Гүлнур САТЫЛГАНОВА, КР Эл артисти: «Ырчылык — өмүр бою ажырагыс байлыгым»

gulnyr_satylganova— Гүлнур айым, сизге карата «Эл артисти» наамын алгандан кийин өзгөрүлүп, чыгармачылыгы мурдагыдай жанданбай калды» дегендей сөздөрдү айтып атышыптыр…
— Кызык экен (күлүп)… Жакында Райхан Бейшеналиеванын «Угуп кой» деген ырын иштеп чыгып, радиого бергени баргам. Ал жакта иштеген кыздар: «Ырчылардан эң эле ыры көп сиз, анан Бек Борбиев, бирок сиздин ырларыңыздын баары хит болот» деп атышпайбы. А ырларың көп болуп, катар-катары менен угармандарга жетип турса, бир чети элдин башы айлангандай болуп, а ырларыңдын ичинен өзүнчө атаандаштык жаралып, натыйжада бирөөсү хит болот да, калгандары басылып калат экен. Ошондуктан ойлонуп атам, жаңы ырларды ирети менен алып чыксамбы (?) деп. Бир чети күйөрмандарыңды сагындырып чыгып турган жакшы го.

— Учурда чыгармачылыгыңыз кантип атат?
— Чыгармачылык ушундай татаал нерсе да, бир мезгилде толкуп-ташысаң, кээде дымып дегендей. «Сиз ырдасаңыз жарашат» деп апкелишкен ырлар бар менде. Мына ушуларды чекесинен карап, даярдап атам. Чыгармачылык эргүү менен. Негизи ырдын санына эмес, сапатына караш керек. Эгерде бир жылда бир мыкты ырың чыкса, мына ошол да жетишкендик.

— А сиз бир жылда канча ыр иштеп чыгасыз?
— Мен чоң концерт берердин алдында даярданам. Жок дегенде үч-төрт жаңы ырды алдын-ала даярдап, жаңылык катары кошкум келет. Өткөн жылдагы концертимдин астында төрт-беш ырым чыккан, бирок алардын экөөсү хит болуп, башкалары салыштырмалуу түрдө калып калды. Бир жагынан алганда, радиолордон ырааттуу түрдө баарын бир убакта бергенге жетишүү кыйын да. Ошон үчүн ырларды чыгарууда элдин угуу мүмкүнчүлүгүнө караш керек экен.

— Айтмакчы, былтыркы концертиңизде бир топ адамга кирүү билети жетпей калып, анын үстүнө кымбат да болуп, кандайдыр бир ыңгайсыздык жаралган эле.
-Ошол кезде «Сени эстеп», «Жазым келчи», «Санат ыры» сыяктуу чыгармаларым элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп аткан. Дал ушундай учурда концерт бергеним ажиотаж жаратып, элге билеттер жетпей калса керек. Ал эми келаткан жай айында да чоң концерт берсем, ага чейин да жакшы, жаңы ырларды иштеп чыгуум зарыл. Эң башкысы, мен коммерциялык концерт жасабайм, тескерисинче, элге бийик, жылуу маанай тартуулаганга аракет кылып, чыгармачылыктын жаңы баскычына чыккым келет. Эл да билип калды, менин концертим көңүлгө жагып, кызыктуу болорун. Ошондуктан күйөрмандарым кайдыгер карашпайт, дайыма концертиме келишет. Тилекке каршы, азыр көп ырчылар акча табуу үчүн эптеп-септеп концерт уюштурушуп, элдин көңүлүн ирээнжиткенден уялбай калышты. Мындай шартта эл деле маанайын ачуу үчүн кайсы концертке барууну тандап, ырчыларды деле билип калышты. Эң биринчи адам өзүн, анан чыгармачылыгын сыйласа, көрүүчүлөр да бул жагына баа беришерин билем…

— Азыркы кезде ырчылардын дээрлик көпчүлүгү тойлордо ырдап, акча табышат эмеспи. Сиз болсо тойлорго көп барбайт окшойсуз, барган күндө да акысын кымбат алсаңыз керек…
— Ошол той берип, элден бата алам деген адамдар жакшы ниет менен ырчыларды чакырышат. Мага да көп учурда айтып калышат, бирок мен көп барбайм. Эгерде жакын адамдарым, досторум, же сыйлуу адамдар болсо алардыкына барам. Мына жаңы жылдын астында бир топ жаңы жылдык кечелерге чакырылдым, баарына бара албасам да, айрымдарына катыштым. Убакыт-шартка жараша. Анан «кымбат» деп айтып атпайсыңбы, эми 25 жылдан бери ырдап жүргөн ырымдын үзүрүн көрүшүм керек да, бул жагынан «тоюма катышып бересизби?» деген суранычтар көп болот. Кээсине барууга туура келсе, көпчүлүгүнө бара албай калам шартка жараша.

— Жаңы клиптериңиз чыгып атат…
— Ооба. Өткөн жылдын жайында тарткан клиптерим азыр чыгууда. Кудай буюрса, көрүүчүлөрдүн жакшы пикирлерин угуп атам.

— Эл ичиндеги таланттуу жаштарга жардам берип, ырчылык өнөрдөгү устаттыкты аркалайын деген оюңуз барбы?
— Албетте, ырга шыктуу жигит-кыздарды жайында өтө турган концертиме чейин сынактан өткөрүп, таланттууларды тандап, жандуу топтун коштоосунда элге чыгармачылыгыбызды тартууласак деген ойдобуз.

— Кээде мындай ой келбейби, ырчылыкты таштап, башка бир кесипти да алып кетүү боюнча…
— Менин ырдап келатканыма 25 жылга жакындап калыптыр. Өзүмдүн жашоомду ырсыз элестете албайм, ыр — бул менин дүйнөм. Деги эле чыгармачылыктан тажабайм, кээде чарчап калсам, тыныгуу алып, анан кайрадан эргүү келип дегендей, айтор, ырдап эл астына чыгып алгандан кийин, бул «оору» сыяктуу түбөлүктүү кесипке айланат тура.

— Чыгармачылык чыйырыңызды эч бир кесипке алмаштырбайт экенсиз да.
— Сүйгөн кесибим ырчылык, өмүр бою ажырагыс байлыгым да ушул.

— Азыркы кезде ырчылар аябай көбөйүп кетти, күндө бирөөсү чыгат. Ошого ылайык сапатсыз, укканда жиниң кашая тургандай ырлар да көбөйдү. Бул жагынан оюңуз кандай?
— Чын эле, өзүң айткандай, күндө бир ырчы чыгып атат. Менимче, сапатсыз ырлар, талантсыз ырчылар бир-эки жолу чыгып, кайра жок болору белгилүү. Ал эми чыныгы талант жерде калбасына ишенем. Ырдап чыгуу оңой эмес, эл билбеген көп түйшүктөрү бар. Мындай түйшүктөргө чыдаш керек, болбосо көчтөн калып каласың. Деги эле элдин сүйгөн ырчысы болуу татаал нерсе, анүчүн эң башкысы таланттың болуш керек, талыкпаган эмгек, аракетиң менен ийгиликтерге жетесиң. Ал эми азыркы жаштар деле иргелип отуруп, таланттуулары калса керек. Элдин сүйүүсүнө татыктуу болуш оңой эмес, Кудайдын да буйругунан го.

— Алыстан мисал кылбайлы, жакынкы Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө маданият ишмерлерине жогорку деңгээлде кам көрүлүп, чыгармачыл адамдарга, ырчыларга жакшы шарттар түзүлөт экен. Аларга салыштырмалуу биз аксап атпайбызбы, сиз өкүнбөйсүзбү?
— Акыркы кезде маданият тармагына өкмөт тараптан көңүл бурула баштады. Бул жагынан коңшу өлкөлөр менен салыштырганда бирдей элебиз. Балким, анча-мынча айырмачылыктар болушу мүмкүн, бул деле бара-бара түзөлүп кетет го.

— Биздин ырчылар оңой олжого качырып, бөлөк элдин ырларын «менчиктештирип» ырдагандары адатка айланып кетпедиби. Ушул жагынан кандай пикирдесиз?
— Биздеги айрым ырчылар казактардын, өзбектердин, түрктөрдүн, же орустардын ырларын которуп алышып, кичине бурмалагандай оңдоп-түздөмүш этишет да, анан сахнага ырдап чыгып атышпайбы, албетте, мындай уурулукту мен аябай жаман көрөм. Бул чыгармачылыкка жатпайт. Өзүңдүн жүзүңдү, талантыңды тастыктай ала турган ырың болушу керек. Кыргыз ырчыларынын ичинен мындайларды көп эле тапса болот. Бирок, казактар да бу жагынан кем калбай, менин «Санат ырымды» өз тилдерине бурмалашып, ырдап атышканын телевизордон көрдүм. Казак тилине которуп алышып…

— Сизден сурабай элеби?
— Эч кандай сурашкан жок. Мен «Санат ырын» атайын ички каалоомо жараша жаздыргам. Бир жагынан ырымдын элге сиңип кеткени жакшы дечи. Өкүнүчтүүсү, алардын сурабастан эле казакча кылып, ырдап атышкандары…

— Таптакыр эле өзүбүздүн ыр дегендей ырдап чыгыштыбы?
— Авторлорун айтышыптыр. Мисалы, обону Эркин Мээркановдуку, сөзү Кыялбек Урмамбетовдуку деп. Кандай болгон күндө да, ал менин чыгармачылыгым менен элге жеткен болчу, натыйжада, менден сурашкан жок. Маданияты өсүп жетилген чет өлкөлөрдө бири-биринин ырын ырдоо үчүн уруксатын алып, анан ырдайт. Ал эми казактарда андай болбойт турбайбы. Менимче, биз замандын талабына ылайык, мындай пастыктардан бийик турганыбыз өзүбүзгө пайдалуу. А казактар кыргыздын башка жакшы ырларын да которуп, өздөрүнүн ырындай кылышып, пайдаланып атышканын билебиз. Акыры мындай нерселерди токтотпосок болбойт!

— Сиз автордук укугуңузду коргоп, эл аралык сотторго кайрылсаңыз болбойбу?
— Мен мындай жолго барып, чыр чыгарсам деле жарашмак. Туура, автордук укугумду коргошум керек. Бул жерде казактар ырдын түпкү жаралышындагы авторлорун атап, ырдап атышкандарын айтпадымбы. А эгер таптакыр өзүбүздүн чыгармабыз дешсе, анда катуу маанайда сүйлөшөт элек. Мен негизи чырлашканды табиятыман жактырбайм, ар ким өзүнүн кемчилигин ичтен сезип, оң жолго түшсө дейсиң. Негизи кыргыздын ырларын башка улуттар кыргыздын тилинде гана ырдаса, мисалы, биз, кыргыздар башка элдин ырларын түп нускасынан өзгөртпөстөн, «баланчанын ыры» деп кээде ырдайбыз. Авторлорун айтып. Тилибиз да башка элдин тилине келишип, ырдалат экен. Ал эми кыргыздын ырларына мындай мамиле болбой атпайбы, бул — өкүнүчтүү!

— Башка улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн дилин, тилин жогорку чекте сүйөт да.
— Ошон үчүн биз дагы жаштарыбызды патриоттуулукка тарбиялашыбыз зарыл. Кайсы жерде болсок да, кыргыздын рухун бийик көтөрүшүбүз керек экен. Мисалы, башка улуттарда мындай сезимдер бар. А биз качан оңолобуз? Мени ушул жагы көп ойлондурат…

Аңгемелешкен Асланбек САРТБАЕВ,
«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 28.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий