КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ КАЙРА ТУТАНАБЫ?

article_3427Кыргыз киносу дүйнөлүк аренага чыгып, кыргыз керемети деген атка конгон 60-70-жылдар эсиңизде болсо керек. Жапайы кыргыз деп эсептеген башка улуттарга кыргыз эли таланттуу эл экенин тааныткан кыргыз киносу, кино ишмерлери, албетте, сөз кылганга арзыйт.

ТАРЫХЫ
1941-жылдын 17-ноябры тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Бирок кыргыз жеринде 1927-жылы эле фильм тартылган болчу. «Өзбеккино» тарткан “Жабык араба” аттуу толук метраждуу тасмада алгачкы кыргыз актрисасы Айша Түмөнбаева башкы ролду ойногон. Cоюздаш улуттар кыргыз жерине өтө кызыгып, ал тууралуу документалдуу фильмдерди байма-бай тартып турушканы менен ата мекендик көркөм фильм жаралган эмес. 1941-жылы болсо алгачкы жолу “Чапаев”, “Он үчүнчү”, “Ленин октябрда” деген фильмдерин кыргыз тилинде сүйлөтүшкөн.

АЛГАЧКЫЛАР
Кыргыз киносунун алгачкы карлыгачы – 1955-жылы тартылган “Салтанат” тасмасы. Бул тасманы «Мосфильм» тартканына карабай, кыргыздын алгачкы киносу деп эсептелинет. Анткени биринчи жолу кыргыз актёрлору өз жүзүн көрсөтүп, киноискусствосуна олуттуу кадам ташташкан эле. Ийгилик биринчи фильмден эле башталып, москвалыктар жылуу кабыл алышкан. Фильмдин ийгилигине чыгаан актёрлор да салым кошушкан. Кыргыз киносунун ушул күнгө чейинки лидери Бакен Кыдыкеева жана театр падышасы деген атка конгон Муратбек Рыскулов аталган тасмада роль жаратып, биринчи жолу көгүлтүр экранга чыгышкан.

ТӨРТ ТАЛАНТ ЖАНА АЙТМАТОВ
Кыргыз киносуна күчтүү төрт инсандын келиши менен кино дүйнөсү алдыга бир секирик жасады. 1960-жылдары ВГИКти бүтүп келген Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдор кино дүйнөсүнө из сала алышты. Профессионалдуулук, эмоция, талант… Алардын тасмаларынын өзгөчөлүгү ушунда болчу. Атай кетсек, Убукеевдин “Тайгак кечүү” тасмасы, Океевдин “Бакайдын жайыты”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көк серек” фильмдери, Шамшиевдин “Ак кемеси”, Базаровдун “Саманчынын жолу” тасмалары эл аралык фестивалдардан жеңиш менен гана кайтып жатышты. Кыргыз киносунун ийгилигине Чыңгыз Айтматовдун да чоң салымы бар. Анын чыгармаларын экрандаштыруу ошол кездин модасына айланган. Алтургай биздин режиссёрлордун колунан талашып, орус режиссёрлору да анын чыгармаларын экрандаштырууну каалашкан. Мисалы, “Мен Тянь-Шань”, “Жамиля” чыгармаларын Ирина Поплавская экрандаштырса, “Биринчи мугалим” тасмасын Андрей Кончаловский тарткан. Ошентип, кыргыз кереметинин доору он жыл бою өкүм сүргөн.

НАЗАРЫҢЫЗДАРДА МУЛЬТФИЛЬМ…
Азыр кыргыз тилине которулуп берилип жаткан мультфильмдерди балдар кандай кызыгуу менен көрүп жатканын байкайсыздарбы? Ал эми балдарга арналган биринчи кыргыз мультфильми 1978-жылы жарык көргөн. “Сандардын талашы” аттуу фильмдин режиссёру Сагынбек Ишенов болчу. «Олокон», «Меке чал жана кара дөө», «Толубай сынчы» аттуу фильмдер да ушул режиссёрдун колунан чыккан.

ДООР МЕНЕН БИРГЕ
Кыргыз киносунда аты алтын тамгалар менен жазылган актёр, актрисалар бар. Ириде алардын актёрдук таланты көз алдыга келет. Кино дүйнөсүндө Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева өңдүү таланттар актёрдук кесип деген сөздүн маанисин ачып беришти. Ал эми 80-жылдарда ушул улуу муундун ордун баскан мыкты актёрлор Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Дүйшөн Байдөбөтов, Айтурган Темирова, Орозбек Кутманалиев, алардан кийинчерээк Абдумалик Шерматов, Шайыр Касымалиева жана башкалар болду. 90-жылдары кино дүйнөсү суу куйгандай дымыды. Мыкты чыгар таланттарыбыз башка өлкөлөргө кетип, бул жакта калгандар кино тартканга каражаты жок, оор кырдаалды баштан өткөрүштү.

КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ КАЙРА ЖАНДАНАБЫ?
Он жыл оор уйкудан кийин кайрадан кино дүйнөсүндө жандануу пайда болду. “Беш кемпир”, “Маймыл”, “Бороондуу станция” тасмалары кайрадан кыргыз киносун жандандырды. Эрнест Абдыжапаров, Нурбек Эген, Актан Арым Кубат, Бакыт Карагулов, Темир Бирназаров сыяктуу режиссёрлор учурда жигердүү эмгектенип жатышат. Ушундан улам “кыргыз керемети кайрадан гүлдөгөн доорду башынан өткөрөбү?” деген суроо пайда болууда. Заман агымына жараша учурда кинону искусство катары эмес, бизнес катары караган адамдар көбөйдү. Тажрыйбасыз режиссёрлор тарткан чалагайым тасмалар бүгүнкү күндө жаандан кийинки козу карындай жайнайт. Минте берсек, элибиздин киного болгон табитин жоготуп албайбызбы деген ой түйшөлтөт. “Кыргыздын түркөйлүгүн тартканда гана “Оскарды” алабыз” деген кепти төгүнгө чыгарып, келечекте “Оскарга” профессионалдуулугу менен татыган тасмаларды жаратсак деген үмүт бар.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • Кыргыз киносу үч жолу “Оскарга” көрсөтүлгөн. Төлөмүш Океевдин «Көк серек» тасмасы, Актан Арым Кубаттын «Беш кемпири» ошондой эле немис режиссёру Франк Мюллер жана кыргыз киночусу Эрнест Абдыжапаров биргелешип тарткан “Теңир” тасмасы.
  • Кыргыздын алгачкы актрисасы Айша Түмөнбаева (Карасаева) белгилүү тилчи Хусейин Карасаевдин өмүрлүк жары болгон.
  • «Советтик Кыргызстан» алгачкы киножурнал десек болот. Кино өнөрү тууралуу кыргыз эли ошол журналдан маалымат алышкан.


БҮГҮНКҮНҮН ТАТТЫБҮБҮ, СҮЙМӨНКУЛУ КИМДЕР?

3-003Киноискусствосуна из салган мыкты актёрлор жараткан образдар көпчүлүктүн эсинде. Ал эми азыркы учурда кино тармагында аларга тең келбесе да чамалап бара турган чыгаан актёрлор барбы? Бул суроо менен режиссёрлорго, тажрыйбалуу актрисаларга кайрылдык.

Жамал Сейдакматова, актриса:
– Кыргыз киносу дүркүрөп турган учурда мыкты таланттар жаралды. Эми алардай таланттар кыргызда жаралышы күмөн. Бирок азыр да уучубуз куру эмес. “Боз салкында” Анаранын ролун, кийин “Уурунун махабатында” кайырчы кыздын ролун аткарган Зарина Асаналиевага, Альбина Имашевага, Элина Абай кызына драмалык актриса катары баа берип жүрөм. Ал эми театр актёрлорунан “Дем” театрынын Замир Сооронбаев, Марат Козукеев деген жигиттери таланттуу. Айтор, таланттар көп эле. Болгону, аларды тапташ керек. Актёрдун талантын мыкты режиссёр ачат эмеспи. Мисалы, Сүймөнкүл Чокморовду тагдыр убагында Болот Шамшиев, Төлөмүш Океевге окшогон режиссёрлорго жолуктурбаса ким билет, кандай болот эле?..

Темир Бирназаров, режиссёр:
– Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Алиман Жанкорозовалар жүрөгү менен ролго жуурулушкан актрисалар болгон. Алар эмнеге мыкты деген атка татыктуу, билесизби? Анткени алар кыргыздын накта жүзүн ачып беришкен. Басканы, сүйлөгөнү, дүйнө таанымы менен кыргыздын ак маңдай аялзатынын образын ачып беришкен. Азыркылар ролго жаттап киришет. Ошондуктан мыкты актриса деп эч кимди айта албайм. Ал эми профессионал актёрлор катары “Дем” театрынын жигиттери чын эле таланттуу. Балким, бизде киного жакшылап көңүл бурулса, чет жерде жүргөн таланттуу балдар-кыздарыбыз өз мекенинде жакшы эмгектерди жаратмак беле деп ойлойм.

Шайыр Касымалиева, актриса:
– Эми Бакен эжедей талант чанда гана жаралат. Бирок өң-келбет жагынан Тынара Абдразакова деген актриса окшоп кетет. Ал эми Таттыбүбүдөй актриса азыр жок деп айта алам. Азыр деги эле актрисанын талантына баа берилбей калбадыбы. Сулуу болсо эле «болду, бул актриса боло алат» деген жаңылыш пикир жаралып келет. Бирок актрисалыкка чыныгы талант керек. Билбейм, айтор, азыр алардын ордун баса турган чыгаан актёр же актриса бул деп көрсөтө албайм. Балким, буга учурдун талабы да күнөөлүүдүр.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:
– Көпкө уктап жатып ойгонгондой, азыр кинодо кайра жаралуу болуп жатат. Өткөөл мезгилде киного көп көңүл бурулбай кетпеди беле. Ал эми учурдун жаңы муундарына келсек, мен таланттуу актёр катары Мухамбет Токтобаевге (“Бешик” тасмасында башкы роль жараткан) баа берем. Ал эми көптү үмүттөндүргөн актрисалардын бири деп Элина Абай кызын, Асеманы айтар элем. Булардын келечеги али алдыда. Бирок аларды мурунку актрисаларга салыштырып кароонун кажети жок. Анткени ар бир доордун өзүнүн талабы болот.

Рысбек Жабиров, режиссёр:
– Элина Абай кызы көптү үмүттөндүрөт. Ал кыздын жүзүнөн башкаларга окшобогон бир нур төгүлүп турат. Анан актрисага керек болгон бой-келбет, талант бар. Актёрлордон болсо Аскат Сулаймановдун актёрлук дарамети күчтүү. Өзүм кийин бир мыкты фильм тарта турган болсом, ушул эки талант менен сөзсүз иштешем деп максат кылып жүрөм.

“КАЙДА ЖҮРСӨҢ АМАН БОЛ, АЛТЫН БООҢ МЕНДЕ БАР”
Ооба, турмуш оор. Айрым таланттуу адамдарыбыз өз жеринде келечегин көрө албай же айрым шартка байланыштуу чет жакта жүрүшөт. Киноискусствосунда мыкты актёр катары таанылган Докдурбек Кыдыралиев (“Гүлсарат” фильминде Танабайдын ролун ойногон) казак киносунда мыкты ролдорду жаратып келет. Таланттуу актёрубуз Ашыр Чокубаев да казак тасмаларында бир топ чоң ролдорду жараткан. “Аталар керээзи” фильминин режиссёру Нурбек Эген Орусияда жүрсө, Азиз Бейшеналиев орустардын мыкты актёру. Жакында эле “Уурунун махабаты” фильминде кримавторитеттин ролун аткарган Кубанычбек Адылов буга чейин казак тасмаларынын жылдызы болчу. Мына ушулар сыяктуу таланттуу инсандарыбыз өз мекенинде, өз жеринде эмгектенишсе, кыргыз киносу кайрадан кыргыз керемети атагын алат беле деген өкүнүч пайда болот.

Нуржамал Жийдебаева, koom@super.kg, «Супер-инфо», №377 22-28-январь, 2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий