Абдылдажан Акматалиев, УИАнын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетекчиси: «Чыгымды өкмөт көтөргөн жок»

Жакында илим — билим жаатында, өзгөчө эне — тилибизге байланышкан чоң окуя болду. «Кыргыз-тилинин сөздүгү» 1000 нускада жарык көрүп, кечээ анын бет ачары Кыргыз улуттук илимдер Академиясында болуп өттү. Бул сөздүккө 50 миңден ашык сөз камтылган. Китептин салмагы 4 килограмм. Айта кечтү нерсе, кыргыз тилинин сөздүгүн чыгаруу (1984-жылы жоголуп, уурдалгандан кийин чыккан 18 миң сөздүктү эске албаганда) кырк жылдан бери колго алынбай келген. Шылтоосу-баягы эле кендирди кескен каражат маселеси. «Өйдө тартса өгүзү өлүп, ылдый тартса арабасы сынып» өлбөстүн күнүн кечирип келаткан өкмөт бул китепти чыгаруу маселесин, ийне менен кудук казып келе жатышкан илимпоздордун жеке иши катары санап, аларга көңүл да бөлгөн эмес. Акыры бул эмгекти, президентке түздөн- түз караштуу болуп келген Мамлекеттик тил комиссиясын карап отурбай, Улуттук илимдер Академиясынын илимпоздору өз демилгелери менен чет элдик басмаканадан келишимдин негизинде басып чыгарышты. Биз бул ишти колдоп, китептин түзүүчүлөрүнүн бири жана эмгектин баш редактору белгилүү окмуштуу А. Акматалиев менен маектештик.

Абдылдажан агай, көп жылдардан бери жарык көрбөй келаткан «Кыргыз тилинин сөздүгү» акыры китеп болуп жарык көрүптүр. Чынында бул китептин элибизге мааниси абдан зор эмеспи. Алгач, китептин мынча кечигип чыгышынын себебине токтолсоңуз.?
— «Кыргыз тилинин сөздүгүнүн» биринчиси 1969-жылы чыккан. Бирок, ал китептеги «А» дан «Я»га чейинки сөздөр болгону 24 700 сөздү түзгөн. Экинчиси, 1984-жылы чыккан. Ал китепке «А»дан «К» га чейинки эле сөздөр топтолуп, бардыгы болуп 18 миң сөз болгон. Бирок, биринчиден ал эмгектерге ошол кездеги идеологияга байланыштуу көбүнчө эл аралык сөздөр, терминдер камтылган. Бирок, кыргыздын психологиясына ылайык: тамак-аш, зергерчилик, саяпкерчилик, мергенчилик, саймачылык, үрп — адаттарына, каада-салттарына, динине байланышкан сөздөр кирбей калган. Экинчиден, кыргыздын залкарлары: Калыгулдун, Арстанбектин, Молдо Кылыч, Молдо Нияздардын ж. б. акыл-насаат сөздөрү мисалга алынган эмес. Кыскасы, ал эмгектер саясатташтырылган десек болот. Ошондой болсо да, ал сөздүктөр өз убагында ролу чоң болуп, коомго өз милдетин өтөгөн. Бирок, андан бери көп жыл өттү, заманга жараша жана кайра куруу мезгилинен бери адамдардын психологиясында революция болду. Аны менен кошо көп сөздөр жаңылынды, тилибизге жаңы терминдер кирди, көп сөздөр эскирди.

1984-жылы сөздүктөрдүн кол жазмасы кандайдыр бир белгисиз себептер менен жоголуп кеткен. Бирок, бул ишке кимдер жол ачып, кимдер кийлигишкенин жакшы билбегендиктен улам, ал жөнүндө кеңири айта албайм. Эске сала кетчү нерсе, башкалар ойлошу мүмкүн, ошол жоголгон сөздүк табылып, ошону чыгарып жатышат деп. Баса белгилеп айтайын, бул сөздүк таптакыр башка жаңы сөздүк. Бул сөздүк азыркы доордун талабына ылайыкталган, көп талаштуу сөздөрдүн (М: диалектикалык ж.б.) маанисин элге жеткиликтүү кылып ачып бергенге аракет кылдык. Кыскасы, бүт тармак боюнча сөздөр кирди.

Айтсаңыз, 1984-жылы жоголуп кеткен сөздүк, канча сөздөн турган сөздүк эле? Жоголгон сөздүк жөнүндө сиз «билбейм» дегениңиз менен, башкалар ал окуя кандай болгону тууралуу ачык эле айтып жатышпайбы?
Мен аны билбейм, ал жоголгон сөздүктү такыр көргөн эмесмин. Башкалар айтса, айтып жаткандыр, алар айтсын. Себеби, алар өздөрү ошол окуяга аралашып жүрүшкөн да. Бирок, ал жоголгон сөздүктөр бүгүнкү күндө табылса деле, аны чыгаруу таптакыр талапка ылайык келбейт. Себеби, жогору да айткандай маани-маңызы башка болуп калды.

Эми китептин даярдалышы, кеткен каражаты жана элге таратуу, жайылтуу маселесинен кеп козгосоңуз?
— Бул сөздүктү сегиз адам алты-жети айдын тегерегинде топтоп даярдады. Ал эми кеткен чыгымын өкмөт көтөргөн жок. Китептин чыгымын биздин жерде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн чет элдик «Евразия-пресс» басмаканасы келишимдин негизинде көтөрдү.

Бул китептин сатыктагы негизги баасы канча сом болот?
— Ал жагын биз айта албайбыз. Азыр чечиле элек. Баасын басмакананын жетекчилери кеткен чыгымды жаба тургандай кылып, өздөрү кеңешип коюшат. Болжол менен бул өтө көлөмдүү китеп болуп жаткандыгына байланыштуу 2500, 3000 сомго чейин болушу мүмкүн.

Бирок, бул китепти андай акчага илим-билимге кызыккан элита чөйрөсүндөгү адамдар эле албаса, көпчүлүктүн алып окууга чамасы чак келбей калаары белгилүү да. Бул жагын да ойлонуштуруп, нускасын көбөйтүп, дагы бастырып чыгаруу үчүн өкмөттөн колдоо сурадыңыздарбы?
— Буга чейин өкмөткө сунуштоо болгон эмес. Ал маселени буйруса, өкмөткө эми сунуштайбыз. Бул китептен жок дегенеде 40-50 миң нуска чыкса жакшы болоор эле. Азырынча, эң башкысы, кырк жылдан бери чыкпай келаткан мындай баалуу сөздүктүн сатыкта турган баасы кымбат болсо дагы, арзан болсо дагы, айтор, чыгып калганы өзү бир чоң окуя болду.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев, «Форум» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий