Акын Бурулкан Карагулова: «Мен аял болуп эч качан бактылуу болгон эмесмин»

Аял күчтүү, аял ит жандуу деп коёбуз, бирок, мен Бурул эжедей күчтүү аялды көрө элекмин. Бала кезден Сагын Акматбекова, Айгүл Узакова, Фатима Абдалова, Бактыгүл Чотурова, Алмаш Чойбековалар менен бирге Бурул эженин ырын жазданып окуп, «ушулар кандай адамдар болду экен» деп алар менен көзмө-көз сүйлөшкөндү кыялданчумун. Мына бүгүн ошол тилегим ишке ашып, Бурул эженин жанындамын. «Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши»
дегендей жөпжөнөкөй, сулуу жүзүнөн али нуру кетпеген назик аял бар сырын төгүп, эже-сиңдидей сүйлөшүп отурдук.

— Бурулкан эже, акын болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
— Өкүнбөй калайын! Ушу мени ыр жазсын деп кичинекей талант тартуулаган Кудайыма миң мертебе рахмат. Ыр жазбай калсам анда, билбейм, ким болот элем, же эмне кылат элем.

— Биринчи ырыңызды качан, кимге арнап жаздыңыз эле?
— Өзүм Токтогулдук болгонум менен кыялга, балалык аруу тилектерге толгон окуучулук күндөрүм Ошто, Ноокатта, Жалал-Абадда калды. Ушул жердин баарында мен ыр арнап жазган каармандарым бар. Жалал-Абадда экенимде 15ке чыгып калгам. Жигиттер менен ыр жазып кат алышчубуз. Жөн эле жазып койбой сыр төгүп, балалык арзуу менен жазышчубуз. Сакталган кээ бир ырларымды окуп азыр таң калып коём. Омар Хайямды ошол кезде окуп калганым үчүн болсо керек, төрт сапка, анан сүйүү ырына жакынмын.

— Аял катары эң бактылуу учурларыңыз кайсы учурлар деп эсептейсиз?
— Деги эле ургаачы болуп төрөлүп калганыма өкүнөм. Мен аял болуп эч качан бактылуу болгон эмесмин. Ага өзүм күнөөлүүмүн, анча-мынча эркектердин мүнөздөрү жакпайт, чыныгы жигиттер азайып, майдаланып баратат деп ойлойм. Жаш кезде мен эркекмин деп керсейген эркектердин далайын эжелетип сабадым. Атам ыраматылык мени эркек болот деп аябай күткөн экен. Кыз болсом деле мени аябай жакшы көрчү, оюнчуктарды тизип, үй жасап берип ойнотуп аткандары али да эсимде.

— Бурул эже, сүйүү деген эмне? Сезимби, түшүнүшүүбү же жашоого болгон эсеппи?
— Медицинада айтылат го, мээ күчтүү, мээ баарын башкарат деп. Жок! Мээ күчтүү эмес, жүрөк күчтүү. Эгер жүрөгүң буйруп турса, мээң сөзсүз аткарат. Эгер жүрөгүң айтып турса, акылың баш ийет. Мээ сүйбөйт, жүрөк сүйөт. Сүйүү деген бул — жүрөктүн өзү.

— Абдан эмнеге өкүндүңүз да, эмнеге кубандыңыз?
— Күндө эле бирден нерсеге өкүнөм. Шашып байпагымды таппай атсам оңой жерге эле койбой деп да өкүнөм. Кичине эле кубаныч болсо, андан чоң кубаныч жаратам. Өкүнүчтү да, кубанычты да башкаларга окшоп кирпигимдин учунан эмес, жүрөгүмдүн толтосу менен кабыл алам.

— Жакындарыңыз сизден, же сиз жакындарыңыздан тажаган учурлар болдубу?
— Жадамак тургай кечишип кеткен учурлар болду…

— Сүйүү бир эле жолу келеби же улам жаңырып турабы?
— Кийинки келген сүйүүлөр биринчи сүйүүгө жетпейт. Бирөөнү көрдүм, бир сүйүүсүн унута албай өмүр бою зыркыраган, бирөөнү көрдүм сүйүүнү көйнөктөй алмаштырган. Мектепте деле жаш агайларды сүйүп каласың го. Бирок ал тез эле унутулат да, 18иңде чыныгы сүйүүгө кабыласың. Менин ырларымдын ичинде жаш кездеги сүйүүм деп бирөөгө көп кайрылам, оболу ал бала ичи койнума кирип жагынып жүрүп, кийин кантип жактырып калганымы да билбей калдым. Жаш экенбиз, дароо эле «үйлөнчүмүн» деп чыкты. Корктум беле, же алгачкы сезимдин күчүбү, апкаарып «коё тур» дедим. Барып апасына мен жөнүндө айтыптыр. Ал кезде түндүк-түштүк деп абдан бөлүнчү. Апасы «койчу ошол сартты» деп урушканын ошол учурда коңшусу, менин кемпир эжем үйүндө чай ичип отуруп угуп калган экен, ал мага айтып койду. Мен абдан ыза болдум да, окуйм деп Фрунзеге кетип калдым.
Айлымдан сен бар үчүн кетип калып,
Айлыма сен бар үчүн кайра келдим»,
деп жаздым, бирок, кайра барган жокмун айылга. Балким, кыялымда баргым келген чыгаар.

Арадан 25 жыл өткөндө күйөөм экөөбүз автобуста үйгө кетип баратканбыз. Бирөөлөр эле күбүрөшүп, «ушул Бурул болуш керек» десе, бирөөсү «ал эмес го» деп эле мелдешип атышат. Мен карагандан күйөөмөн коркуп аткам, күйөөм артка бурулуп караганда, мен да карап калып оозум ачылып калды. Баягы мен жактырган, мага периште көрүнгөн бала экен. Капкара, семиз, курсагы челектей, көзү бүтүк, бою кыска, баягы мени ашык кылган оозундагы күлгөндө көрүнгөн алтын тиши да чирип кетиптир. Ал күлүп карап турган экен, тиктешкен бойдон саамга туруп калдык. Бир маалда күйөөм ыза болдубу, же кызганыч деген арам сезими козголуп кеттиби, шофёрго «токтот!» деп айкырды да, мени каруумдан мыкчып кармап, автобустан сүйрөп түштү. Түшүп эле «бул кайсы ойношуң?» деди. Эч нерсе деп айталбай апкаарысам, эсим оогончо тепкилеп салды.

— Көп урчу беле?
— Көп деле урчу эмес, бирок, колу тийчү. Андайда муштумун мурдума такап алып, «муштумум эмне жыттанат?» дей берчү. Эмне дээримди билбей туруп калсам, «кан жыттанат» дечү дилимди үшүтүп. Бир жолу кызганычтан бычак менен атып урду. Бычак ийиниме сайылып калды. Ошондо апам келди да, «бир сайган адам кайра сайгандан тайбайт» деп, эки кызым менен алып кетип, кайра кайрылган жокпуз. Андан кийин тагдыр мени 12 жаш кичүү болсо да жакшы адамга, Нурбек Сактановго жолуктурду. Азыр ортобузда Кудайберди аттуу уулубуз бар.

— Көп ыйлайсызбы? Акыркы жолу качан ыйладыңыз?
— «Менден өткөн ыйлаак акын жок» деген ырым бар. Азыр акындардын ичинен эң ыйлаагы мен болушум керек, мурда аябай кайраттуу болчумун. Ал эми акыркы жолу жакында эле жакынымдын жасаган мамилесинен сыздагам.

— Аялдын күчү эмнеде? Сулуулугундабы, акылдуулугундабы, же көз жашындабы?
— «Аялдын күчү көз жашта» деген да ырым бар. Аялдар алсыздыгынан күчүн көбүнчө көз жаш менен чыгарат. Сулуу, акылдуу аял дагы ыйлайт.

— Өмүрүңүздөгү жаркын кездер жөнүндө айтып бериңизчи?
— Менде андай кездер аз болгон. Кандай оор, кайгы караңгылаткан учурлар болсо да, ырлар жаркытып турат. Ыр жазгандагыдан өткөн жаркын кез эсимде жок.

— Ушакка ууландыңызбы?
— Бир жолку ушак мени приступ кылып, аз жерден өлтүрүп коё жаздаган. Азыркы учурдагы ушактарга күнөөм кечирилет, мейли деп өзүмдү алдаганга аракет кылам.

— Тагдыр сизге эмне белек ыроолоду да, эмнени ыраа көрбөй алып койду?
— Тагдырдан ыр менен тентек уулуман, айжаркын кыздарымдан, элимдин баасынан башка жүрөк кубанткан белек албадым. Ал эми тагдырдын мага ыраа көрбөгөндөрүн айтсам эки күн кечке чөгөлөп ыйлашка туура келет. Баарынан жүрөгүмдөн кетпеген тагдыр алыс барбай эле өзүмдүн сууга чөгүп кеткен туулган жеримди айтайын. Жеримдин кооздугун ыр менен шөкөттөп жазайын десем, ошого ылайык сөз гүлдөрүн таба албай койдум, бул да болсо менин алсыздыгымдыр. Кичинемде бала болсом да асманды карап, «оо кудай, ушундай жерде туулганыма рахмат» дечүмүн. Бирок, көп кубанып койгон бекем, кандан бүткөн, жандан бүткөн тууган жерде күн кечирүү буйруган жок. 1972-жылы Ноокаттан келип эле туулган жеримди таппай калдым. Суу биринчи төрөлгөн айлым Шевченкону, анан Агрономго көчүп келдик эле, аны басты. Атам төрөлгөн Мазар- Суудагы Маркс деген айылды да басты. Туулган жер, өскөн жер, атамын жеринен айрылып, бармактай кезибизде үйсүз-жайсыз калганбыз. Ошондо миңдеген адамдын трагедиясына өкмөттүн башы да ооруп койгон эмес. Үйлөр, токойлор, таштар, мүрзөлөрдүн сууга чөгүп баратканын жан-жүрөгүбүз зыркырап, өз көзүбүз менен көрүп турдук. Жан-жаныбарлар, майда-чүйдө жандыктар, түлкү, аюулар, жапайы чөөлөр токойдон качып чыгып атышты. Ошол коркунучтуу түштөй кыямат кайым күнү тагдыр эң чоң, ордун эч нерсе толтура албай турган туулган жеримди алып, ата-бабабыздын мазарына сыйынууну, ага сөөгүбүздүн коюлуп, урпактарыбыздын бизге тууган жерден топурак салуусун ыраа көрбөй койду. Чоң токой, чоң дарыялар бар эле. Суу алдында калган туулган жеримди дагы эле сагынам, дайыма ыр жазып жүрөм. Бул арман ыр эч качан бүтпөйт. Мындай армандын алдында башка нерсе түккө турбайт.

Эженин кайраттуу жүзүндө оор кайгынын көлөкөсү из салып, көпкө тунжурап отуруп калды. «Кейибеңиз, Бурул эже, туулган жер сиздин ырыңызда жашайт» дедим купуя. Эже тез эле жазылып, мени жылуу узатты.

Айжаркын ЭРГЕШОВА, “Леди, KG” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий