КОЖОМКУЛ

article_3379Ала-Тоону мекендеген ак калпак кыргыз элинен илгертеден эле баатырлар, балбандар чыккан. Биз бүгүн тарыхый инсаныбыз Каба уулу Кожомкулду эскермекчибиз. Анын эрдиктери бүткүл Орто Азияга белгилүү болуп, ар ким өз көзү менен көрүп, колу менен кармап көрүүгө боло турган мурастары сакталуу.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнгөн. Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал деген кызы болгон.
  • Өмүрүндө 2 гана ат минген: кара ат жана тору ат. Тору атты Чаргынбай деген досу тандап берген дешет.
  • 1962-жылдан тартып күрөш боюнча Кожомкулдун элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүп келет. Ал эми 1993-жылы Бишкектеги Ленин атындагы Спорт Ордосун Каба уулу Кожомкулдун атына которуу жөнүндө мыйзам чыккан.
  • 1930-жылдардагы массалык репрессияга Кожомкулду да тартууга аракет кылышкан. Бирок ишинен эч кандай кынтык таба албай, партиянын мүчөлүгүндө калтырышкан.

Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда жарык дүйнөгө келген.
Бою – 236 сантиметр, салмагы – 164 кило­грамм болгон.
Бут кийиминин өлчөмү – 52, колунун баш бармагынын калыңдыгы 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр болгон.
Аркалаган кызматтары – Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы (1921-1929)­, 1930-жылы Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы (1930), Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген.
1948-жылы персоналдык пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин “Победа” колхозунда жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген.
1955-жылы 15-октябрда көз жумган.

АЙТА КЕТЧҮ НЕРСЕ…
Кожомкул жөнүндө жазылып жүргөн эмгектерде тигил же бул окуялар түрдүүчө баяндалат. Туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт. КРнын саясий документтер архивинде 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Билими 2 класстык болуп, документтерге латын тилинде «Gabajev» деп кол койгон. 1931-1932-жылдары КПССтин мүчөлүгүнө өтүп, партбилетинин номери 1354413 болгон.

АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ
Кожомкулдун атасы Каба саяк уруусунан чыккан балбан болгон. Эл оозунда Кабанын Жоо-Жүрөк жайлоосунда арыктын боюндагы салмагы 1 тонна 274 килограммдык ташты
тээп жылдырган эрдиги айтылып келет. Ал мал чарбачылыгынан тышкары эр сайыш, күрөш, эңишке түшүп оокат кылчу. Кожомкулдун энеси Алмадай да өз мезгилинин эр сайышка түшүп жүргөн аялдарынан болгон. Ал жаш кезинен атасына кой кайтарышып тим болбостон, балбандык өнөрдү да үйрөнүүгө жетишкен. Тагдырдын башка салганы ушул болуп, иниси Мокотай экөө эрте жетим калат. Натыйжада күнүмдүк оокат үчүн байларга жалданып, кой кайтарып, чөбүн чаап оокат кылууга туура келет. 15-16 жашынан баштап айылда аны күч жагынан бир да теңтушу жеңе албай, балбан атала баштайт. Суусамырда балбан катары таанылышына төмөнкү окуя себеп болот. Балбай деген бай той берип калат. Найза сайышка атагы далайга кеткен Аксакал аттуу балбан чыгат. Ал адатта найзаны ээрдин кашына такай кармап, көздү жумбай тик качырып кирчү. Кожомкул болсо бетме-бет чыгат да, Аксакал жакындап келгенде шадылуу колдору менен өз найзасын алга сунуп, каршылашын атынан кулата сайган.

ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!
Тоодо туулуп, тоо коюнунда өсүптүр,
Ашуулардан ат көтөрүп өтүптүр.
Бирок Кожокең бүт дүйнөлүк спортко,
Бир да жолу катышпастан кетиптир…
»- деп акын Байдылда Сарногоев жазгандай, Каба уулу Кожомкул өз доорунда дүйнөнү кыдырып, эл аралык мелдештерге катышып, кыргыз элин даңазалай алган эмес. Бүткүл Орто Азиянын балбандарын күрөшүп жеңген Кожомкулдун өзү: “Бир жолу эңиштен, бир жолу оодарыштан жеңилгем”,- деп айтчу экен. Кожомкулдун басып өткөн жолу, балбан күрөшүндөгү жеңиштери элибиздин эсинде эч качан унутулбай, дайыма сыймыктануу менен айтылып жүрө берет деп ишенебиз.

Кожомкулдун чөбөрөсү ОРОЗАЛЫ КОЖОМКУЛОВ: “ЧОҢ АТАБЫЗДЫН 3 АРМАНЫ БОЛГОН”

26-002– Орозалы, сага биринчи суроом: Жети атаңды айтып берчи…
– Мен сегизин билем: Жапар, Муктар, Кожомкул, Каба, Кошке, Эсиркеп, Сопол, Жаныш.

– Ошондо сен Кожомкулдун чөбөрөсү болот турбайсыңбы?
– Ооба. Кожомкул чоң атабыздын 4 уулу жана 1 кызы болгон. Алардын ичинен Алымбек менен Турумбек деген уулдары бала кезинде оорунун айынан каза болуп калышкан. Кожомкулдун тукумун Муктар жана Амантай деген уулдары улашкан. Муктар менин чоң атам.

– Өзүң эмне менен алектенесиң?
– Үй-бүлөбүз менен Бишкектин Ак-Ордо конушунда турабыз. Жашым 16да. Учурда №4-кесиптик орто окуу жайында куруучулук багытында билим алып жатам. Окуудан тышкары эмгек резервинде эркин күрөш менен машыгам.

– Даңазалуу чоң атаң тууралуу эстеликтер кайда сакталган?
– Мен бир нерсеге намыстанып жүрөм. Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Кожомкулдун айкели да, портрети да жок. Ушул боюнча Маданият министрлигине барып, Султан Раевдин кабылдоосунда болгом. «Бул маселени карап жатабыз» дешти. Азыр Кожомкул атам тууралуу мурастар Суусамырдагы музейинде гана бар. Көпчүлүк Кожомкулду таш көтөргөн же ат көтөргөн балбан катары билишет. Чынында, ал коомдук ишмер катары да белгилүү. Көп жылдар бою мамлекеттик кызматтарды аркалаган.

– Кожомкул жөнүндө бири-бирине кайчы маалыматтар жок эмес. Булардан кабарың болсо керек?
– Ооба. Мунун баары айрым авторлордун анын урпактары менен түздөн-түз байланышпагандыгында деп билем. Ошондуктан бир катар китеп жана гезиттерде бурмаланган маалыматтар чыгып жүрөт. Аларды окуп алып, кимибизден сурагандыгын өзүбүз биле албайбыз.

– Сен чоң атаңдын кандай эрдиктерин билесиң?
– Эми аларды айтсам, кагаз түтпөйт. 100 жылдык мааракесинде болгон окуяны айтып берейин. 1989-жылы Кожомкулдун 100 жылдык мааракесинде 100 боз үй тигилип, бардык советтик өлкөлөрдөн балбандар келишкен дешет. Ошондо жазуучубуз Чыңгыз Айтматов балбандарга: “Таймашуудан мурда ташты эч ким көрө электе түнкүсүн көтөрүп көргүлө”,- деп кайрылган экен. Ал киши Кожомкулдун эрдигин эч ким кайталай албасын билип, тигилерди шылдыңдаптыр. Ошол эле учурда балбаныбыз менен сыймыктанган.

– Урпактарынын арасында Кожомкулду көзү тирүүсүндө көргөндөр бар да…
– Небереси Такин эжекебиз бар. Анан дагы айылында саналуу адамдар калган.

– Кожомкулдун арманы болгонбу?
– Кожомкул чоң атабыздын 3 арманы болуптур. Биринчиси – казак балбаны Чолоктун колун айыкпас кылып сындырганы. Аны менен эңишип жатып колун ээрге такап, сындырып салган экен. Натыйжада казактар арданып, чоң атамды сабашмакчы болушат. Ошондо балбан Чолоктун өзү: “Баатырга тийбегиле, аны мен баары бир жеңе албайм. Ал куугунтукка эмес, мактоого татыктуу” дептир. Ошентип, эңишке түшкөн эки балбан ажырагыс достордон болуп калышкан экен. Экинчи арманы болсо – өзүнөн кийин балбан тукум калбаганы. Анын Алымбек жана Турумбек деген уулдары оорунун айынан бир күндө каза болуп калышкан. Кожомкулдун ошол балдарынан үмүтү чоң болгон дешет. Алар 5-6 жашында торпокту көтөрүп ойношчу экен. Алардын мезгилсиз каза табуусуна көз тийип калгандыгы себеп болуптур. Ал эми кийинки балдары Муктар менен Амантай алптыгы менен айырмаланбаган катардагы эле балдардан болуп чоңоюшкан. Ошондуктан Кожомкул «мүмкүн мен баатыр кызга үйлөнсөм, балдарымдын баары ата-бабаларымдын жолун жолдомок» деп айтып калчу дешет. Анткени тукумунда Жаныштан баштап баары балбан болушкан. Ушул жетинчи муунга келгенде, бул өнөр үзүлүп калып жатпайбы.

Ал эми 3-арманы болсо ошончолук баатыр болсо да, эл аралык мелдештерге катышып, тарыхта чемпион спортчу катары атын калтыра албаганы болуптур.

– Алдыга койгон кандай максаттарың бар?
– Башкы максатыбыз – тарых музейине айкелин тургузуу. Анан дагы Кожомкулдун өмүр таржымалын так баяндаган китеп жарыкка чыкса жакшы болмок. Ошондой эле чоң атамдын 125 жылдыгын эл аралык деңгээлде белгилөө. Анын эрдиктерин дүйнөгө тааныта турган иш-чаралар жасалса. Булар, албетте, аттуу-баштуу инсандарыбыздын колдоосунан көз каранды экенин билем. Жана бул максаттарга жетерибизге ишенем!

– Орозалы, маегиңе рахмат. Сен да кыргыздын керегине жараган намыстуу мырзалардан бол!

Базарбек Абдураимов, sport@super.kg, «Супер-инфо», №377 22-28-январь, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий