Манасчылар

Улуу Манас — бул байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк. Андыктан:
Алтындай сөздү куюлткан,

Айкөлдү айтып туюнткан,
Шекердей сөзүн куюлткан,
Шерлерди айтып туюнткан,
Элирип айтып киргенде,
Табиятты кубулткан,
Обондон жамгыр куюлткан,
Күн-түндөп айтып «Манасты»,
Айрандай элди уюткан

манасчылар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Байыркы манасчылар: Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы, Токтогул ырчы, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Акылбек ж.б.
Карбоз уулу Келдибек
Манасчы, 1800-жылы Чүй өрөөнүндө Жыл-Аргы деген жерде туулуп, 1880-жылы кайтыш болгон.
Түш көрүүсү
Шамшы өрөөнүндө жашап турган мезгилинде балдар менен ышкын терип ойноп жүрүп, ысык күнгө талыкшып уктап кетет. Түшүндө баатырлар курчап алганын көрүп, чочуп ойгонуп кетсе чын эле өзүн курчап турган Манас баштаган баатырларды көрөт. Ырамандын Ырчы уулу кырк чорону, Манасты тааныштырып, бир Карагер атты тартууга берет. «Сен аттуу манасчы болосуң, башка жөө манасчылар алыс бара алышпайт. Ал эми сен алдыңдагы тулпарың менен бир түндө эле кырк кыраандын баскан-турган жерин, көрсөткөн эрдиктерин, элдин каада-салтын бүт көрүп келе аласың да, сүрөттөп айта аласың.
Аттууга жөө жете албайт
Экөөгө бирөө бата албайт
Илгери өткөн чындыкты
Жашырып капка ката албайт.
Бабаларың тээтиги
Берген атын кайра албайт.
Элиңдин манасчылары
Сенчелик «Манас» айта албайт, — дейт Ырамандын Ырчы уулу. Келдибек бабалары берген атты минери менен толкунданып «Манас» айта баштайт. Канча айтканы белгисиз, ат үстүндө алкынып-жулкунуп ырдап жүрүп отурат. Кара терге түшүп, эси ооп, үнү чыкпай калат. Койчулар үйүнө алып келишип, эмчи-домчу, молдо калбай келип, жин тийди деп тамыр кармап дем салышат. Кичине сыркоолоп калса керек деп жоромолдошот. Келдибек эки-үч күн тил-оозсуз жатып, анан эс алып, тилге келет да, жогоруда көрсөтүлгөн окуяларды, баатырлардын тору атты белек калтырып кетишкенин айтып берет.
Касиети
Келдибек «Манастын» кайсы бөлүгүнөн айтса да ошол окуяга байланышкан кырк жигити келгендей ит улуп, төө боздоп, жылкы кишенеп жиберчү экен. Үзүктөрдү желпилдетип, кереге-уукту кычыраткан бороон болуп, чагылган чартылдап, жаратылышта да өзгөрүү болгон. Атургай жайыттагы мал айдоосуз короого келип калчу экен. Элдин арасында ар кандай оору-сыркоолор көбөйгөндө, малды ылаң басканда Келдибек манасчыны атайы ат чаптырып алдырып «Манасты» күн-түндөп айттырышкан.
Көлөмү
Сагынбай менен Саякбайдын варианты Ирандын «Шахнаамесинен» төрт эсе, гректердин «Иллиадасынан» кырк мертебе көлөмдүү. Ал эми Келдибектин айткан варианты Сагынбай менен Саякбайдын варианттарынан 40-50 эсе чоң, көлөмдүү, окуяга бай эпос. Сагынбай менен Саякбайдыкы үчилтик, төртилтик болсо, ал эми Келдибектики 40 илтикке жеткен. Ал Кан Кошойду да үч-төрт илтик кылып айткан.
Келдибектин эскерүүсү
«Мен «Манасты» айта баштаганда Ырамандын Ырчы уулу дароо жанымда пайда болуп, өзү берген Карагер ат менен алып жөнөйт. Кайсы окуяны айтып баштасам ошол окуя болуп өткөн жерге алып баргансып, көзүмө элестелип көрүнүп турат. Өзүм да ошол окуяларга аралашып, Манастын кошуунундагы адамдардын бири болуп калам. Айрыкча алардын эрдиктерин жар чакырып даңктап калам…»

Кечээги манасчылар: Сагынбай, Саякбай, Шапак, Молдобасан, Мамбет, Акмат, Дүңкана, Шаабай, Кааба ж.б.
Саякбай Каралаев
Улуу манасчы Саякбай Карала уулу 1894-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Өлөңүнүн Семиз-Бел деген жеринде туулган. 1971-жылы Бишкек шаарында кайтыш болгон.
Өңүндө түш көрүүсү
Орто-Токойдо жарамазан айтып жүрүп, Саякбай жалгыз үйгө бет алат. Тар капчыгайдан өтүп келатканда кулак жарган укмуштай чаңырык чыгат. Саякбай коркконунан атынын оозун кое берет. Капчыгайдан өтө бергенде жол боюнда сонун өргө туруп калган болот. Ашкере сулуу айым алдынан чыгып:
— Аттан түшүп даам татып кет, — деп кайрылат. Аң-таң болгон Саякбай атын мамыга байлап коюп сулуу ачкан эшиктен кирсе үйдө эч ким жок, дасторкон жайнаган дүйүм тамак. «Уялба, уялба, жигит, табактагылардын ар биринен тат» дейт. Жыртык жаргак шымынан кысынып, эптеп-септеп кымырынып-кымтынып атып даамдардан ооз тиет да туруп кетмекчи болот.
— Ай, ай, жигит, неге шашасың? Тамактан жеп кет, — дейт алиги айым. Саякбай болбой сыртка чыкса, дүбүрөгөн эле атчан жоокерлер. Чоң сакал карыя теминип кирип келет да, оң колу менен асынган баштыгынан бир нерсе уучтап чыгып:
— Мына, жигит, момуну оозуңа салып чайнап жут, — дейт.
Же таруу эмес, же кум эмес, оозуна салса кычырап чайналбайт. Ак сакалдуу карыя найзасы менен тап берип:
— Бирөөн калтырбай жут! — деп демитет. Анан жоокерлерди көрсөтүп, бирден баарын тааныштырат. — Өз жолуңа чыкканда эки кой айдаган адам чыгат. Андан койду сатып алып, элге союп берип бата ал. Мына бул көргөндөрүңдү айтып жүр, — деп ураан чакырып жөнөп калат. Жер дүңгүрөп, чаң асманга көтөрүлөт. Чаң тарап кеткенден кийин караса, баягы ак өргө жок. Саякбай бир таштын түбүндө отурат. Аябай аң-таң болуп, бир чети толкунданып үйүнө баратса, алдынан чын эле эки кой айдаган киши кездешет. Ал жерден койду сатып алып, союп, элден бата алат. Ошондон кийин күндө уктап жатып «Манас» айтып чыгат.
Таң каларлык касиет
Саякбайдын төкмө акындыгын андан он эки миң метр киноматериал жазып алган режиссер Мелис Убукеев даана байкаган. Ар түркүн себептерге байланыштуу азыр эле тартып алган эпизодду кайра тартууга туура келгенде Сакең мурдагы айткан сөздөрүн эч качан кайталабай, улам башкачалап турчу экен. Ал эми манасчы кызып келгенде камерадагы тасма бүтүп калып, техника дайым эле анын артынан үлгүрө албагандыгы бөтөнчө таң каларлык. Ошентип, техника манасчыны батыра да, ээрчий да албай, зор таланттын жанында жөндөмсүздүгүн көрсөткөн.

Бүгүнкү манасчылар: Уркаш, Назаркул, Асанкан, Талантаалы, Салимбай, Рыспай, Замирбек, Самат, Дөөлөт, Улан ж.б.
Замирбек Баялиев
Манасчы, республикалык «Эл ичи — өнөр кенчи» кароо сынагынын С.Каралаев атындагы алтын төш белгисинин ээси. 1980-жылы Талас районунун Манас айылында туулган.
Түш көрүүсү
Он беш жашынан баштап түшүнө Манас баштаган баатырлар кирет. Алгачкы көргөн түшүн сезиминин тереңинде, жүрөгүнүн түпкүрүндө сыр болуп жашашын каалайт. Андан кийин көп эле түш көрөт: он жети жашында жайдын күнү үйгө жатпай, салкынга эшикке жатып жүрөт. Бир күнү түшүндө Манастын күмбөзүндө жүргөн болот. Күмбөздү көздөй басса арчалардын арасынан көк жал бөрүлөрдү жандай басканын көрүп, ачыкка чыккан жерде күлүмсүрөп, нурданып турган жапжаш Сыргак баатырды көрөт. Ошол учурда иттин үргөнүн, улуганын, ызы-чуу түшкөнүн угуп-билип уктап жаткан болот. Эртең менен Күлүйпа деген коңшу чоң апасы жети токоч таратып жүргөн экен, «Түндө ит сен жаткан жакты карап үрүп, улуп жаагы басылган жок» дейт. Ошентип убакыт өтө берген. «Манас» айтуудан тартынып жүрө берип көпкө ооруйт. Ата-энеси доктурга алпарып, илдетин аныктай албай убара болушат. Ошондой күндөрдө дагы түш көрөт. Түшүндө алыс жактан чаң чыгып, жоокерлер келе жаткан болот. Алма бакты ичине качып кирсе, кырк-элүүдөй адам тегеректеп, кармайын дейт. Качып келип үйгө кирет. Эшигин илип терезеден карап турса артынан удаа келген бою зор адам эшикти булкат. Үй кыймылдайт. «Сизге ким керек?» деп терезени черткилейт. Чоң киши кайрылып капталына карап «Манас айтпайсыңбы?!» деп терезени бир урат. Замирбек чочуп кетет. Эшикке чыгып, «Манас» айтам, айтам деп өзүн күнөөлүү сезет. Эл чогулуп тегеректейт. «Мындан кийин айтып жүрөм» деп атып ойгонуп кетет. Жүрөгү оозуна тыгылып, лакылдап калган экен. Ошондон кийин Манастын күмбөзүнө барып, мал союп, элден бата алып, «Манас» айта баштайт. «Манас» айткандан кийин ооруган жери басылып, ден-соолугу чыңалат.
Бабаңардын жомогу
Кылымдарды карыткан
Өз тукумун өзүнө
Ким экенин тааныткан
Айтып өтсөм андыктан
Ачылбаган сыры көп
Жок болбогон жарыктан
Кылымдап айтса бүтпөгөн
Улуу дөөлөт камтылган
Эч ким тартып ала алгыс
Ыйыктыктар катылган
Уккан жанды уюткан
Айтып бүткүс дар кылган
Айкөл Манас баатырдын
Арбагын тирүү бар кылган
Кылымдап колдоп жүрсүн деп
Кыргызга Кудай жар кылган, — деп айтканы бар манасчы Замирдин.

Даярдаган Бакыт Абылов, “Көк асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий