Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?

(Классиктин сегиз томдук жыйнагына байланыштуу пикир)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагын алып, даркан ойчул-жазуучунун мурда өзүм орусча окуган повесть-романдарын, макала-маектерин кыргыз тилинде окуганга шаштым. Ичимден бул сооптуу жана жооптуу ишти мойнуна алган Эл аралык «Руханият» ассоциациясы менен Ч.Айтматов атындагы эл аралык фондуга ырахмат дедим. Бирок да жыйнактан мен байкаган кемчиликтер жөнүндө окурмандар, ошондой эле жыйнактын түзүүчүлөрү менен ой бөлүшөйүн деп чечтим.

Фрунзе, Ленинград өз доорунун шаарлар
Жетинчи томдун 72-бетинде ( «Бийиктик», Бишкек-2008)  Фрунзе азыркы Бишкек экени барактын этегинде жылдызча менен эскертилип кеткен. Анткен менен китептин кийинки беттеринде Чыңгыз Айтматовдун сөзү оңдолуп берилет. Жыйнактын түшүндүрмөсүнө караганда, азыр мисалга келтирчү оңдоолорду  котормочу К.Өмүралиев киргизген сыяктуу. Улуу жазуучунун маектери али толук кыргыз тилине которула элек болгондуктан, болочокто да мындай «өзүм билемдиктер» болбоосу үчүн алардын айрымдарына токтоло кетейин.

«Партиянын Бишкек (анда Фрунзе эле) шаардык комитетинин ошол кездеги биринчи катчысы Турдакун Усубалиев чакырып алып, «үйүрмөнүн тобуна кошулуп Санкт-Петербургка(анда Ленинград болчу) жүр,аскер-суучулдарына сый-сыпатыбызды көрсөтүп кайталык», деген соң, кошо аттанып кеттим.»(399-бет). Андан ары барактап, 400-беттеги үч сүйлөмгө кайрылалы: «Санкт-Петербургдун (Ленинграддын) ак түндөрүндө чөмүлүп, Нева бойлоп кыдырган, армансыз сырдашкан ошол кездер ай!»

«Акырында ишим бар эле, поезд менен кетем деп шылтоолоп, Санкт-Петербургда калып, Москвага эки-үч күндөн соң аттандым.» «Кайра-кайра коштошуп, бири-бирибизди кыя албай, акыры кол кармашкан бойдон Бүбүсараны электричка менен  Санкт-Петербургга узатып келдим». Кийинки 401-беттеги дагы бир түзөтүүнү окуп көрөлү: «Бүбүсара Санкт-Петербургда окуп, билим алган, театр, кино менен адабиятка келгенде өзгөчө бир сезимтал, кермет өнөрдүн ээси эле». «Акырында абалы бир топ оор болуп калган соң, Бүбүсараны Бишкектин ооруканасына которду»(404-бет).

Анан дагы 7-томдун 404-бетиндеги «Акыры 1973-жылы бугу (май) айынын 11де Бүбүсара түбөлүк көз жумду» деген сүйлөмдү окуп, эмне Ч.Айтматов сүйлөгөндө жана жазганда айлардын кыргызча аталышын айтчу беле  деп ойлойсуң… Башка бир жерде да Ч.Айтматов «тогуздун айында»(49-бет)  деп сүйлөйт.

Санкт-Петербург деген сөзгө улам-улам «жабышып» жаткан себебим, биринчиден, Ч.Айтматовдун жүрөгүнөн өчпөгөн кымбат махабаты – Бүбүйсара Бейшеналиева жөнүндө сүйлөгөндө Ленинградды Санкт-Петербург деп айтпасы турган иш. Анан ким да болсо Фрунзе же Ленинград шаары тууралуу укканда, же окуганда азыркы постсоветтик жылдарды эмес, тарых бүктөмүндө калган советтик доорду эстейт. Ошол мезгилди көз алдынан тизмектеп өткөрөт. Айтматов өзү да «Бир жолу Бүбүсара экөөбүз самолетко түшпөй, Москвадан Фрунзеге «Москва-Алматы» багытындагы тез жүрүүчү поезд менен кайттык»(402-бет) деп жазат. Ошон үчүн Ч.Айтматов «Аскада калган аңчынын ыйы» деп аталган адабий-публицтикалык диалогдун түпкү орусча нускасында (Айтматов.Ч., Шаханов М. Плач охотника над пропастью (Исповедь на исходе века): Перевод с каз./Алматы:Руан, 1996) эч качан Бүбүсара Бейшеналиева, Мухтар Шаханов жана башка замандаштарына байланыштуу окуяларга кайрылганда  шаарларды окуя болгон кездеги аты менен атайт.

«Эсиңдеби, бир жолу экөөбүз сенин машинаң менен Ташкенттен Бишкекке келе жаттык» (403-бет) деп кайрылат Ч.Айтматов М.Шахановго. Эмне үчүн Ч.Айтматов бул жерде Фрунзе эмес, Бишкек деп сүйлөөдө?  Себеби, 25 жыл мурда 1970-жылдын тияк-быягында «…так ушул жерден өткөндө, Бүбүсаранын өзгөчө бир кубанычка бөлөнүп, казактын эчен түрдүү кубулган улуу табиятынын ажайып бир көрүнүшүнө чексиз ыраазы болгонун» эстеп, Ч.Айтматовдун көңүлү толкуду. Мындай фактылар тарыхты, авторлордун  сөзүн бурмалоодон башка да ошол өткөн доордун атмосферасын билбөө, элдин сүйлөө өзгөчөлүгүн бузуп-оңдоо го.

«Аскада калган аңчынын ыйы»: «желимделген жана кертилген сүйлөмдөр»
«Плач охотника над пропастью»(Исповедь на исходе века) китебин  «Аскада калган аңчынын ыйы» менен салыштырып окуп отуруп, китептин орусча түп нускасында бар, а кыргызча басылмасынан сөөктөн ажыратылган эттей шылынган сүйлөмдөрдү жана «желимделип жаңы кошулган» (орусчасында жок) бүтүндөй абзацтарды көп таптым. Эки калемгердин диалогунун «Кумурадан чыккан куу баш, же түркий тарыхына көз караш» деп аталган бөлүмү мындай балталоого айрыкча көп кабылган. Ошол алымча-кошумчалардын оркойгондорун ирети менен бул макалага кыстара кеткенди жөн таптым.

Шаханов «түрки тектеш» элдерди санап жатканда  түп нускада жок «алтайлыктар жана шорс, гагауз жана ителги» (309-бет) пайда болот. Туурасы шорс эмес «шор». Бул Түштүк Сибирдеги 20 миң чамалуу этнос.  Ал эми «ителги» деген элди ким билет?

Андан аркы «жаңы жамалган» тексттер: «Орто кылымдарда Шайбаниддердин урум-тукуму ордо көтөргөн аймак өзбек журтунун эмес, ошол сыяктуу курама, маңгыт, жүз, лолы (туурасы лөлү го!) уруулары менен бухара еврейлеринин да өсүп-өркүндөгөн борборуна айланды» (313-бет).

«Кайсы доордун бийигинен көз салсаңыз да , Россия империясына караган өзгө мусулман өлкөлөрүнө илим менен билим, шарыят, дин эки чоң аймактан тарап жатты. Анын бири – татар менен башкыр агайындардын борбору-Казань менен Уфада, экинчиси-эзелки Бухара менен Самарканд шаарлары. Бул ири борборлордогу күмбөзүн күн сүйгөн заңкайган мазарлар (сагана, күмбөздөр сыягы: курсив меники – А.У.) менен мечиттер, медреселер, канатын кеңири жайган кол өнөрчүлүк менен соода-сатык элдин жалпы маданияты менен кошо, кадыр-баркын да күч үрөп жогорулата түштү» (313-бет).

«Өгүз терисине көктөлгөн эсеп жеткис ар кайсы кылымдарда жазылган жылнаамалардан тартып, жамы тектеш түрки элдердин кагазга түшкөн санжырасы, илимий эмгектери ушул ыйык имараттын боорунда көз жоосун алып, катар тизилип турат. Мына, өткөнгө – урмат, бүгүнкүңө – таазим, келечегиңе – аманат ушундай ыйык мамиледен башталса керек» (314-бет).

«Орто кылымдардагы дүйнө жүзүнүн тарыхынын» энциклопедиясы менен С.Е.Малов, Р.Л.Кызласов, Г.Е.Грумм-Гржимайло сыяктуу окумуштуулардын изилдөө эмгектерине таянсак, Эне-Сай боюндагы кыргыздар менен хакастар бир улуттун уланган эки уруусу экендигине көзүбүз жетет. «Хакас» термини «кыргыз» этнонимине эквивалент иретинде колдонулган» (333-бет).

«Сионизм (курсив меники – А.У) теоретиктери жазышат:»Өзүнүн тарыхтагы ордун жоготкон калк көк чырпык сыяктуу, кайда ийсең ошол жакка ийилет», деп (380-бет). Бул саптын орусча нускасында «сионизм» деген сөз жок. Окурманга толук түшүнүктүү болсун үчүн оболу орусча нускадагы сүйлөмдү окуп көрөлү: «Верно сказано:»Народ у которого нет истории, подобен ребенку без отца и матери, всему учится с самого начала. Чтобы довести народ до такого состояния, необходимо пользоваться своим высоким положением до последнего момента. Народ потерявший свою историческую память, словно гибкая лоза, куда согнешь, туда и пойдет» (стр.314). Ошентип, кыргызчага кыстарманын үчтөн бири гана которулган. Эгерде котормочу же жыйнактын түзүүчү-реадкторлору  кыстарма сионистерден алынганына көңүл бургулары келсе, анда барактын этегине жылдызча менен булактын дарегин берсе, туура болмок. Андай болбогондон кийин муну Айтматовду редакциялоо же каалагандай кылып «кайчылоо» деп атаса болот.

Андан башка дагы мына бул сүйлөмдөр кыргызча котормодо жок:

«Вообще, сколько, ты думаешь, на земле языков? До сегодняшнего дня никто точно не выяснил их число. Всего на земном шаре от 2,5 до 5 тысяч народов и национальностей. И поскольку каждый из них говорит на своем языке, и история каждого народа по своему своеобразна и необычна, точно так же интересна и история их языков» (стр. 311).

Ч.Айтматовдун  катуу оору Бейшеналиева жөнүндө жүрөгүн ачып айткан төмөнкү сөзү да кыргызчага кирбей калган: «Она и в эти последние минуты оставалась моим ангелом-хранителем» (стр. 338).

Сыягы бул жана башка сүйлөмдөрдү  кыргызчага так оодарганга  котормочунун дарамети жетпей, «түшүрүп койгондой».

«Аскада калган аңчынын ыйынын» орусча нускасындагы эки калемгердин мамлекет башчыларга карата болгон астейдил сылык-сыпайылыгы дагы кыргызча котормодо оңдолуп калган. Ч.Айтматов «Дээрлик, Нурсултан, Ислам, Аскар тууралуу да эл оозунда ар кандай пикирлердин, кээ бир карама-каршы көз караштардын, ал турмак наалаты кептердин да болуусу мыйзамдуу» (260-бет) дейт. Орусчасында үч президенттин тек фамилиялары гана айтылган (стр. 214).

Котормочу көп маани бербеген бул фактыга токтолгон себебим, СССР тушунда жана андан соңку күнкорсуздук доорунда бийликтин эң төбөсүндөгү адамдар менен түрдүү жагдайларда аралашып жүргөн Айтматов жана Шаханов эгемен өлкөлөрдүн лидерлери жөнүндө сүйлөп жатканда, кызматтык этиканы карманып, эч кандай «сен-менге» барбайт. Бул эки жазуучунун тарбиясы, бекем карманган нормасы. Ошон үчүн үлкөн жазуучу берегидей үч президентти атынан айтып калганын көргөндө «уккан кулагыңа жана көргөн көзүңө» ишенбей кетесиң.

Мына ушул келтирилген мисалдардан улам Ч.Айтматов менен М.Шахановдун ой бөлүшүүсүн кертип салмай же «жаңы сүйлөмдү желимдеп жамамай», илимий-адабияттык цензура эч аябаган экен деген тыянакка келесиң. Анан да дүйнөлүк адабияттын классиктерине кирген Чынгыз Айтматов эч кандай оңдоп-түзөтүүлөргө, редакциялоого муктаж эмес!!! Айтмакчы, Айтматов өзү «Аскада калган аңчынын ыйы» түгүл, анын башка да көркөм мурастарын оңдоо, бурмалоо аракети болорун туйган сыңары. Мына бул сүйлөм ошондой чочулап-кооптонуудан улам айтылган го деп да ойлоп кетесиң: «И разве не искажалась, не переделывалась наша история с древнейших времен современниками мясниками от науки, взявшими в руки перо, и разве изменились их взгляды со временем, разве перестали они быть тенденциозными, разве лучше они стали к нам относится?» (стр.314). Бул абзацты Ч.Айтматовдун чыгармалар жыйнагынын жетинчи томунан издебей эле коюңуз. Таппайсыз. «Кыркылып» калган.

Ч.Айтматовго байланыштуу ар бир факт-алтын!
Тактык демекчи, 7-томдо сегиз томдук жыйнактын ар бирине «Эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөрдү» талбай жазган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин кандидаты Айнура Кадырмамбетова да жаңылыштык кетирген. «…бул адабий-публицистикалык диалог алгач 1997-жылы (курсив меники – А.У.) Алматынын «Руан» басмасынан «Плач охотника над пропастью (Исповедь на исходе века)» деген ат менен жарык көргөн» (522-бет). Ч.Айтамов менен М.Шахановдун өз ара пикир алмашуусунун негизинде жаралган бул чыгарма обол 1997-жылы эмес, 1996-жылы айтылган «Руан» басмасынан чыккан. Муну тактоо оңой эле. (Баса, драматург Жаныш Кулмамбетов да үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында «Эркин Тоо» гезитине чыккан маегинде «1997-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шаханов экөө биргелешип, орус тилинде «Аскадагы аңчынын ыйы» деген китеп жазышкан» деп китептин басмадан чыккан жылын жана кайсы тилде жазылганын туура эмес айткан).

Келечекте улуу калемгердин дүйнө таанымы, көз карашы,  өмүрүнүн ар бир жылы, ар бир күнү, атүгүл ар бир сааты, көз ирмеми, Александр Пушкин, Лев Толстой же Михаил Достоевскийдикиндей кылдат изилденип, иретке келтирилет. (Мына ошондо изилдөөчүлөр үчүн «суусу соолубас   булак» Айтматовдун мурасы-чыгармалары, жыйнактары болот. Мына ошондо Мухтар Шахановдун сөзү менен айтканда, жазуучунун тагдыр жолунда «кезиккен аялдар тууралуу «маалымат» жыйнап, «Айтматовдун айымдары» аттуу китеп  чыгарган» Жаныбек Жанузактын эмгеги да изилдөөчүлөр  үчүн баалуу булак болору шексиз. Жанузактын китебисиз Айтматов таануу бөксө болот. Анткени, 1960-90-жылдар арасында коомчулук ичинде «Ушул чынбы?» деген суроого Жаныбек Жанузак жооп издеп, улуу жазуучу жөнүндөгү эл ичиндеги чындыкты, кеп-сөздү окурманга биринчи болуп сунуш кылган.) Ошондуктан, жазуучунун али кыргызча  которула элек маектери басмага даярдалганда, оргиналдагы шаарлардын, райондордун, басылмалардын жазуучу колдонгон аталыштарын так сактоо зарыл. Бул, менимче, авторду жана окурманды сыйлоо болмок.

Унутчаактыкпы же кызганчаактыкпы?
Анан да  А.Кадырмамбетова  «Тоолор кулаганда» романынын түшүндүрмөсүн жазууда илимпоз адамга таандык эмес унутчаактык кылган. Башкача айтуу кыйын. Анткени, Чынгыз Айтматовдун «Тополек мой в красной косынке» повестинен үзүндү «Долондун кан жолунда» деген ат менен 1959-жылы 30-авг.,  «Прощай, Гүлсары» чыгармасынын кыргызча котормосунан үзүндү «Танабайдын келиши» деген ат менен 1968-жылы 22-жылы «Советтик Кыргызстан» гезитинде басылганы жыйнактын 2- жана 1-томдугунда кашкайта жазылган. Бирок, 6-томдун түшүндүрмөсүндө «Тоолор кулаганда» романынан үзүндүлөр адегенде Абибилла Пазылов 2003-жылы «Тазабек Саманчин» деген ат менен, кийин 2009-жылы болсо Самсак Станалиев «Тоолор кулаганда (Кайып кыз)» деген ат менен жарыялаган. Мен уккандан, А.Пазыловдун котормосу жыйнактын алгачкы 2 миң нускасына кирген. Ал эми мендеги жыйнакка «Тоолор кулаганда (Кайып колукту)» романынын  Б.Сыдыкова менен Ж.Жөкүшөва кыргызчалаган жана мурда эч жакта басылбаган варианты кирген. А.Пазылов менен С.Станалиевдин «Когда падают горы» романын кыргызчага өз алдынча которушуп, андан үзүндүлөр мезгилдүү басма сөзгө чыкканын бардык сегиз томдогу чыгармаларга эскертүүлөрдү жазган Айнура Кыдырмамбетова эмне себептен унутуп койгону же этибар бербей койгону табышмак.

Буга жыйнактын түзүүчүсү, Ч.Айтматовдун эмгектеринин библиографиясын топтоого эбегейсиз салым кошкон окумуштуу-адабиятчы Абдылдажан Акматалиев да, сегиз томдуктун редактору Жумадин Кадыров да көңүл бурушкан эмес жана  маани да беришпеген сыяктуу. Болбосо, 1-томго кирген «Делбирим» повестинин «кыргыз тилиндеги үзүндүсү «Долондун кан жолунда» деген ат менен «Советтик Кыргызстан» газетасына (1959-ж. 30-авг.) басылганы» же 2-томдогу «Гүлсараттан» «кыргызча айрым үзүндүлөр «Танабайдын келиши» деген ат менен  «Советтик Кыргызстан» гезитинде (1968-ж. 22-июнь) жарык көргөнү» этият эскертилет.

Унутулган котормочулар, алмаштырылган сүйлөмдөр
Сегизинчи томду окуп жатып, Ч.Айтматовдун орус тилинде жазган повесть –романдарды кыргыз тилине салып сүйлөткөн котормочулардын ысмы жазылып, ал эми макалаларын, чоң мааракелерде сүйлөгөн сөздөрүн жана гезит-журналдарга берген интервьюларын кыргызчага которгон адамдардын аты жөнү жазылбаганын көрүп таң калдым. Көркөм адабиятты которуу кандай машакаттуу болсо, бир нече барак макаланы орусчадан кыргызчага маани-маңызынан жазбай так жана чебер оодаруу андан кем эмес тозок иш. Айрыкча, ар бир сөзү чоюндай салмактуу, алтындан кымбат жана философиялык  ой-толгоолорго жыш Айтматовдун маек, макалаларын таржымал кылуу.  Бул сөзүм улуу Айтматовго да таандык. Бул айтканыма ким ишенбесе, Илгиз Гилязетдиновдун быйыл эле кайсы бир кыргыз гезитине чыккан макаласын окуп көрсүн. Айтылган макалада не менин түшүнгөнүм, Айтматов үчүн өз макаласын кыргызчага орусча нускасындагыдай бир да нокотун бузбай которгондон көрө аны баштан аяк кыргызча жазуу жеңил болмоктой экен.

Журналист, Ч.Айтматовдун кыркка жакын макаласын кыргызча сүйлөткөн  котормочу Эсенбай Нурушевге кайрылганымда, жыйнакка өзү орус тилинен оодарган он эки макала жана  төрт маек киргенин айтты. Ага карабай Нурушевдин ысмы китепте жок. Бирок, Айтматовдун «World Literature Today” журналына чыккан макаласын (кыргызча аталышы «Интеллектуладык кризис тоталитаризм күнү бүттүбү…» (?) которгон Жолдош Турдубаев унутулган эмес, жана да макала-интервьюлардын же сүйлөнгөн сөздөрдүн жазылган (сүйлөнгөн) жылы көрсөтүлсө дагы, алардын көпчүлүгүнүн кайсы күнү, кайсы гезитте же журналда кыргызча жарыкка чыкканы көрсөтүлбөгөн.

Э.Нурушев анын таржымалындагы кээ бир сөздөр орун алмашып калганына да көңүл бурду. Мисалы, 124-бетте «…бартобокел деп сүзүп барсакпы» деген сөз кертимин алсак, Нурушевдин котормосунда бартобокел деген сөздүн ордунда кыргыздын «бактөкөл» деген сөзү турган. «Бактөкөл» ошол эле тобокел. Бул сөздү ким түшүнбөй калган: түзүүчүбү же редакторбу?

Ал эми өзгөртүлгөн орфографиялык белгилер жөнүндө сөз жок. Же 7-томдун 377-бетиндеги «Болот калем менен жазылып, өз заманында атпай түрки журтунун сабатын ачууда маданиятын жогорулатып, дүйнө таануусун калыптандырууда айрыкча роль ойногон эмгектерди көз жаздымда калтырбаганыбыз абзел» деген  сүйлөмдү алсак, «болот калем» түп нускада «гусиное перо» деп жазылгандыктан кыргызчага  «куш канаты»  деп которулуш керек болчу. Ошондо кеп болот калем уч жарала элек доор жөнүндө жүрүп жатканын окурман айныбай түшүнмөк. Айтматов ошон үчүн «гусиное перо» деген сөздү колдонгон.

Баса, «Плач охотника над пропастью» диалогун орусчага казакча-кыргызчадан сегиз котормочу таржымал кылгандыктан, мындай түзөтүүнү алар киргизгенби деп да ойлоп кетесиң. Же К Өмүралиев китепти кыргызчага которууда анын кыргызча-казакча кол жазмасын пайдаланганбы?

Эгерде котормочулардын аты жөнү көрсөтүлсө, андан улуу жазуучунун кадыр-баркы түшпөйт. Тескерисинче, түн уйкусун үнөмдөп чыгарманын үстүнөн иштеп, коомдук иштерге активдүү аралашып, өлкө ичиндеги жана сырт өлкөлөрдөгү симпозиум-жыйындарга тез-тез чакырылып, жаны тыным албай чарк айланып жүргөн жазуучунун орус тилинде жазган макалаларын, сүйлөгөн сөздөрүн которгонго чолосу жетпеген Айтматовдун ар бир макаласын кыргызстандыктар кунт коюп күтүшкөнүн, кечиктирбей эне тилине которуп окуп турушканын, жазуучунун китептери түгүл айткан сөзү, жазган макалаларына Ата Журтунда аяр мамиле жасалганын даана көрсөтмөк деп ойлойм. Эгер Айтматов өзү кыргызчалаган болсо, эмнеге аны да жазып койсо болбосун. Бул өзү тактык жана чыгармага илимий мамиле жасоо го.

«Аскада калган аңчынын ыйынын» кыргызчасында көптөгөн кемчиликтер бар. Алардын баарын тизмектеп санабай, кээ бир көзгө жат көрүнгөндөрүнө гана токтолойун. 29-бетте орусча китепте жок «орусча мындай жазылыптыр» деген сүйлөм кошулуп, Төрөкул Айтматовдун акталганы жөнүндөгү «Справка» кыргызчага оодарылбай берилет. Мухтар Шаханов «Кажымуканды эске алуу» деген ырын орус тилинде жазылгандыктан, орус тилинде окуйт. Казак акынынын  «Глаза», түрк султаны жөнүндөгү жана башка ырлары «орус тилинде окуюн» деген сөз кошулуп туруп, которулбай калтырылган. Аларды ошол эле 7-томдогу айрым ырларды кыргызча сүйлөткөн Өмүрбек Тиллебаевге же башка акындарга котортуп туруп жыйнакка киргизсе жакшы болбойт беле!?  «Коневодство», «Овцеводство» жана башка терминдер менен айрым макалалардын аталыштары орусча сакталган. Бул тим эле депутаттардын же  өкмөттүк чиновниктердин ырасмий жыйындарда кааласа орусча, кааласа кыргызча сүйлөгүнүн эске салат.

Мен билгенден совет мезгилинде Айтматовдун макаласы же маеги Москванын «Правда», «Известия» жана башка гезиттеринде чыкса, анын таржымалы адегенде «Советтик Кыргызстан» гезитинде басылчу жана ушул гезиттин мыкты деген журналистери которчу. Ошондуктан, бүгүнкүдөй каалаган гезит илип кетип, баса алчу эмес. Ушундан улам КПСС БКнын саясый минбары эсептелген  «Правда» же  «Известия» сыяктуу гезиттерге чыккан Айтамовдун макаласы  «Кыргыз Туусунун»  устаканасында кыргызчалангандан кийин гана аны башка гезиттер басчу.

Жыйнактын сегизинчи томунда атактуу авар акыны Расул Гамзатовдун «Менин Дагстаным» китеби «Менин Дагестаным» деп берилген.(140-бет.) Бул эки томдук китеп кыргыз тилинде Аман Токтогуловдун мыкты котормосунда «Менин Дагстаным» деген ат менен жарык көргөн эмес беле!! (Р.Гамзатовдун үй-бүлөмө каалаган ак тилеги жазылган А.Токтогуловдун котормосундагы «Менин Дагстанымды»(«Кыргызстан», Фрунзе-1972) бүгүн да тумардай сактап жүрөм). Андан башка да текстте авар акыны бирде Расулов, бирде Расул Гамзат уулу (17-бет) деп берилет.

«Аскада калган аңчынын ыйында» мындай так эместиктер өтө эле көп. Москвадагы М.Горький атындагы адабият институту алдындагы Жогорку адабият курстары «М.Горький атындагы эл аралык жогорку адабият курсу», НКВД-IIXK (22,27,29, 32, 39-беттер). IIXK-баш катырманы түшүнүп көр?! Эгер бул абреватура бир жолу берилсе корректор байкабай калса керек деп айтмакмын. А кайра-кайра кайталанып жаткан соң жыйнактын түзүүчүлөрү жаңы сөз тапканбы деген суроо туулат.

Чыгармадагы казак сөздөрү кыргызча болуп кеткен жерлерчи! Жамбулдун «Атшабар» базары «Ат чабар», Балыкшы району-Балыкчы,  Озенбай-Өзөнбай, Камысбай-Камышбай, Койшыбай-Койчубай, Каскырбай-Карышкырбайга (15-бет) алмашып, нака кыргызча ысым жаралат. Мындай болгондо кыргыз менен казакты бөлгөн “с” ариби болбогондой туюлат. Андай болгондо Тасбай деген кишинин атын да Ташпай (197-бет) деп кыргызчалап койсо болмок. Түркистан- Туркистан, Россиянын Курган  облусу-Коргон облусу, башка жерде Курган, Алматы  да Алма-Ата  болуп кезектешип жүрөт.

Котормочу «Скотоводство», «Коневодство», «Достаточно ли трехкратного доения?», «Кукуруза в рационе животных» жана башка терминдер менен аталыштарды орус тилинде калтырат. Аларды «Малчылык» же «Мал чарбачылыгы», «Жылкычылык» же «Жылкы чарбачылыгы», «Үч ирет  сааган жетиштүүбү?», «Жүгөрү малдардын тоютунда» деп таржымал кылса болмок.

Таранчы аке «Тыржыке», Тегирменчи аке «Жылкычы» болуп калганда
Жыйнактагы жетинчи томдун өксүктөрү жөнүндө кеп кылып жатканда мына бул кыстармага токтоло кетүү шарт. Мунун өзү жалпы котормонун деңгээл-сапаты тууралуу окурманга сонун кабар берет деп ойлойм. «Айтматов. Но в то же время в этом есть и ирония. В нашем аиле каких только имен ни выдумывали для братьев мужа-и старших, и младших. Бывало, давали прозвище по роду занятий.  Например, мельника звали «Брат жернов», а какого нибудь долговязого парнишку в шутку нарекали «Тундук-баш»-«упирающий головой в купол». Был у нас в Шекере один тщедушный, маленький, кудлатенький человек. Так про него невестки между собой говорили:»Воробушек идет», «Воробушек сказал то-то, Воробушек сказал это». То бишь, для каждого в аиле нашелся свой статус, соответствующий его образу и достоинствам (стр.11).

Эми К.Өмүралиевдин кыргызча котормосун окуп көрөлү: «Биздин айылда да келиндер кайнагалары менен кайнилерине ылайыктап ар түркүн ат коюп алыша турган. Кээде кесибине арнап «Жылкычы кайнага», бою укуруктай узун болсо, аны тескерисинче, «Кичине ата» дешээр эле. Шекерде арык, бырышып, тыржыйып калган бир киши бар эле. Ага келиндер өзүнө угузбай сыртынан «Тыржыкең келе жатыры, Тыржыкең минтиптир, тигинтиптир»-деп отурушаар эле. Демек, айылдагы ар бир адамдын өзүнүн кадыр-баркына жараша мартабасы болот.»

Бул жерде бүтүндөй сүйлөмдөргө көңүл бурбай «Түндүк баштын» «Кичине атага»,  айланып, автордун сөзү толук бурмаланган. Бул жерде аргасыздан: «Түп нусканы мындай кылып оңдоого ким уруксат берген? Эгер авторлордон уруксат алынса, эмне үчүн ал тууралуу эскертилип коюлган эмес?» деген суроо жаралат.

Тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүралиев рецензиялаган «Кумурадан чыккан куу баш, же түркий тарыхына көз караш» бөлүмүндө түп нуска менен кыргызча котормосунун ортосундагы айрымалар да өтө чоң. Аларды салыштырып отурууга жана санаганга менин чыдамым да жетпеди, барак да түтпөйт. Түп нуска авторлордун макулдугу менен өзгөртүлгөнбү? Белгисиз. Ал жөнүндө 7-томдун соңундагы «Эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөрдө» бир сөз жок.  Өмүралиев бөлүмгө алым-кошумчаларды, тактоолорду  киргизип, илимий түр бергени калетсиз.

Олуттуу басылмалар мындай иште өтө так болушат. Маселен, 6-томдун А.Кадырмамбетова шилтеме жасаган Санкт-Петербургдун «Азбика-классика» басмасынан 2001-жылы орус тилинде жарык көргөн Вильям Шекспирдин  «Трагедии» жыйнагын алалы. Анын эскертүүсүндө «Ромео жана Жулетта» трагедиясы көп жолу орус тилине которулганы, алардын  ичинен адабий жактан А.Григорьевдин (1902-ж.), А.Л.Соколовскийдин (1894-ж.),…, көп ирет кайра басылган Т.Шепкиной-Куперниктин 1958-жылкы котормолору адабий жактан кызыктуу экени белгиленет. Жыйнакта «Отелло», «Гамлет», «Король Лир» жана башка трагедияларга да ушундай эле кенен түшүндүрмө берилет.

Мына тактык. Бул маалымат окурманга ошол кездеги Россиядагы саясый  кырдаал жөнүндө көп нерседен түшүнүк берет. Биринчиден, демократ-акындын падышалык бийликке каршы көтөрүлүп, Сибирге айдалган декабрист досторуна арнаган ыры цензурага байланыштуу узак жылдар Россияда басылбай, ошон үчүн чет өлкөдө  чыкканын кабарлайт. Экинчиден, Пушкиндин Россиядагы популярдуулугуна карабай, арноо ыры «крепостной  режим» жоюлуп, декабристтер бир кыйла унутулуп калган кезде же жазылгандан 44 жыл кийин чыкканын маалымдайт. Ошондо да адабий чөйрөдө өтө кадыр-барктуу «Современник» журналында басылбаганын күбөлөйт.

«Эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөргө» кошумча
Менин оюмча, Ч.Айтматовдун сегиз томдугунун «Эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөрү»  жыйнак кайра толукталып чыгарылганга чейин дагы кеңейтилип жазганга муктаж. Дегеним себеби, түшүндүмөлөр жана эскертүүлөр библиографиялык эмес адабий изилдөө формасында  болгондуктан Айтматовдун чыгармаларынын театр сахнасындагы өмүрү кеңири чагылдырылбай калган. Менин катардагы окурман жана театр күйөрмөны катары баамдашымча, түшүндүмөдө бир гана «Саманчынын жолу» повестинин сахналаштыруусу тууралуу бир аза кененирээк берилген менен (2-том), бул чыгарманын аркасы менен мурдакы советтик республикалардын айрым театрлары жалпы союздук аренага таанылып, чоң сыйлыктарга жеткенине жөнүндө эч сөз жок («Фудзиямадагы  кадыр түн» драмасын эске албаганда). Мисалы, 1965-жылы Ораз Хаджимурадов Ашхабадда койгон “Кызыл жоолук жалжалым” спектакли үчүн Түркмөнстандын Мамлекеттик сыйылыгын алган. Республиканын эң абройлуу сыйылыгына негизги каармандарды ойногон артистер да татыктуу  борлушкан. О.Хаджимурадов койгон “Кызыл жоолук жалжалымды” мурдакы Германия  Демократиялык Республикасында койгонго чакырылып, өлкөнүн Маданият министрлигинин Ардактуу грамотасы менен сыйланган.

Жазуучунун башка чыгармаларынын сахналаштыруусу тууралуу  А.Кадырмамбетова төрт-беш сүйлөм менен чектелет же учкай гана айтып кетет. Мындан улам «Кылым карытаар бир күн» Москванын Вахтангов театрындагы коюлуп, СССРдин Эл артисти М.Ульянов «Эдигейдин кайталангыс образын жаратканы», спектаклди КМАДТда Искендер Рыскулов алып чыкканы тууралуу гана маалымат берилген. Болду. (4-том, 534-бет). Бул жерде Искендер Рыскулов   жөнүндө айтылгандан кийин Вахтангов театраныда спектаклди койгон, Ульяновду башкы ролго тандап, артистке Эдигейдин кейпине кирүүгө көмөктөшкөн айтылуу казак режиссеру, СССРдин Мамлекеттик сыйылыгын лауреаты Азербайжан Мамбетов экени унутулуп калганы өкүндүрөт. Вахтангов театры Мамбетов койгон «Кылым карытаар бир күндү» Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) жана башка шаарларда көрсөтүп, спектакль аншлаг менен өтүп жүргөнүнө мен өзүм да күбө болгом.

Ошондой эле, «Кылым карытаар бир күндөгү» манкурт тууралуу легенданын негизинде 1983-жылы Ленинграддын абройлуу театры -Малый театр оперы и балета «Легенда о птице Доненбай» (балетмейстр Лебедев) балетин коюп, бул спектаклди да ленинграддыктар жакшы кабыл алышкан. Бул маалымат китепке кирбей калган. Бирок, «Кыямат» романы канча ирет жана кайсы театрларда сахнага коюлганы толук берилет (5-том).

Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемеси 1970-жылдары Венгрияда чыкканы жөнүндө да жыйнакта маалымат жок. Айтмакчы, жыйнактын илимий жалпы редакциялоосуна жооптуу мүчө-коореспондент А.Акматалиев өзү белгилегендей, улуу жазуучунун чыгармаларын чыгаруу токтоп калбайт. «Ар бир чыгарылган сайын толукталып, такталып туратмакчы». Ошондо бул айтылган пикир эске алынат деп ойлойм.

Усманов Амирбек Азам уулу,
«Азаттык» радиосунун директордун орун басары

Аталган макала «Кыргыз туусу» гезитинин 2009-жылдагы акыркы сандарында жарыяланган эле. Гезиттин жетекчили биздин сураныч боюнча макаланы толугу менен бизге берди. Бул үчүн биз ыраазычылык билдиребиз.

КМБ

Соц тармактар:

Добавить комментарий