бөлөлөрдү үйлөнтүп коюшат. А илгери кыргыз буга тыюу салган. Жети ата өтмөйүнчө кыз берип, келин алган эмес. «Даун синдрому» дегенди уктуңуз беле? Өзбек, тажиктерде бул дартка чалдыккандар көп. Көрсө алар алыс туугандары менен баш кошууну эрөөн көрүшпөйт экен.

— Тубаса медик болушкан тура?
— Ананчы. Келечегин ойлоп, баатыр төрөп берчү аял издеген. Атайын сынчыга сынаткан. Кокус ойлогондой кыз табылса, жердин алысына карабай куда түшүп, алып кеткен. Дегеле кыргыз аялдын сулуулугун алдыңкы планга койгон эмес. Эркектер менен үзөңгү кагышып, тең жүргөн, эстүү зайыптарды баалаган. Жаңыл Мырза, Курманжан Датка ошон үчүн легендага айланды да. Кейиштүүсү ушул, азыр кыздарда бул касиет жоголуп баратат. Жеңилди көздөп, кытайбы, негрби, айтор, бай болсо тийип кетет. Чечендерде, тажиктерде мындай жок. Өткөндө орустар «Москвадагы эң бузулган аялдар — бул кыргыз кыздары» деп жазыптыр. Кыздарыбыздын патриоттук сезими жоголуп баратканы өкүнүчтүү.

— Жалгыз эле кыздарды күнөөлөй бергениңиз калыстыкка жатпайт го. Патриоттук сезим жигиттерге да таандык болушу керек эмеспи…
— Туура. Тилекке каршы, улуттук сезим тебеленип калды. Эне тилибизди урматтабайбыз. Карапайым элди кой, чиновниктерибиз кыргызча сүйлөбөйт, арданат. Иш кагаздар бүт орус тилинде жүрөт. Өзүбүздү баалоо, сыйлоо жоголуп кеткенин ушундан билсек болот. Бая күнү кытайлардын каналын көрүп отурсам, кенедей балдарга «мен кытаймын, ошого сыймыктанам» деп ырдаганды үйрөтүп жатат. Биз эгерим антпейбиз да. Болбосо алардан эмнебиз кем. Ошондой эле улуу элбиз.

— Кыргызды өтө эле көкөлөтүп салдыңыз, терс жактарыбыз деле жетиштүү да…
— Улуу экенибизди башкалар деле моюндап жатпайбы «кандары таза» деп. Алар мындай улутту сактап калыш керек, руху бийик, жан дүйнөсү бай инсандар көп чыгат деп жатышат. Мен буга кошулам. Кана айтчы, кайсы элде бар, аян келип, «Манас» айткан? Мындай ооздон оозго көчүп, жашап келген касиет эч бир элге берилген эмес. Кайсы элде бар устуканга таарынган? Жашыбызга, даражабызга ылайык сөөк албасак, тырчыйып басып кетебиз. Бул да кыргыздын улуулугу. Жилик бөлүштүрүүнүн өзүндө эле философия жатпайбы.

— Өзүңүз бул өнөрдү билесизби?
— Кой соем. Бирок, эт тартууну жакшы билбейм. Бул менин кемчилигим. Аны моюнга алам. Кудайга шүгүр, жети атамды жатка айтам…

— «Манас» деп калдыңыз, улуу эпосту көркөм тасма кылып тартуу оюңузда жокпу?
— Адамдын колу тийбеген, кыялы жетпеген нерсе ыйык бойдон сакталып калат. «Манас» кыргыздын жаны. Аны козгобой эле койгонубуз оң. Фильм кылып тартсак, баркын кетирип алабыз. Аны ойной турган актерлорубуз да жок.

— Казактар деле тарыхый тасмаларды тартып жатышпайбы?
— Тарта турган тарыхый чыгармалар бизде деле толо. Мисалы, «Сынган кылыч». Эң сонун фильм жаралмак. Биз эми казактарды туурабашыбыз керек. Себеби, алардан алда канча мурун пайда болгон калкпыз. Мындай деле карап турсаң, казактар жаш бала сымал. Көйрөң, мактанчаак. Кыргыздар болсо 60-70ке чыккан кишидей токтоо, сабырдуу. Орто азия чөлкөмүндөгү улуу калк болгон соң, өзүбүздү салабаттуу кармайлы да.

— Кепти чыгармачылыгыңызга бурсак, «Арманым Лира» аттуу фильм тартууга киришти деп уктук эле…
— Учурда баш каарманга ылайык 22-27 жаштагы кыз издөөдөбүз. Эсептесем фильмге баш-аягы 140-160 миң доллар керек экен. Азырынча бул жагынан досум, «Градиент» фирмасынын директору Эмир Сарпашев жардам берип жатат. Андан тышкары, грант алуу үчүн долбоор жазгам, жооп келе элек.

— Сценарийин өзүңүз жаздыңызбы?
— Мурда Айтматовдун арты менен жакшы, адабий тасмалар жаралып калган да. Азыр андай күчтүү жазуучу, драматургдар жокко эсе. Айла жок, сценарийди өзүбүз жазабыз.

— Айтмакчы, жаңы тасмаңызга мамлекет тыйын бөлдүбү?
— Быйыл кино тартуу үчүн бюджеттен акча каралды деп уккам. Бирок, эми азыр заман башка да. Анын үстүнө «Кыргызфильм» мурдагыдай эмес. Коррупция күч. Ушул күндө киностудияда штатта бир да режиссер, бир да оператор, үн режиссер, монтаждоочу жок. Алардын ордун бүт замдиректор-помдиректор, администраторлор ээлеп алган. 1-2 млн. акча жалаң эле ушулардын айлыгына кетет экен. Булар эми мите курт сымал да. Кино тарткандардын эсебинен жан багып жүрүшөт. Имараттын ичи түркүн цехтерге толгон. Жаңы киностудиябызды болсо бир ишкана ижарага алыптыр. Өзүнчө эле анклавга айланып койду. Тегерегин тосуп, ит менен кайтарышат. Алардан түшкөн акча киностудиянын эсебине жумшалып жатабы же жокпу билбейбиз.

— Чыгармачыл адамдар чагымчыл келет окшойсуңар, Замир Эралиевдин тушунда эле ушинтип ызылдап жаттыңар эле?
— Такай эле бир чынчыл жетекчи келсе деп үмтөтөбүз. Болбой эле тилегибиз таш кабат. Замир Эралиевдин тушунда мамкино дегенди жойсок, аныбыз кайра эле кино департамент болуп түзүлдү. Учурда маданият агентствосунун карамагында. Эмне иш кылып жаткандары белгисиз. Андан башка кинопрокат деген бар. Жылына ага 1 млн. сом бөлүнөт экен. Азыр бул органдын кылар иши деле жок. Ошого карабай жетекчибиз «аны колдон чыгарбаш керек, архив бар» дейт. Андай архив «Кыргызфильмде» да бар. Экөөнү бириктирүүгө неге болбосун? Өзбекстанда да, Казакстанда эксперттик топ деген эле бар. Кино тартчу режиссерлор ошолорго барып, өз долбоорун тапшырат. Анан алар тандап, сынактан өткөрүп туруп, акча бөлүп берет. Мамлекет карамагынан чыгып кетишкен. Союз мезгилиндегидей иштеген жалгыз эле бизбиз.

— Көйгөй түгөнбөйт эмеспи, өзүңүздө эмне жаңылыктар бар, бош убакытты кайда жумшап атасыз?
— Бизде бош убакыт деген болбойт. Эртеден-кечке жумушта отурам. Анча-мынча тыныгуу алсам уктайм, китеп барактайм. Азыр кытай жазуучусу Лу Синдин чыгармасын окуп жатам.

Санжи Туйтунова, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий