Манастын тукуму кайыр сурабаш керек!

Чачылганды жыйнаган Манас
Манас кыргыз маданиятынын, кыргыздын дөөлөтүнүн туу чокусу. Өзүн кыргызмын деп санаган атуул Манасты өзүнүн негизги дөөлөтү, атасы деп эсептейт. Манас атабыз мезгилинде кытайды өзүнө каратып жер шарынын жарымын дүңгүрөтө Алтайдан Ала-Тоого чейин көчүп келген мезгилдегиден азыр кыргыздар кыйла азайып калды.

Муну биз билишибиз керек. Кыргыздын канчасы Сибирде калып, булардын баары азыр оруска тийиштүү болуп калды. Илгери ногой калкы деген жок болчу. Ногой калкынын бир бөлүгү Чыңгызхандын доорунда, биз аркылуу Энесайдан Орто Азияга көчүп келген. Кийин барып, кыргыздардын арасынан бөлүнүп, ногой уруусун түзүштү. Ногой деген Жучунин улуу баласынын аты болчу, аны кийинкилер адаштырып тээтиги илгерки Манастын мурунку аталарынын аты Ногой болчу, ал ошол деп айтышып жүрүшөт. Бул туура эмес, Чыңгызхандын небереси өзүнө караштуу, өзүнө тил алган урууларды эки суунун аралыгына көчүрүп барып эл кылган, ал ошол Урал менен Волганын ортосу болот. Жучунун уулу каңдылар, катагандар, алакчындардын арасында маңгыт деген калың элди бөлүп, көбүнчө маңгыттардын арасынан топтоп отуруп өз атынан ногой уруусун курган. Бул элдин баары кыргыз болчу. Төрт-беш урууга бөлүнүп, атыңды айтсаң атың чыкпайт, баарың менин атымды айтасыңар, Ногой элимин деп айтасыңар деп, ногойго кыргыз бир бөлүнүп кетти. Ошол маңгыттардан чыккан ногой кыргыздын каны. Кийин анан Эжигейдин убагында калган маңгыттар бөлүнүп барып башкырт элин түзүштү. Башкурттар менен сүйлөшсөң түпкүлүгүбүз кыргыз деп айтышат. Башкырт деген адамдын деле аты эмес, ал ойлонулуп табылган ат болгон. Мына илгери кыргыздар карышкырды курт деп айтышкан, «башкурт» деген «эң башкы карышкыр» деген сөз. Ошондон аталып алар ошол жерге бөлүндү. Казак деген да эл жок болчу. Казак 1456-жылы түзүлгөн. Абулсеит хан эл башкаралбай начар болуп калганда эл туш тарапка кетип баштаган. Ошондо Абулсеит Жаныбек хан менен Керей экөөнүн хандыгын тартып алганда элдин бары Ташкенди көздөй качып кирген, хан элди атып, аскери менен кубалап элди качырган. Эл улуу тоону жамынып качып, чоң тополоң болгондо эл арасында «тигил айыл да касып кетиптир, бул айыл да касып кетиптир, баары эле касак болуп кетиптир» деп айтыла баштаган. Ошондо Жаныбек хан менен Керей экөө Абулсеитти кууп чыгып, мына биз жеңдик эми баягы качып жүргөндөр кайра келгиле деп жар салганда, эл кайра жыйылып касак деп сыймыктуу айтылып калган. Арасында мен да касакмын деп келгендер да көп болуп барып, анан ушунтип казак эли мындан түзүлдү. Азыр казакмын деп жүргөн калың элдин бардыгы кыргыз болгон. Өзбек деген элдин жарымын да кыргыздар түзгөн, өзбек өзү 92 уруудан куралган эмеспи. Негизги кыргыз — кара кыргыз.

Ушулардын баарын түзгөн — атабыз Манас болчу. Чачып алган андан кийинкилер, алиге чейин ынтымакка келе албаган мына биз болуп жатабыз. Анан эми кыргыз элинин бөлөк элден айырмаланып турган касиети бар. Бул касиетин ким түшүнөт, дили таза адам түшүнөт. Дини да эмес, тили да эмес, дили таза адам гана. Дили таза адам деген кандай гана заман болбосун дилин булгабай таза сактап калган адам. Биз ушу билип турган, көрүп турган дүйнөдөн башка дагы жаратылыштан тышкаркы дүйнө бар, мына ошол дүйнөнү билип, анын бар экенин моюнга алып түшүнгөн адамдардын дили таза болот. Анан ушул кишилер Манаска ишенет, ушул кишилер Манаска түшүнөт. Мына кыргыздын башка элдерге караганда өзгөчө касиеттери бар. Ушуну дагы дили таза адамдар түшүнөт. Кыргыздан башкача болуп кеткендер акырындык менен дилинин тазалыгын булгап жоюп жиберет. Кыргыз атын сактап, Манас туусунун астында Манастап ураан чакырып, эртели кеч Манасты эсинен чыгарбай, Манастын тукумумун деген кишилердин дили таза болот да, кыргызчылыгын таза кармайт. Адеп, каада-салтты, кыргыздын улууга урматы, кичүүгө ызааты дегендердин баарын Манас атабыз баштаган, ошол атабыздан калган. Ошолорду бир эле кыргыз кармайт. Ал мыйзамдар жазылбай эле, башка дин сыяктуу тилге өтпөй эле, дил аркылуу берилип келген, муну кыргыз гана жаратып, сактап калды.

Чүнчүгөн кыргызга оомат келер
Менин бала кезимде чогуу чоңойуп өскөн досум убагында манасчы болуп кетти, Исраил деген. Исраил Сатымкулов үч атадан кошулган тууганым эле. Жөн эле жүрүп бир күнү коргондун түбүндө уктап калып, ошондон баштап манас айтып кеткен. Бул кубулушту, бул көрүнүштү өз көзүм менен көрдүм, айткан манастарын өзүм угуп жүрдүм.

Эми болсо Манас эмес манасчылардын кадырына жете албай ушуну көрүп отурабыз. Бул өнөрдү аркалаган манасчылар жалаң Көлдөн чыкканында жатат. Ошол көлдүн тегерегинен уруусуна, уругуна карабай чыгып келет. Кээ кезде Таластан бир-экөө чыгып калат, бирок чыкса катуу чыгат. Аксакалдардын айтымында, Манас атабыз көлдү чарк айланып колдоп жүрөт экен. Ушул көлдөн Манас бабабыз канын төгүп табият менен байланышка чыккан, каалаган максаттарына ушул жерден жеткен, ушул жерден душмандарды айдаган. Муну да ойлош керек, эмне үчүн башка жерден, ошол эле калың казактан чыкпай, Ысык-Көлдөн чыгат деп. Манас атабыз бул көл менен терең байланышкан. Ушул күнгө чейин атабыздын арбагы тирүү. Манас жомок, ал болгон эмес деп айткандар бизге зыян келтирип жатат. Жана мен дили таза болуш керек дегеним ошол. Бүгүн биз «Манасты» улантып келе жатабыз бирок уланткан менен Манастын кадырына жете алган жокбуз. «Манасты» биз аябай бурмаладык, Манас калмактар менен согушкан эмес. Төрт томго тең калмак деп союз убагында жаздырып салышкан. Манас кытай менен согушкан. Кытайлардын биз менен согушкан эмес деп, бир да бир айткан жери жок. Биз кытайлар менен согушканбыз, Манас кырган десек, алар эч таарынбайт. Биз өзүбүз эле Сталин менен Маонун достугун бузуп коебуз деп, кытай деген сөздүн ордуна калмак деген атты киргизип койгонбуз.

Илгеркилер Манас атабыздын атын ыйык сактап, аярлап, Манастын атын айтышчу эмес, баатыр атабыз деп коюшчу. Азыр болсо эмне болуп жатканын жакшы билебиз. Бүгүн кыргыз эли артта калган мамлекет болуп, чүнчүп турабыз Бирок дагы оңолорбуз, жакшылык, оомат башыбызга келер. Менин үмүтүм Манаста. Манастын руху барында кыргыз жоголбойт. Азыр болбогон ишти кылып жатабыз, керектүү, пайдалуу иш кылгандын ордуна. Кыргыз Манастын тукуму, муну башкалардын тукумундай кылып эненин курсагынан сууруп салыш болбойт. Манастын тукуму көчөдө кайыр сурап жалдырап турбаш керек. Манаска биз ушундай мамиле кылсак, анан башкалар жулунуп чыгат да, талашып.

«Манаска» тырышчаак Мамай
Жусуп Мамай Кыргызстанга келгенде эки ирет жолугуп, атайын отуруп манасын угайын дедим, бирок манасын уга алган жокмун, Жусуп Мамай манас айтпайт. Илгери Кытай менен Кыргызстандын ортосунда чек ара жокто көлдүн манасчылары текеске өтүп кытай менен катташып турушкан. Ошол Кытайда каттап жүргөндө Жусуп Мамайдын иниси Балбай деген болгон, ал киши эки тамгада жаза билген киши болуптур. Балбай манасчыларды ээрчип жүрүп, дастанды жазып кагазга том-том кылып чогултуптур, кийин китеп кылганга үлгүрбөй, баягы жазуулар Жусуп Мамайдын колунда кала берет. Ал киши болсо тырышчаак, мыкты экен, минтип чоң иш кылды 36 том чыгарып. Мына, жок жерден мээнет кылып отуруп пайда болгон эмгек. А биз болсо барды тебелеп, кыйкырык салып жүрөбүз. Дилибиз таза эмес. Мамлекет эчтеме кылбайт. Манасчы деген башка элде жок, жүз айтсам угулабы, угулбайбы. Дагы атабыз колдоп, Кудайга шүгүр, манасчыларыбыз чыгып жатат. Манасчыларыбызды мусапырдай кылып көңүл бурбай жатабыз.

Президент чечпесе чайнала беребиз
Эми кыйкырган менен эчтеме чыкпайт, жанагы маселени дипломатиялык жол аркылуу чечиш керек. Кытайлар менен маселе чечиш абдан кыйын, бул жерден кылдаттык зарыл. Кытайда турган бир туугандарыбызга ырахмат 36 том кылып Манас дастанын чыгарганга. Бирок ал кытайдын атына жазылганы дурус эмес. Мындай болсо атабыздын арбагы нааразы болот. Кытай Манастын душманы, кезинде канчалаган баатырларын кырган. Мындай маселени мамлекет өзү чечиш керек деп ойлойм, ортодо коомчулукту дүрбөтпөй. Ал үчүн мамлекет башчы Манаска берилген киши болушу шарт. Манасты жактаган жана ага кандаш киши болгондо гана ишибиз оңолот. Бул маселени президент жеке өзү чечиши керек, болбосо чайнала беребиз. Кептин баары үйдө болуп жатпайбы, атаңды күтө албасаң оокатың өтпөйт. Бул маселе улуу баянга чын көңүл менен мамиле кылып, эл арасын манас айтып ойготсок анан чечилет.

Сыргак СООРОНКУЛОВ, элдик санжырачы,
“Көк асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий