ГЕНЕТИКАЛЫК КЫЯМАТТАН КЫРГЫЗДЫ УЛУУ МАНАС САКТАЙТ

Бул макала калың элге арналып жазылгандыктан, илимий терминдерди жөнөкөй түшүнүктөр менен алмаштырганга аракет кылдым. Башка арга жок. Эмесе сөз башынан болсун.

Ушул кезде Жайсаң бабабыздын Манасы 10 том түрүндө жарык көрүп элге тартууланып калды. Албетте, мындай абдан ыйык жана улуу Сөздү түшүнүп окуу баарыбыздын эле колубуздан келе бербейт. Эң башкысы, көнүмүш болуп калган пикирлерден, түшүнүктөрдөн арылуу абдан кыйын. Ошентсе да элибизге кут даарып, Теңирдин буйругу менен келген Жайсаң бабабыздын «Манасын» толугу менен окуп, түшүнүп, жан дүйнөбүзгө азык катары ала жүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Себеби, ушул улуу Сөздө кыргыз улутунун тарыхы, учуру жана келечеги гана берилбестен, дүйнөлүк алааматка каршы тураар негизи да берилип жатат. Менин айткандарыма далилдер барбы? Албетте бар! Болгондо да илимий далилдер! Эмесе, сөз ошол далилдер жөнүндө болсун.

1. Нур тукуму жана генетикалык кыямат деген эмне?

Жайсаң бабабыздын «Манасында» төмөнкүдөй саптар бар:
Азыркы адамзаттын акыл-эси
Ал сырды аччу чекке жеткен кези.
Кайда деп түп башаты кыргыздардын,
Калчудай карбаластап суроо салдың…
Андан ары Нур тукумдары жөнүндө, аларда айкөлдүк улуттук мүнөз экендиги айтылып, анан:
Кең пейил, баёолукту туу тутушкан Кыргыздар — шол алгачкы Нур тукумдан — деп жыйынтыкталат. Эми илимий далилдерге кайрылалы.

Ушул кезге чейин тукум улоодогу генетикалык код (мисалы баланын атасына окшош болушу) заттар аркылуу гана (кыргызча айтканда, бел суудагы заттар аркылуу гана) укумдан-тукумга берилет деп келишкен. Бирок 1960-жылдары академик В.П.Казначеев «Гурвич-Любищев идеясы» туура деп аныктаган. Бул кандай идея эле? Ага ылайык генетикалык маалымат (жөн сөз менен айтканда, атанын балага өтүүчү белгилери) бел сууда жаралган электромагниттик (жөнөкөй сөз менен айтканда, нурлануу) же акустикалык (жөнөкөй сөз менен айтканда, үн) толкун түрүндө берилет. Ушул эле идеяны Россиялык окумуштуулар П.Гаряев жана А.Березин кылдат иликтеп, ал тургай илимде «Кванттык генетика» («Толкундук генетика» деп да аталып жүрөт) деп аталган багытты негиздешкен (илимде «ГБВ-модель» деп аталат). Бул окумуштуулар ал тургай азыркы учурда генетикалык маалыматтардын бир муундан экинчи муунга нурлануу же үн аркылуу өтүүсүн чечмелеп берүүгө белсене киришип, белгилүү бир натыйжаларга жетишти. Алардын жетишкендиктери тууралуу майдалап айтып олтурганга макаланын көлөмү мүмкүндүк бербейт. Дагы бир олуттуу нерсе, ошол окумуштуулар белгилүү бир организмге ошондой генетикалык нурланууларды жиберип, ал организмди өзгөртүүгө (башкача айтканда, тукумун өзгөртүүгө) болот деген пикирге келишти. Демек, кыргыз улутун Нур тукуму деп атоонун өзү далили жок сөз эмес. Кыязы, кыргыз каны бел суудагы заттардын нурлануусунун өзгөчөлүктөрү аркылуу атадан балага, муундан муунга өтүп келиши мүмкүн. Теңирдин кыргыз улутуна койгон «белгиси», кылымдан кылымга өтүп, сан мезгилди арытса да кыргызды сактап келген касиеттин өзөгү мына ушул болуп жүрбөсүн? Канткен күндө да «Кыргыз — Нур тукуму» деген сөз илимий жактан да жүйөлүү чыгып жатат.

Эми ошол генетикалык изилдөөлөр дүйнөгө эмнени алып келди? Кытайдын окумуштуусу Дзян Каньджень 1957-жылдан бери ушул багытта иштеп, анын натыйжасында ал жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн укумдан-тукумга өтүүчү белгилерин өзгөртүүгө жетише алган. Бул окумуштуу тоок-өрдөк деген жандыкты, адамдын чачы өскөн жөжөлөрдү, эчкинин мүйүзү өскөн коёндорду, сотосуна буудайдын башы өскөн жүгөрүлөрдү жараткан. Ушунун өзү генетикалык кыямат эмей эмне? Бир улуттун тукумун башка улут атайылап бузуп коё турган абалга келип олтурбайбы! Ал тургай орус окумуштуулары эгерде изилдөөлөр ушул багытта тереңдетилип жүргүзүлө берсе, дүйнөдө генетикалык абал бузулат жана адамзатты кыяматка алып келет деп айтып чыгышкан эле. Кыямат-кайымдын жүрөк үшүн алган белгиси болуп жатпайбы! Эми кыргыздар бул генетикалык кыяматтан кантип өздөрүн сактайт? Албетте, ыйык Теңир жалгап, улутубуздун ырыскысына бүткөн улуу «Манас» аркылуу гана сактана алышат. Эмне үчүн? Буга да илимий далил бар!

2. Улуу «Манас» кыргыздын генетикасын сактайт

Биз башында жазып кеткен окумуштуулар өздөрүнүн изилдөөлөрүндө бир негизги нерсени баса белгилешүүдө. Бул: адамдын сүйлөгөн тили генетикалык кодду сактаганга күчү жетет, башкача айтканда, укумдан-тукумга берилүүчү маалыматтарды адамдын сүйлөгөн тилин колдонуп, калыбына келтирсе болот. ДНК менен адамдын сүйлөгөн тилинин байланышы 1990-жылы ачылган (америкалык Джефри ачкан). Ал тургай азыркы мезгилде «Лингвистикалык генетика» аттуу өзүнчө бир илимий багыт бар. Россиялык окумуштуулардын күчү менен (Россия илимдер академиясынын математикалык институтунун кызматкерлери, негизинен М.Ю.Масловдун күч-аракетинин натыйжасында) адам сүйлөгөн тил менен генетикалык коддун байланышы аныкталган. Ушул эмгектердин натыйжасында адамдын сүйлөгөн тили аркылуу организмдин генетикасына таасир берүүчү атайын генератор жасалган (бул генератор илимде «Ферми-Паст-Улам (ФПУ) солитондук талаалардын генератору» деп аталат). Бул генератор орус жана англис тилдерине негизделген. Адам белгилүү бир тилде акустикалык таасир бергенде (башкача айтканда, сүйлөгөндө) организмдин генетикасы ошол сөздү кабыл алып, эгерде сөз генетикага туура келсе, оңолгон, ал эми туура келбесе, бузулган. Буудайдын жана арпанын радиациядан бузулган гени адамдын сөзү аркылуу кайра калыбына келген. Ошол эле учурда адамдын сөзү организмдин генетикасына туура келбей калса, ал организмдин генетикасы өзгөрүп, бузулуп кеткен. Баарынан кызыгы, ошол сүйлөп жаткан адамдын жан дүйнөсү бийик, аң-сезими таза болушу керек дешет окумуштуулар. Антпесе, организмдин генетикасы оңолбойт.

Ушул жерден ойлонолу, окурман. Бекеринен кыргыздар күпүлдөтүп Манас айтып, Манасты берилип угушкан эмес экен да! «Фольклор» деп айрым интеллигент сөрөйлөрүбүз теңине албаган улуу «Манастын» касиети ушуда тура! Сан кылымдар бою кыргыз улутунун каны Манас айтуу, Манас угуу аркылуу сакталып келген тура! Генетикалык куралга, генетикалык кыяматка жалгыз гана улуу Сөз каршы тура алат деп жатышпайбы окумуштуулар. Биздин элибиздин ооз эки адабиятындай башка кайсыл улуттун ооз эки адабияты бар? Азыр табылган илимий материалдарды иликтеп жатып, ыйык Теңир берген улуу Манас улутубузга энчиленип түшкөн кут экендигин, ошол Теңирден түшкөн кутту ыйык сактоо керектигин жаңы деңгээлде бүгүн түшүнүп олтурам.

Кален Субанов, «Алиби» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий