«Айтматов ааламы»

Чыңгыз Айтматов бул тирүүлүктө (XX-XXI кылымда) чагылган сыяктуу бир жарк эткен, Ала Тоонун чакан айылынан ааламга нуру чачыраган улуу жазуучу.

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча маалымат эң эле арбын деп айтылган менен жазуучу жөнүндө буга дейре библиографиялык энциклопедия жок болчу. Жазуучу жөнүндөгү маалыматты энциклопедиядан, китептерден же китепканалардан табар элек. Жакында китеп дүйнөсүнө «Айтматов ааламы» деген көптөн күткөн салабаттуу библиографиялык энциклопедия жарык көрдү. Бул китепти түзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы (башчысы Ж.К.Бакашова) демилге кылган. Ал эми энциклопедияны чыгарууга Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонд жардам берген экен. Ушул сымал республикадагы ар түрдүү фонддор, коомдор элибиздин келечек өсүшүнө салым кошуп, көмөгүн аянбай көрсөтүшсө, жеке кызыкчылыктан мурда улуттук кызыкчылыкты ардакташса, анда рухий маданиятыбыз кыйла алдыга жылар эле.

Арийне энциклопедияны астейдил барактаган адам аруу таланттын өмүрүн жана чыгармачылыгын кайрадан кенен, ар тараптан көз алдыга элестетээр. Анын улуулугу ушунда — ар бир саатын, күнүн бекер кетирбеген, чыгармачылыкты жедеп мисир туткан, турмуштун ысык-суугуна чыдап, кара жанын аябай, эч чаалыгып-чарчабаган эмгектин дулдулу, чындыктын жана сулуулуктун ырчысы экен. Китептен Ч.Айтматовдун ааламга кеткен рухий куту, духу, дарманы сезилип турат. Ал чын ыкласы менен ар бир шаанисин тандап, талдап, өз ордуна кынаптап коюп, кундуу кеп түйүнүн чечмелеп, ой уюткан.

Жазуучунун интеллектуалдуу макалаларынын, маектеринин, публицистикаларынын, ой толгоолорунун, кыскасынан көлөмдүүсүнө дейре тематикасы, койгон маселелери, идеялары ар тармактуу, терең маанилүү. Жазуучу очерктен романга чейин ар бир чыгармасына зор маани берип, ак дилден, жетиктүү, жанын үрөп иштеген эмеспи.

Тагдырдын жазмышы экен, улуу залкар менен бирге иштешип, ылымыбыз жакын болуп, анын адамгерчилик, жазуучулук, атуулдук ураанчыл касиетин көрүп-сезип калдык. «Чыке» деп айтканыбызга устат көнүп да кеткен. Анын ажарынан жылдызы жанып, башкаларга рух нуру чачырап турар эле. Ал жазуучулар биримдигин башкарган учурда күндүр-түндүр чыгарма жазып чарчаганына карабай, түштөн баштап кеңсесинде нөөмөт күткөн жазуучулардын, чолосу жок болсо да республиканын ар бурчунан келгендердин арыз-муңун укканга шаасы жетип, жардамын берер эле. Анан да көптөгөн каттарга Ч.Айтматов берген жоопторду машинистка араң үлгүрүп басып турчу.

«Айтматов ааламы» энциклопедиясы бир эле жазуучунун чыгармаларынын карандай тизмеси эмес, ал — адамдын өзүн, коомду, табиятты ойлонтоор, элдин рухий бийлигин кастарлап, сүйүүгө, байытууга, чыгармачылыкка, Теңир шыпаа кылган жашоону куру шаан-шөкөтсүз, таза жашап, мыкты эмгектенип өтүүгө, өмүргө жол көрсөткөн экимет чакырык — программа экенин сезип-туясың. Ушу жерден Чыкенин жазуучулук кесипке койгон талабы эске түшөт. Кайсы бир жазуучу күнүнө он беш-жыйырма бет көркөм чыгарма жазамын деп мактанганын уккан Чыке, ага таң кала карап, «Мен күнүнө үч бет зорго жазамын, непада ага жетпесем, башымды тамга ургум келет» деген эле.

Ч.Айтматов жөнүндө мектеп окуучусунан Президентке чейин Ала-Тоодон ааламга жар салган жазуучуга мээримин төгүп, урмат менен айтышканы китептен даана байкалып турат. Алардын сөзү Айтматов дүйнөсүн ачууга, түшүнүүгө жана асыроого жардамын гана берет.

Ч.Айтматовдун рухий дүйнөсүнө ынтызарлар китептен кыйла кабарды ала алат. Жазуучунун өмүрү, дүйнөлүк маданият, адабият, искусство чөйрөсүндөгү сүйлөгөн сөздөрү, басмадан жарык көргөн китептери, макалалары, жазуучунун чыгармаларына жазылган сын макалалар, деле залкар жөнүндө толук маалымат бар. Айрыкча, Ч.Айтматов жөнүндө чет элдик жазуучулардын, сынчылардын, изилдөөчүлөрдүн пикирлери, чыгармаларынын кинодо, сүрөттө, музыкада, театрда чагылдырылышы, замандаштарынын эскерүүлөрү, ага арналган ырлар азыркы китепке таңсык болуп турган жаштарга, студенттерге, мектеп окуучуларына, деле рухка, адабият менен искусствого кызыккандарга өтө пайдалуу маалымат.

Энциклопедия эки тилде — орус жана кыргыз тилинде жазылган. Орусча басылышын чет элдик окурмандар, батыш-чыгыш изилдөөчүлөрү кеңири пайдаланышы мүмкүн.

Жоромолдосок «Айтматов ааламы» акыркы энциклопедия эмес. Келечекте улуу жазуучуга байланыштуу ар кандай багыттагы, мазмундагы китептер жарык көрөрү абзел. Непада энциклопедия кайтадан жаңырып калса, китепке Ч.Айтматов жөнүндө чет элдик изилдөөчүлөр, замандаштар жана окурмандардын маалыматы дагы толукталар деген ойдомун.

Энциклопедияда Ч.Айтматовдун айрым макалалары аталбай калгандай туюлат. 1962-жылы жаңы жыл алдында «Комсомолец Киргизии» гезитине жазуучунун кыргыз жаштарынын чыгармаларына карата жазылган макаласын таппадым. «Бетме-бет», «Жамийла» сыяктуу чыгармалары менен дүйнөгө шыкыбалы тарай баштаган Ч.Айтматовдун укум сөзү жаштарга пайдалуу жол көрсөткүч болмок.

Менин жеке баамымда Ч.Айтматовдун кастарлуу ички дүйнөсү дагы эле бизге купуя бойдон шекилдүү. Дагы эле биз ага көп карызбыз, дагы ача элекпиз. Жазуучунун акыбетин кайтара албай жаткансыйбыз. Анын күндөлүктөрү, каттары жана ага жазылган каттар, жооптор, эскерүүлөр анын өмүрүн, чыгармачылык психологиясын толуктаар эле. Буга ылажы табыш келечектегилердин парзы.

«Айтматов ааламынын» басмадан жарык көрүшү жакшы рухий табылга болду. Ал эми мурас — олжону кандайча пайдалана алабыз, бул ар бирибиздин маданиятыбызга, билимибизге, атуулдугубузга, ынсабыбызга жараша болот. Бул китептин куту жана куну — жалаң гана рухий тутка жазуучу Ч.Айтматовдун ааламы эмес, жалпы кыргыз элинин тарыхын, жашоо турмушун, рухий маданиятын, байыртан берки духун дүйнө элине таанытууга жол ачат.

Кеңеш ЖУСУПОВ, “Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий